ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 550 «Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция07.10.2022 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 7-октябры № 550

Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө

"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Аудиторлордун жана аудитордук уюмдардын кесиптик аудитордук бирикмеге милдеттүү түрдө мүчөлүгү жөнүндө талаптар бөлүгүндө бул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартиптин 14, 15-пункттарынын жоболору "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык күчүнө кирет.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров