Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 689
2023-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:
1) 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 8-январына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленсин жана которулсун:
2023-жылдын 9-январындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;
2023-жылдын 25-февралындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 4-январындагы иш күнүнө;
2023-жылдын 11-мартындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 5-январындагы иш күнүнө;
2023-жылдын 25-мартындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 6-январындагы иш күнүнө;
2) 2023-жылдын 18-мартынан 2023-жылдын 21-мартына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленсин жана которулсун:
2023-жылдын 29-апрелиндеги дем алыш күнү - 2023-жылдын 20-мартындагы иш күнүнө;
3) 2023-жылдын 5-майынан 2023-жылдын 9-майына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленсин жана которулсун:
2023-жылдын 13-майындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 8-майындагы иш күнүнө;
4) 2023-жылдын 4-ноябрынан 2023-жылдын 8-ноябрына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленсин жана которулсун:
2023-жылдын 11-ноябрындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 6-ноябрындагы иш күнүнө.
2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык дем алыш күндөрүн которуу сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |