Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 698
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Петровка айыл аймагынын Петровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине имаратты жана курулмаларды жанаша жаткан аймагы менен өткөрүп берүү жөнүндө
Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Петровка айыл аймагынын калкын мектепке чейинки билим берүү уюмдары менен камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 9-2 токтомун эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Петровка айыл аймагынын Петровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине билим берүү максатында пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Москва району, Петровка айылы, Фрунзе көчөсү, 23а дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 7-06-05-0001-0855, аянты 7318 м2 болгон имаратты жана курулмаларды жанаша жаткан аймагы менен белгиленген тартипте өткөрүп берсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объект ажыратып берүү жана менчиктештирүү укугусуз мектепке чейинки билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн пайдалануу максатында муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилет деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Петровка айыл аймагынын Петровка айыл өкмөтү белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти муниципалдык менчикке кабыл алсын жана белгиленген тартипте аны мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- кабыл алынган мүлктүн сакталышын, андан ары күтүүнү жана тейлөөнү камсыз кылсын;
- кабыл алынган мүлктү максаттуу багыты боюнча пайдалансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |