Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 692
"Дан" мамлекеттик ишканасынын мүлктүк комплексин бюджеттик кредиттер боюнча карызын жабуу эсебине өткөрүп берүү жөнүндө
Бюджеттик кредиттерди кайтарууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Дан" мамлекеттик ишканасы 2011-жылдын 28-октябрындагы № 19-05/66 Карыздык милдеттенме боюнча карызды жабуу эсебине 2014-жылдын 11-августундагы Күрөө жөнүндө келишим боюнча күрөөгө коюлган мүлкүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мыйзамдарда белгиленген тартипте:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү өткөрүп берүү актысы боюнча кабыл алсын;
2) ушул токтом күчүнө кирген датага карата 2011-жылдын 28-октябрындагы № 19-05/66 Карыздык милдеттенме боюнча "Дан" мамлекеттик ишканасынын бюджеттик кредит боюнча карызын азайтсын;
3) кабыл алынган мүлккө баалоо жүргүзсүн;
4) баалоо наркы боюнча кабыл алынган мүлктү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 23-декабрындагы № 112 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |