Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 685
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638, 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомунун редакциясына ылайык)
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 токтомуна ылайыккүчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта:
- биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи, үчүнчү абзацтардагы "жооптуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "жооптуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттор системасынын улуттук оператору болуп Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасы аныкталсын.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Унаа" мамлекеттик мекемесинин атайын бланктык продукциясы (мындан ары - атайын бланктык продукция) - бул транспорт каражатына, түзүлүшкө жана жабдууга менчик укуктун бар экендигин ырастоочу, транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү документтер үчүн так отчеттуулук бланктары: транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүк; трактордун, өзү жүрүүчү технологиялык машинанын техникалык паспорту; стационардык технологиялык түзүлүштүн жана жабдуунун техникалык паспорту; транспорт каражатынын паспорту.";
- 10, 12, 22, 24, 52, 53, 54, 56, 57, 58, 59, 61, 65, 67, 68, 77-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга менчик укугун, ошондой эле соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин, менчик укугу жөнүндө күбөлүктүн жана/же мурастоо жөнүндө күбөлүктүн негизинде кыймылдуу мүлктөгү үлүшүн каттайт;";
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды фотофиксациялоо менен визуалдык кароодон өткөрөт жана транспорт каражатынын, өзү жүрүүчү технологиялык машинанын жана трактордун алты фотосүрөтүн электрондук маалыматтар базасына киргизет (тышкы көрүнүшүнүн төрт тарабы, кузовдун номери (VIN), одометр көрсөтүлгөн аянтча), зарыл болгон учурда транспорт каражатын, түзүлүштү жана жабдууну жалгыз кароо актысын берет;";
он алтынчы абзацтагы "сунуштамалары боюнча" деген сөздөр ", нотариалдык конторалардын каттары жана билдирүүлөрү боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке жактардын транспорт каражаттары, түзүлүштөрү жана жабдуулары алардын идентификациялык жеке номери (мындан ары - ИЖН) боюнча, ал эми юридикалык жактардыкы - юридикалык жактардын электрондук маалыматтар базасында көрсөтүлгөн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) боюнча катталат";
- 21-2-пункттун биринчи абзацындагы "жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды" деген сөздөр алып салынсын;
- 22-пунктта:
он экинчи, он үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдар жана төлөмдөр төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн;
- ушул Эрежелердин 10-пунктуна ылайык фотофиксациялоо менен визуалдык кароодон өткөрүү үчүн транспорт каражаты, түзүлүштөр жана жабдуулар.";
он төртүнчү абзацтагы "Актынын жарактуулук мөөнөтү" деген сөздөр "Кароо актысынын жарактуулук мөөнөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 24-пунктта:
он биринчи, он экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кайра каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдар жана төлөмдөр төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн;
- ушул Эрежелердин 10-пунктуна ылайык фотофиксациялоо менен визуалдык кароодон өткөрүү үчүн транспорт каражаты, түзүлүштөр жана жабдуулар.";
он үчүнчү абзацтагы "Актынын жарактуулук мөөнөтү" деген сөздөр "Кароо актысынын жарактуулук мөөнөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 25-пунктта:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- менчик укугу, мурастоо жөнүндө күбөлүк жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер.";
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматчысы транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо, эсептен чыгаруу үчүн негиз болуп берилген документтердин түп нускаларын мөөнөтсүз сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системада сканерлейт. Андан кийин үч жыл өткөн соң ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жок кылынат.";
- 32-пункттун тогузунчу абзацындагы "жана архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр алып салынсын;
- 37-пунктта:
биринчи абзацтагы "архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "Архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 79-пункттагы "архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 81-пункттагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы" деген сөздөр "Ички иштер министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 82-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасын уюштуруунун жана күтүүнүн тартибинде:
- 3-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Реестрдин кармоочусу болуп транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат";
- 4-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Реестрдин техникалык оператору болуп санариптештирүү, электрондук башкаруу жаатында, электрондук кол тамганы пайдалануу, мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөр, идентификациялоо системалары, санариптик технологияларга, электр жана почта байланышына, анын ичинде радио жана телеберүүлөргө (мындан ары - байланыш) бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо, архив иши, киберкоопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын карамагында турган мамлекеттик ишкана саналат.";
- 12-пункттагы "реестрдин кармоочусу" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана кызмат адамдарынын тизмегинде:
- үчүнчү абзацтагы "Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Коргоо министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- бешинчи абзацтагы "Мамлекеттик чек ара кызматы" деген сөздөр "Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- алтынчы, жетинчи абзацтардагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Финансы министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- тогузунчу абзацтагы "Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин" деген сөздөр "Санариптик өнүктүрүү министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- онунчу абзацтагы "жана социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр ", социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он биринчи абзацтагы "Экономика министрлигинин" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызмат адамдары.";
- он үчүнчү абзацтагы "жана жол" деген сөздөр "жана коммуникациялар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- эскертүүнүн 1-пунктунун биринчи абзацындагы "архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартибинде:
5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:
"9) транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктү берген жана Евразия экономикалык бирлигинин Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдар.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде:
11-пункттун 2-4-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) "В" категориясына - "А", "А1 " жана "В1" категориядагы жана категориячадагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет. "ВЕ" категориясына - эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы болгондо укук берилет;
3) "С" категориясына - "А", "А1", "В", "В1" жана "С1" категориядагы жана категориячадагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет. "ВЕ" категориясына - эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы болгондо укук берилет;
4) "С1" категориячасына - "А", "А1", "В" жана "В1" категориядагы жана категориячадагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет. "ВЕ" категориясына - эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы болгондо укук берилет;";
- 12-пунктта:
үчүнчү абзацтагы "архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдар төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.";
он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ыйгарым укуктуу органдын кызматчысы айдоочулук күбөлүктөрдү берүү үчүн негиз болуп берилген документтердин түп нускаларын мөөнөтсүз сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системага сканерлейт (арыз, мурунку айдоочулук күбөлүктөр, жыйымдар төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастаган документ, окугандыгы тууралуу күбөлүк, айдоочунун өздүк карточкасы, өздүгүн ырастаган документ, практикалык сынактарды тапшыруунун этаптык карточкалары).";
- 15, 17, 27, 37, 43, 56, 64, 65-пункттардагы "архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пункттун үчүнчү абзацы "Жумушчу топтун курамына" деген сөздөрдөн кийин "транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо, кайра каттоо," деген сөздөр менен толукталсын;
- 29-пункттун 1-пунктчасындагы "эки өкүлү" деген сөздөр "экиден аз эмес кызматкери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелеринде:
- 3-пунктта:
биринчи абзацтагы "А", "Б", "В", "Г", "Д", "Е" жана "Е1" графаларындагы" деген сөздөр "А", "В", "Г" графаларындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-3-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлор, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар 77,2 кВт чейинки кубаттуулуктагы кыймылдаткычы менен ("А" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
2) дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлор 77,2 кВт жогору кубаттуулуктагы кыймылдаткычы менен, өзү жүрүүчү айыл чарба, мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналары, анын ичинен эксковаторлор жана жүк салуучулар сузгучунун көлөмү 2 куб.м чейин ("В" категориясы) - "А" графасында уруксат берүүчү белгиси жана үзгүлтүксүз бир жыл тракторист-машинист иш стажы бар он жети жашка чыккан адамдарга;
3) мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналары, анын ичинен эксковаторлор жана жүк салуучулар сузгучунун көлөмү 2 куб.м жогору ("Г" категориясы) - "А", "В" графаларында уруксат берүүчү белгиси жана үзгүлтүксүз эки жыл тракторист-машинист иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;";
4-7-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10, 21, 39, 40-пункттардагы "архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Адам автомототранспорт каражаттарын, тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугунан ажыратылгандыгы жөнүндө маалыматтар автоматташтырылган маалыматтык системада болгон учурда тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк берилбейт.";
- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Тапшырылган сынактардын натыйжасы терс болуп калган учурда квалификациялык сынактарды тапшыруу аракеттеринин саны чектелбейт.";
- 19-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Теориялык сынакты тапшыруудан мурда талапкер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте бетинин графикалык сүрөтү боюнча өздүгүн идентификациялоодон өтөт.
Теориялык сынактын сынактык тапшырмалары аралаш 20 суроодон турат. Теориялык сынакты тапшыруу үчүн убакыт 25 мүнөттү түзөт. Сынактык тапшырмалардын 18 жана андан көп суроосуна туура жооп берген талапкер теориялык сынакты тапшырган болуп эсептелет.";
- 24-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 26-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ыйгарым укуктуу орган тракторист-машинисттин берилген айдоочулук күбөлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт, ошондой эле тракторист-машинисттин жарактуу жана жараксыз айдоочулук күбөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды электрондук маалыматтар базасына киргизет.";
- 27, 28, 31-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 33-пункттун экинчи абзацындагы "9" деген цифра "10" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 37, 41-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 43-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43. Тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү үчүн негиз болуп берилген документтердин түп нускалары мөөнөтсүз сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системага сканерленет (арыз, тракторист-машинисттин мурунку күбөлүктөрү, жыйымдар төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастаган документ, окугандыгы тууралуу күбөлүк, тракторист-машинисттин өздүк карточкасы, өздүгүн ырастаган документ, практикалык сынактарды тапшыруунун этаптык карточкалары).
Сынак комиссияларынын протоколдору 10 жыл сакталат. Тракторист-машинисттин айдоочулук күбөлүктөрүн берүү реестрлери 45 жыл сакталат.
Документтер ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө жана бөтөн адамдардын аларга жетүүсү жокко чыгарылган жерлерде сакталат.".
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 11-пункттун 1-пунктчасынын сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- компетенциясынын чегинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү стандарттарын иштеп чыгуу жөнүндө сунуштарды Министрликтин кароосуна киргизүү;";
- 13-пункттун 9-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) Мекеменин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын аймагында кызматтык иш сапарларга жиберүүгө;";
- 21-пункттагы "штаттык ырааттамасын" деген сөздөр "штаттык санын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 24-пункттун 4-пунктчасындагы "системасынын формасын" деген сөздөр "шарттарын" деген сөз менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 154 "Транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлерин бузуу жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча транспорт каражатынын өтүүсү үчүн жыйым алуу жөнүндө маалыматты фото жана видео тартуу/видео жазуу функциялары бар стационардык, атайын техникалык каражаттар менен маалыматтык система объекттерин колдонуу аркылуу автоматтык түрдө берүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 23-декабрындагы № 112 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 685
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды
каттоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638, 2024-жылдын 12-июнундагы № 304, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 638 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-августундагы № 154 "Транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлерин бузуу жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар боюнча транспорт каражатынын өтүүсү үчүн жыйым алуу жөнүндө маалыматты фото жана видео тартуу/видео жазуу функциялары бар стационардык, атайын техникалык каражаттар менен маалыматтык система объекттерин колдонуу аркылуу автоматтык түрдө берүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 23-декабрындагы № 112 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |