Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 13-январы № 9
Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 787 токтомунун редакциясына ылайык)
Финансылык уюмдардын финансылык туруктуулугунун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын минималдуу уставдык капиталын түзүүнүн төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленсин:
1) депозитардык ишти жүзөгө ашырган:
2024-жылдын 1-январына чейин – 10 млн сом;
2025-жылдын 1-январына чейин – 20 млн сом;
2) баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруу боюнча ишти жүзөгө ашырган:
2024-жылдын 1-январына чейин – 30 млн сом;
2025-жылдын 1-январына чейин – 50 млн сом;
3) брокердик ишти жүзөгө ашырган:
2024-жылдын 1-январына чейин – 5 млн сом;
2025-жылдын 1-январына чейин – 8 млн сом.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 787 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3 .Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын1-сентябрындагы № 526 «Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жободо:
– төмөнкүдөй мазмундагы 11-глава менен толукталсын:
«11. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун талапкерлерине карата квалификациялык талаптар
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугуна талапкерлер төмөнкүдөй квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
– жогорку билими болууга;
– кынтыксыз ишкер аброюна ээ болууга.
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугуна талапкер төмөнкүдөй учурларда кынтыксыз ишкер аброюна ээ эмес же аны жоготкон деп эсептелет:
– эгерде анын экономика чөйрөсүндө кылмыш жасаганы үчүн алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу болсо;
– эгерде сот тарабынан анын аракеттери же аракетсиздиги юридикалык жактын банкроттугун кошуп алганда, мажбурлап жоюуга алып келген деп таанылса;
– эгерде ал соттун чечими боюнча банктык, финансылык, аудитордук, камсыздандыруу жана инвестициялык чөйрөлөрдө иштерди жүзөгө ашырууга укуксуз болсо;
– эгерде ал соттун чечими боюнча иштин башка чөйрөлөрүндө кынтыксыз ишкер аброюн жоготсо;
– анда өзүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча аткарылбаган соттун чечими болсо;
– эгерде ал баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга атайылап анык эмес маалыматтарды жана документтерди берсе.».
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |