Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 694
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында өнөр жай объектин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 20-июнундагы № 28 токтомун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 30-июнундагы № 01-39/831 корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын № 532 контурунда жайгашкан, Усон уулу Бектурсундун жеке менчигинде турган 0,50 га сугат айдоо жерлери өнөр жай объектин (болот торлорду өндүрүү боюнча токардык цех) куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
- айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу суммасын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |