Загрузка документа…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна) |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды изилдөө тартиби жана талдоо жүргүзүүнүн негиздери жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул жобо Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоого байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 60-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын (мындан ары - Декларант) кирешелери, чыгашалары, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалыматтардын аныктыгына жана толук чагылдырылышына карата Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясында (мындан ары - Декларация) көрсөтүлгөн маалыматтарды изилдөө жана талдоо тартибин аныктайт.
2. Декларацияда көрсөтүлгөн отчеттук мезгил үчүн маалыматтарды изилдөө жана талдоо (мындан ары – Декларацияны талдоо) салык кызматынын органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин, ал эми мурунку жылдар үчүн Декларацияда чагылдырылбаган кирешелер жана мүлктөр жөнүндө маалыматтар алынган учурда жүргүзүлөт.
Декларацияны талдоо Декларант жөнүндө зарыл маалыматка ээ болгон мамлекеттик жана башка органдардан салык кызматынын органдары тарабынан алынган маалыматтарды жана маалымдамаларды салыштыруу жолу менен Декларанттын кирешелери, чыгашалары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтардын тууралыгын жана толук чагылдырылышын текшерүүдөн турат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакцияcына ылайык)
3. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан төмөнкүлөрдүн Декларацияларына талдоо жүргүзүлөт:
1) саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген же ээлеп турган адамдардын;
2) жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген же ээлеп турган адамдардын;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын жана анын орун басарларынын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Декларанттын салыктык катталган жери боюнча салык органы тарабынан төмөнкүлөрдүн Декларацияларына талдоо жүргүзүлөт:
1) төмөнкү кызмат орундарын ээлеген же ээлеп турган адамдардын:
- административдик мамлекеттик кызмат орундарын;
- саясий, административдик муниципалдык кызмат орундарын;
- дипломатиялык кызматтардын кызматкерлеринин кызмат орундарын;
2) аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Декларацияны талдоо
5. Декларацияны талдоо Декларанттын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды туура жана толук көрсөтүүгө карата жүргүзүлөт.
Талдоо Декларантта саясий, атайын жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктер менен байланышкан адамдардын категориясына кирген Декларантты кошпогондо, Декларанттын жана анын жакын туугандарынын кирешелеринин, чыгашаларынын жана мүлктүк абалынын дал келбестиктери болгон учурда тобокелдиктерди автоматтык түрдө аныктоонун негизинде жүргүзүлөт.
Ошондой эле, мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдардан Декларанттын кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө маалыматтарга тийиштүү маалыматтар келип түшкөн учурда талдоо жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакцияcына ылайык)
6. Талдоонун жүрүшүндө салык кызматынын органдары:
1) зарыл болгон учурда Декларанттын кирешелери, чыгымдары, мүлктөрү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматты берүү жөнүндө суроо-талапты мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга, чет мамлекетке, жарандарга жөнөтүшү мүмкүн;
2) Декларанттан түшүндүрмөнү, кошумча материалдарды жана/же документтерди суратып алууга, алар түп нускасында жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдө берилиши керек. Материалдардын жана/же документтердин түп нускалары аларды салыштыруудан кийин Декларантка кайтарылышы керек.
7. Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органы талдоо материалдарын өткөрүп берүү жөнүндө корутундуну түзөт:
1) архивге сактоого - Декларацияда көрсөтүлгөн кирешелер, чыгымдар, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө маалыматтын тууралыгы жана толуктугу ырасталганда;
2) Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына - белгиленген мөөнөттөн кийин Декларация берилгенде же берилген Декларацияда толук эмес жана/же туура эмес маалыматтар бар экендиги ырасталса.
8. Иши ачык эмес мүнөзгө жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин декларацияларына талдоо жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакцияcына ылайык)
3. Декларацияларды контролдоо жапа текшерүү
9. Декларацияны контролдоо жана текшерүү Декларанттын жана Декларацияда көрсөтүлгөн адамдардын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды иликтөөдөн жана талдоодон турат жана төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
1) Декларациянын өз убагында берилишин же берилбегендигин текшерүү;
2) маалымдаректердин толуктугун жана туура толтурулушун текшерүү (форма боюнча);
3) арифметикалык жана логикалык контроль (декларациянын маалымдаректеринде көрсөтүлгөн маалымат элементтерин маалыматтардын форматына, параметрлерине ылайык же ылайык келбегендигин салыштыруу; кирешелерди, чыгашаларды жана мүлктү көбөйтүүдө жана/же мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелерди азайтууда Декларанттын мүлктүк абалынын олуттуу өзгөрүүсүн талдоо);
4) Декларанттын кирешелери, чыгашалары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды берген мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардан, жарандардан алынган бардык маалыматтарды текшерүүнү караган толук текшерүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакцияcына ылайык)
10. Декларациянын өз убагында берилишин текшерүүдө Декларанттын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген декларацияны берүү мөөнөттөрүн сактоосу же аны бербөөсү изилденет.
11. Толтуруунун тууралыгын жана толуктугун текшерүүдө декларацияда каралган бардык параметрлерди чагылдыруу жана толтуруу, ошондой эле ага декларантка жана анын жакын туугандарына таандык бардык мүлктү киргизүү фактысы изилденет.
12. Декларацияны арифметикалык жана логикалык контролдоо Декларант тарабынан Декларация берилгенден кийин жүргүзүлөт жана төмөнкүдөй курамдарды камтыйт:
1) Декларациянын маалыматтарынын шайкештигин контролдоо - маалыматтардын форматынын, параметрлеринин шайкештигин жана/же бири-бирине дал келбестигин аныктоо максатында декларациянын маалымдаректеринде көрсөтүлгөн маалымат элементтерин салыштыруу;
2) декларациянын маалымдаректеринде көрсөтүлгөн маалыматтардын маалымат базаларынын маалыматтарына шайкештигин контролдоо - декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды ошол эле декларанттын мурунку декларацияларында көрсөтүлгөн маалыматтар менен, ошондой эле декларациялоонун айрым объекттерин камтышы мүмкүн болгон жалпыга маалымдоо каражаттарынын материалдарын, статистикалык маалыматтарды, ченемдик укуктук актыларды, үгүт-пропагандалык материалдарды кошо алганда, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын реестрлеринен, маалымат базаларынан жана башка маалымат булактарынан алынган маалыматтар менен салыштыруу;
3) декларанттын мүлктүк абалынын олуттуу өзгөрүүсүн талдоо - Декларацияда көрсөтүлгөн кирешелерди, чыгашаларды жана/же мүлктү жана/же мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелерди ушул эле Декларанттын мурунку декларацияларында көрсөтүлгөн маалыматтар менен салыштыруу.
13. Декларацияны толук текшерүү декларацияланган маалыматтардын аныктыгын, декларацияланган активдерди баалоонун тактыгын аныктоо, кызыкчылыктардын кагылышуусунун жана мыйзамсыз баюу белгилеринин болушун же декларациялоо субъекти тарабынан мамлекеттик же муниципалдык кызматчынын функцияларын аткаруу менен байланышкан иш жүзөгө ашырылган мезгилде алынган активдердин негизсиздигин текшерүү үчүн жүргүзүлөт.
Салык кызматы тарабынан Декларацияны милдеттүү түрдө толук текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) декларацияны саясий, атайын жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктер менен байланышкан адамдардын категориясына кирген Декларанттын берүүсү;
2) логикалык же арифметикалык контролдун натыйжалары боюнча декларанттын декларациясында маалыматтардын дал келбестигин табуу;
3) укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан, юридикалык жактардан, массалык маалымат каражаттарынан жана Интернет-булактарынан Декларанттын декларациясынын маалымдаректеринде туура эмес маалыматтарды чагылдыруу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат алуу;
4) Декларант жана/же анын жакын туугандары кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, баалуу кагаздарды, акцияларды (катышуу үлүшү, уюмдардын уставдык капиталдарындагы пайлар) отчеттук мезгилден мурунку акыркы үч жыл үчүн Декларанттын жана анын жакын туугандарынын жалпы кирешесинен ашкан жалпы суммага сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү жасагандыгы жөнүндө фактыларды табуу;
5) декларанттын декларацияда маалыматтарды берүүдөн же мүлктү кийинки текшерүүнү жүргүзүүгө уруксат берүүдөн баш тартуусу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомунун редакцияcына ылайык)
4. Салык кызматынын органдарынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, чет мамлекеттер жана жарандар менен оз ара аракеттенүүсү
14. Зарыл болгон учурда салык кызматынын органдары Декларанттын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талапты жөнөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, чет мамлекеттер, жарандар менен өз ара аракеттенишет.
15. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Декларацияны талдоо үчүн зарыл болгон, суралып жаткан маалыматтарды беришет.
5. Салыктык сыр
(Бөлүмдүн аталышы КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Салык кодексине ылайык салыктык сырдытүзгөн салык кызматынын органдарына келип түшкөн маалыматтар сактоонун жана жеткиликтүүлүктүн атайын режимине ээ болууга тийиш, ал салык кызматынын органынын жетекчисинин буйругу менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Салык кодексине ылайык салыктык сырды түзгөн маалыматтарды пайдаланууга салык кызматынын органынын жетекчисинин буйругу менен аныкталган кызмат адамдарына гана уруксат берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)