Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Стандарттары
X. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтар
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 746 токтомунун редакциясына ылайык)
X. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтар | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жаратылышты коргоо, рекреациялык, илимий, эстетикалык, тарыхый-маданий жана агартуучу маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондунун, жаратылыш музейлеринин, экологиялык визит борборлорунун, бекитилип берилген аң уулоо жерлеринин объекттерине барууну уюштуруу, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 10-бап, 9-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы. Байланыш маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын маалымат такталарында жана www.ud.gov.kg асмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын аймагындагы юридикалык жана жеке жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы (48-берене); "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволук уюмдары жөнүндө жоболор |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн жаратылыш аймактарынын объекттеринде, жаратылыш музейлеринде болуусун камсыздоо, калктын жаратылыш шарттарында эс алууга болгон муктаждыгын канааттандыруу, мейманканаларга жаткыруу жана тамактандыруу кызматтарын көрсөтүү, ат минип эс алууну уюштуруу, эс алууга жана туризмге керектүү буюмдарды жана жабдууларды берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы ведомстволук уюмдардын жаратылышты сактоо аймагында контролдоо-өткөрүү пункту (күзөтүү посту) бар, келгендерге ыңгайлуу болсун үчүн уюмдун аталышы, анын жайгашкан орду (юридикалык дареги), иштөө графиги (режими) жазылган маалымат тактасы жайгашкан. Сейилдөө жана ат минүү маршруттары жөө жүрүүнүн радиусун эске алуу менен иштелип |
|
| чыккан жана маршруттун (жолдун) аты, узундугу, участокторду басып өтүү татаалдыгы, маршруттун схемасы, иштөө графиги (режими) камтылган маалымат такталары менен жабдылган. Сейилдөө жана ат минүү маршруттарында отургучтар, бастырмалар, маалыматтык аншлагдар, ажатканалар орнотулган. Ат минүү учурунда экскурсоводдун жана коштоп жүрүүчүнүн кызматы көрсөтүлөт. Кыш мезгилинде муз тебүүнү уюштуруу боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүлүүчү аймакта керектөөчүлөр үчүн төмөнкүлөр жетиштүү болушу зарыл: - ичүүчү суунун булактары; - келгендердин эс алуусун уюштуруу үчүн жана от жагууга ылайыкташкан орундар; - таштанды таштоочу жабдылган орундар; - автотранспорт токтотуучу жайлар. Керектөөчүлөрдүн каалоосуна жараша жаратылыш аймактарында ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн төмөнкүдөй кызматтар көрсөтүлөт: - тамак даярдоо үчүн пайдаланылуучу очогу бар атайын орундар, ашкана, ашкана жана эс алуу үчүн керектүү башка буюмдар (идиш-аяк, казан, мангал ж.б.); - отун; - боз үй, чарпая, бастырмалар; - дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөр. Мындан тышкары, жаратылыш аймагында түнөө үчүн мейманкана, сактоо камералары, конференция, мааракелик иш-чараларды өткөрүүчү залдарды ижарага берүү кызматтары көрсөтүлөт. Жүрүш-туруш эрежелери, өрткө каршы жана жеке коопсуздук эрежелери жөнүндө маалымат келгендерге инструктаж жүргүзүүдө берилет, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүлүүчү аймакта орнотулган маалымат такталарына жайгаштырылууга тийиш |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркына акы төлөөгө чектелген убакыт - 5 мүнөт. Келгендерге инструктаж - 15 мүнөт. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү чектелбейт. Акы жеке жана юридикалык жактардын арызына ылайык ар бир күн үчүн төлөнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жаратылышты коргоо аймактарына жеке барганда; - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын расмий сайтынан - www.ud.gov.kg жана ведомстволүк уюмдардын сайттарынан; Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар жөнүндө келүүчүлөргө маалымдоо төмөнкүдөй болушу мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланышкан учурларда); - төмөнкү дарек боюнча электрондук форматта: kgpp_ala_archa@mail.ru жана gpkgoh@mail.ru. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты ар бир кайрылган адамдын акысыз негизде алуусуна кепилдик берилет. Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдө чагылдырылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү аркылуу, маалыматтык сайттарда; - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын www.ud.gov.kg расмий сайтында жана ведомстволук уюмдардын сайттарында; - такталарда, брошюраларда, буклеттерде, мамлекеттик жана расмий тилдерде; - телефон аркылуу. Даректери, телефон номерлери жана кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге такталарда, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволук уюмунун www.ud.gov.kg расмий сайтында жайгаштырылат. |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ведомстволук уюмдун аймагында объекттердин аталышы жазылган маалымат тактачалары жана маалымат такталары болууга тийиш. Маалыматтык материалдардын мазмунун өз учурунда жооптуу кызматкерлер жаңыртып турушат. Келген адамдар менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин карманат: - сылык, ак ниет, так, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектеш адамды уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынып жаткан чечимдерди салмактоо жана аргументтерди келтирүү. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыгы болгон адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. Келген адамдар менен баарлашуу мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат купуя сакталат жана тиешелүү мамлекеттик органдардын суроосу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизде берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө жеринде өзү кезекке туруу принциби же алдын ала жазуу жүзүндөгү арыз боюнча, ошондой эле электрондук форматта жүргүзүлөт. Арыз эркин формада Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволук уюмунун дарегине жазылат. Мамлекеттик кызмат алуу үчүн керектөөчү тарабынан кызмат көрсөтүүгө төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция берилет. Кызмат көрсөтүүгө акы төлөө ведомстволук уюмдун алыш-бериш эсебине которуу менен же касса аркылуу накталай түрдө жүргүзүлөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитет. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволук уюмунун такталарында, расмий сайттарда жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толук жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - ушул стандартта каралган кызмат көрсөтүүнүн шарттарына шайкеш келиши; - керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүнүн сапатына канааттанышы; - жеткиликтүүлүгү, кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн келгендерден стандартта аталган гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин тактыгы жана сылыктыгы; - кызматкерлер тарабынан техникалык коопсуздук боюнча инструктажды өткөрүү; - керектөөчүлөр тарабынан даттануулардын болушу же жоктугу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Электрондук форматтагы кызмат көрсөтүү арыз берүү жана каттоо стадиясында жүргүзүлөт. Жаратылыш аймактарына топ менен барууга арыз берүү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын расмий сайтына жөнөтүлүшү мүмкүн. Жооптуу кызматкер арызды каттайт жана арыз ээсине арыздын кабыл алынгандыгы же негизделген баш тартуу жөнүндө билдирүүнү жөнөтөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн: - кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция же эсеп жок болсо; - бара турган аймак санитардык ченемдер же өзгөчө кырдаалдар боюнча ылайыксыз деп жарыяланганда; - кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тарабынан жүрүш-туруштун, өрт жана жеке коопсуздуктун белгиленген эрежелери бузулса; - чоң кишилер коштобогон жашы жете элек балдарга; - эгерде бул жаратылыш аймагы арыз ээсине зарыл болгон учурда расмий иш-чараларды өткөрүү үчүн жабык болсо |
17 | Даттануу тартиби | Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жана анын ведомстволук уюмдарынын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун жана датаны камтууга тийиш.
|
|
| Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын жетекчилигинин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну карап чыгуунун жана арыз ээсине жообун жөнөтүүнүн мөөнөтү аны каттаган күндөн тартып 14 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган же ал сапатсыз көрсөтүлгөн учурда керектөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү ар бир үч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш |