Загрузка документа…
| ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2022-жылдын 30-декабрындагыN 723 токтомуна) | |
Жаңы синтетикалык баңгизаттардын жана психоактивдүү заттардын пайда болушу жөнүндө билдирүүнүн улуттук механизмин киргизүү концепциясы
1. Жалпы жоболор, жетишкендиктер жана көйгөйлөр
Ушул Жаңы синтетикалык баңгизаттардын жана психоактивдүү заттардын пайда болушу жөнүндө билдирүүнүн улуттук механизмин киргизүү концепциясы (мындан ары - Концепция) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын "Сот жана укук коргоо органдарын реформалоо" 4.5-бөлүмүн аткаруу үчүн даярдалган, ага ылайык жаңы синтетикалык баңгизаттардын жана жаңы психоактивдүү заттардын пайда болушу жөнүндө билдирүүнүн улуттук механизмин киргизүү жана аны тиешелүү эл аралык системаларга интеграциялоо боюнча чараларды көрүү каралган.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (мындан ары - ДСУ) аныктамасына ылайык "баңгизаттар" термини селейүүгө, комага же ооруну сезбестикке алып келүүчү химиялык агентти билдирет. Термин, адатта, баңгизат анальгетиктер деп аталган опиаттарды же опиоиддерди билдирет. Мында табигый келип чыккан зат же химиялык субстанция контролдонууга тийиш баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун эл аралык жана улуттук тизмелерине (тизмесине) киргизилген учурдан тартып гана "баңги каражаттары" же "психотроптук заттар" болот. Өз кезегинде, алар психоактивдүү заттардын өзүнчө учурун билдирет. ДСУ психоактивдүү заттар бул адамдын организмине кабыл алынганда же киргизилгенде психикалык процесстерге таасир этүүчү заттар деп эсептейт.
Бардык психоактивдүү заттарды шарттуу түрдө контролдонуучу жана контролбогон деп бөлүүгө болот.
Контролдонуучу заттарга көбүнчө "баңги каражаттары" же "психотроптук заттар" тиешелүү.
"Баңги каражаттары" жана "психотроптук заттар" түшүнүктөрүнүн аныктамалары "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1498-XII токтомуна ылайык Кыргыз Республикасы кошулган 1961-жылдагы Баңги каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенцияга жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1499-XII токтомуна ылайык Кыргыз Республикасы кошулган 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенцияга ылайык БУУнун Баңги каражаттар боюнча комиссиясы эл аралык контролго алынуучу баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын тизмесин түзөт.
Көрсөтүлгөн конвенцияларга ылайык бул тизмелерге киргизилген бардык баңги каражаттары жана психотроптук заттар улуттук деңгээлде контролдонууга тийиш.
"Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын тизмесин бекитүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин прерогативасы болуп саналат.
Мындан тышкары, заттардын өзүнчө юридикалык тобу бар, алардан же алардын жардамы менен баңги каражаттары жана психотроптук заттар өндүрүлөт.
Эл аралык деңгээлде алардын жүгүртүлүшү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1500-XII токтомуна ылайык Кыргыз Республикасы кошулган 1988-жылдагы БУУнун Баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө конвенциясына ылайык контролдонот. Конвенцияда алар "баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды жасоо үчүн көп колдонулган заттар" деп белгиленген. Эл аралык практикада жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында заттардын бул тобуна карата "прекурсорлор" (лат. Praecursor - жол көрсөтүүчү) - максаттуу заттын пайда болушуна алып келген реакцияга катышуучу заттар. Алсак, "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык прекурсорлор - бул эл аралык конвенцияларда баңги кылуучу каражаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды даярдоо үчүн пайдаланылуучу химиялык материалдар катарында классификацияланган заттар жана алардын туздары, ошондой эле ушул эле максатта пайдаланылуучу жана Кыргыз Республикасында контролдукка алына турган химиялык заттар жана алардын туздары.
Прекурсорлор - бул тигил же бул затты билдирген юридикалык термин, 1988-жылдагы БУУнун Баңги каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө конвенциясынын I же II таблицаларына жана (же) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 токтому менен бекитилген прекурсорлордун тизмесинин ушул сыяктуу таблицаларына киргизилген.
БУУнун Баңги каражаттар боюнча комиссиясы (мындан ары - БКК), БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (мындан ары - БУУ БКБ) ошондой эле Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитет (мындан ары - БКЭК) "предпрекурсорлор" жана "прекурсорлорду алмаштыруучулар" сыяктуу чакан топторго бөлөт. Бул заттардын юридикалык топтору эмес.
БКК жыл сайып өзүнүн сессияларында ДСУнун жана аталган конвенцияларга катышуучу мамлекеттердин сунуштарын карайт. Анын курамына аталган конвенциялардын 63 катышуучу мамлекет (ротация тартибинде) кирет, алар добуш берүү жолу менен ар бир конкреттүү учурда тиешелүү заттарды жана субстанцияларды баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана баңги каражаттары менен психотроптук заттарды даярдоо үчүн көп пайдаланылуучу заттардын тизмесине киргизүү жөнүндө маселени эл аралык контролдоо үчүн чечет.
БККнын чечимдеринин аткарылышын контролдоо БКЭК жүктөлгөн, ал өзүнүн ар жылдык отчетторунда көрсөтүлгөн конвенциялардын тизмелерине киргизилген заттар менен субстанциялардын үстүнөн контролдоо чараларын жүзөгө ашыруу боюнча ишин баалайт.
Бирок БКК чечим кабыл алган жана бул заттарды жана субстанцияларды улуттук тизмелерге киргизген учурдан тартып контролдоону иш жүзүндө жүзөгө ашыруу белгилүү бир убакыт өтөт. Бул мезгилде аталган заттарды жана субстанцияларды "жаңы баңги каражаттар жана психотроптук заттар", ал эми алар синтетикалык материалдардан жасалган болсо, "жаңы синтетикалык баңги каражаттар жана психотроптук заттар" деп атоого болот.
Баңги каражаттар жана психотроптук заттар төмөнкүлөрдөн жасалышы мүмкүн экендигин түшүнүү керек:
- өсүмдүктөр, мисалы, марихуана жана кара куурай гашиши, апийим гүлүнүн апийими ж.б.;
- өсүмдүк чийки заты, мисалы, прекурсорлорду (баңги каражаттары жана (же) психотроптук заттар алардан же алардын жардамы менен даярдалышы мүмкүн болгон заттарды) колдонуу менен апийимден жасалган "героин":
- синтетикалык субстанциялар, мисалы, фентанил, мефедрон жана башкалар.
Мында 2009-жылдан тартып Европанын бир катар өлкөлөрүнүн жана Американын рынокторунда баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын тизмесине киргизилбеген, бирок окшош касиеттерге ээ психоактивдүү заттар пайда боло баштады. Аларды ар кайсы убакта "дизайнер баңгизаттары", "мыйзамдуу баңгизаттар", "тамеки аралашмалары", "ванна туздары" жана "спайстар" деп аташкан.
БУУ БКБ бул аталыштардын бардыгын жаңы психоактивдүү заттар - 1961-жылдагы Баңги каражаттар жөнүндө бирдиктүү конвенция жана 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенция тарабынан көзөмөлдөнбөгөн таза субстанциялар же препараттар түрүндө пайдаланылуучу, бирок калктын ден соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн заттар катары жалпылайт.
Ошол эле учурда, "жаңы" термини сөзсүз эле жаңы ойлоп табылгандарга гана эмес (бир катар жаңы психоактивдүү заттар алгач 40 жыл мурун синтезделген), ошондой эле акыркы убакта рынокто пайда болгон жана жогоруда аталган конвенциялардын тизмесине киргизилбеген заттарга да тиешелүү.
Алсак, мисалы, мефедрон (4-methylmethcathinone) 1929-жылы, РММА - 1938-жылы, 2C-B d - 1974-жылы, D, 2C - 1980 жана 1990-жылдар аралыгында, ошондой FLY - 1990-жылдары ойлоп табылган.
Европа баңгизаттарга жана баңгизатка көз карандылыкка мониторинг жүргүзүү борбору (мындан ары - ЕББМБ) өз отчетторунда Европага жер, аба же деңиз аркылуу массалык түрдө жеткирилген психоактивдүү заттардын бардык жаңы түрлөрү пайда болгонун күбөлөндүрөт.
ЕББМБ жаңы психоактивдүү заттар мыйзамдуу аралашмалар, химиялык изилдөөлөр үчүн заттар же тамакка кошулмалар катары таңгакталып, смарт-дүкөндөрдө жана Интернетте ачык сатылып жатканын, жаш керектөөчүлөрдүн 8%ы жаңы психоактивдүү заттарды колдонууда тажрыйбасы бар экендигин белгилейт.
2015-жылдан тартып Кыргыз Республикасында жаңы психоактивдүү заттарды, анын ичинде Интернетти колдонуу менен сатуу учурлары көбөйдү. Соодагерлер жарнаманын агрессивдүү ыкмаларын, анын ичинде жаңы психоактивдүү заттарды алуу жөнүндө келишим түзүү үчүн электрондук даректерин көрсөтүү менен үйлөрдүн дубалдарына "граффити" жазууларын колдонууда. Эреже катары, электрондук даректер "Telegram", "Vipole", "Wickr Me" мессенджерлеринде жайгаштырылат.
2015-жылдын 16-мартында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө рекреациялык максаттарда пайдаланылуучу зат алынган жана изилденген. Ал - "ADB-PINACA" (N-(1-карбамоил-2,2-диметилпроп-2-ил)-1-пентил-1Н-индазол-3-карбоксамид).
2015-жылдын 21-мартында "AB-PINACA" (1-карбамоил-2-метилпропил)-1-пентил-1Н-индазол-3-карбоксамид табылган, 2015-жылдын 8-майында - 2C-C-NBOMe, 25I-NBOMe, 2015-жылдын 17-сентябрында НПВ: α-PVP (PVP) (синонимы:1) (2-(пирролидин-1-ил)-1-фенилпентан-1-он; 2) α-пиролидиновалерофенон) аныкталган.
Алардын бардыгы ошол учурда улуттук да, эл аралык да контролдун астында болгон эмес, ушуга байланыштуу ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн, иштин жыйынтыгы боюнча бир учурда 100 жаңы психоактивдүү зат улуттук контролго коюлган жана мындай иштер жыл сайын жүргүзүлүп турат.
Бирок азыркы учурда жаңы психоактивдүү заттар, прекурсорлор жана прекурсорлорду алмаштыруучулар мамлекеттик контролдун предмети болуп эсептелбегендигин моюнга алуу керек, бирок БКЭК 1988-жылдагы БУУнун Баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө конвенциясына таянуу менен катышуучу мамлекеттерди ушул топтогу заттардын кыймылын аныктоону жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга чакырат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борбору (мындан ары - РПНБ) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2017-жылдын 26-июнундагы № 584 буйругу менен бекитилген "Балдарда жана өспүрүмдөрдө жаңы заттарды колдонуудан улам психикалык жана жүрүм-турумдук бузулуулар. Диагностика, дарылоо жана алдын алуу" клиникалык протоколунда жана олуттуу медициналык-социалдык көйгөйлөрдүн бири болуп саналган жаңы баңгизаттарды керектөөнүн өсүшүн, ошондой эле рынокто жаңы психоактивдүү заттардын санынын өсүшүн жана алардын өзгөрүлмө мүнөзүн белгилейт.
Анда мурдагыдай эле көптөгөн жаңы синтетикалык баңгизаттарды колдонуунун таралышы жөнүндө чектелген гана маалыматтар бар экендиги белгиленген. Ушул эле факторлор эмне үчүн ченемдик укуктук жөнгө салуу жана аларды керектөө менен байланышкан медициналык көйгөйлөрдү чечүү мурдагыдай эле олуттуу көйгөй болуп жатканын түшүндүрөт.
Глобалдык деңгээлде БУУ БКБнын жаңы психоактивдүү заттар жөнүндө эрте эскертүү боюнча консультативдик порталы иштейт.
БККнын резолюцияларына ылайык БУУ БКБнын "Синтетикалык баңгизаттарга мониторинг жүргүзүү: талдоо, отчеттуулук жана тенденциялар" глобалдык программасынын алкагында жаңы психоактивдүү заттарга мониторинг жүргүзүүнүн биринчи эл аралык системасы түзүлгөн.
БУУ БКБнын жаңы психоактивдүү заттар жөнүндө эрте эскертүү консультативдик порталында жаңы психоактивдүү заттар жөнүндө бардык каалоочуларга жеткиликтүү жалпы маалымат жайгаштырылган. Катталган колдонуучулар жаңы психоактивдүү заттар жөнүндө бир кыйла кененирээк маалыматты, атап айтканда, тенденциялар, айрым заттардын химиялык, фармакологиялык жана токсикологиялык сүрөттөлүшү, лабораториялык анализ боюнча маалымдама документтер жөнүндө маалыматты жана катышуучу мамлекеттер тарабынан кабыл алынган мыйзам чыгаруу чаралар жөнүндө маалыматтарды ала алышат.
Региондук деңгээлде "Reitox" европалык тармагы бир топ белгилүү. Бул Европалык баңгизаттар жана баңгилик боюнча маалыматтык тармак (мындан ары - ЕББМТ). Ал улуттук баңгизаттар боюнча улуттук байкоо борборлорунан турат, алар ЕББМТ жана ага катышуучу мамлекеттердин ортосундагы маалымат алмашуунун негизги органдары болуп саналат.
ЕББМТ баңгизаттар, баңгилик жана алардын кесепеттери жөнүндө анык, объективдүү, ишенимдүү жана салыштырмалуу маалыматтарды чогултат. Борборлор Европа бирлигинин деңгээлинде анализ жүргүзүү үчүн өлкөлөрдөгү баңги кырдаал жөнүндө маалымат берет жана ЕББМТ жергиликтүү "элчилердин" ролун ойнойт.
2. Принциптер жана максаттар
Концепциянын негизги принциптери:
- жаңы синтетикалык баңгизаттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, прекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын пайда болушу жөнүндө алдын ала эскертүүнүн улуттук механизминин (мындан ары - Улуттук механизм) алкагында чогултулган жана бааланган маалыматтардын актуалдуулугун, объективдүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн жана салыштырмалуулугун камсыз кылуу;
- эрте алдын алуунун (кабарлоо) эл аралык системаларына багыт алуу;
- Улуттук механизмдин бардык катышуучуларынын, анын ичинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун уюмдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жеке жактардын өз ара аракеттенүүсү жана өнөктөштүгү.
Концепциянын негизги максаттары:
Улуттук механизмдин андан ары тиешелүү эл аралык системаларга интеграциялоо менен Улуттук механизмди ишке киргизүүнү камсыз кылуу.
3. Ушул Концепциянын артыкчылыктуу багыттары
1. Баштапкы маалыматты жыйноону камсыз кылуу.
2. Баштапкы маалыматты иштетүү.
3. Баштапкы маалыматтын критерийлерге шайкештигин баалоо.
4. Контролдоо үчүн тизмеге киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу.
5. Улуттук механизмди тиешелүү эл аралык системаларга интеграциялоо.
1-багыт. Баштапкы маалыматты жыйноону камсыз кылуу
Улуттук механизмдин алкагында баштапкы маалыматтарды жыйноону камсыз кылуу ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бири болуп саналат.
Бүтүндөй системанын ийгилиги баштапкы маалыматтын тез келгенине, ошондой эле респонденттердин санына жана алардын географиялык өкүлчүлүгүнө жараша болот. Аз сандагы респонденттердин кечиктирилген маалыматтары аны сапаттуу баалоого жана объективдүү чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Бул үчүн баарынан мурда иштин мындай түрүн укуктук жөнгө салуу жөнүндө маселени чечүү зарыл, анткени жаңы психоактивдүү заттар, прекурсорлор жана прекурсорлорду алмаштыруучулар контролдо эмес, натыйжада жүгүртүүдө чектелбеген жана белгилүү бир юридикалык же жеке жактын менчиги болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тийиштүү ченемдерди киргизүү зарыл, алар зарыл болгон учурларда жок дегенде изилдөө үчүн үлгүлөрдү алууга жана шектүү заттын андан ары жүгүртүлүшүн токтотууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул Улуттук механизмдин төмөнкүлөр болуп эсептелген респонденттери менен натыйжалуу иш алып барууга мүмкүнчүлүк берет:
1) мамлекеттик органдар;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
3) жарандык коомдун уюмдары;
4) жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК);
5) жеке жактар.
Өзгөчө роль укук коргоо органдарына жана саламаттык сактоо мекемелерине берилет. Эреже катары, аларга мас же ууланган абалдагы адамдар келет. Бирок мас болууга алып келген же болбосо андан прекурсорлорду жасоого мүмкүн болгон зат контролдонуучу субстанция болуп саналбагандыгы аныкталгандан кийин укук коргоо органдарынын кызыгуусу жоголот.
Мас, ууланган абалда же жаракат менен адамдар келип түшүүчү саламаттык сактоо мекемелери өз милдеттерине ылайык өмүрдү сактап калууга, мас (көз каранды) же ууланган абалдан чыгарууга аракет кылышат.
Укук коргоо органдарында да, саламаттык сактоо системасында да мындай түрдөгү заттар жөнүндө баштапкы маалыматтарды жыйноо институту жок.
Мас абалды пайда кылган же алардан прекурсорлорду жасоого мүмкүн болгон заттар келип түшкөн укук коргоо органдарынын жана медициналык мекемелердин эксперттик жана криминалисттик лабораториялары аларга коюлган маселелердин алкагында изилдөөлөрдү жүргүзөт. Эреже катары, мындай маселелер изилденүүчү заттардын химиялык табиятын, алардын салмагын, ошондой эле контролдонуучу заттарга таандыктыгын аныктоого багытталат.
Ушуга байланыштуу укук коргоо органдарынын оперативдүү, тергөө жана башка кызматтарынын функционалына мындай түрдөгү заттарды жана алар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тиешелүү борборго жөнөтүү боюнча милдеттер киргизилүүгө тийиш.
Оперативдүү кызматкерлер, тергөөчүлөр, ошого тете укук коргоо органдарынын башка кызматкерлери мындай түрдөгү зат менен иштөө көндүмдөрүнө жана маалыматка ээ болууга тийиш.
Ушундай эле милдеттер мас (көз карандылык, кадимки эмес реакциялар ж.б.) же болбосо ууланган (тез жардам дарыгерлери, токсикологдор, наркологдор, психиатрлар ж.б.) абалга алып келген, бирок алкоголь же баңгизат болуп саналбаган заттарды кабыл алган учурда медициналык жардам көрсөткөн врачтарга карата белгилениши керек.
Укук коргоо органдарынын соттук-эксперттик, соттук-медициналык жана криминалисттик бөлүмдөрү жогоруда көрсөтүлгөн натыйжаны пайда кылган же болбосо алардан прекурсорлор жасалган шектүү субстанциялар табылган фактылар жөнүндө билдирүүгө тийиш.
Баңгизаттардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн лицензиялоо жана лицензиялык контролдоо органдары аларга юридикалык жана жеке жактар баңги каражаттары, психотроптук заттар же прекурсорлор деп эсептеген, бирок андай эмес заттарды ташып келүүгө, ташып чыгууга же транзиттөөгө уруксат алуу үчүн кайрылган учурда да мындай түрдөгү кайрылуулар жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органга кабарлоого тийиш.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ЖМК, жарандык коомдун уюмдарына жана жеке жактарга жогоруда аталган заттар же болбосо алардын кесепеттери табылганда кайсы органга кайрылуу керектиги жөнүндө маалымдалууга тийиш.
Мамлекеттик органдар үчүн ушул Концепциянын максаттарына жетүү ченемдик камсыз кылуу чаралары менен гана эмес, мындай иштин маанилүүлүгүн баамдап түшүнүү, укуктук жана аткаруучулук маданияттын деңгээлин жогорулатуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
ЖМК, жарандык коомдун уюмдары жана жеке адамдар менен ишти активдештирүү маселеси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан активдүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин талап кылат.
Улуттук механизмди калыптандыруу жана өнүктүрүү процессинде негизги роль билим берүү системасына берилиши керек, окуу программаларына психоактивдүү заттар жана Улуттук механизм жөнүндө киргизилиши керек.
2-багыт. Баштапкы маалыматты иштетүү
Жаңы синтетикалык баңгизаттар, жаңы психоактивдүү заттар, прекурсорлор же прекурсорлорду алмаштыруучу заттар жөнүндө баштапкы маалыматты иштеп чыгуу жаңы принциптердин жана компьютердик технологиялардын негизинде түзүлүшү керек.
Бул этапта респонденттерден келип түшкөн заттар да изилденет, бул изилденүүчү үлгүлөрдүн химиялык табиятын изилдөөгө кеткен чыгымдар жана орду жөнүндө маселени чечүүнү талап кылат, анткени соттук-эксперттик жана соттук-медициналык лабораториялардын, ошондой эле укук коргоо органдарынын криминалисттик түзүмдөрүнүн компетенциясы өтө тар жана укук бузуулар же кылмыштар жөнүндө иштер боюнча экспертизаларды жана изилдөөлөрдү дайындабастан коюлбаган суроолорго жооп берүүгө мүмкүндүк бербейт. Ошондуктан, заттардын бул тобунун үлгүлөрүн изилдөө үчүн алардын компетенциясын кеңейтүү зарыл.
Үлгүлөрдү изилдөө маалыматтар базаларына кирүүнү (жаңы психоактивдүү заттардын, прекурсорлордун жана прекурсорлорду алмаштыруучулардын спектрлерин изилдөө мүмкүнчүлүгү менен) жана "CAS" (Америка химиялык коомунун рефераттык кызматынын химиялык бирикмелери боюнча маалыматтар базасы), ошондой эле БУУ БКБнын лабораториялык сектору иштеп жаткан баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын үлгүлөрү менен камсыз кылууну талап кылат.
Баштапкы иштетүү механизми иштеши үчүн төмөнкүлөр керек:
- билимдин жана иштин көрсөтүлгөн чөйрөлөрүндө адистерди даярдоо;
- баштапкы маалыматты иштеп чыгуу үчүн жаңы компетенцияларды иштеп чыгуу;
- респонденттерден маалыматтарды жыйноо үчүн борбордун күчү менен, ошондой эле укук коргоо органдарынын соттук-эксперттик, соттук-медициналык жана криминалисттик мекемелери тарабынан маалыматтарды (жана ага материалдарды) алгачкы иштетүү үчүн материалдык-техникалык базаны түзүү.
3-багыт. Баштапкы маалыматтын критерийлерге шайкештигин баалоо
Азыркы убакта мындай критерийлер "медициналык", "социалдык", "юридикалык" жана "технологиялык" болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтомуна ылайык:
медициналык критерий: психоактивдүү мүнөздөмөлөргө ээ зат, эгерде аны кыянаттык менен колдонсо, физиологиялык жана (же) психологиялык көз карандылыкты пайда кылат;
социалдык критерий: затты кыянаттык менен колдонуу социалдык мааниге ээ боло турган масштабга ээ болот;
юридикалык критерий:
- зат 1961-жылдагы Баңги каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенциянын (1961-жылдагы Баңги каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенцияга түзөтүүлөр жөнүндө 1972-жылдагы протоколго ылайык ага киргизилген түзөтүүлөр менен), 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенциянын талаптарына ылайык баңги каражаттардын же психотроптук заттардын тиешелүү эл аралык тизмесине киргизилген;
- зат "Баңги каражаттары" жана "психотроптук заттар" түшүнүктөрүнүн аныктамалары "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун улуттук тизмелерине (тизмесине) баңги каражаттарын же психотроптук зат катары киргизилди.
Бирок "медициналык критерийден" пайдалануу үчүн изилденип жаткан заттын "психоактивдүү" экендигин так билүү керек. Бирок психоактивдүү заттар үчүн так критерийлер азырынча иштелип чыга элек. ДСУ колдонгон Онунчу кайра кароонун Эл аралык оорулар классификациясы эскирген жана субстанцияларды психоактивдүү заттарга киргизүүнүн так критерийлерин түзүү үчүн методологиялык негиз боло албайт. Ушуга байланыштуу психоактивдүү заттар үчүн мындай критерийлерди иштеп чыгуу зарыл.
Социалдык критерий да жеткире иштелип чыккан эмес. Ага тиешелүү болуш үчүн көрүнүш масштабга ээ болушу керектиги түшүнүксүз.
Бул критерий эскирип калышы толук мүмкүн, анткени болуп өткөн окуяларга убагында болбогон реакция болуп саналат жана психоактивдүү заттарга көз каранды адамдарды дарылоону жана реабилитациялоону уюштуруу үчүн чоң күч-аракеттер талап кылынат.
Анын ордуна, Америка Кошмо Штаттарында жана Европа бирлигинде кабыл алынган сыяктуу жаңы психоактивдүү заттарга физикалык же психологиялык көз карандылыктын деңгээлин баалоо керек.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому менен мыйзамсыз жүгүртүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келген баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлордун, ошондой эле алардын өлчөмдөрүнүн улуттук тизмелерин (тизмегин) иштеп чыгуу жана түзүү боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына (мындан ары - БМЖКК) өткөрүлүп берилген. Бул ошондой эле мурда ички иштер органдарынын алкагында ишке ашырылбаган жана атайын билимди талап кылган жаңы функция.
Юридикалык критерий да өнүгүүгө муктаж. Бул биринчи кезекте Евразия экономикалык бирлигине, атап айтканда, баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун тизмесин, ошондой эле аларды ЕАЭБ мейкиндигинде жүгүртүү эрежелерин түзүүнү жүзөгө ашырган Евразия экономикалык комиссиясына тиешелүү.
Мындан тышкары, бул маселе боюнча улуттук илимий изилдөөлөрдү, иштин бул чөйрөсүндө натыйжалуу иштей ала турган адистерди окутууну камсыз кылуу керек.
4-багыт. Контролдоо үчүн тизмеге киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары токтомдор түрүндө кабыл алынат. Баңги каражаттардын жана психотроптук заттардын тизмеси ченемдик мүнөзгө ээ болгондуктан, аларды бекитүү тиешелүү токтомдорду чыгаруу түрүндө өтөт.
Жыл сайын БКК эл аралык көзөмөл үчүн тизмелерге киргизүү предметине орточо эсеп менен онго жакын заттарды карайт. БУУ БКБнын маалыматы боюнча, дүйнөдө жыл сайын 100гө чейин жаңы психоактивдүү заттардын пайда болушу катталат.
Кыргыз Республикасында 2015-жылдан тартып контролдонуучу субстанциялардын саны орточо 30%га өстү. Ошол эле учурда, статусу чечилбеген жүгүртүүдөгү жаңы психоактивдүү заттар жылдан-жылга көбөйүүдө.
5-багыт. Улуттук механизмди тиешелүү эл аралык системаларга интеграциялоо боюнча чаралар
Улуттук механизм кырдаалды баалоонун жана тиешелүү эл аралык механизмдерге интеграцияланган учурда чечимдерди кабыл алуунун бир кыйла натыйжалуу инструменти болот.
БУУ БКБнын жаңы психоактивдүү заттар жөнүндө эрте эскертүү консультативдик порталы жана Европа бирлигинин "Reitox" тутуму өзгөчө кызыгууну туудурат.
Бул үчүн мындай интеграцияга мүмкүндүк бере турган уюштуруучулук жана эл аралык мүнөздөгү чаралардын комплекси керек.
Атап айтканда, маалыматтын салыштырмалуулугу, аны берүүнүн тартиби жана жолдору жөнүндө маселени чечүү ж.б.
Бул үчүн Улуттук механизмди түзүүнүн алдында эл аралык өнөктөштөр менен консультацияларды өткөрүү максатка ылайыктуу.
Ошону менен бирге Улуттук механизмди Консультативдик эрте алдын алуу порталына жана "Reitox" интеграциялоо гана эмес, анын негизинде Борбордук Азиядагы эрте алдын алуу системасын түзүү мүмкүнчүлүгү да бар. Бул кадам Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркын жана анын баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндө жүргүзүп жаткан ишинин маанилүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк бермекчи.
4. Иш-аракеттердин милдеттери жана чаралары
Ушул Концепциянын коюлган максаттарына жетишүү үчүн артыкчылыктуу багыттардын алкагында төмөнкү милдеттер аныкталат:
1-багыт боюнча милдеттер:
- баштапкы маалыматты чогултууну камсыз кылуу жана аны тиешелүү борборго жеткирүү үчүн ченемдик укуктук базаны даярдоо;
- респонденттерден баштапкы маалыматтарды жыйноо үчүн борборду аныктоо;
- мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн тиешелүү функциялык милдеттерди киргизүү;
- жаңы психоактивдүү заттар, прекурсорлор же прекурсорлорду алмаштыруучулар жана Улуттук механизм жөнүндө билимдерди тиешелүү окуу жайлардын окуу программаларына киргизүү.
2-багыт боюнча милдеттер:
- баштапкы маалыматты иштеп чыгуу үчүн жаңы компетенцияларды иштеп чыгуу;
- респонденттерден маалыматтарды жыйноо үчүн борбордун күчү менен, ошондой эле укук коргоо органдарынын соттук-эксперттик, соттук-медициналык жана криминалисттик мекемелери тарабынан маалыматтарды (жана анын материалдарын) алгачкы иштеп чыгуу үчүн материалдык-техникалык базаны түзүү.
3-багыт боюнча милдеттер:
- баштапкы маалыматты баалоону камсыз кылуу үчүн критерийлер системасын өркүндөтүү;
- Баңгизатка көз карандылык боюнча комиссияда иштөө үчүн адистерди окутуу.
4-багыт боюнча милдеттер:
- контролдонуучу субстанциялардын тизмесине тиешелүү жаңы психоактивдүү заттарды киргизүү убактысын кыскартуу боюнча чараларды көрүү.
5-багыт боюнча милдеттер:
- мүмкүн болуучу интеграция предметине эл аралык өнөктөштөр менен консультацияларды өткөрүү;
- маалыматтын салыштырмалуулугу боюнча чараларды көрүү;
- Кыргыз Республикасынын улуттук механизминин базасында Борбордук Азиядагы эрте алдын алуу системасын түзүү предметине карата консультацияларды өткөрүү.
5. Ушул Концепцияны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар
Иштөө шарттары камсыздалды жана баштапкы маалыматты жыйноо механизми ишке киргизилди;
- баштапкы маалыматты иштеп чыгуу үчүн ченемдик-укуктук жана материалдык-техникалык өбөлгөлөр түзүлдү;
- психоактивдүү заттарды, прекурсорлорду жана прекурсорлорду алмаштыруучуларды контролдонуучу субстанциялардын тизмесине киргизүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлгөн же тездетилген;
- тиешелүү эл аралык уюмдар менен кызматташтык жөнгө салынган, Улуттук механизм тиешелүү эл аралык системаларга интеграцияланган.
6. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Концепцияны ишке ашырууну башкаруу Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, ошондой эле 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын "Ишке ашыруу процессин башкаруу" 10.1-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.
Аны бардык багыттар боюнча ишке ашыруу боюнча пландын долбоорун даярдоо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү болжолдонууда.
Ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ушул Концепцияны ишке ашыруу боюнча пландын долбоорун берет.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине профилдик эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун уюмдарынын, ЖМКнын өкүлдөрү, ошондой эле адистер жана жеке жактар катышат.
Ыйгарым укуктуу орган - БМЖКК ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл материалдарды дайыма берип турат жана анын ишин камсыз кылат.
Ушул Концепцияны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иш-чаралар ыйгарым укуктарынын алкагында жүзөгө ашырылгандыктан, ошондой эле БМЖКК бюджетинде каралган каражаттар, аны ишке ашыруу үчүн тобокелдиктер, потенциалдуу кыйынчылыктар болжолдонбойт.