Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-январы № 7
Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы № 446 токтомунун редакциясына ылайык)
Финансы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынан накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салуу:
- резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5000ден (беш миң) көп накталай АКШ доллары суммасында;
- Кыргыз Республикасынын жарандарына жана резиденттерине 10000ден (он миң) көп накталай АКШ доллары суммасында;
2) Кыргыз Республикасынын жарандары жана резиденттери 10000ден (он миң) көп АКШ доллары суммасында накталай АКШ долларын алып чыккан учурда, белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10% өлчөмүндө төлөм алуу.
1-1. Бул токтом накталай чет өлкөлүк валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ болгон Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына жайылтылбайт деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы N 446 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн накталай АКШ долларын алып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |