Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 26-декабры № 715
Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин
реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 212 "Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |