Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-декабры № 717
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 718 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 17 жана 19-беренелерин ишке ашыруу, ошондой эле экономикалык иштин ар кандай формаларын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоо максатында, элдин жыргалчылыгына жана аны социалдык жактан коргоого кам көрөрүн эске алып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 718 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 “Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункттагы “2022-жылдын 1-майынан тартып 31-декабрына чейинки” деген сөздөр жана цифралар “2022-жылдын 1-майынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки” деген сөздөргө жана цифраларгаалмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме
"Тиркеме
Салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлардын
ТИЗМЕСИ
№ | Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | Мөөнөтү |
1. | Өсүмдүк майлары | 1512 | 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин |
2. | Инкубациялоо үчүн үй тоокторунун (Gallus domesticus) уруктандырылган жумурткалары | 0407 11 0000 | 2023-жылдын 1 -январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин |
3. | Иштетилбеген, майдаланган же майдаланылбаган, жанчылган же жанчылбаган, пресстелген же гранула түрүндөгү дандардын саманы жана топону | 1213 00 0000 | 2023-жылдын 1 -январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин |
4. | Брюква, жашылча кызылчасы (мангольд), тамыры тоют өсүмдүктөр, чей, кара беде (люцерна), беде, эспарцет (уй беде), тоют капустасы, бөрү буурчак (люпин), жер буурчак (вика) жана ушул сыяктуу гранула түрүндө же гранула түрүндө эмес тоют азыктары | 1214 | 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин |
5. | Арпа | 1003 90 | 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31 -декабрына чейин |
6. | Сулу
| 1004 90 | 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31 -декабрына чейин |
7. | Кубулма форель балыгынын тоюту | 2309 90 1000 | 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин |
8. | Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, горчицанын үрөндөрүнөн тышкары май өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнөн жана мөмөлөрүнөн тартылган майда жана кесек ун | 2309 90 3100 | 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин |
9. | Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу дан өсүмдүктөрүн же буурчак өсүмдүктөрүн элегенден, тарткандан жана башка кайра иштетүү ыкмаларынан түшкөн гранула түрүндө эмес же гранула түрүндө улпак, чар, кебек жана башка калдыктар | 2309 90 9609 | 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин |
10. | Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу крахмалды өндүрүүдөн чыккан гранула түрүндө эмес же гранула түрүндө калдыктар жана ушул сыяктуу кызылча жому, багасса же кант тростнигинин жому жана кантты өндүрүүдөн чыккан башка калдыктар, барда жана пивону кайнатуудап же винону ачытуудан чыккан калдыктар | 1208 | 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин |
11. | Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу соя майын өндүрүүдөн алынган, жанчылган же жанчылбаган, гранула түрүндө же гранула түрүндө эмес күнжара (жмых) жана башка катуу калдыктар | 2302 | 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин |
12. | Өсүмдүк майларын же соя, арахис калдыктарынан башка майларды чыгаруудан алынуучу, айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, майдаланган же майдаланбаган, гранула түрүндө же гранула түрүндө эмес күнжара (жмых) жана башка катуу калдыктар | 2303 | 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин |
13. | Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүн пайдаланылуучу, гранула түрүндө же гранула турундө эмес өсүмдүктөрдөн алынган азыктар жана өсүмдүктөрдүн калдыктары жана калдык азыктар | 2304 00 000 | 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабры на чейин |
14. | Айыл чарба жаныбарларына тоют үчүп пайдаланылуучу азыктар | 2306 | 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин |
15. | Ири мүйүздүү мал жана башка тирүү | 2308 00 | 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин |