Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 554 токтомуна) |
Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын (мындан ары - жергиликтүү маанидеги ӨКЖА) түзүү жана алардын иштөө маселелерин жөнгө салат.
2. Микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги ӨКЖА төмөнкүдөй максаттарда түзүлөт:
- биологиялык түрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоонун жана көбөйтүүнүн көп сандаган очокторун түзүү;
- ресурстарды жана генофондду сактоону жана көбөйтүүнү камсыз кылуу;
- экосистемалардагы бузулууларды компенсациялоо;
- биологиялык ар түрдүүлүктү жана адам үчүн жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоону колдоо;
- тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын камсыз кылуу;
- жергиликтүү коомчулукту экологиялык жактан агартуу жана тарбиялоо;
- биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо ишине жарандарды жана жергиликтүү коомчулукту тартуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Микрокоруктар жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чегинде алардын жеринде микрокоруктарды жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жана иштетүү пландалган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБ) чечимдерине ылайык түзүлөт.
Мамлекеттик менчикте турган жерлер пландалган микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын аймагына кирген учурда көрсөтүлгөн жерлер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталган микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүүгө макулдук берүү жөнүндө чечимин алуу талап кылынат.
Микрокоруктарды жана/же жергиликтүү маанидеги ӨОСАны түзүү жөнүндө чечим ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органынын (мындан ары - жергиликтүү кеңеш) сессиясында кабыл алынат. Бул чечим менен ошондой эле микрокорук же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА жөнүндө жобо бекитилет.
Жергиликтүү кеңештин аталган чечиминде аныкталган микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жана түзүлгөн микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштөөсүн камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашыруу жана уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аймагындагы экосистемаларды (алардын участокторун) сактоо үчүн мамлекет тарабынан берилген ыйгарым укуктардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Эгерде пландалган микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын аймагы бир нече айыл аймагынын жана/же шаардын муниципалдык менчигинде турган аймактарды (жер участокторун) камтыса, анда мындай микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештердин сессияларында кабыл алынат. Бул чечимдер менен ошондой эле микрокорук же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА жөнүндө жобо да бекитилет.
Жергиликтүү кеңештердин бул чечимдеринде аныкталган микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жана түзүлгөн микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштөөсүн камсыз кылуу боюнча чараларды уюштуруу жана ишке ашыруу муниципалдык түзүлүштөр ортосундагы кызматташуунун негизинде тиешелүү аймактагы экосистемаларды (алардын участокторун) сактоо үчүн мамлекет тарабынан берилген ыйгарым укуктардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ошол эле учурда микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги ӨКЖА аймагы боюнча райондор аралык жана/же облустар аралык боло албайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Микрокоруктарды жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА түзүү айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган), тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана ЖӨБ органдарынын (жергиликтүү коомчулук), юридикалык жактардын (илимий, коомдук жана экологиялык уюмдар) (мындан ары - кызыкдар жак) демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат.
6. Микрокоруктардын жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштеши ишкердик (коммерциялык) иш болуп саналбайт жана өзүнүн негизги максаты катары киреше алууну көздөбөйт.
7. Микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги ӨКЖА 20 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Конкреттүү микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин ал кийинки мезгилге узартылышы мүмкүн. Микрокоруктун же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштөө мөөнөтүн узартуу адистештирилген илимий мекеменин (уюмдун) корутундусунун негизинде тиешелүү жергиликтүү кеңештин чечими боюнча жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Пландалган микрокоруктардын жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын аймактары экологиялык жактан өз алдынча болууга, корголуучу экосистемаларды жана ландшафттарды, же алардын белгилүү бир негиздүү участокторун камтууга тийиш.
9. Микрокоруктарды жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү үчүн аймакты (жер участогун) уюштуруу жана бөлүп берүү тиешелүү жер участокторунун менчик ээлери жана жер пайдалануучуларынын макулдугу менен жүзөгө ашырылат жана ошондой эле жер, жаратылышты коргоо, тарыхый-маданий жана шаар куруу мыйзамдарынын ченемдерине жана талаптарына ылайык компетенттүү органдар менен макулдашылат.
10. Микрокоруктарды жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү табигый чектер боюнча алардын чектерин белгилөө жана баяндоо, тиешелүү аймактардын жерлерин экспликациялоо менен жүзөгө ашырылат.
2. Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүүнүн тартиби
11. Микрокоруктарды же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүүнү демилгелөө үчүн кызыкдар жак конкреттүү микрокорукту же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүүгө негиздеме даярдайт, анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- экосистеманын абалы, жердин ландшафттык-географиялык жайгашуусу, уникалдуу жаратылыш комплекстеринин жана биологиялык ар түрдүүлүктүн объекттеринин болушу, тарыхый-маданий мурас объекттеринин болушу же жоктугу жөнүндө маалыматтар ж.б.);
- пландалган микрокорук же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА боюнча зоналарга бөлүүнү эске алуу менен чектерин баяндоо жана картографиялык материалдар;
- конкреттүү микрокорукту же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүүгө макулдук берүү жөнүндө тиешелүү жергиликтүү коомчулуктун жыйналышынын (тургундардын чогулушунун) протоколу;
- пландалган микрокорукту же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны башкаруучу болжолдуу орган (юридикалык жак), башкаруунун тартиби, күтүү жана эксплуатациялоо боюнча жумуштарды/кызматтарды каржылоо жана милдеттенмелерди аткаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат.
Бир эле убакта кызыкдар жак микрокорук же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Кызыкдар жак микрокорукту же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүүгө негиздемени жана ал жөнүндө жобонун долбоорун ошол аймактын жаратылышты коргоо баалуулугу жөнүндө корутунду алуу үчүн адистештирилген илимий мекемеге берет.
13. Микрокорукту же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүүнүн негиздемесин жана ал жөнүндө жобонун долбоорун адистештирилген илимий мекеменин оң корутундусу менен кызыкдар тарап мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү жана жактыруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
14. Микрокорукту же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүүнүн негиздемесин даярдоо, ал жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу, кызыкдар жак тарабынан адистештирилген илимий мекеменин жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундуларын алуу боюнча иштерди аткаруу, ошондой эле микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны юридикалык жактын башкаруусу алардын өздүк каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
15. Микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү үчүн кызыкдар жак анын аймагында микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү пландалган (демилгеленген) тиешелүү жергиликтүү кеңешке төмөнкү документтерди жөнөтөт:
- микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жөнүндө эркин формадагы сунушту (демилгени);
- адистештирилген илимий мекеменин жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын тиркелген корутундулары жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү жактыруусу менен микрокорукту же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүүнүн негиздемесин;
- микрокорук же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА жөнүндө жобонун долбоорун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
- микрокорук же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА жөнүндө жобонун долбоорун.
16. Тиркелген негиздемеси, адистештирилген илимий мекеменин жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын тиешелүү оң корутундулары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү жактыруусу, микрокорук же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА жөнүндө жобонун долбоору менен сунуш (демилге) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык тиешелүү жергиликтүү кеңештин кароосуна мыйзамдарда белгиленген тартипте киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Тиешелүү жергиликтүү кеңеш микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде документтердин пакети менен өзүнүн чечимин микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жана алардын иштеши боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн ЖӨБ тиешелүү аткаруу органына (органдарына) жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
18. ЖӨБдүн тиешелүү аткаруу органы жергиликтүү кеңештин микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жөнүндө чечимин алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүү жана түзүлгөн микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштөөсүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт жана микрокорук же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА жөнүндө чечимдин жана жобонун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн төмөнкүлөргө жөнөтөт:
- мыйзамдарда белгиленген тартипте өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастрына маалыматтарды киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- кызыкдар жакка.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Микрокоруктардын жана жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштөө тартиби
19. Микрокоруктар же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА алар жөнүндө жоболордун негизинде иштейт.
Микрокорук же жергиликтүү маанидеги ӨКЖА жөнүндө жобо төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- микрокоруктун же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын аталышы;
- жайгашкан жери;
- сактоо жана/же калыбына келтирүү предмети (жаратылыш ресурстарынын жана/же объекттеринин конкреттүү түрү же түрлөрү) жана иштөө максаттары;
- укукту белгилөөчү документтерди көрсөтүү менен аймактын (акваториянын) чек аралары жөнүндө маалыматтар;
- микрокоруктун же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштөө мөөнөттөрү;
- микрокоруктун же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын аймагында тыюу салынган жана уруксат берилген иштин түрлөрүнүн тизмеги;
- микрокорукту же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны башкаруу органдарынын курамы, компетенциялары жана алардын чечимдерди кабыл алуу тартиби жөнүндө маалыматтар;
- микрокорукту же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны башкаруучу юридикалык жактын жана ЖӨБдүн аткаруу органынын укуктары жана милдеттери;
- микрокорукту же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны башкаруучу юридикалык жактын жана ЖӨБдүн аткаруу органынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик ченемдери;
- микрокорукту же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны жоюунун тартиби жана шарттары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка шарттар.
Микрокоруктардын жана жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын аймагында тарыхый-маданий мурас объекттери болгон учурда, алар жөнүндө жоболордо тарыхый-маданий мурастарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык бул объекттерди сактоону, күтүүнү жана пайдаланууну камсыз кылуу боюнча ченемдер камтылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Микрокоруктардын бүткүл аймагы коргоо режиминин аспектинде мамлекеттик жаратылыш коругунун өзөк зонасына (негизги зонага) теңдеш турат.
Микрокоруктарда төмөнкүлөргө багытталган иш-чараларды жүргүзүүдөн тышкары, кандай болбосун чарбалык жана башка ишке тыюу салынат:
- жаратылыш комплекстерин табигый абалында сактоо, антропогендик таасирдин натыйжасында жаратылыш комплекстеринин жана алардын компоненттеринин өзгөрүшүн калыбына келтирүү жана болтурбоо;
- санитардык жана өрткө каршы коопсуздукту камсыз кылуучу шарттарды сактоо;
- экологиялык мониторинг жүргүзүү;
- илимий-изилдөө иштерин аткаруу;
- тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо;
- белгиленген режимдин сакталышына мамлекеттик жана коомдук контроль жүргүзүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Жергиликтүү маанидеги ӨКЖАда төмөнкүдөй эки функциялык зона бөлүнүп турат:
- өзөк зонасы (негизги зона);
- туристтик жана рекреациялык иш зонасы.
Жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын жалпы аянтынын 70%ынан кем эмес өлчөмдө аныкталуучу жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын өзөк зонасында мамлекеттик жаратылыш коруктары үчүн каралган режим белгиленет.
Жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын туристтик жана рекреациялык иш зонасында:
1) жаратылыш ресурстарынын абалына зыян келтирүүнү болтурбоо менен жүзөгө ашырылуучу иштин төмөнкүдөй айрым түрлөрүнө уруксат берилет:
мамлекеттик жаратылыш коруктары үчүн уруксат берилгендерге окшош иштин түрлөрү;
бузулган жаратылыш комплекстерин жана объекттерин калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
экологиялык туризм жана ага байланышкан жөнгө салынуучу рекреациялык иш (анын ичинде туристтик маршруттарды, чыйыр жолдорду уюштуруу, рекреациялык жүктөмдөрдүн ченемдерин эске алуу менен бивактык токтоо жайларын жана кароочу аянтчаларды уюштуруу);
административдик-чарбалык багыттагы объекттерди жайгаштыруу, жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны коргоону жана анын иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чарбалык иштерди жүргүзүү, келүүчүлөрдү тейлөө;
2) төмөнкүлөргө тыюу салынат:
дары сырьёсун, мөмөлөрдүн, жемиштердин жана гүлдөрдүн жок болуп кетүү коркунучунда турган түрлөрүн чогултууга;
жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга, кармоого, уяларды, жапайы жаныбарлардын ийиндерин, башка баш калкалоочу жайларын жана жашаган жайларын бузууга, ошондой эле канаттуулардын жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн жумурткаларын чогултууга;
өсүмдүктөрдүн, козу карындардын жана жаныбарлардын жаңы түрлөрүн/түркүмдөрүн, башкача айтканда бөтөн жерлик, мурда тиешелүү кадастрдык бөлүүнүн аймагында катталбаган же ага карата жарыяланган өзгөртүүлөрдү эске алуу менен акклиматизациялоого (киргизүүгө, интродукциялоого);
өндүрүштүк объекттерди курууга жана эксплуатациялоого;
пайдалуу кендерди чалгындоого жана иштетүүгө;
жаратылыш ресурстарына зыян келтирүүчү, жаратылыш комплекстеринин жана объекттеринин абалына коркунуч келтирүүчү жана корголуучу аймактын табигый, илимий, маданий жана эстетикалык маанисинин төмөндөшүнө алып келүүчү чарбалык жана башка иштин башка түрлөрүнө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, айрым түрлөрдүн санын талап кылынган жөнгө салууну жүзөгө ашыруу, белгилөө үчүн жапайы жаныбарларды кармоо, ошондой эле аларга мүнөздүү башка аймактарга жайгаштыруу максатында белгиленген тартипте тиешелүү уруксаттарды алууда жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын туристтик жана рекреациялык иш зонасында жапайы айбанаттарды жана канаттууларды кармоого жана атууга жол берилет.
Микрокоруктун аймагында жана жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын өзөк зонасында айбанаттарды жана канаттууларды кармоого жана атууга тыюу салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны башкаруучу юридикалык жак ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формага ылайык ар бир корголуучу объектке (микрокорукка жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАга) паспорт түзөт.
24. Микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштөө режими же чек аралары өзгөргөн учурда микрокоруктун же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын паспорту жаңыланат (толукталат).
25. Микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын паспортунун (же ага толуктоолордун) көчүрмөсү, ошондой эле алардын келип чыгышына жараша тиешелүү корголуучу объект боюнча учурдагы өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастрына киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
26. Жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин ЖӨБдүн аткаруу органы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын аймагында жайгашкан микрокоруктардын жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштөөсү жөнүндө отчетторду аны менен макулдашылган форма боюнча берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Корутунду жоболор
27. Микрокоруктардын жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын чек араларын жана иштөө режимин өзгөртүү ушул Тартипке ылайык микрокоруктарды жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны түзүүгө окшош тартипте жүргүзүлөт.
28. Тиешелүү аймактардын микрокоруктарын жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАсын жоюу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- тиешелүү аймактардын биологиялык, экологиялык, илимий, эстетикалык жана рекреациялык мааниси жоголгондо;
- ошол аймактын жаратылышты коргоо жагымдуулугунун жоголушуна алып келген рельефтик жана гидрологиялык мүнөздөмөлөрдү бузуу менен жаратылыш комплекстери калыбына келгис түрдө бузулганда, ага кирген жаратылыш объекттери алмаштырылганда;
- микрокоруктардын жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын жерлери мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюлганда;
- микрокоруктардын жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын иштөө мөөнөттөрү аяктаганда;
- кызыкдар жактын негизделген демилгеси болгондо.
29. (Конкреттүү) микрокорукту жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАны жоюу жөнүндө чечим жоюлуп жаткан микрокоруктун же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАнын жайгашкан аймагына ылайык жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Микрокоруктар жана/же жергиликтүү маанидеги ӨКЖАлар жоюлган учурда, алар жөнүндө документтер Кыргыз Республикасынын архив иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.