Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 550 токтомуна) |
Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, мамлекеттик каттоо, каттоодон баш тартуу, кайра каттоо, андан чыгаруу талаптарын белгилейт.
2. Кыргыз Республикасындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - Бирдиктүү мамлекеттик реестр) аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын электрондук системалаштырылган тизмегин билдирет, аны аудитордук ишти жөнгө салуучу жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин ишин контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жүргүзөт.
3. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган датадан тартып ишти жүргүзүү укугуна ээ болот.
2. Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү
4. Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү аларга маалыматтарды (реестрдик жазууларды) киргизүүнү, Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген маалыматтардын купуялуулугун сактоону, камсыздоону (Жекече мүнөздөгү маалымат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда), ошондой эле реестрдик иштерди түзүүнү жана сактоону өзүнө камтыйт.
5. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге реестрдик жазуулар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы (мындан ары - кызмат адамы) тарабынан киргизилет, ал Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилүүчү маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Бирдиктүү мамлекеттик реестр ага реестрдик жазууларды киргизүү аркылуу электрондук түрдө (компьютердик программа) жүргүзүлөт.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бирдиктүү мамлекеттик реестрди түзүү, анын үзгүлтүксүз иштеши, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин реестрдик жазууларга регламенттелген жетүүсүн камсыз кылуу жана Бирдиктүү мамлекеттик реестрди техникалык коштоону камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат.
8. Бирдиктүү мамлекеттик реестр төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат:
1) аудиторлордун реестри;
2) аудитордук уюмдардын реестри;
3) кесиптик аудитордук бирикмелердин реестри;
4) ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестри.
9. Аудиторду, аудитордук уюмду, кесиптик аудитордук бирикмени жана ачык кызыкчылык субъекттеринин жана ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмду Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин алкагында идентификациялоо жекече каттоо номеринин (мындан ары - ЖКН) негизинде жүргүзүлөт.
10. ЖКН аудиторго, аудитордук уюмга, кесиптик аудитордук бирикмеге жана ачык кызыкчылык субъекттеринин жана ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмга аларды Бирдиктүү мамлекеттик реестрде баштапкы каттоо учурунда ыйгарылат жана алардын иши токтотулганга чейин өзгөрүүсүз калат. Алар Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган учурда ЖКН кайра ыйгарылбайт.
11. ЖКН түзүү санариптик каттоо номерин төмөнкүдөй форматтарда ыйгаруу аркылуу жүргүзүлөт:
АБВВВ же АБВВВГГ,
мында,
А - катталып жаткан субъекттин коду, мында 1 - аудитор, 2 - аудитордук уюм, 3 - кесиптик аудитордук бирикме;
Б - Кыргыз Республикасынын резидентинин коду;
ВВВ - каттоонун катар номери, мында катар номер Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин ар бир бөлүмү үчүн 001ден баштап өз алдынча жүргүзүлөт;
ГГ - ушул Тартиптин 8-пунктунун 4-пунктчасында каралган "Ачык кызыкчылык субъекттеринин жана ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестри" 4-бөлүгүндөгү каттоонун катар номери, мында номерлер 01ден башталат.
3. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо же каттоодон баш тартуу тартиби
12. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдар Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн, ошондой эле маалыматтарды өзгөртүүлөр жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өз убагында кабарлоо үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат.
13. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо, кайра каттоо учурунда кесиптик аудитордук бирикмелерден тышкары, аудиторлордон, аудитордук уюмдардан жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардан бир жолку жыйым, ошондой эле Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген жылдан кийинки жылдан тартып Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар жылдык жыйым алынат.
14. "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык келген аудиторду ушул Тартиптин 8-пунктунун 1-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Аудиторлордун реестри" 1-бөлүгүндө каттоо үчүн арыз ээси (аудитор) 6-тиркемеге ылайык белгиленген үлгүдөгү жеке арызды берет, ошондой эле кагаз жана электрондук форматта төмөнкүдөй документтерди берет:
1) паспорттун көчүрмөсүн;
2) жашаган жерин ырастаган маалымкатты же башка документти;
3) телефонунун байланыш номерин, электрондук почтасынын дарегин (болсо), расмий сайттын дарегин (болсо);
4) кызматкери эмгек келишиминин негизинде аудитор болуп саналган аудитордук уюм жөнүндө маалыматтарды (аудитордук уюмдун аталышы, аудитордук уюмдун жайгашкан жерин, телефонунун байланыш номерин, расмий сайттын дареги (болсо), аудитордук уюмдун ЖКН) көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкатты;
5) иш берүүчү күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;
6) аудитордун квалификациялык сертификатынын көчүрмөсүн;
7) кесиптик аудитордук бирикмеге мүчөлүктү ырастаган документтин көчүрмөсүн;
8) Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө болгон башка мамлекеттерде жана ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерде аудитор катарында каттоо жөнүндө маалыматты (каттоочу органдын аталышын жана аудитордун жекече каттоо номерин (болсо) көрсөтүү менен);
9) жыйым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны.
15. "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык келген аудитордук уюмду ушул Тартиптин 8-пунктунун 2-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Аудитордук уюмдардын реестри" 2-бөлүгүндө каттоо үчүн аудитордук уюм 6-тиркемеге ылайык белгиленген үлгүдөгү арызды берет, ошондой эле жетекчинин колу жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн төмөнкүдөй документтерди кагаз жана электрондук форматта берет:
1) аудитордук уюмду мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
2) уюштуруу келишиминин же жалгыз уюштуруучунун чечиминин, аудитордук уюмдун уставынын, уставды кабыл алуу жөнүндө уюштуруучулардын чогулушунун протоколунун көчүрмөлөрүн;
3) жетекчинин паспортунун көчүрмөсүн;
4) жайгашкан жерин, анын ичинен бардык филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн (болсо) жайгашкан жерлерин, турган жерин, байланыш маалыматтарын, электрондук почтанын дарегин (болсо), расмий сайттын дарегин (болсо);
5) аудитордук уюмдун кадрдык курамынын 75 пайызын Кыргыз Республикасынын жарандары түзө тургандыгы жөнүндө ырастоочу каттын;
6) аудитордук уюмдун кесиптик аудитордук бирикмеге мүчөлүгүн ырастаган документтин көчүрмөсүн;
7) Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын Фирмалар форумунун (аудитордук уюмдардын эл аралык тармактарынын) мүчөлөрү болуп саналган аудитордук уюмдардын бирикмелерине мүчөлүктү (башкача катышууну) ырастаган документтин көчүрмөсүн (болсо);
8) аудитордук уюмдун штатына экиден кем эмес аудиторду кабыл алуу жөнүндө тескөө актыларынын көчүрмөлөрүн, аудиторлордун ЖКНы;
9) аудиторду аудитордук уюмдун жекече же коллегиялуу аткаруу органынын жетекчиси кылып дайындоо жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн же ырастоочу катты;
10) аудитордук уюмдун коллегиялуу аткаруу органында аудиторлордун кеминде 50 пайызы бар экендиги жөнүндө документтин көчүрмөсүн же ырастоочу катты;
11) сапатты контролдоо стандарттарына ылайык иштелип чыккан аудиттин сапатын ички контролдоону жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн;
12) ЕАЭБге мүчө болгон башка мамлекеттерде жана ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерде аудитордук уюм (башка ушундай жак) катарында каттоо жөнүндө маалыматтарды (каттоочу органдын аталышын жана жеке каттоо номерин (бар болсо) көрсөтүү менен);
13) ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маалыматтарды (таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алган ЕАЭБге мүчө мамлекеттин органынын аталышын, көрсөтүлгөн чечим кабыл алынган датаны, көрсөтүлгөн чечимдин номерин (бар болсо), бузуунун түрүн жана таасир этүүнүн колдонулган чаралары жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
14) жыйым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны;
15) уставдык капитал төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.
Көңүл буруңуздар! Тартиптин 14, 15-пункттарынын жоболору "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык күчүнө кирет.
16. "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык келген кесиптик аудитордук бирикмени ушул Тартиптин 8-пунктунун 3-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Кесиптик аудитордук бирикмелердин реестри" деген 3-бөлүгүндө каттоо үчүн кесиптик аудитордук бирикме белгиленген үлгүдөгү арызды 6-тиркемеге ылайык берет, ошондой эле жетекчинин колу жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кагаз жана электрондук форматта төмөнкүдөй документтерди берет:
1) кесиптик аудитордук бирикмени мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
2) уюштуруу келишиминин же жалгыз уюштуруучунун чечиминин, кесиптик аудитордук бирикменин уставын кабыл алуу жөнүндө уюштуруучулардын чогулушунун протоколунун, кесиптик аудитордук бирикменин уставынын көчүрмөлөрүн;
3) кесиптик аудитордук бирикменин сайтында жарыяланган мүчөлөрдүн реестрине шилтеме жасоо менен иштеген жерин жана ээлеген кызмат ордун көрсөтүү менен мүчөлөрдүн - жеке жактардын тизмегин;
4) кесиптик аудитордук бирикменин сайтына жарыяланган мүчөлөрдүн реестрине шилтеме жасоо менен юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн датасын жана номерин көрсөтүү менен мүчөлөрдүн - юридикалык жактардын тизмегин;
5) мүчөлөрдүн, аудитордук уюмдардын, аудитордун квалификациялык сертификаты жана/же бухгалтердин квалификациялык сертификаты бар адамдардын саны жөнүндө маалыматтарды;
6) төмөнкүлөр боюнча мүчөлөргө карата талаптарды бекиткен документтердин көчүрмөлөрү:
- билими жана квалификацияны үзгүлтүксүз жогорулатуу боюнча;
- Кесиптик бухгалтерлердин этика кодексин (мындан ары - Этика кодекси) сактоо боюнча;
- кесиптик иштин сапатын камсыз кылуу боюнча;
7) кесиптик аудитордук бирикме "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Аудиторлор кеңешин жана комитеттерди түзгөндүгүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн, мындай органдар жөнүндө жоболордун көчүрмөлөрүн жана алардын ишине катышып жаткан жактардын курамы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн;
8) кесиптик аудитордук бирикменин жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимдин жана тескөөчү актынын көчүрмөлөрүн;
9) филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү (бар болсо) түзүү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн;
10) бардык филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү (бар болсо) кошо алганда, турган жерин, байланыш маалыматтарын, электрондук почтанын дарегин (бар болсо), Интернет тармагындагы расмий сайттын дарегин (бар болсо).
17. "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык келген ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмду ушул Тартиптин 8-пунктунун 4-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестри" деген 4-бөлүгүндө каттоо үчүн аудитордук уюм белгиленген үлгүдөгү арызды 6-тиркемеге ылайык, жетекчинин колу жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кагаз жана электрондук форматтагы төмөнкүдөй документтерди берет:
1) эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн жана кеминде үч жыл аудитордук уюмда негизги иштеген жери боюнча (штатта) үч аудитордо Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана/же Чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулуктун аудитин жүргүзүү тажрыйбасы бар экендигин ырастаган иштеген жеринен маалымкатты;
2) аудитордук уюмдун штатына үчтөн кем эмес аудиторду, ЖКН аудиторлорун кабыл алуу жөнүндө тескөөчү актылардын көчүрмөлөрү;
3) жыйым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны.
18. Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмда аудитордук уюмдун ЖКН сакталат.
19. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 14-17-пункттарда көрсөтүлгөн документтердин тизмегин талап кылуу учурунда "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасында жеткиликтүү болгон документтердин аналогдорун колдонууга укуктуу.
20. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зарыл документтери бар арызды алган күндөн тартып 14 жумуш күндөн кечиктирбестен Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү актысы менен таризделет. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө арыз ээсинин кабарламасы жазуу жүзүндө тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
21. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоо жөнүндө актыны кабыл алган күнү Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан арыз ээсин каттоо жөнүндө тиешелүү реестрдик жазуулар киргизилет.
22. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоодон баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) аудитордун, аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарга шайкеш эместиги;
2) арыз ээси тарабынан ушул Тартипте аныкталган маалыматтын анык эмес же толук эмес берилиши;
3) эгерде арыз ээси тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарга шайкеш келбесе;
4) Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жана/же кайра каттоо үчүн жыйымдын төгүлбөй калуусу.
23. Баш тартуу үчүн негиздер жоюлган учурда, арыз кайрадан каралууга тийиш. Мында 20-пунктта каралган арызды карап чыгуу мөөнөтү арыз кайрадан кароого берилген күндөн тартып эсептеле баштайт.
24. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдар Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоого арызга тиркелген документтерде көрсөтүлгөн, кайра каттоо үчүн негиз болуп саналбаган маалыматтардын өзгөрүүлөрү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү.
4. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде кайра каттоо жана катталууга тийиш болгон маалыматтардын өзгөртүүлөрү жөнүндө кабарлоо тартиби
25. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде кайра каттоо үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) аудитордук уюмду, кесиптик аудитордук бирикмени жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмду кайра уюштуруу;
2) аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин жана ачык кызыкчылык субъекттеринин жана ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун аталышынын өзгөрүшү.
26. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде кайра каттоо үчүн негиздер келип чыккан учурда аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдар арыз менен кайрылууга милдеттүү. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде кайра каттоо жөнүндө арыз кайра каттоо үчүн негиздерди жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастаган документтерди тиркөө менен кайра каттоо үчүн негиздер келип чыккан күндөн тартып он жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.
27. Аудитордук уюмду, кесиптик аудитордук бирикмени жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмду кайра уюштурууда жана/же аталышын өзгөртүүдө кайра каттоо үчүн негиздер келип чыккан күн болуп юридикалык жакты кайра каттоо же жаңы пайда болгон юридикалык жактарды Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо датасы саналат.
28. Кызмат адамы Бирдиктүү мамлекеттик реестрде кайра каттоо жөнүндө реестрдик жазууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү арызды алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде киргизет.
29. Өзгөртүп түзүү же кошуу жолу менен аудитордук уюмдар кайра уюштурулган учурда ЖКН сакталат.
30. Бириктирүү, ажыратуу же бөлүү жолу менен аудитордук уюм кайра уюштурулган учурда жаңы пайда болгон аудитордук уюмдарга жаңы ЖКНлар берилет.
31. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабарламада толук аталышы, ЖКН жана маалыматтардагы өзгөртүүлөрдүн сыпаттамасы көрсөтүлөт.
32. Кабарлама өзгөртүүлөр пайда болгондон кийин он жумуш күндөн кечиктирбестен, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү ырастаган документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускаларын берүү менен) менен бирге жазуу жүзүндө берилет.
33. Кызмат адамы Бирдиктүү мамлекеттик реестрге тиешелүү реестрдик жазууларды кабарлама ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн датадан тартып үч жумуш күндүн ичинде киргизет.
5. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу тартиби
34. Ушул Тартиптин 8-пунктунун 1-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Аудиторлордун реестри" деген 1-бөлүгүнөн чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын жана Этика кодексин үч жолу жана андан көп бузуу, анын ичинде кесиптик аудитордук бирикме тарабынан табылган үч жылдын ичиндеги бузуулар;
2) Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө ыктыярдуу арызды, өз ишин токтотуу жөнүндө арызды берүү;
3) Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген жылдан кийинки жылдан баштап Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн ар жылдык жыйымды 30-январдан кечиктирбестен (отуз календардык күндүн ичинде) төлөбөө;
4) "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык аудиторду квалификациялык сертификатынан ажыратуу (кайра чакыртып алуу);
5) ишти убактылуу токтотуу мезгилин кошпогондо, эки календардык жыл ичинде аудитти жүргүзбөө;
6) аудитордо кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү статусу эки айдан ашык мөөнөткө жоктугу;
7) аудитордук ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
8) аудитор кол койгон аудитордук корутундуну (отчетту) жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
9) аудитти жүргүзгөн жана мыйзамдарда белгиленген талаптарды бузуу менен түзүлгөн аудитордук корутундуга кол койгон аудиторго карата соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
10) аудитордун өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн берилиши;
11) аудиторду өлдү же дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши.
35. Ушул Тартиптин 8-пунктунун 2-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Аудитордук уюмдардын реестри" деген 2-бөлүгүнөн чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын жана Этика кодексин үч жолу жана андан ашык бузуу, анын ичинде кесиптик аудитордук бирикме тарабынан табылган үч жылдын ичиндеги бузуулар;

4) эки календардык жылдын ичинде аудитти жүргүзбөө;
5) аудитордук уюмда кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү статусун жоготуу;
6) аудитордук ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
7) мыйзамдарда белгиленген талаптарды бузуу менен түзүлгөн аудитордук корутундуга кол койгон аудитордук уюмдун жетекчисине карата соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
8) штатта кеминде эки аудитордун болушу жөнүндө талапты аудитордук уюм бузгандыгы тууралуу фактынын аныкталышы;
9) аудитордук уюмда сапатты контролдоонун бекитилген эрежелерине ылайык иштелип чыккан аудиттин сапатын ички контролдоону жүргүзүү жол-жоболорунун жоктугу;
10) аудитордук уюмдун жоюлушу.
36. Ушул Тартиптин 8-пунктунун 3-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Кесиптик аудитордук бирикмелердин реестри" деген 3-бөлүгүнөн чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарын үч жылдын ичинде үч жолу жана андан көп бузуу;

3) кесиптик аудитордук бирикменин жоюлушу.
37. Ушул Тартиптин 8-пунктунун 4-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестри" деген 4-бөлүгүнөн чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Тартиптин 35-пунктуна, ошондой эле "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аудитордук уюмдарга карата белгиленген талаптарга шайкеш эместик;
2) аудитордук уюм штатта кеминде үч аудитор болушу жөнүндө талапты бузгандыгы тууралуу фактынын аныкталышы;
3) негизги иштеген жери боюнча (штатында) анын үч аудиторунда Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана/же Чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулуктун аудитин жүргүзүү тажрыйбасынын кеминде үч жылда жоктугу;
4) аудитор бир эле ошол ачык кызыкчылык субъектинин, ири ишкердик субъектинин жылдык финансылык отчеттуулугунун милдеттүү аудитин катары менен жети жылдан ашык жүргүзүшү;
5) аудитор бир эле ошол ачык кызыкчылык субъектинин, ири ишкердик субъектинин жылдык финансылык отчеттуулугунун жети жыл бою милдеттүү аудит жүргүзгөндөн кийин үч жыл өткөнгө чейин милдеттүү аудитти жүргүзүшү.
38. Аудиторду, аудитордук уюмду, кесиптик аудитордук бирикмени жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмду чыгаруу ушул Тартиптин 34-37-пункттарында көрсөтүлгөн бузуулар аныкталган учурдан тартып бир айдан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
39. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү актысы менен таризделет.
40. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө реестрдик жазуу кызмат адамы тарабынан тиешелүү акт кабыл алынган күнү жүргүзүлөт.
41. Кызмат адамы аудиторго, аудитордук уюмга, кесиптик аудитордук бирикмеге же ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмга Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып үч жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
42. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу датасынан тартып ишти жүзөгө ашырууга болгон аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын укуктары токтотулат.
43. Ушул Тартиптин 34-37-пункттарында көрсөтүлгөн бузуулар үчүн Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдар Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган датадан тартып бир жыл өткөндөн кийин Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо үчүн документтерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрадан берүүгө укуктуу.
6. Реестрдик жазуу
44. Ушул Тартиптин 8-пунктунун 1-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Аудиторлордун реестри" деген 1-бөлүгүндөгү реестрдик жазуу төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын толук аталышын жана дарегин;
2) ЖКНы;
3) аудитордун фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган күнүн, анын паспорттук маалыматтарын;
4) жашаган жерин, телефондордун жана байланыштын башка каражаттарынын (WhatsApp, Telegram Messenger) байланыш номерлерин, электрондук почтанын дарегин, расмий сайттын дарегин, соцтармактардагы профилдердин маалыматтарын (бар болсо);
5) аудитордун квалификациялык сертификатынын номерин жана берилген датасын;
6) аудитордун квалификациялык сертификатынын жуп нускасы берилген датаны;
7) аудитордун милдеттүү ар жылдык квалификациясын жогорулатуудан өтүү датасын жана жерин, ошондой эле сааттардын санын;
8) аудитордун иштеген жеринин жана ээлеген кызмат ордунун аталышын;
9) кызматкери эмгек келишиминин негизинде аудитор болуп саналган аудитордук уюм жөнүндө маалыматтарды (аудитордук уюмдун аталышын, аудитордук уюмдун жайгашкан жерин, расмий сайтынын дарегин (бар болсо), ЖКНы көрсөтүү менен);
10) кирген датасын көрсөтүү менен аудитор мүчөлүгүндө турган кесиптик аудитордук бирикменин аталышын;
11) ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттерде жана ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерде аудитор катарында катталгандыгы жөнүндө маалыматтарды (каттаган органдын аталышын жана аудитордун жеке каттоо номерин (бар болсо) көрсөтүү менен);
12) аудитордук иш жөнүндө мүчө мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маалыматтарды (таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алган мүчө мамлекеттин органынын аталышын, аталган чечим кабыл алынган датаны, аталган чечимдин номерин (бар болсо), бузуунун түрүн жана таасир этүүнүн колдонулган чаралары жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
13) кайра каттоо датасын (бар болсо);
14) тиешелүү кабарлама келип түшкөн учурда аудитор жөнүндө реестрдик жазуудагы маалыматтардын өзгөрүү датасын;
15) ар жылдагы жыйым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциянын датасын;
16) аудиттин сапатына тышкы контролду жана аудиторго карата таасир этүү чараларын колдонууну жүзөгө ашырган органдын (органдардын) толук аталышын жана дарегин, текшерүүнүн натыйжалары боюнча белгилерди (текшерген датасы, текшерип жаткан адамдардын аты-жөнү, тыянактардын кыскача мазмуну, жазма буйруктун кыскача мазмуну, жазма буйрукту аткаруунун мөөнөттөрү, жазма буйрукту аткаруу датасы);
17) жазууларды киргизген кызмат адамынын аты-жөнү;
18) Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруунун датасын жана негизин;
19) эскертүүлөрдү.
45. Ушул Тартиптин 8-пунктунун 2-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Аудитордук уюмдардын реестри" деген 2-бөлүгүндө реестрдик жазуу төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

2) ЖКН;
3) аудитордук уюмдун/ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун толук жана кыскартылган аталышын (эгерде бар болсо), уюштуруу-укуктук формасын;
4) турган жерин жана юридикалык дарегин, анын ичинде бардык филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү (бар болсо), телефондордун жана башка байланыш каражаттарынын (WhatsApp, Telegram, Messenger) номерлерин, электрондук почтанын дарегин, расмий сайттын дарегин, соцтармактардагы профилдердин маалыматтарын (бар болсо);
5) салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин;
6) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) Бирдиктүү мамлекеттик реестрде мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн датасын жана номерин;
7) аудитордук уюмдун/ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун менчик ээлери (катышуучулары, акционерлери) (аудиторлордун фамилияларын, атын, атасынын атын (бар болсо), аталыштарын жана даректерин, ЖКН, квалификациялык сертификаттардын номерлерин жана аларды берүү датасын көрсөтүү менен), алардын уставдык капиталдагы үлүшү жөнүндө маалыматтардын;
8) аудитордук уюмдун/ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун коллегиялуу жана (же) жекече аткаруу органынын мүчөлөрү жөнүндө маалыматтардын (аудиторлордун фамилияларын, атын, атасынын атын (бар болсо), аталыштарын жана даректерин, ЖКН, квалификациялык сертификаттарынын номерлерин жана берилген датасын көрсөтүү менен);
9) эмгек келишиминин негизинде аудитордук уюмдун/ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун кызматкерлери болуп саналган аудиторлор жөнүндө маалыматтардын (аудитордун фамилияларын, атын, атасынын атын (бар болсо), ЖКН, квалификациялык сертификаттарынын номерлерин көрсөтүү менен);
10) аудиторлорго жана (же) аудитордук уюмдарга жана (же) чет өлкөлүк аудитордук уюмдарга таандыктыгын көрсөтүү менен уставдык капиталдын өлчөмүн;
11) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет өлкөлүк жарандардын жалпы санын көрсөтүү менен аудитордук уюмдун штатынын жалпы санын;
12) кирген датасын көрсөтүү менен аудитордук уюм мүчөлүгүндө турган кесиптик аудитордук бирикменин аталышын;
13) Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын Фирмалар форумунун (аудитордук уюмдардын эл аралык тармактарынын) мүчөсү болуп саналган, кесиптик аудитордук бирикмедеги, аудитордук уюмдардын бирикмелериндеги мүчөлүк (башкача катышуу) жөнүндө маалыматтарды, ар бир ушундай эл аралык тармак үчүн аталыштарын жана бул тармактын бардык мүчөлөрүнүн турган жерин же ушундай маалыматтар алынышы мүмкүн болгон маалыматтын (расмий сайттын дареги) булагын көрсөтүү менен;
14) ЕАЭБге мүчө болгон башка мамлекеттерде жана ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерде аудитордук уюм (башка ушундай жак) катарында каттоо жөнүндө маалыматтарды (каттоочу органдын аталышын жана жеке каттоо номерин (бар болсо) көрсөтүү менен);
15) ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маалыматтарды (таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алган ЕАЭБге мүчө мамлекеттин органынын аталышын, аталган чечим кабыл алынган датаны, аталган чечимдин номерин (бар болсо), бузуунун түрүн жана таасир этүүнүн көрүлгөн чаралары жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
16) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган/кесиптик аудитордук бирикме сапаттын тышкы контролунан өткөндүгү жөнүндө маалыматтарды (иштин сапатын текшерүү датасын жана текшерүүнү жүргүзгөн органдын аталышын, текшерүүнүн натыйжалары боюнча белгилерди, текшерип жаткан адамдардын аты-жөнүн, тыянактардын кыскача мазмунун, жазма буйруктун кыскача мазмунун, жазма буйрукту аткаруу мөөнөттөрүн, жазма буйрукту аткаруу датасын көрсөтүү менен);
17) сапатты контролдоо стандарттарына ылайык иштелип чыккан аудиттин сапатын ички контролдоону жүзөгө ашыруу эрежелери жөнүндө аудитордук уюмдун бекитилген документинин реквизиттерин;
18) кайра каттоо датасын (бар болсо);
19) тиешелүү кабарлоо келип түшкөн учурда ушундай кабарлоонун реквизиттерин көрсөтүү менен аудитордук уюм жөнүндө реестрдик жазуудагы маалыматтарды өзгөртүү датасын;
20) аудитордук уюмдун ишин токтотуу жөнүндө маалыматтарды (аудитордук уюмдун ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган мүчө мамлекеттин органынын аталышын жана ушундай чечим кабыл алынган датаны көрсөтүү менен);
21) ар жылдагы жыйымды төлөө жөнүндө квитанциянын датасын;
22) жазууларды киргизген кызмат адамынын аты-жөнүн;
23) Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруунун датасын жана негизин;
24) эскертүү.
46. Ушул Тартиптин 8-пунктунун 3-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Кесиптик аудитордук бирикмелердин реестри" деген 3-бөлүгүндө реестрдик жазуу төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

3) кесиптик аудитордук бирикменин толук жана кыскартылган (эгер бар болсо) аталышын, уюштуруу-укуктук формасын, филиалдар жана өкүлчүлүктөр жөнүндө маалыматтарды (эгер бар болсо);
4) филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү (бар болсо) кошо алганда алардын турган жерин жана юридикалык дарегин, телефондорунун жана башка байланыш каражаттарынын номерлерин, электрондук почтанын дарегин, расмий сайттын дарегин (бар болсо);
5) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) Бирдиктүү мамлекеттик реестрде мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн (бар болсо) датасын жана номерин;
6) уюштуруучулардын аты-жөнүн жана/же аталышын жана дарегин, алардын уставдык капиталдагы үлүшүн, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жетекчилерин (бар болсо);
7) кайра каттоо датасын (бар болсо);
8) тиешелүү кабарлоо келип түшкөн учурда мындай кабарлоонун реквизиттерин көрсөтүү менен кесиптик аудитордук бирикме жөнүндө реестрдик жазуудагы маалыматтарды өзгөртүү датасын;
9) кесиптик аудитордук бирикмеге карата аудиттин сапатын ички контролдоону жана таасир этүү чараларын колдонууну жүзөгө ашырып жаткан (жүзөгө ашыруучу) органдын (органдардын) толук аталышын жана дарегин, текшерүүнүн натыйжалары боюнча белгилерди (текшерүү датасы, текшерип жаткан адамдардын аты-жөнү, тыянактардын кыскача мазмуну, жазма буйруктун кыскача мазмуну, жазма буйрукту аткаруу мөөнөтү, жазма буйрукту аткаруу датасы);
10) жазууларды киргизген кызмат адамынын аты-жөнүн, колун;
11) Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруунун датасын жана негизин;
12) эскертүү.
47. Ушул Тартиптин 8-пунктунун 4-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Ачык кызыкчылык субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестри" деген 4-бөлүгүндөгү реестрдик жазуу 45-пункттагыга окшош маалыматтарды камтууга тийиш.
7. Реестрдик ишти жүргүзүү тартиби
48. Реестрдик иш ЖКНге окшош идентификациялык номерди жекече берүү менен ар бир аудиторго, аудитордук уюмга (анын ичинде ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмга) жана кесиптик аудитордук бирикмеге ачылат.
49. Реестрдик иш Бирдиктүү мамлекеттик реестрге маалыматтарды киргизүүгө негиз болгон томдордон турат, алардын ар бири бир ЖКНге таандык болгон документтерге жайгаштырылат.
50. Реестрдик иш (иштин тому) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аудитор, аудитордук уюм (анын ичинде ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюм), кесиптик аудитордук бирикме аудитордук ишти жүзөгө ашырууга укуктарды каттоо жөнүндө чечим кабыл алган учурда түзүлөт.
51. Иштин ар бир тому үчүн титулдук барак 1, 2, 3-тиркемелер түзүлөт, аларда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: иштин номери; иштин тиешелүү томун ачкан кызмат адамынын аты-жөнү; иштин тому ачылган дата жана жабылган дата; томдун номери жана иштеги томдордун саны; жана ал титулдук баракты түзгөн жана маалыматтарды киргизген кызмат адамынын колу менен күбөлөндүрүлөт.
52. Иштин томдорунун ичинде документтерге катар номерлер коюлат, алар бирден баштан араб цифралары менен жазылат. Өз алдынча катар номер иштин ар бир тому үчүн жүргүзүлөт.
53. Иштин ар бир тому анда сакталган документтердин тизимин 4-тиркемеге ылайык камтыйт, анда ар бир документ үчүн төмөнкүлөр көрсөтүлөт: томдогу анын катар номери; аталышы жана реквизиттери; томдогу барактардын номерлери. Томдун тизими аны түзгөн кызмат адамынын кызмат ордун көрсөтүү менен анын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
54. Ушул Тартиптин 34-37-пункттарында көрсөтүлгөн Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарган учурларда реестрдик иштерди жабууда жабынуучу реестрдик иштин ар бир томунун титулдук барактарында реестрдик ишти жабуунун датасы, ошондой эле жабуу үчүн негиз көрсөтүлөт.
55. Жабылган реестрдик иштерге "архивдик" деген статус берилет.
56. Реестрдик иш (иштин тому) бардык барактардын тексттерин эркин окуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен бекем жиптер (боо) менен тигилет. Иштерди тигүүгө даярдоодо документтерден металл буюмдар алып салынат.
57. Реестрдик иштин (иштин томунун) аягында күбөлөндүрүүчү барак 5-тиркемеге ылайык жайгаштырылат, анда иштин номери коюлган барактарынын саны жана ички тизимдин барактарынын саны цифралар жана сөз менен көрсөтүлөт. Зарылчылык болгон учурда иштин документтерине номер коюунун өзгөчөлүктөрү: барактардын литердик номерлеринин жана калтырылып кеткен номерлердин болушу айтылат. Күбөлөндүрүү жазуусуна кол тамганы чечмелөөнү, кызмат ордун жана түзүү датасын көрсөтүү менен аны түзүүчү кол коёт.
58. Жабык реестрдик иштер аларда камтылган документтерди кароо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте аларда камтылган документтердин негизинде, анын ичинде соттордун, укук коргоо органдарынын суроо-талаптары (кайрылуулары) боюнча маалыматтарды берүү максатында жана башка ушундай максаттарда алар менен иштөө үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
59. Реестрдик ишти түзүү, жүргүзүү жана сактоо үчүн жоопкерчиликти кызмат адамы тартат.
8. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге жана реестрдик иштерге жеткиликтүүлүк жана аларды сактоо
60. Бирдиктүү мамлекеттик реестр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш, жекече мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарга ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды кошпогондо, кызыкдар адамдар аларда камтылган маалыматтар менен таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат.
61. Бирдиктүү мамлекеттик реестр жалпыга жеткиликтүү версияда дайыма жайгаштырылат, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында актуалдуу абалда сакталат жана "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык маалыматтарды камтыйт:
62. Аудиторлордун реестринин 1-бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ЖКН;
2) каттоо датасы;
3) аты-жөнү;
4) квалификациялык сертификаттын датасы жана номери, квалификациялык сертификатты берген органдын аталышы;
5) ЕАЭБге мүчө болгон башка мамлекеттерде жана ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерде аудитор катарында каттоо жөнүндө маалымат (каттоо органынын аталышын жана аудитордун жекече каттоо номерин (бар болсо) көрсөтүү менен);
6) Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын Фирмалар форумунун (аудитордук уюмдардын эл аралык тармактарынын) мүчөсү болуп саналган, кесиптик аудитордук бирикмелердеги, аудитордук уюмдардын бирикмелериндеги мүчөлүк (башкача катышуу) жөнүндө маалыматтарды (ар бир ушундай эл аралык тармак үчүн аталыштарын жана бул тармактын бардык мүчөлөрүнүн турган жерин же ушундай маалыматтар алынышы мүмкүн болгон маалыматтын (расмий сайттын дареги жана башкалар) булагын көрсөтүү менен;
7) мүчө мамлекеттин аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маалыматтар, мүчө мамлекеттин таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алган органдын аталышын, аталган чечим кабыл алынган датаны, аталган чечимдин номерин (бар болсо), бузуунун түрүн жана таасир этүүнүн колдонулган чаралары жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен;
8) кызматкери аудитор болуп саналган аудитордук уюмдун аталышы, дареги, Интернет тармагындагы расмий сайтынын (бар болсо) дареги жана ЖКН;
9) реестрден чыгаруу датасы жана реестрден чыгаруунун негизи (чыгарылган учурда).
63. Аудитордук уюмдардын реестринин 2-бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ЖКН;
2) каттоо датасы;
3) аудитордук уюмдун толук аталышы жана кыскартылган аталышы (бар болсо);
4) уюштуруу-укуктук формасы;
5) ЕАЭБге мүчө болгон башка мамлекеттерде жана ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерде аудитордук уюм (башка ушундай жак) катары каттоо (каттаган органдын аталышын жана жекече каттоо номерин (бар болсо) көрсөтүү менен);
6) дареги жана байланышуу маалыматтары (телефон, электрондук почта, расмий сайттын (бар болсо) дареги);
7) бардык филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн (бар болсо) турган жери;
8) жетекчинин аты-жөнү жана жумуштагы байланышуу маалыматтары;
9) аудитордук уюмдун кызматкерлери болуп саналган аудиторлордун аты-жөнү, ЖКН, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги аудитордук уюмдун кызматкерлери болуп саналган аудиторлордун квалификациялык аттестатынын (күбөлүгүнүн, сертификатынын) номери;
10) уюштуруучулардын аты-жөнү;
11) коллегиялуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн аты-жөнү жана жумуштагы байланышуу маалыматтары;
12) Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын Фирмалар форумунун (аудитордук уюмдардын эл аралык тармактарынын) мүчөлөрү болуп саналган аудитордук уюмдардын бирикмелериндеги мүчөлүк (башкача катышуу) жөнүндө маалыматтар (ар бир ушундай эл аралык тармак үчүн аталыштарын жана бул тармактын бардык мүчөлөрүнүн турган жерин же мындай маалыматтар алынышы мүмкүн болгон маалымат булагын (расмий сайттын дарегин жана башкаларды) көрсөтүү менен);
13) ЕАЭБге мүчө болгон башка мамлекеттерде жана ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерде аудитордук уюм (башка ушундай жак) катарында каттоо жөнүндө маалыматтар (каттаган органдын аталышын жана жекече каттоо номерин (бар болсо) көрсөтүү менен);
14) мүчө мамлекеттин аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маалыматтар (таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимди кабыл алган мүчө мамлекеттин органынын аталышын, аталган чечим кабыл алынган датаны, аталган чечимдин номерин (бар болсо), бузуунун түрүн жана таасир этүүнүн колдонулган чаралары жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
15) иштин сапатын тышкы контролдон өткөрүү жөнүндө маалыматтар (иштин сапатын текшерүү датасын жана мүчө мамлекеттин текшерүү жүргүзгөн органынын аталышын көрсөтүү менен);
16) аудитордук уюмдун ишин токтотуу жөнүндө маалыматтар (мүчө мамлекеттин аудитордук уюмдун ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган органынын аталышын жана мындай чечим кабыл алган датаны көрсөтүү менен);
17) Кыргыз Республикасында гана аудитордук ишти жүргүзүүгө укук жөнүндө маалыматтар (эгерде аудитордук ишти жүргүзүүгө укук чектелген болсо);
18) реестрден чыгаруу датасы жана реестрден чыгаруунун негиздери (чыгарылган учурда).
64. Кесиптик аудитордук бирикмелердин реестринин 3-бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) ЖКН;
2) каттоо датасы;
3) кесиптик аудитордук бирикменин аталышы;
4) мүчөлөрдүн жалпы санын көрсөтүү менен алар жөнүндө маалымат;
5) дареги жана байланышуу маалыматтары, анын ичинде бардык филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн (бар болсо) дареги жана байланышуу маалыматтары (телефон, электрондук почта, расмий сайттын дареги (бар болсо);
6) аудиторлордун аты-жөнү жана аудиторлор кеңешинин жумуштагы байланыштуу маалыматтары;
7) реестрден чыгаруу датасы жана реестрден чыгаруунун негиздери (чыгарылган учурда).
65. 4-бөлүктө ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестри ушул Тартиптин 63-пунктундагыга окшош маалыматтарды камтыйт.
66. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бирдиктүү мамлекеттик реестрге жана реестрдик иштерге киргизилген маалыматтарды жана документтерди сактоо жана аларды башкалардын жетүүсүнөн, санкцияланбаган толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн жана жок кылуудан коргоо үчүн шарттарды камсыз кылат.
67. Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жана реестрдик иштерди сактоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык, архив ишин башкаруунун республикалык органынын Борбордук эксперттик-текшерүү комиссиясы менен макулдашылган Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иштеринин типтүү номенклатурасына ылайык жүзөгө ашырылат.
|
| 1-тиркеме |
РЕЕСТРДИК ИШТИН ТИТУЛДУК БАРАГЫ
|
|
|
| 2-тиркеме |
РЕЕСТРДИК ИШТИН ТИТУЛДУК БАРАГЫ
|
|
|
| 3-тиркеме |
РЕЕСТРДИК ИШТИН (ИШТИН ТОМУНУН) ТИТУЛДУК БАРАГЫ
|
|
|
| 4-тиркеме |
РЕЕСТРДИК ИШТЕ (ИШТИН ТОМУНДА) САКТАЛГАН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗИМИ
_________ барак
№ __________ иштин тизими № _________ том
|
| ||||||||||||||||||||
Бардыгы ________________________________________________________________________ документ. (цифра жана сөз менен) Ички тизимдин барактарынын саны _________________________________________________________ б. (цифра жана сөз менен) Тизимди түзгөн кызмат адамынын кызмат ордунун аталышы жана аты-жөнү _______________________ _________________________________________________________________________________________ Дата ________________________________ Колу _______________________________________________ |
|
|
| 5-тиркеме |
КҮБӨЛӨНДҮРҮҮЧҮ БАРАК
№ __________ реестрдик иш, № __________ том Ишке _____________________________________________________________________________ барак (цифра жана сөз менен) тигилген, номер коюлган жана мөөр менен бекемделген анын ичинде: литердик барактар _______________________________________________________________________ өткөрүп жиберилген номерлер _____________________________________________________________ Ички тизим ______________________________________________________________________ баракта (цифра жана сөз менен)
Күбөлөндүрүүчү баракты түзгөн кызмат адамынын кызмат ордунун аталышы жана аты-жөнү ___________________________________________________________________________________ Дата _______________________________ Колу __________________________________________ |
|
|
| 6-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасына |
|
| _________________________________________ |
|
| (аудитордон/аудитордук уюмдан/кесиптик аудитордук бирикмеден) |

АРЫЗ
Сизден Кыргыз Республикасындагы аудиторлордун/аудитордук уюмдардын/кесиптик аудитордук бирикмелердин/ачык кызыкчылык субъекттеринин жана ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоону өтүнөм (керектүүсүнүн алды сызынат).
Документтер тиркелет (тиркелген документтердин тизмеги саналат).
|
| Дата ________________________________ Колу _________________________________ |
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 550 токтому менен бекитилди) |
Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук
бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин
жүргүзүү тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү
3. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо же каттоодон баш тартуу тартиби
4. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде кайра каттоо жана катталууга тийиш болгон маалыматтардын өзгөртүүлөрү жөнүндө кабарлоо тартиби
5. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу тартиби
6. Реестрдик жазуу
7. Реестрдик ишти жүргүзүү тартиби
8. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге жана реестрдик иштерге жеткиликтүүлүк жана аларды сактоо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, мамлекеттик каттоо, каттоодон баш тартуу, кайра каттоо, андан чыгаруу талаптарын белгилейт.
2. Кыргыз Республикасындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - Бирдиктүү мамлекеттик реестр) аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын электрондук системалаштырылган тизмегин билдирет, аны аудитордук ишти жөнгө салуучу жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин ишин контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жүргүзөт.
3. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган датадан тартып ишти жүргүзүү укугуна ээ болот.
2. Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү
4. Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү аларга маалыматтарды (реестрдик жазууларды) киргизүүнү, Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген маалыматтардын купуялуулугун сактоону, камсыздоону (Жекече мүнөздөгү маалымат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда), ошондой эле реестрдик иштерди түзүүнү жана сактоону өзүнө камтыйт.
5. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге реестрдик жазуулар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы (мындан ары - кызмат адамы) тарабынан киргизилет, ал Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилүүчү маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Бирдиктүү мамлекеттик реестр ага реестрдик жазууларды киргизүү аркылуу электрондук түрдө (компьютердик программа) жүргүзүлөт.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бирдиктүү мамлекеттик реестрди түзүү, анын үзгүлтүксүз иштеши, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин реестрдик жазууларга регламенттелген жетүүсүн камсыз кылуу жана Бирдиктүү мамлекеттик реестрди техникалык коштоону камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат.
8. Бирдиктүү мамлекеттик реестр төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат:
1) аудиторлордун реестри;
2) аудитордук уюмдардын реестри;
3) кесиптик аудитордук бирикмелердин реестри;
4) ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестри.
9. Аудиторду, аудитордук уюмду, кесиптик аудитордук бирикмени жана ачык кызыкчылык субъекттеринин жана ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмду Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин алкагында идентификациялоо жекече каттоо номеринин (мындан ары - ЖКН) негизинде жүргүзүлөт.
10. ЖКН аудиторго, аудитордук уюмга, кесиптик аудитордук бирикмеге жана ачык кызыкчылык субъекттеринин жана ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмга аларды Бирдиктүү мамлекеттик реестрде баштапкы каттоо учурунда ыйгарылат жана алардын иши токтотулганга чейин өзгөрүүсүз калат. Алар Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган учурда ЖКН кайра ыйгарылбайт.
11. ЖКН түзүү санариптик каттоо номерин төмөнкүдөй форматтарда ыйгаруу аркылуу жүргүзүлөт:
АБВВВ же АБВВВГГ,
мында,
А - катталып жаткан субъекттин коду, мында 1 - аудитор, 2 - аудитордук уюм, 3 - кесиптик аудитордук бирикме;
Б - Кыргыз Республикасынын резидентинин коду;
ВВВ - каттоонун катар номери, мында катар номер Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин ар бир бөлүмү үчүн 001ден баштап өз алдынча жүргүзүлөт;
ГГ - ушул Тартиптин 8-пунктунун 4-пунктчасында каралган "Ачык кызыкчылык субъекттеринин жана ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестри" 4-бөлүгүндөгү каттоонун катар номери, мында номерлер 01ден башталат.
3. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо же каттоодон
баш тартуу тартиби
12. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдар Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн, ошондой эле маалыматтарды өзгөртүүлөр жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өз убагында кабарлоо үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат.
13. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо, кайра каттоо учурунда кесиптик аудитордук бирикмелерден тышкары, аудиторлордон, аудитордук уюмдардан жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардан бир жолку жыйым, ошондой эле Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген жылдан кийинки жылдан тартып Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар жылдык жыйым алынат.
14. "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык келген аудиторду ушул Тартиптин 8-пунктунун 1-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Аудиторлордун реестри" 1-бөлүгүндө каттоо үчүн арыз ээси (аудитор) 6-тиркемеге ылайык белгиленген үлгүдөгү жеке арызды берет, ошондой эле кагаз жана (же) санариптик форматта, анын ичинде автоматташтырылган маалыматтык системалар аркылуу төмөнкүдөй документтерди берет:
1) паспорттун көчүрмөсүн;
2) жашаган жерин ырастаган маалымкатты же башка документти;
3) телефонунун байланыш номерин, электрондук почтасынын дарегин (болсо), расмий сайттын дарегин (болсо);
4) кызматкери эмгек келишиминин негизинде аудитор болуп саналган аудитордук уюм жөнүндө маалыматтарды (аудитордук уюмдун аталышы, аудитордук уюмдун жайгашкан жерин, телефонунун байланыш номерин, расмий сайттын дареги (болсо), аудитордук уюмдун ЖКН) көрсөтүү менен иштеген жеринен маалымкатты;
5) иш берүүчү күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;
6) аудитордун квалификациялык сертификатынын көчүрмөсүн;
7) кесиптик аудитордук бирикмеге мүчөлүктү ырастаган документтин көчүрмөсүн;
8) Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө болгон башка мамлекеттерде жана ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерде аудитор катарында каттоо жөнүндө маалыматты (каттоочу органдын аталышын жана аудитордун жекече каттоо номерин (болсо) көрсөтүү менен);
9) жыйым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны;
10) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген оор жана өзгөчө оор кылмыштары жана экономика чөйрөсүндөгү кылмыштары үчүн жоюла элек соттуулугунун жоктугу жөнүндө күбөлөндүрүүчү документти;
11) жарандык жүгүртүүнүн катышуучулары, анын ичинде кесиптик аудитордук бирикмелер тарабынан аудитордун ишкердик жана кесиптик сапаттарынын оң бааланышы жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтерди.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
141. Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестринин "Аудиторлордун реестринин" 1-бөлүгүндө катталган аудитор аудитордук ишти жүзөгө ашырууда төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) аудитордук уюмдун штатында турууга;
2) кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү болууга;
3) оор жана өзгөчө оор кылмыштарды, ошондой эле экономика чөйрөсүндөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн, ыйгарым укуктарды кыянат пайдалангандыгы үчүн алып салынбаган же жоюла элек соттуулугунун жоктугу;
4) жарандык жүгүртүүнүн катышуучуларынын, анын ичинде кесиптик аудитордук бирикмеден аудитордун ишкердик жана кесиптик сапаттарынын оң баасына ээ болушу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
15. "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык келген аудитордук уюмду ушул Тартиптин 8-пунктунун 2-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Аудитордук уюмдардын реестри" 2-бөлүгүндө каттоо үчүн аудитордук уюм 6-тиркемеге ылайык белгиленген үлгүдөгү арызды берет, ошондой эле жетекчинин колу жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн төмөнкүдөй документтерди кагаз жана (же) санариптик форматта, анын ичинде автоматташтырылган маалыматтык системалар аркылуу берет:
1) аудитордук уюмду мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
2) уюштуруу келишиминин же жалгыз уюштуруучунун чечиминин, аудитордук уюмдун уставынын, уставды кабыл алуу жөнүндө уюштуруучулардын чогулушунун протоколунун көчүрмөлөрүн;
3) жетекчинин паспортунун көчүрмөсүн;
4) жайгашкан жерин, анын ичинен бардык филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн (болсо) жайгашкан жерлерин, турган жерин, байланыш маалыматтарын, электрондук почтанын дарегин (болсо), расмий сайттын дарегин (болсо);
5) аудитордук уюмдун кадрдык курамынын 75 пайызын Кыргыз Республикасынын жарандары түзө тургандыгы жөнүндө ырастоочу каттын;
6) аудитордук уюмдун кесиптик аудитордук бирикмеге мүчөлүгүн ырастаган документтин көчүрмөсүн;
7) Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын Фирмалар форумунун (аудитордук уюмдардын эл аралык тармактарынын) мүчөлөрү болуп саналган аудитордук уюмдардын бирикмелерине мүчөлүктү (башкача катышууну) ырастаган документтин көчүрмөсүн (болсо);
8) аудитордук уюмдун штатына экиден кем эмес аудиторду кабыл алуу жөнүндө тескөө актыларынын көчүрмөлөрүн, аудиторлордун ЖКНы;
9) аудиторду аудитордук уюмдун жекече же коллегиялуу аткаруу органынын жетекчиси кылып дайындоо жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн же ырастоочу катты;
10) аудитордук уюмдун коллегиялуу аткаруу органында аудиторлордун кеминде 50 пайызы бар экендиги жөнүндө документтин көчүрмөсүн же ырастоочу катты;
11) сапатты контролдоо стандарттарына ылайык иштелип чыккан аудиттин сапатын ички контролдоону жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн;
12) ЕАЭБге мүчө болгон башка мамлекеттерде жана ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерде аудитордук уюм (башка ушундай жак) катарында каттоо жөнүндө маалыматтарды (каттоочу органдын аталышын жана жеке каттоо номерин (бар болсо) көрсөтүү менен);
13) ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маалыматтарды (таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алган ЕАЭБге мүчө мамлекеттин органынын аталышын, көрсөтүлгөн чечим кабыл алынган датаны, көрсөтүлгөн чечимдин номерин (бар болсо), бузуунун түрүн жана таасир этүүнүн колдонулган чаралары жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
14) жыйым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны;
15) уставдык капитал төлөнгөндүгүн ырастоочу документ.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар!
Тартиптин 14, 15-пункттарынын жоболору "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык күчүнө кирет.
16. "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык келген кесиптик аудитордук бирикмени ушул Тартиптин 8-пунктунун 3-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Кесиптик аудитордук бирикмелердин реестри" деген 3-бөлүгүндө каттоо үчүн кесиптик аудитордук бирикме белгиленген үлгүдөгү арызды 6-тиркемеге ылайык берет, ошондой эле жетекчинин колу жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кагаз жана (же) санариптик форматта, анын ичинде автоматташтырылган маалыматтык системалар аркылуу төмөнкүдөй документтерди берет:
1) кесиптик аудитордук бирикмени мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
2) уюштуруу келишиминин же жалгыз уюштуруучунун чечиминин, кесиптик аудитордук бирикменин уставын кабыл алуу жөнүндө уюштуруучулардын чогулушунун протоколунун, кесиптик аудитордук бирикменин уставынын көчүрмөлөрүн;
3) кесиптик аудитордук бирикменин сайтында жарыяланган мүчөлөрдүн реестрине шилтеме жасоо менен иштеген жерин жана ээлеген кызмат ордун көрсөтүү менен мүчөлөрдүн - жеке жактардын тизмегин;
4) кесиптик аудитордук бирикменин сайтына жарыяланган мүчөлөрдүн реестрине шилтеме жасоо менен юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн датасын жана номерин көрсөтүү менен мүчөлөрдүн - юридикалык жактардын тизмегин;
5) мүчөлөрдүн, аудитордук уюмдардын, аудитордун квалификациялык сертификаты жана/же бухгалтердин квалификациялык сертификаты бар адамдардын саны жөнүндө маалыматтарды;
6) төмөнкүлөр боюнча мүчөлөргө карата талаптарды бекиткен документтердин көчүрмөлөрү:
- билими жана квалификацияны үзгүлтүксүз жогорулатуу боюнча;
- Кесиптик бухгалтерлердин этика кодексин (мындан ары - Этика кодекси) сактоо боюнча;
- кесиптик иштин сапатын камсыз кылуу боюнча;
7) кесиптик аудитордук бирикме "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Аудиторлор кеңешин жана комитеттерди түзгөндүгүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн, мындай органдар жөнүндө жоболордун көчүрмөлөрүн жана алардын ишине катышып жаткан жактардын курамы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн;
8) кесиптик аудитордук бирикменин жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимдин жана тескөөчү актынын көчүрмөлөрүн;
9) филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү (бар болсо) түзүү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн;
10) бардык филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү (бар болсо) кошо алганда, турган жерин, байланыш маалыматтарын, электрондук почтанын дарегин (бар болсо), Интернет тармагындагы расмий сайттын дарегин (бар болсо).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
17. "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык келген ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмду ушул Тартиптин 8-пунктунун 4-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестри" деген 4-бөлүгүндө каттоо үчүн аудитордук уюм белгиленген үлгүдөгү арызды 6-тиркемеге ылайык, жетекчинин колу жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кагаз жана (же) санариптик форматта, анын ичинде автоматташтырылган маалыматтык системалар аркылуу төмөнкүдөй документтерди берет:
1) эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн жана кеминде үч жыл аудитордук уюмда негизги иштеген жери боюнча (штатта) үч аудитордо Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана/же Чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулуктун аудитин жүргүзүү тажрыйбасы бар экендигин ырастаган иштеген жеринен маалымкатты;
2) аудитордук уюмдун штатына үчтөн кем эмес аудиторду, ЖКН аудиторлорун кабыл алуу жөнүндө тескөөчү актылардын көчүрмөлөрү;
3) жыйым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмда аудитордук уюмдун ЖКН сакталат.
19. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 14-17-пункттарда көрсөтүлгөн документтердин тизмегин талап кылуу учурунда "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасында жеткиликтүү болгон документтердин аналогдорун колдонууга укуктуу.
20. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зарыл документтери бар арызды алган күндөн тартып 14 жумуш күндөн кечиктирбестен Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү актысы менен таризделет. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө арыз ээсинин кабарламасы жазуу жүзүндө тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
21. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоо жөнүндө актыны кабыл алган күнү Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан арыз ээсин каттоо жөнүндө тиешелүү реестрдик жазуулар киргизилет.
22. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоодон баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) аудитордун, аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарга шайкеш эместиги;
2) арыз ээси тарабынан ушул Тартипте аныкталган маалыматтын анык эмес же толук эмес берилиши;
3) эгерде арыз ээси тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарга шайкеш келбесе;
4) Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо жана/же кайра каттоо үчүн жыйымдын төгүлбөй калуусу.
23. Баш тартуу үчүн негиздер жоюлган учурда, арыз кайрадан каралууга тийиш. Мында 20-пунктта каралган арызды карап чыгуу мөөнөтү арыз кайрадан кароого берилген күндөн тартып эсептеле баштайт.
24. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдар Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоого арызга тиркелген документтерде көрсөтүлгөн, кайра каттоо үчүн негиз болуп саналбаган маалыматтардын өзгөрүүлөрү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү.
4. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде кайра каттоо жана
катталууга тийиш болгон маалыматтардын өзгөртүүлөрү
жөнүндө кабарлоо тартиби
25. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде кайра каттоо үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) аудитордук уюмду, кесиптик аудитордук бирикмени жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмду кайра уюштуруу;
2) аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин жана ачык кызыкчылык субъекттеринин жана ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун аталышынын өзгөрүшү.
26. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде кайра каттоо үчүн негиздер келип чыккан учурда аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдар арыз менен кайрылууга милдеттүү. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде кайра каттоо жөнүндө арыз кайра каттоо үчүн негиздерди жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастаган документтерди тиркөө менен кайра каттоо үчүн негиздер келип чыккан күндөн тартып он жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.
27. Аудитордук уюмду, кесиптик аудитордук бирикмени жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмду кайра уюштурууда жана/же аталышын өзгөртүүдө кайра каттоо үчүн негиздер келип чыккан күн болуп юридикалык жакты кайра каттоо же жаңы пайда болгон юридикалык жактарды Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо датасы саналат.
28. Кызмат адамы Бирдиктүү мамлекеттик реестрде кайра каттоо жөнүндө реестрдик жазууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү арызды алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде киргизет.
29. Өзгөртүп түзүү же кошуу жолу менен аудитордук уюмдар кайра уюштурулган учурда ЖКН сакталат.
30. Бириктирүү, ажыратуу же бөлүү жолу менен аудитордук уюм кайра уюштурулган учурда жаңы пайда болгон аудитордук уюмдарга жаңы ЖКНлар берилет.
301. Аудитордук уюм ушул Тартиптин 37-пунктунун 6-пунктчасына ылайык "Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестринен" чыгарылган жана "Аудитордук уюмдардын реестрине" өткөн учурда аудитордук уюмдун ЖКНинен ушул Тартиптин 11-пунктуна ылайык ыйгарылган ГГ катар номери алып салынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабарламада толук аталышы, ЖКН жана маалыматтардагы өзгөртүүлөрдүн сыпаттамасы көрсөтүлөт.
32. Кабарлама өзгөртүүлөр пайда болгондон кийин он жумуш күндөн кечиктирбестен, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү ырастаган документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускаларын берүү менен) менен бирге жазуу жүзүндө берилет.
33. Кызмат адамы Бирдиктүү мамлекеттик реестрге тиешелүү реестрдик жазууларды кабарлама ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн датадан тартып үч жумуш күндүн ичинде киргизет.
5. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу тартиби
34. Ушул Тартиптин 8-пунктунун 1-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Аудиторлордун реестри" деген 1-бөлүгүнөн чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын жана Этика кодексин үч жолу жана андан көп бузуу, анын ичинде кесиптик аудитордук бирикме тарабынан табылган үч жылдын ичиндеги бузуулар;
2) Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө ыктыярдуу арызды, өз ишин токтотуу жөнүндө арызды берүү;
3) Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген жылдан кийинки жылдан баштап Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн ар жылдык жыйымды 30-январдан кечиктирбестен (отуз календардык күндүн ичинде) төлөбөө;
4) "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык аудиторду квалификациялык сертификатынан ажыратуу (кайра чакыртып алуу);
5) ишти убактылуу токтотуу мезгилин кошпогондо, эки календардык жыл ичинде аудитти жүргүзбөө;
6) аудитордо кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү статусу эки айдан ашык мөөнөткө жоктугу;
7) аудитордук ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
8) аудитор кол койгон аудитордук корутундуну (отчетту) жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
9) аудитти жүргүзгөн жана мыйзамдарда белгиленген талаптарды бузуу менен түзүлгөн аудитордук корутундуга кол койгон аудиторго карата соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
10) аудитордун өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн берилиши;
11) аудиторду өлдү же дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши.
35. Ушул Тартиптин 8-пунктунун 2-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Аудитордук уюмдардын реестри" деген 2-бөлүгүнөн чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын жана Этика кодексин үч жолу жана андан ашык бузуу, анын ичинде кесиптик аудитордук бирикме тарабынан табылган үч жылдын ичиндеги бузуулар;
2) Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө ыктыярдуу арызды, өз ишин токтотуу жөнүндө арызды берүү;
3) Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген жылдан кийинки жылдан баштап Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн ар жылдык жыйымды 30-январдан кечиктирбестен (отуз календардык күндүн ичинде) төлөбөө;
4) эки календардык жылдын ичинде аудитти жүргүзбөө;
5) аудитордук уюмда кесиптик аудитордук бирикменин мүчөсү статусун жоготуу;
6) аудитордук ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
7) мыйзамдарда белгиленген талаптарды бузуу менен түзүлгөн аудитордук корутундуга кол койгон аудитордук уюмдун жетекчисине карата соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
8) штатта кеминде эки аудитордун болушу жөнүндө талапты аудитордук уюм бузгандыгы тууралуу фактынын аныкталышы;
9) аудитордук уюмда сапатты контролдоонун бекитилген эрежелерине ылайык иштелип чыккан аудиттин сапатын ички контролдоону жүргүзүү жол-жоболорунун жоктугу;
10) аудитордук уюмдун жоюлушу.
36. Ушул Тартиптин 8-пунктунун 3-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Кесиптик аудитордук бирикмелердин реестри" деген 3-бөлүгүнөн чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарын үч жылдын ичинде үч жолу жана андан көп бузуу;
2) Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө ыктыярдуу арызды, өз ишин токтотуу жөнүндө арызды берүү;
3) кесиптик аудитордук бирикменин жоюлушу.
37. Ушул Тартиптин 8-пунктунун 4-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестри" деген 4-бөлүгүнөн чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Тартиптин 35-пунктуна, ошондой эле "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аудитордук уюмдарга карата белгиленген талаптарга шайкеш эместик;
2) аудитордук уюм штатта кеминде үч аудитор болушу жөнүндө талапты бузгандыгы тууралуу фактынын аныкталышы;
3) негизги иштеген жери боюнча (штатында) анын үч аудиторунда Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана/же Чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык түзүлгөн финансылык отчеттуулуктун аудитин жүргүзүү тажрыйбасынын кеминде үч жылда жоктугу;
4) аудитор бир эле ошол ачык кызыкчылык субъектинин, ири ишкердик субъектинин жылдык финансылык отчеттуулугунун милдеттүү аудитин катары менен жети жылдан ашык жүргүзүшү;
5) аудитор бир эле ошол ачык кызыкчылык субъектинин, ири ишкердик субъектинин жылдык финансылык отчеттуулугунун жети жыл бою милдеттүү аудит жүргүзгөндөн кийин үч жыл өткөнгө чейин милдеттүү аудитти жүргүзүшү;
6) өз ишин токтотуу жөнүндө арызды, "Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестринен" чыгаруу жана "Аудитордук уюмдардын реестрине" өтүү жөнүндө ыктыярдуу арызды, Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө ыктыярдуу арызды берүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Аудиторду, аудитордук уюмду, кесиптик аудитордук бирикмени жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмду чыгаруу ушул Тартиптин 34-37-пункттарында көрсөтүлгөн бузуулар аныкталган учурдан тартып бир айдан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
39. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү актысы менен таризделет.
40. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө реестрдик жазуу кызмат адамы тарабынан тиешелүү акт кабыл алынган күнү жүргүзүлөт.
41. Кызмат адамы аудиторго, аудитордук уюмга, кесиптик аудитордук бирикмеге же ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмга Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып үч жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
42. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу датасынан тартып ишти жүзөгө ашырууга болгон аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын укуктары токтотулат.
43. Ушул Тартиптин 34-37-пункттарында көрсөтүлгөн бузуулар үчүн Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдар Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган датадан тартып бир жыл өткөндөн кийин Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо үчүн документтерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрадан берүүгө укуктуу.
6. Реестрдик жазуу
44. Ушул Тартиптин 8-пунктунун 1-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Аудиторлордун реестри" деген 1-бөлүгүндөгү реестрдик жазуу төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын толук аталышын жана дарегин;
2) ЖКНы;
3) аудитордун фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган күнүн, анын паспорттук маалыматтарын;
4) жашаган жерин, телефондордун жана байланыштын башка каражаттарынын (WhatsApp, Telegram Messenger) байланыш номерлерин, электрондук почтанын дарегин, расмий сайттын дарегин, соцтармактардагы профилдердин маалыматтарын (бар болсо);
5) аудитордун квалификациялык сертификатынын номерин жана берилген датасын;
6) аудитордун квалификациялык сертификатынын жуп нускасы берилген датаны;
7) аудитордун милдеттүү ар жылдык квалификациясын жогорулатуудан өтүү датасын жана жерин, ошондой эле сааттардын санын;
8) аудитордун иштеген жеринин жана ээлеген кызмат ордунун аталышын;
9) кызматкери эмгек келишиминин негизинде аудитор болуп саналган аудитордук уюм жөнүндө маалыматтарды (аудитордук уюмдун аталышын, аудитордук уюмдун жайгашкан жерин, расмий сайтынын дарегин (бар болсо), ЖКНы көрсөтүү менен);
10) кирген датасын көрсөтүү менен аудитор мүчөлүгүндө турган кесиптик аудитордук бирикменин аталышын;
11) ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттерде жана ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерде аудитор катарында катталгандыгы жөнүндө маалыматтарды (каттаган органдын аталышын жана аудитордун жеке каттоо номерин (бар болсо) көрсөтүү менен);
12) аудитордук иш жөнүндө мүчө мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маалыматтарды (таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алган мүчө мамлекеттин органынын аталышын, аталган чечим кабыл алынган датаны, аталган чечимдин номерин (бар болсо), бузуунун түрүн жана таасир этүүнүн колдонулган чаралары жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
13) кайра каттоо датасын (бар болсо);
14) тиешелүү кабарлама келип түшкөн учурда аудитор жөнүндө реестрдик жазуудагы маалыматтардын өзгөрүү датасын;
15) ар жылдагы жыйым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциянын датасын;
16) аудиттин сапатына тышкы контролду жана аудиторго карата таасир этүү чараларын колдонууну жүзөгө ашырган органдын (органдардын) толук аталышын жана дарегин, текшерүүнүн натыйжалары боюнча белгилерди (текшерген датасы, текшерип жаткан адамдардын аты-жөнү, тыянактардын кыскача мазмуну, жазма буйруктун кыскача мазмуну, жазма буйрукту аткаруунун мөөнөттөрү, жазма буйрукту аткаруу датасы);
17) жазууларды киргизген кызмат адамынын аты-жөнү;
18) Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруунун датасын жана негизин;
19) эскертүүлөрдү.
45. Ушул Тартиптин 8-пунктунун 2-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Аудитордук уюмдардын реестри" деген 2-бөлүгүндө реестрдик жазуу төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын толук аталышын жана дарегин;
2) ЖКН;
3) аудитордук уюмдун/ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун толук жана кыскартылган аталышын (эгерде бар болсо), уюштуруу-укуктук формасын;
4) турган жерин жана юридикалык дарегин, анын ичинде бардык филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү (бар болсо), телефондордун жана башка байланыш каражаттарынын (WhatsApp, Telegram, Messenger) номерлерин, электрондук почтанын дарегин, расмий сайттын дарегин, соцтармактардагы профилдердин маалыматтарын (бар болсо);
5) салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин;
6) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) Бирдиктүү мамлекеттик реестрде мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн датасын жана номерин;
7) аудитордук уюмдун/ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун менчик ээлери (катышуучулары, акционерлери) (аудиторлордун фамилияларын, атын, атасынын атын (бар болсо), аталыштарын жана даректерин, ЖКН, квалификациялык сертификаттардын номерлерин жана аларды берүү датасын көрсөтүү менен), алардын уставдык капиталдагы үлүшү жөнүндө маалыматтардын;
8) аудитордук уюмдун/ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун коллегиялуу жана (же) жекече аткаруу органынын мүчөлөрү жөнүндө маалыматтардын (аудиторлордун фамилияларын, атын, атасынын атын (бар болсо), аталыштарын жана даректерин, ЖКН, квалификациялык сертификаттарынын номерлерин жана берилген датасын көрсөтүү менен);
9) эмгек келишиминин негизинде аудитордук уюмдун/ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун кызматкерлери болуп саналган аудиторлор жөнүндө маалыматтардын (аудитордун фамилияларын, атын, атасынын атын (бар болсо), ЖКН, квалификациялык сертификаттарынын номерлерин көрсөтүү менен);
10) аудиторлорго жана (же) аудитордук уюмдарга жана (же) чет өлкөлүк аудитордук уюмдарга таандыктыгын көрсөтүү менен уставдык капиталдын өлчөмүн;
11) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет өлкөлүк жарандардын жалпы санын көрсөтүү менен аудитордук уюмдун штатынын жалпы санын;
12) кирген датасын көрсөтүү менен аудитордук уюм мүчөлүгүндө турган кесиптик аудитордук бирикменин аталышын;
13) Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын Фирмалар форумунун (аудитордук уюмдардын эл аралык тармактарынын) мүчөсү болуп саналган, кесиптик аудитордук бирикмедеги, аудитордук уюмдардын бирикмелериндеги мүчөлүк (башкача катышуу) жөнүндө маалыматтарды, ар бир ушундай эл аралык тармак үчүн аталыштарын жана бул тармактын бардык мүчөлөрүнүн турган жерин же ушундай маалыматтар алынышы мүмкүн болгон маалыматтын (расмий сайттын дареги) булагын көрсөтүү менен;
14) ЕАЭБге мүчө болгон башка мамлекеттерде жана ЕАЭБге мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерде аудитордук уюм (башка ушундай жак) катарында каттоо жөнүндө маалыматтарды (каттоочу органдын аталышын жана жеке каттоо номерин (бар болсо) көрсөтүү менен);
15) ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маалыматтарды (таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алган ЕАЭБге мүчө мамлекеттин органынын аталышын, аталган чечим кабыл алынган датаны, аталган чечимдин номерин (бар болсо), бузуунун түрүн жана таасир этүүнүн көрүлгөн чаралары жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
16) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган/кесиптик аудитордук бирикме сапаттын тышкы контролунан өткөндүгү жөнүндө маалыматтарды (иштин сапатын текшерүү датасын жана текшерүүнү жүргүзгөн органдын аталышын, текшерүүнүн натыйжалары боюнча белгилерди, текшерип жаткан адамдардын аты-жөнүн, тыянактардын кыскача мазмунун, жазма буйруктун кыскача мазмунун, жазма буйрукту аткаруу мөөнөттөрүн, жазма буйрукту аткаруу датасын көрсөтүү менен);
17) сапатты контролдоо стандарттарына ылайык иштелип чыккан аудиттин сапатын ички контролдоону жүзөгө ашыруу эрежелери жөнүндө аудитордук уюмдун бекитилген документинин реквизиттерин;
18) кайра каттоо датасын (бар болсо);
19) тиешелүү кабарлоо келип түшкөн учурда ушундай кабарлоонун реквизиттерин көрсөтүү менен аудитордук уюм жөнүндө реестрдик жазуудагы маалыматтарды өзгөртүү датасын;
20) аудитордук уюмдун ишин токтотуу жөнүндө маалыматтарды (аудитордук уюмдун ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган мүчө мамлекеттин органынын аталышын жана ушундай чечим кабыл алынган датаны көрсөтүү менен);
21) ар жылдагы жыйымды төлөө жөнүндө квитанциянын датасын;
22) жазууларды киргизген кызмат адамынын аты-жөнүн;
23) Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруунун датасын жана негизин;
24) эскертүү.
46. Ушул Тартиптин 8-пунктунун 3-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Кесиптик аудитордук бирикмелердин реестри" деген 3-бөлүгүндө реестрдик жазуу төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын толук аталышын жана дарегин;
2) ЖКН;
3) кесиптик аудитордук бирикменин толук жана кыскартылган (эгер бар болсо) аталышын, уюштуруу-укуктук формасын, филиалдар жана өкүлчүлүктөр жөнүндө маалыматтарды (эгер бар болсо);
4) филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү (бар болсо) кошо алганда алардын турган жерин жана юридикалык дарегин, телефондорунун жана башка байланыш каражаттарынын номерлерин, электрондук почтанын дарегин, расмий сайттын дарегин (бар болсо);
5) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) Бирдиктүү мамлекеттик реестрде мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн (бар болсо) датасын жана номерин;
6) уюштуруучулардын аты-жөнүн жана/же аталышын жана дарегин, алардын уставдык капиталдагы үлүшүн, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жетекчилерин (бар болсо);
7) кайра каттоо датасын (бар болсо);
8) тиешелүү кабарлоо келип түшкөн учурда мындай кабарлоонун реквизиттерин көрсөтүү менен кесиптик аудитордук бирикме жөнүндө реестрдик жазуудагы маалыматтарды өзгөртүү датасын;
9) кесиптик аудитордук бирикмеге карата аудиттин сапатын ички контролдоону жана таасир этүү чараларын колдонууну жүзөгө ашырып жаткан (жүзөгө ашыруучу) органдын (органдардын) толук аталышын жана дарегин, текшерүүнүн натыйжалары боюнча белгилерди (текшерүү датасы, текшерип жаткан адамдардын аты-жөнү, тыянактардын кыскача мазмуну, жазма буйруктун кыскача мазмуну, жазма буйрукту аткаруу мөөнөтү, жазма буйрукту аткаруу датасы);
10) жазууларды киргизген кызмат адамынын аты-жөнүн, колун;
11) Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруунун датасын жана негизин;
12) эскертүү.
47. Ушул Тартиптин 8-пунктунун 4-пунктчасында каралган Бирдиктүү мамлекеттик реестрдин "Ачык кызыкчылык субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестри" деген 4-бөлүгүндөгү реестрдик жазуу 45-пункттагыга окшош маалыматтарды камтууга тийиш.
7. Реестрдик ишти жүргүзүү тартиби
48. Реестрдик иш ЖКНге окшош идентификациялык номерди жекече берүү менен ар бир аудиторго, аудитордук уюмга (анын ичинде ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмга) жана кесиптик аудитордук бирикмеге ачылат.
49. Реестрдик иш Бирдиктүү мамлекеттик реестрге маалыматтарды киргизүүгө негиз болгон томдордон турат, алардын ар бири бир ЖКНге таандык болгон документтерге жайгаштырылат.
50. Реестрдик иш (иштин тому) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аудитор, аудитордук уюм (анын ичинде ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюм), кесиптик аудитордук бирикме аудитордук ишти жүзөгө ашырууга укуктарды каттоо жөнүндө чечим кабыл алган учурда түзүлөт.
51. Иштин ар бир тому үчүн титулдук барак 1, 2, 3-тиркемелер түзүлөт, аларда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: иштин номери; иштин тиешелүү томун ачкан кызмат адамынын аты-жөнү; иштин тому ачылган дата жана жабылган дата; томдун номери жана иштеги томдордун саны; жана ал титулдук баракты түзгөн жана маалыматтарды киргизген кызмат адамынын колу менен күбөлөндүрүлөт.
52. Иштин томдорунун ичинде документтерге катар номерлер коюлат, алар бирден баштан араб цифралары менен жазылат. Өз алдынча катар номер иштин ар бир тому үчүн жүргүзүлөт.
53. Иштин ар бир тому анда сакталган документтердин тизимин 4-тиркемеге ылайык камтыйт, анда ар бир документ үчүн төмөнкүлөр көрсөтүлөт: томдогу анын катар номери; аталышы жана реквизиттери; томдогу барактардын номерлери. Томдун тизими аны түзгөн кызмат адамынын кызмат ордун көрсөтүү менен анын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
54. Ушул Тартиптин 34-37-пункттарында көрсөтүлгөн Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарган учурларда реестрдик иштерди жабууда жабынуучу реестрдик иштин ар бир томунун титулдук барактарында реестрдик ишти жабуунун датасы, ошондой эле жабуу үчүн негиз көрсөтүлөт.
55. Жабылган реестрдик иштерге "архивдик" деген статус берилет.
56. Реестрдик иш (иштин тому) бардык барактардын тексттерин эркин окуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен бекем жиптер (боо) менен тигилет. Иштерди тигүүгө даярдоодо документтерден металл буюмдар алып салынат.
57. Реестрдик иштин (иштин томунун) аягында күбөлөндүрүүчү барак 5-тиркемеге ылайык жайгаштырылат, анда иштин номери коюлган барактарынын саны жана ички тизимдин барактарынын саны цифралар жана сөз менен көрсөтүлөт. Зарылчылык болгон учурда иштин документтерине номер коюунун өзгөчөлүктөрү: барактардын литердик номерлеринин жана калтырылып кеткен номерлердин болушу айтылат. Күбөлөндүрүү жазуусуна кол тамганы чечмелөөнү, кызмат ордун жана түзүү датасын көрсөтүү менен аны түзүүчү кол коёт.
58. Жабык реестрдик иштер аларда камтылган документтерди кароо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте аларда камтылган документтердин негизинде, анын ичинде соттордун, укук коргоо органдарынын суроо-талаптары (кайрылуулары) боюнча маалыматтарды берүү максатында жана башка ушундай максаттарда алар менен иштөө үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
59. Реестрдик ишти түзүү, жүргүзүү жана сактоо үчүн жоопкерчиликти кызмат адамы тартат.
8. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге жана реестрдик иштерге
жеткиликтүүлүк жана аларды сактоо