Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 684
"Москва районунун өспүрүм балдардын спорт мектеби" мекемесинин имаратын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Спортту мындан ары өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы "Москва районунун өспүрүм балдардын спорт мектеби" мекемесинин балансынан Чүй облусу, Москва району, Беловодск айылы, Зорге көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан имаратты жалпы аянты 29190,11 кв.м чектеш жер участогу менен Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айыл өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоо органдарында мүлккө менчик укугун каттоо;
3) "Москва районунун өспүрүм балдардын спорт мектеби" мекемесин ушул имаратта акысыз негизде андан ары жайгаштырууну камсыз кылуу;
4) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү сактоону, күтүү жана тейлөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыз кылуу.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |