Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 691
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жана региондук органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктта:
- 1-пунктчанын экинчи абзацындагы "айлык орточо" деген сөздөр "айлык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2-пунктчанын экинчи абзацындагы "айлык орточо" деген сөздөр "айлык" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 25-пункттагы "3,55" деген цифралар "4,00" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |