Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 707
2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа 1-тиркемеге ылайык;
- 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча):
- жыл сайын республикалык бюджетти түзүүдө жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдө өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ресурстарынын эсебинен Иш-чаралар планын ишке ашырууга финансылык чыгымдарды карасын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Иш-чаралар планын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 20-январындагы № 4 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/Аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
I багыт. Мыйзамдык базаны жана жөнгө салууну оптималдаштыруу | |||||
1 | Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | Керектөөчүлөр тарабынан жеткирүүчүнүн юридикалык статусун жана анда коопсуздук белгинин бар болушун текшерүү үчүн локалдуу онлайн-дүкөндөрдүн коопсуздук белгилерин киргизүүнү, локалдык онлайн-дүкөндөрдүн реестрин киргизүүнү караган "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу. Жергиликтүү рынокту сапатсыз продукциялардан коргоо жана ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына шайкештикти ырастоонун кабарлоо жол-жобосун колдонуу боюнча талаптарды киргизүү. Ачык оферта жөнүндө талаптарды кайра карап чыгуу | 2023-ж. IV кварталы | Онлайн-операцияларды жана транзакцияларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарынын коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу. Улуттук рынокту талаптагыдай эмес сапаттагы продукциялардан коргоону жана ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына шайкештикти ырастоонун кабарлоо жол-жобосун колдонууну камсыз кылуу | МКЖСК, ЭКМ, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
2 | Жеке маалым аттарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү | Электрондук коммерциялык бүтүмдөрдүн натыйжасында алынган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын чогултуу жана сактоо процессин камсыз кылуу бөлүгүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын милдеттүү түрдө жайгаштырууну жана сактоону киргизүү бөлүгүндө электрондук башкаруу жана жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү даярдоо жана киргизүү | 2023-ж. IV кварталы | Электрондук коммерциялык бүтүмдөрдүн натыйжасында алынган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын коргоо чогултуу жана сактоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын милдеттүү түрдө жайгаштырууну жана сактоону киргизүү бөлүгүндө талаптарды күчөтүү | ЖМКМА, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
3 | Товарларды эл аралык сатып алуу-сатуу келишимдери боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына жана санариптик салык салуу маселелери боюнча салыктык базаны төмөндөтүү жана кирешени чыгаруу практикасына каршы күрөшүү боюнча ЭКӨУ долбоорунун ар тараптуу базасына кошулуу | "Товарларды эл аралык сатып алуу-сатуу келишимдери боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына жана санариптик салык салуу маселелери боюнча салыктык базаны төмөндөтүү жана кирешени чыгаруу практикасына каршы күрөшүү боюнча ЭКӨУ долбоорунун ар тараптуу базасына Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоо | 2024-ж. IV кварталы | Санариптик салык салуу маселелери боюнча салыктык базаны төмөндөтүү жана кирешени чыгаруу практикасына каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашыруу | ЭКМ МСК, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
4 | Электрондук коммерция жаатында статистикалык маалыматтарды чогултуу методологиясынын долбоорун иштеп чыгуу | Электрондук коммерция чөйрөсүндө статистикалык маалыматтарды чогултуу методологиясынын долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү. Электрондук коммерциянын статистикасы жаатындагы эл аралык стандарттарды, КМШ өлкөлөрүнүн жана башка өлкөлөрдүн статистикалык кызматтарынын тажрыйбасын изилдөө: колдонулган методология, статистикалык инструменттер, сурамжылоонун түрлөрү, колдонулган маалымат булактары | 2024-ж. III кварталы | Санариптик экономиканы жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү динамикасынын статистикасынын жана аналитикасынын жеткиликтүүлүгүн, ачыктыгын, ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу | УСК, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
5 | Инвестициялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү | Эл аралык компаниялар-маркетплейстер үчүн мыйзамдардын айрыкча жагымдуулугун камсыз кылуу максатында электрондук коммерциянын ишкердик субъекттери үчүн кошумча жеңилдиктерди берүү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2023-ж. IV кварталы | Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштыруу үчүн эл аралык компаниялар маркетплейстер үчүн мыйзамдардын айрыкча инвестициялык жагымдуулугун камсыз кылуу | ИУА, ЭКМ, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
6 | 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын 223-пунктун ишке ашыруу | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктардан жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жеңилдиктерден бошотууну белгилеген, Электрондук коммерция паркынын резиденттерине карата колдонулуучу атайын укуктук, салыктык режимди белгилеген, ал түзүлгөн учурдан тартып 15 жыл бою колдонулган "Электрондук коммерция паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2024-ж. IV кварталы | Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү | ЭКМ СӨМ ФМ, КРУБ, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
II багыт. Инвестицияларды илгерилетүү, товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана экспортко көмөк көрсөтүү | |||||
7 | Товарды (продукцияны) чыгарган өлкөнү СТ-1 ырастоо системасын санариптик форматка трансформациялоо жана талап кылынган маалыматтарды алмашуу жана ырастоо боюнча электрондук санариптик платформаны түзүү | Мамилелердин субъекттеринин өз ара аракеттенүү регламентин санариптик форматта иштеп чыгуу жана бекитүү. Өлкөлөрдүн мамлекеттик контролдоочу органдарынын, тышкы экономикалык иштин субъекттеринин ортосунда өндүрүүчүлөр жана товарлар жөнүндө маалыматтарды алмашуунун санариптик платформасынын техникалык тапшырмасын иштеп чыгуу. Маалыматтар базасынын интеграцияланган системасына "G" to "G" моделин киргизүү | 2024-ж. IV кварталы | Чыгарган өлкөнү автоматтык түрдө ырастоо үчүн санариптик платформаны, маалымат базаларын (Ишканалардын реестрин, продукциянын номенклатурасын 100% санариптештирүү) түзүү жана иштетүү. Кызыкдар мамлекеттик органдардын маалымат базаларына жетүүнү камсыз кылуу | СӨМ, ЭКМ, МБК, СӨП, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
8 | "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик органдардын жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын электрондук өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү | "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын тышкы экономикалык иштин катышуучулары менен электрондук өз ара аракеттенүүсүн ишке ашыруу | 2026-ж. III кварталы | Чакан жана орто ишканалардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн электрондук системасын түзүү жана иштетүү административдик жол-жоболорду аткарууга чыгымдарды 20%га азайтуу жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюу. Тышкы экономикалык иштин субъекттери тарабынан иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда "G" to "G" жана "В" to "G" модели боюнча суралган маалымат менен маалымат алмашуу боюнча талап кылынган документтерди 100% санариптик форматка өткөрүү | ЭКМ, "БТБ" МИ, МБК, МСК |
9 | Адистештирилген региондук интернет-платформаны түзүү. кыргыз ишканаларынын продукциясын сатуу үчүн электрондук коммерцияны өнүктүрүү | ЕАЭБ, КМШ, КЭР өлкөлөрүнүн электрондук соода аянтчаларында кыргыз ишканаларын каттоого көмөк көрсөтүү. Кыргыз Республикасынын интернет-платформасын жана кыргыз продукциясынын бренддерин илгерилетүү боюнча иштерди жүргүзүү | 2023-ж. IV кварталы | Интернет-сооданы өнүктүрүү, сатуу көлөмүнүн өсүшү, логистикага чыгымдарды кыскартуу, продукциянын мыйзамсыз рыногунун масштабын азайтуу. "E-commerce" аркылуу товарларды сатуунун көлөмүнүн жылдык 20%га өсүшү | ИУА, ЭКМ, ЭКА (макулдашуу боюнча) |
III багыт. Финансылык инфраструктураны өркүндөтүү жана электрондук коммерциянын ишкердик субъекттеринин финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү | |||||
10 | Накталай эмес төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу | Эквайринг боюнча операцияларды ишке ашыруу үчүн комиссиялык жыйымдарды төмөндөтүү боюнча иштерди жүргүзүү | 2026-ж. IV кварталы | Электрондук коммерцияда ишкердик субъекттеринин финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү | ЭКМ, КРУБ, "Кыргыз почтасы" ААК (макулдашуу боюнча) |
11 | Накталай эмес төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу | Электрондук коммерцияда ишкердик субъекттерине финансылык кызматтарды аралыктан көрсөтүүгө дем берүү | Дайыма | Интеграцияланган санариптик чөйрөнү өнүктүрүүнү, финансылык жана банк секторундагы сервистердин деңгээлин сапаттуу жогорулатуу үчүн финансылык институттардын, кардарлардын жана мамлекеттик органдардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу | СӨМ, ЭКМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
IV багыт. Кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого колдоо көрсөтүү жана көмөк көрсөтүү, санариптик ишкердик субъекттеринде көндүмдөрдү жана демилгелерди өнүктүрүү | |||||
12 | Санариптик ишкердикти өнүктүрүүнүн жана колдоонун региондук борборлорун түзүү | Иштеп жаткан жана жаңыдан иштей баштаган ишкерлер жана жаштар үчүн атайын билим берүү программаларын жана колдоо көрсөтүү программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү, ишкердикте санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, ошондой эле долбоорлорду финансылык пландоонун жана бюджеттөөнүн негиздерин окутуу | 2024-ж. IV кварталы | Өз бизнесин түзүү өнүктүрүү же масштабдоо үчүн билим берүү борборлорунун жана программаларынын, кайра квалификациялоо жана өзүн-өзү өнүктүрүү программаларынын жетишсиздик көйгөйлөрүн жоюу, иштеп жаткан бизнести өнүктүрүү же жаңы бизнести баштоо үчүн бизнес-пландарды иштеп чыгуу, ишкердикти каржылоо боюнча ресурстук мүмкүнчүлүктөрдү алуу | БИМ, ЭКМ, ЖӨБО, № 98 КИТКЛ, СӨП, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
13 | Электрондук коммерция чөйрөсүндө бизнес-ассоциацияларды колдоо жана күчөтүү | Мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары, бизнес-коомчулуктар үчүн электрондук коммерцияны өнүктүрүү деңгээлине таасирди баалоочу жөнгө салуу таасирин талдоо ыкмаларын иш жүзүндө колдонуу боюнча тренингдерди өткөрүү | Туруктуу негизде | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-ассоциациялардын эксперттик жана аналитикалык потенциалын күчөтүү, мамлекеттик-жеке диалогду өнүктүрүү | ЭКМ, ИУА, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
14 | Ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана санариптик ишкердикти жайылтуу | Санариптик ишкердикти жүргүзүү көндүмдөрүнө окутууга жаштарды, аялдарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү. Региондук бизнес-инкубаторлордун туруктуу иштешин камсыз кылуу. Ишмердикке, продукцияга, өндүрүш процессине, сапатка жана коопсуздукка талаптарды камтыган мыйзамдардын ченемдери боюнча окууларды өткөрүү | Туруктуу негизде | Бизнес-инкубаторлордун базасында региондор аралык жана региондук адистешүүнү эске алуу менен ишкердик демилгелерди түзүү. Ишкердик субъекттери -бизнес-инкубаторлордун бүтүрүүчүлөрүн 40%га көбөйтүү | БИМ, ЭСКММ, ММСЖСМ, ЭКМ, ИМИМА, ЖӨБО, ЖОЖ, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
Кыскартуулардын тизмеси
ЭКА | - | Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясы |
ЖОЖ | - | жогорку окуу жайлары |
ЖМКМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик |
"БТБ" МИ | - | "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы |
ИМИМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
КЭР | - | Кытай Эл Республикасы |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акты |
ЭКӨУ | - | Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
"Кыргыз почтасы" ААК | - | "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому |
№ 98 КМТКЛ | - | № 98 Коммуникация жана маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
МКЖСК | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы |
СӨП | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы |
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 707
2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа 1-тиркемеге ылайык;
- 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча):
- жыл сайын республикалык бюджетти түзүүдө жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдө өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ресурстарынын эсебинен Иш-чаралар планын ишке ашырууга финансылык чыгымдарды карасын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Иш-чаралар планын сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 20-январындагы № 4 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-январындагы № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/Аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
I багыт. Мыйзамдык базаны жана жөнгө салууну оптималдаштыруу | |||||
1 | Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | Керектөөчүлөр тарабынан жеткирүүчүнүн юридикалык статусун жана анда коопсуздук белгинин бар болушун текшерүү үчүн локалдуу онлайн-дүкөндөрдүн коопсуздук белгилерин киргизүүнү, локалдык онлайн-дүкөндөрдүн реестрин киргизүүнү караган "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу. Жергиликтүү рынокту сапатсыз продукциялардан коргоо жана ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына шайкештикти ырастоонун кабарлоо жол-жобосун колдонуу боюнча талаптарды киргизүү. Ачык оферта жөнүндө талаптарды кайра карап чыгуу | 2023-ж. IV кварталы | Онлайн-операцияларды жана транзакцияларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарынын коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу. Улуттук рынокту талаптагыдай эмес сапаттагы продукциялардан коргоону жана ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына шайкештикти ырастоонун кабарлоо жол-жобосун колдонууну камсыз кылуу | МКЖСК, ЭКМ, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
2 | (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-январындагы № 2 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||