Сравнение редакций…
| ||
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн тартибин аныктайт (мындан ары - экспорттук квоталар).
2. Экспорттук квоталар экономикалык иштин түрүнүн коддорунун бирине кирген буудай унун өндүрүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулугу бар буудай унун өндүрүүчүлөр болуп саналган тышкы соода ишинин катышуучуларынын (мындан ары - арыз ээлери) ортосунда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) бөлүштүрүлөт.
3. Арыз ээлери ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык форма боюнча буудай унуна экспорттук квотаны бөлүштүрүү жөнүндө арызды ыйгарым укуктуу органга жиберет.
4. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- арыз берген адамдын ыйгарым укуктарын ырастаган документ (документтин көчүрмөсү);
- юридикалык жактын уставынын, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн же жеке ишкердин (жеке жактын) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү;
- 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-октябрын кошо алгандагы мезгил үчүн буудай унун өндүрүүнүн көлөмү жөнүндө маалымат.
5. Экспорттук квотаны бөлүштүрүү үчүн зарыл болгон арыз жана документтер расмий тилде берилет.
6. Берилген арызга жана документтерге (документтердин көчүрмөлөрүнө) арыз ээсинин жетекчиси өзү (ыйгарым укуктуу адам) кол коёт жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
7. Бардык арыз ээлеринин ортосунда бөлүштүрүү максатында буудай унун ташып чыгууга экспорттук квотанын көлөмү (Vkim) төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
,
мында:
Vim - арыз ээси тарабынан 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-октябрын кошо алганда арыз ээси тарабынан ташылып чыккан буудай унунун көлөмү;
Vom - 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-октябрын кошо алганда бардык арыз ээлери тарабынан ташылып чыккан буудай унунун жалпы көлөмү;
Vkom - 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып 31-декабрын кошо алганда буудай унуна карата белгиленген экспорттук квотанын жалпы көлөмү (100000 тонна).
8. Эгерде арыз ээсинин экспорттук квотасынын көлөмү бөлчөк бирдиктерге ээ болсо, мындай көлөм экспорттук квотанын белгиленген көлөмүнүн чегинде жалпылоо эрежелери боюнча бүтүндөй чоңдукка чейин жалпыланат.
9. Экспорттук квотаны бөлүштүрүүдөн баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) арыз ээси тарабынан ушул Эрежелердин 3 жана 4-пункттарында каралган арыздын жана документтердин берилбеши;
2) арыз ээси тарабынан берилген арыздын жана документтердин ушул Эрежелердин 5 жана 6-пункттарында белгиленген талаптарга ылайык келбеши;
3) арыз ээси берген документтерде анык эмес, бурмаланган же толук эмес маалыматтардын болушу;
4) экспорттук квотаны бөлүштүрүү үчүн негиз болгон бир же бир нече документтердин колдонулушун токтотуу же токтото туруу;
5) буудай унун өндүрүүчүлөрдө экономикалык иштин түрүнүн коддорунун бирине кирген буудай унун өндүрүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулуктардын жоктугу.
10. Ушул Эрежелердин 8 жана 9-пункттарына ылайык жүргүзүлгөн эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган арыз ээлеринин ортосунда экспорттук квотаны бөлүштүрүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
11. Арыз ыйгарым укуктуу орган тарабынан 14 жумуш күндүн ичинде каралат. Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча 10 жумуш күндүн ичинде ташып чыгуу көлөмүн бөлүштүрүү же бөлүштүрүүдөн баш тартуу жөнүндө корутунду берилет.
12. Буудай унун ташып чыгуу көлөмүн бөлүштүрүүдөн баш тартуу жөнүндө корутунду ушул Эрежелердин 9-пунктуна ылайык документтер жок болгон учурда берилет.
13. Мурда бөлүнгөн экспорттук квотанын көлөмүнөн жазуу жүзүндө баш тарткан жана ыйгарым укуктуу орган корутундуну жокко чыгаруу же колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, бул корутунду боюнча бөлүнүүчү экспорттук квотанын көлөмү бөлүштүрүлбөгөн болуп эсептелет.
14. Экспорттук квотаны колдонуу менен буудай унун ташып чыгуу көлөмү ал түгөнгөнгө чейин бөлүштүрүлөт.
15. Ыйгарым укуктуу орган буудай унунун экспорттук квотасынын бөлүштүрүлгөн көлөмү жана бөлүштүрүлбөгөн көлөмү жөнүндө маалыматтарды расмий сайтка жарыялайт.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна (ЕАЭБ ТЭИ ТН 1101 00 коду) карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн эрежелерине тиркеме |
Форма
АРЫЗ
_____________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы же жеке жактын аты-жөнү)
______________________________ тонна көлөмүндө экспорттук квотаны колдонуу менен
________________________________________ ташып чыгууга корутунду берүүнү суранат.
Жетекчи _______________ ___________________________________________
(колу) (аты-жөнү)
Юридикалык жактар үчүн мөөрдүн орду (дата):
Жеке жактар үчүн паспорттук маалыматтар:
Аты-жөнү _____________________________________________________________________
ИСН _________________________________________________________________________
Сериясы ID/AN № ______________________________________________________________
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |