Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабры № 696
"Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед" жоопкерчилиги чектелген компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалына Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Орто-Коргон участогунда жайгашкан жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө
2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 5 жана 20-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 24-августундагы № 03/985 корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед" жоопкерчилиги чектелген компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалына мамлекеттин менчигинде турган жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Орто-Коргон участогунда жайгашкан № 147, № 410, № 411, № 145, № 148 контурларындагы "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына кирген аянты 0,9 га жер участогу газ өткөргүчүн жана анын курулмаларын куруу үчүн ижара шарттарында 2048-жылдын 30-декабрына чейин мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна "Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед" жоопкерчилиги чектелген компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара келишимин түзүүнү;
- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. "Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед" жоопкерчилиги чектелген компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалына газ өткөргүчүн жана анын курулмаларын курууну баштоого чейин төмөнкүлөрдү камсыз кылуу сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жерлерди рекультивациялоо долбоорун иштеп чыгууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый эстеликтер табылган учурда аларды, ошондой эле ушул жер участогуна жакын жайгашкан тарыхый эстеликтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоону;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууну.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 23-декабрындагы N 112 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |