Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 706 токтомуна) |
2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмүн түзүү жана өнүктүрүү боюнча программа
I. Бул Программада колдонулуучу негизги терминдер жана алардын аныктамалары
Бул Программада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
базалык мейкиндик маалыматтар - базалык мейкиндик объекттер жөнүндө жалпыга жеткиликтүү, ачык жарыялоого уруксат берилген, кыйла көп колдонулган санариптик маалыматтар;
мамлекеттин мейкиндик маалыматтар банкы - жерди аралыктан зонддоонун комплекстүү маалыматтарынын негизинде аймактардын жана объекттердин, кубулуштардын жана процесстердин абалына мониторинг жүргүзүү милдеттерин чечүү үчүн зарыл болгон базалык жана башка мейкиндик жана атрибутивдик, ошондой эле жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлде социалдык жана экономикалык өнүктүрүүнү башкаруунун аналитикалык жана башка милдеттерин чечүүчү маалыматтардын топтому;
геомаалыматтык система (мындан ары - ГМС) - мейкиндик маалыматтарын чогултууну, иштеп чыгууну, талдоону, моделдөөнү, жайылтууну жана башка пайдаланууну камсыз кылган маалымат системасы;
мейкиндик маалыматтарынын геосервиси (мындан ары - геосервистер) - мейкиндик маалыматтарынын топтомунда же алар менен байланышкан метамаалыматтарда камтылган маалыматтар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу программалык камсыздоо;
геопортал - мейкиндик маалыматтарын берүүчүлөрдүн бир нече серверлеринде катталган мейкиндик маалыматтарынын көптөгөн топтомдорун камтыган ресурстарга жетүүнүн бирдиктүү түйүнү;
метамаалыматтар - мейкиндик маалыматтарынын топтомун жана мейкиндик маалымат сервистерин сүрөттөгөн, ошондой эле алардын каталогун түзүүнү, издөө жана пайдаланууну камсыз кылган маалымат. Базалык, тармактык жана тематикалык мейкиндик маалымат топтомдору аларга туура келген метамаалыматтарды камтышы керек;
координациялоочу орган - кадастр, геодезия, картография жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу, анын ичинде жер мыйзамдарын колдонууда жана сактоодо бир түрдүүлүктү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жер ресурстары боюнча толук кандуу геомаалыматтык системасын калыптандыруу, топографиялык-геодезиялык, картографиялык жана жерге жайгаштыруу иштерин жүргүзүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, бул мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүм жаатында саясатты жүзөгө ашырат жана жүктөлгөн милдеттерди аткарууда координатордун ролун аткарат;
Кыргыз Республикасынын мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмү (мындан ары - ММУИ) - мейкиндик маалыматтарынын сүрөттөлгөн жана жүзөгө ашырылган топтомдору, метамаалыматтар жана аларды иштетүүчү сервистер, тармактык сервистер жана технологиялар, маалыматка жетүү, алмашуу жана пайдалануу, мониторинг жана координациялоо механизмдери, процесстер жана жол-жоболор жөнүндө макулдашуулар;
- мейкиндик маалыматтар топтому - бирдиктүү стандарттарга жана талаптарга ылайык түзүлгөн мейкиндик маалыматтардын жыйындысы;
- ортотрансформацияланган сүрөт (анын ичинде ортофотомозаика) - мамлекеттин аймагын ортофотопландар менен бирдиктүү камтылуусу менен чагылдырылган мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмүнүн картографиялык негизи;
- мейкиндик объектиси - жердеги белгилүү бир жайгашуусу менен мүнөздөлгөн реалдуу дүйнөнүн объектиси же кубулушу;
- мейкиндик маалыматтары - мейкиндик-убакыт координаттар системасында аныкталган, жердеги жайгашууга түздөн-түз же кыйыр түрдө байланышкан мейкиндик объекттери жөнүндө маалыматтар;
- базалык мейкиндик маалыматтарын берүүчү - базалык мейкиндик маалыматтарын түзүүчү же жаңыртуучу укуктук мамилелердин субъектиси;
- мейкиндик маалыматтарын керектөөчү (пайдалануучу) - мейкиндик маалыматтарын ар кандай максаттарда, анын ичинде "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында пайдаланган каалагандай юридикалык же жеке жак;
- тематикалык мейкиндик маалыматтары - субъекттер тарабынан өз иш-аракеттеринин (чарбалык, илимий, окутуучу жана башка) жүрүшүндө түзүлгөн мейкиндик маалыматтары;
- ГНСС - глобалдык навигациялык спутник системасы;
- GPS - позициялоонун глобалдык системасы (Global Positioning System).
II. ММУИнин учурдагы абалын талдоо
2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмүн түзүү жана өнүктүрүү боюнча программада (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы № 2-т тескемеси менен бекитилген 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын максаттары эске алынган.
Өткөн кылымдын 90-жылдарынын ортосунан баштап азыркы учурга чейинки мезгилде мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмү 120дан ашуун өлкөдө түзүлгөн. АКШ, Австралия жана Европанын көпчүлүк мамлекеттери мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмүнүн концепциясын иштеп чыгуудан баштап, аны жүзөгө ашырууга чейинки бардык этаптардан өтүп, ушул инфратүзүмдү түзүү боюнча программаларын аякташкан. Бул убакыт аралыгында маалыматтык-телекоммуникациялык система сыяктуу мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмүн уюштуруунун практикада далилденген эрежелери, жол-жоболору жана механизмдери аныкталды. Мындай инфратүзүмдүн негизги максаттарынын бири - жарандардын, уюмдардын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын глобалдык Интернег тармагы аркылуу берилүүчү мейкиндик маалыматтарынын улуттук ресурстарына эркин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.
Чет мамлекеттерде мейкиндик маалыматтар инфратүзүмүн түзүү жана өнүктүрүү боюнча ишти уюштуруу, эреже катары, ченемдик укуктук базаны түзүү, илимий-техникалык саясатты жүргүзүү, жаңы технологияларды киргизүү, кадрларды даярдоо аркылуу бардык деңгээлдеги бийлик органдарынын жана уюмдардын ишин координациялоо чөйрөсүндө кеңири ыйгарым укуктарга ээ ведомстволор аралык орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмүн түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн алгачкы этабында маанилүү ролду ойногон мамлекеттик колдоо жана каржылоо, бул маалыматтар рыногу жана геоинформациялык кызмат көрсөтүүлөр өнүккөн сайын, бизнес менен мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүк менен алмаштырылат, мында бул органдар жөнгө салуу функцияларын сактап калат. Мейкиндик маалыматтар инфратүзүмүн андан ары өнүктүрүүнү ведомстволор аралык кызматташууну тереңдетүүнүн жана тажрыйбаны региондук жана жергиликтүү деңгээлде жайылтуунун негизинде ишке ашыруу пландаштырылууда.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасында көптөгөн министрликтер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбалык субъекттер мейкиндик маалыматтарын түзүшөт жана колдонушат.
Ушуну менен бирге экономиканын көптөгөн тармактарында жарыялоого уруксат берилген мейкиндик маалыматтары түзүлүп жана колдонулуп келген. Алар жергиликтүү координаттар системасында схемалар, пландар, аймактын чектелген участкаларынын карталары түрүндө жарыяланган. Мындай маалыматтар бири-бирине дал келбейт жана макулдашылган эмес, бул алардын биргелешкен жана комплекстүү колдонулушун жокко чыгарат.
Учурдагы колдонулуп жаткан мейкиндик объекттерин, алардын даректерин сүрөттөө боюнча аныктоо системалары, анын ичинде мамлекеттик түзүмдүк бөлүмдөр жүргүзгөн реестрлер, кадастрлар жана регистрлер, ар кандай булактардан алынган мейкиндик маалыматтарын интеграциялоого жана биргелешип пайдаланууга жол бербейт. Мунун натыйжасы мейкиндик объекттерин идентификациялоонун бирдиктүү системасынын Кыргыз Республикасында жоктугу болгон, бул мейкиндик маалыматтарын ар кандай маалымат базаларынын ортосундагы байланыштын универсалдуу элементи катары пайдаланууга жол бербейт жана өлкөнүн бирдиктүү маалымат мейкиндигин курууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Бул Программада Кыргыз Республикасында санариптик өкмөттү жана санариптик коомду куруу жолунда натыйжаларга жетүү үчүн ММУИ түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн максаттары, милдеттери, негизги багыттары аныкталган.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында ММУИ түзүү жана өнүктүрүү үчүн бир катар объективдүү өбөлгөлөр түзүлдү.
Коммуникациялар тармагын иштеп чыгуу, жарандарды эсепке алуу, шайлоочулардын тизмесин тактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чаралар, региондордун аймактык, айыл чарбалык өнүгүүсүн пландоо, инфратүзүмдүк долбоорлорду картографиялык колдоо сыяктуу мамлекеттик башкаруунун ар кандай чөйрөлөрүндө актуалдуу мейкиндик маалыматтарына болгон муктаждык жыл сайын өсүүдө.
Мейкиндик маалыматтарынын бирдиктүү базасын түзүү өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн милдеттерин чечүүдө, калкты маалыматтык тейлөө чөйрөсүндө түзүлүп жаткан автоматташтырылган системалардын иштешин жана өз ара байланышын камсыз кылууда пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү зарылчылыгы менен шартталган. Ошондуктан, ММУИ түзүү ар кандай түзүмдөр жана ведомстволор тарабынан бирдиктүү ГМС-платформасын колдонууга мүмкүндүк берет. Кыймылсыз мүлк рыногу өнүккөн сайын географиялык жайгашуу жана дарек сыяктуу негизги графикалык маалыматтардын мүмкүнчүлүгүн, ырааттуулугун жана тактыгын кеңейтүүнүн зарылдыгы өсүүдө. Кыргыз Республикасында ар кандай мамлекеттик органдардын иштеп жаткан географиялык маалымат системалары бирдиктүү технологиялык платформаны, республиканын аймагында объекттердин жайгашкан жери жөнүндө негизги идентификациялык маалыматтарды чогултуу үчүн ГМСти куруу жана эксплуатациялоо принциптерин камсыз кылбайт.
III. ММУИ түзүүдө жетишкендиктер жана көйгөйлөр
ММУИ түзүү Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттин милдеттерин геомаалыматтык колдоо көрсөтүүнү камсыз кылууга жана биринчи кезекте иштеп жаткан жана долбоорлонгон региондук, муниципалдык, тармактык жана ведомстволук маалыматтык системаларды мейкиндик маалыматтар менен камсыз кылуу, аларды иштетүү, коштоо жана мейкиндик маалыматтар менен камсыз кылуу боюнча чыгымдарды кыскартууга багытталган.
ММУИ региондук маалыматтык ресурстардын бирдиктүү системасына киргизүү пландалууда.
Бул максатка жетүүнүн натыйжасында төмөнкүлөрдү камсыз кылууга мүмкүндүк түзүлөт:
- башкаруу чечимдерин кабыл алууда жана алардын аткарылышын контролдоодо мейкиндик маалыматтарынын маалыматтык ресурстарын кеңири пайдалануунун эсебинен мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлде башкаруунун сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу;
- бирдиктүү эрежелерге жана тарифтерге ылайык базалык мейкиндик маалыматтары жөнүндө актуалдуу жана ишенимдүү маалыматтарды берүү;
- жалпысынан мейкиндик маалыматтарын түзүүгө бюджеттин чыгымдарын кыскартуу, мейкиндик маалыматтарын түзүү боюнча иштердин кайталанышын болтурбоонун эсебинен алардын сапатын жогорулатуу;
- мейкиндик маалыматтарын түзүүдө жана алар менен байланышкан маалымат кызмат көрсөтүүлөрүнө инвестицияларды стимулдаштыруу.
Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана жарандар тарабынан мейкиндик маалыматтарын пайдаланууга тоскоол болгон бир катар төмөнкүдөй көйгөйлөр бар:
- геодезия жана картография, иштин түрлөрүн лицензиялоо, автордук укук, маалыматтык технологиялар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана республиканын калкынын мейкиндик маалыматтарынын мазмунуна, сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө карата заманбап муктаждыктарына шайкеш келбестиги;
- Кыргыз Республикасынын картографиялык-геодезиялык фондунун материалдарынын жана маалыматтарынын эскириши;
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле уюмдардын ортосунда маалымат алмашуу механизминин жана мейкиндик маалыматтарынын топтомунун жоктугу;
- ар кандай булактардан алынган маалыматтардын бири-бири менен макулдашылбагандыгы, бул аларды пайдаланууну татаалдаштырат же мүмкүн эмес кылат же болбосо кошумча эмгек чыгымдарына алып келет;
- чарбалык ишти башкаруу максаттарын ишке ашырууда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтарын интеграциялоонун татаалдыгы;
- маалыматтарды алуу, сактоо, аларга жеткиликтүүлүктү уюштуруу боюнча иштин кайталанышы, бул ресурстарды сарамжалдуу эмес пайдаланууга алып келет;
- керектүү маалыматтарды издөө үчүн жеткиликтүү метамаалыматтардын жоктугу;
- мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, колдонуучулардын кеңири чөйрөсү үчүн мейкиндик маалыматтарына жетүүнүн кыйын болушу;
- мейкиндик маалыматтарынын оперативдүү берилбегендиги;
- колдонулган геодезиялык жана картографиялык материалдардын актуалдуулугунун төмөндүгү;
- объекттерди идентификациялоо жана координаттык сүрөттөө боюнча иш-аракеттердин чаржайыттыгы;
- жерди аралыктан зонддоо маалыматтарынын жана материалдардын колдонулбагандыгы;
- Кыргыз Республикасынын аймагында заманбап геодезиялык базанын, жогорку тактыктагы позициялоо жана навигация системасынын жана GNSS/GPSти натыйжалуу пайдалануунун начар өнүккөндүгү;
- жерге жайгаштыруу жана кадастрдык иштерди, өлкөнүн аймагында инженердик изилдөөлөрдү, атайын багыттагы геодезиялык жана картографиялык иштерди жүргүзүү үчүн геодезия жана картография тармагындагы ченемдик жөнгө салуунун учурдагы деңгээлге ылайык келбегендиги.
IV. ММУИ түзүүнүн максаттары, милдеттери жана негизги принциптери
ММУИ түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн негизги максаты болуп мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын мейкиндик маалыматтарына эркин жетүүнү жана аларды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылган шарттарды түзүү саналат.
ММУИ түзүү Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик милдеттерин геомаалыматтык колдоону камсыз кылууга жана, биринчи кезекте, иштеп жаткан жана долбоорлонгон региондук, муниципалдык, тармактык жана ведомстволук маалыматтык системаларды мейкиндик маалыматтары менен камсыз кылууга, алардын иштешине, тейленишине жана мейкиндик маалыматтары менен камсыз болушуна кеткен чыгымдарды азайтууга багытталган.
Максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттерди чечүү керек:
- мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле базалык мейкиндик маалыматтарын жана метамаалыматтарды түзүүнү жана пайдаланууну жөнгө салуучу техникалык регламенттерди, стандарттарды, ченемдик-техникалык документтерди жана классификаторлорду иштеп чыгуу жана кабыл алуу (метамаалыматтар боюнча документ, WEВ-порталынын паспорту, санариптик картография боюнча ISO, ГОСТ кабыл алуу, санариптик карт материалдарын көрсөтүү үчүн бирдиктүү стилди иштеп чыгуу ж.б.);
- пайдалануу үчүн базалык мейкиндик маалыматтарын жана метамаалыматтарды түзүүнү, жүргүзүүнү жана берүүнү илимий, техникалык жана технологиялык камсыздоо;
- базалык мейкиндик маалыматтарын жана метамаалыматтарды колдонуунун негизинде, Кыргыз Республикасында мейкиндик маалыматтарын камтыган мамлекеттик маалыматтык ресурстарды, ошондой эле муниципалдык түзүлүштөрдүн мейкиндик маалыматтарын камтыган маалыматтык ресурстарды түзүү жана интеграциялоо.
V. ММУИ түзүүнүн артыкчылыктары жана негизги принциптери
ММУИ түзүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды төмөнкү принциптерди сактоо менен жүзөгө ашыруу каралган:
- Кыргыз Республикасында аларды актуалдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө буга чейин түзүлгөн базалык жана тематикалык мейкиндик маалыматтарын берүү жана максималдуу пайдалануу;
- базалык мейкиндик маалыматтарын камтыган маалыматтык ресурстардын жеткиликтүүлүгү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, стандарттарын жана ички актыларын так сактоо;
- мейкиндик маалыматтарынын инфратүзүмүн түзүүдө жана аны эксплуатациялоодо коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле андагы камтылган маалыматтарды коргоо.
ММУИнин геомаалыматтык камсыздоо деңгээли төмөнкүдөй параметрлер менен мүнөздөлөт:
- жогорку тактыктагы геодезиялык координаттык өлчөөлөрдү аткаруу үчүн заманбап инфратүзүмдүн болушу (геодезиялык пункттардын бирдиктүү тармагы, белгилер, референцтик (базалык) геодезиялык станциялары, спутниктик позициялоо системалары);
- жалпысынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы үчүн аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу мамлекеттик милдеттерин чечүү үчүн жетиштүү тактык менен жердин санариптик моделин түзүүгө мүмкүндүк берген мейкиндик маалыматтарынын болушу;
- иш жүзүндө болуп жаткан жана/же божомолдонгон өзгөрүүлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аймагы жөнүндө мейкиндик маалыматтарынын бардык комплексин оперативдүү системалык түрдө жаңыртып туруу (актуалдаштыруу);
- баштапкы мейкиндик маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу жана берүү, жаңы маалыматтарды электрондук санариптик сактоо системаларына оперативдүү интеграциялоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берген бирдиктүү чөйрөнүн болушу;
- бул маалыматтарды жайгаштырууга жана алардын ведомстволук таандыгына карабастан колдонуучулардын мейкиндик маалыматтарына эркин жана оперативдүү жетүүсү;
- ар кандай булактардан алынган мейкиндик маалыматтарын колдонуу менен мейкиндиктин комплекстүү талдоону аткаруу үчүн маалыматты иштеп чыгуу шаймандарына, эсепке алуу каражаттарына, издөө жана визуалдык көрсөтүүгө бардык колдонуучулардын эркин жапа оперативдүү жетүүсү.
ММУИ төмөнкүдөй өз ара байланышкан артыкчылыктардын жыйындысын түзөт:
- ченемдик укуктук камсыздоо;
- маалыматтык ресурстар, анын ичинде базалык мейкиндик маалыматтары жана метамаалыматтар;
- технологиялар жана техникалык каражаттар (ГМС, маалыматтар базасын башкаруу системалары, интернет-порталдары, телекоммуникациялык системалар).
VI. Артыкчылыктуу милдеттер жана чаралар
Ченемдик укуктук камсыздоо
ММУИнин ченемдик укуктук жана ченемдик-техникалык камсыздоо системасы аны түзүүнүн, өнүктүрүүнүн жана иштетүүнүн негизги звеносу болуп саналат.
ММУИнин ченемдик-техникалык камсыздоо системасынын негизги багытталышы - мейкиндик маалыматтарынын интероперабелдүүлүгүнө жетишүү, башкача айтканда, маалыматтык, программалык жана аппараттык ресурстардын, аларды бирдиктүү бөлүштүрүлгөн системанын алкагында биргелешип пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кармап туруу касиеттерине жетишүү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү Кыргыз Республикасында мейкиндик маалыматтарынын инфратүзүмүн түзүүнү аныктоочу фактору болуп саналат жана төмөнкүлөрдү карайт:
- мейкиндик маалыматтарын пайдалануу боюнча ченемдик укуктук документтерди иштеп чыгууну жана мейкиндик маалыматтар базаларын жүргүзүү боюнча сунуштарды даярдоо жана аларды мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алууну;
- ММУИнин уюштуруу моделин укуктук жактан камсыз кылууну;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы мейкиндик маалыматтарынын өндүрүүчүлөрү, керектөөчүлөрү, ээлери менен ММУИ операторунун маалыматтык өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдатууну;
- базалык мейкиндик маалыматтарын жана метамаалыматтарды түзүү жана берүү, ошондой эле ушул маалыматтардын базаларын жүргүзүү жөнүндө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын мыйзамдуу түрдө бекитүү;
- базалык мейкиндик маалыматтарын түзүү, сапатын баалоо, сактоо, берүү жана пайдалануу жаатында стандарттарды иштеп чыгуу, ошондой эле ушул маалыматтардын базаларын жүргүзүү;
- ММУИ колдонуучуларына маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү шарттарын мыйзамда белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана бекитүү.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана эл аралык стандарттар ченемдик укуктук жана ченемдик-техникалык документтер системасын түзүүнүн негизи болуп саналат.
Маалыматтык ресурстар:
ММУИ мейкиндик маалыматтарын өндүрүү, иштетүү, сактоо, жайылтуу, интеграциялоо жана пайдалануу үчүн зарыл болгон технологияларды, илимий-техникалык саясатты, уюштуруучулук камсыздоону, адамдык жана башка ресурстарды бириктирет. ММУИ үч керектүү компонентти камтыйт: базалык мейкиндик маалыматтарын; тематикалык (базалык эмес) мейкиндик маалыматтарын; метамаалыматтардын базаларын жана маалыматтарга жетүү механизмин.
1. Базалык мейкиндик маалыматтар.
Базалык мейкиндик объекттерин санариптик түрдө сүрөттөгөн базалык мейкиндик маалыматтары координаттык сыпаттамадан, объекттин аталышынан, анын дарегинен жана башка маалыматтардан турат.
Базалык мейкиндик маалыматтар жана объекттер мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген башка маалыматтарды камтыбайт.
Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларын кабыл алуу жолу менен базалык мейкиндик маалыматтарынын курамын түзүү сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфратүзүмүнүн базалык мейкиндик маалыматтарынын курамына төмөнкүдөй мейкиндик маалыматтарынын түрлөрү кирет:
а) Кыргыз Республикасынын аймагына жердин санарип моделдери (санариптик ортофотосүрөттөр, рельефтин санариптик моделдери жана санариптик топографиялык карталар);
б) Кыргыз Республикасынын аймагында аэро жана космостук сүрөттөрдүн баштапкы жана ортотрансформацияланган маалыматтары, бирдей координаттык байланыштыруу менен жерди аралыктан зонддоонун башка маалыматтары;
в) Кыргыз Республикасынын аймагындагы бирдиктүү даректик система (Даректик реестр);
г) мейкиндик маалыматтарын бирдей коддоо үчүн, ошондой эле мейкиндик объекттерин сүрөттөөнүн унификацияланган, ийкемдүү жана көп максаттуу системасын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалымдамалар жана классификаторлор;
д) мамлекеттик жана муниципалдык маалыматтык-эсепке алуу ресурстарын интеграциялоого багытталган жана мейкиндик объекттери жөнүндө маалыматтарды камтыган базалык мейкиндик объекттеринин каталогу.
2. Тематикалык (базалык эмес) мейкиндик маалыматтары.
Жалпы пайдалануу үчүн тематикалык маалыматтарды берүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим тиешелүү маалыматтык ресурстардын укук ээси тарабынан кабыл алынат. Тематикалык маалыматтарды жарыялоого жана жайылтууга байланыштуу бардык юридикалык, финансылык жана саясий-административдик маселелер тематикалык маалыматтарды актуалдаштырууга жана коштоого коюлган талаптардай эле жарыялоочу тарап өз алдынча чечет. Каталогдоштуруу, сапатты шайкеш баалоо жана тематикалык маалыматтарды издөө, эгерде алар метамаалыматтар, инфратүзүм менен зарыл көлөмдө документтелбесе, кепилденбейт.
3. Метамаалыматтар базалары жана маалыматка жетүү механизми.
Мейкиндик маалыматтарын издөө жана ага жетүү метамаалыматтарды колдонуу аркылуу жүргүзүлүшү керек. Метамаалыматтарды түзүү жана жаңыртуу бардык маалыматтык ресурстарды өндүрүүчүлөр үчүн милдеттүү болуп саналат. ММУИ маалыматтык ресурстардын метамаалыматтарынын түзүмү жана курамы бекитилген мамлекеттик стандарттарга шайкеш келет.
Мында базалык мейкиндик маалыматтары төмөнкүдөй болушу болжолдонууда:
- мейкиндик маалыматтарын түзүүгө катышкан бардык мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар тарабынан колдонуу үчүн милдеттүү;
- ачык, жеткиликтүү мамлекеттик маалыматтык ресурс болуп саналат жана керектөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет;
- техникалык регламенттерге жана стандарттарга ылайык түзүлөт.
Базалык мейкиндик маалыматтарын түзүү аларды тиешелүү жер жөнүндө базалык маалымат катары пайдаланууга өтүүнү ырааттуу камсыз кылышы керек.
Мейкиндик маалыматтарына натыйжалуу жетүүнү уюштуруу метамаалыматтарда камтылган маалыматтарды пайдалануу жолу менен жүзөгө ашырылат, аларды пайдалануу акысыз негизде жүргүзүлөт деп болжолдонууда.
Метамаалыматтар мейкиндик маалыматтарынын издөөгө, сапатын, жарактуулугун жана иштетүү мүмкүнчүлүгүн баалоого арналган.
Ар кандай юридикалык жана жеке жактар мейкиндик маалыматтарын белгиленген тартипте түзө алат, мында метамаалыматтарды түзүү ушул продукцияны рынокто сунуштоонун түрткү берүүчү фактору болуп саналат.
Базалык мейкиндик маалыматтарынын метамаалыматтарын өндүрүү мейкиндик маалыматтарын өндүрүүчүлөр үчүн милдеттүү болот деп болжолдонууда.
Технологиялар жана техникалык каражаттар
Ушул Программаны ишке ашыруу маалыматтар базасын башкаруу системасын, ГМС жана телекоммуникация каражаттарын колдонуу менен базалык мейкиндик маалыматтарын жана метамаалыматтарды сактоонун, актуалдаштыруунун жана берүүнүн колдонуудагы жана келечектүү методдоруна негизделген типтүү технологияларды пайдаланууну карайт.
ММУИ Кыргыз Республикасынын геомаалыматтык-телекоммуникациялык мейкиндигинин стандарттарын активдүү пайдаланууга багытталган: биргелешип пайдалануу тармактарына (интернет) туташуунун стандарттуу аппараттык каражаттарын.
ММУИнин технологиялык түзүмүн айрым мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ММУИ түйүндөрүн көрсөткөн уюмдардын маалымат базаларынан турган мейкиндик маалыматтарынын бөлүштүрүлгөн базасынын негизинде курулушу керек. Мамлекеттик мекемелерде же мамлекеттик үлүшү бар уюмдарда түзүлгөн бардык ММУИ түйүндөрү стандарттарды жана регламенттерди колдонушу керек.
ММУИнин маалыматтык коопсуздугун маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана коопсуздугун камсыз кылууга талаптарды коюучу ченемдик укуктук актыларга, мамлекеттик жана эл аралык стандарттарга ылайык жүзөгө ашырылышы керек.
Министрликтердин жана ведомстволордун маалыматтарын иштеп чыгууну жөнгө салуучу техникалык коопсуздук чаралары жана уюштуруу чаралары боюнча кепилдиктерди камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- ММУИ маалыматтарын иштетүү системасынын колдонуучуларына алардын деңгээлине жараша жетүүсүн жана мейкиндик маалыматтарынын конкреттүү базаларына кирүүгө уруксатты камсыз кылуу;
- ММУИ иштетүүдө жана сактоодо алынган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу;
ММУИнин иштешин технологиялык жана программалык-техникалык камсыздоого негизги талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
- сервердик маалыматтык-коммуникациялык аппаратуранын ишенимдүү үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
- колдо болгон каражаттарды максималдуу пайдалануу жана аларды адаптациялоого коюлган талаптарды керектүү минимумга чейин азайтуу;
- маалыматтардын сакталышын жана бүтүндүгүн камсыз кылуу, маалыматтарды коргоо боюнча иш-чаралардын комплексин жана аларды мезгил-мезгили менен резервдик көчүрмөлөө, анын ичинде купуя маалыматты коргоо боюнча штаттык чаралар;
- ММУИнин ишин ачык (жашыруун эмес) маалыматтар менен гана жүргүзүү (мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтар менен иштөө кирбейт);
- мейкиндик маалыматтарын алмашуунун жалпыга таанылган эл аралык стандарттарын жана сертификациялоону колдоо.
ММУИнин функциялык архитектурасы төмөнкү негизги блоктор менен аныкталат:
1) Кыргыз Республикасынын геомаалыматтык порталы;
2) растрдык сүрөттөр банкы;
3) GNSS негизинде жогорку тактыкта позициялоо системасы;
4) мейкиндик маалыматтарынын мамлекеттик, тармактык жана муниципалдык системалары;
5) даректик система;
6) географиялык аталыштар боюнча банк;
7) метамаалыматтар банкы.
ММУИнин эң маанилүү система түзүүчү сервиси (же сервистердин комплекси) Кыргыз Республикасынын геомаалымат порталы (мындан ары - Геопортал) болот.
Геопорталды кызыкдар колдонуучуларга мейкиндик маалыматтарынын маалыматтык ресурстарын Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин корпоративдик маалыматтык-телекоммуникациялык тармагы жана Интернет тармагы аркылуу колдонуу мүмкүндүгүн берүүчү картографиялык онлайн-сервистердин комплекси катары кароо керек. Геопорталдын маалыматтык ресурстары "Түндүк" маалымат алмашуу системасын андан ары киргизүү мүмкүндүгү менен түзүлөт.
Геопорталдын мазмунунун негизин метамаалыматтар каталогдорунда чогултулган метамаалыматтар (геометамаалыматтар); Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы геомейкиндик маалыматын издөө жана аны колдонуу мүмкүндүгү үчүн колдонулуучу веб-портал жана алар менен байланышкан сервистер (визуалдаштыруу, редакциялоо, талдоо ж.б.).
Геопортал министрликтердин жана ведомстволордун тармактык милдеттеринин кеңири комплексин чечүүгө, Кыргыз Республикасынын экономикалык ишинин негизги багыттарын маалыматтык камсыз кылууга, жашоо сапаты жана айлана-чөйрөнүн абалы көйгөйлөрү боюнча коомдук жеткиликтүү коммуникативдик чөйрөнү түзүүгө багытталган.
Мейкиндик маалыматтарынын республикалык системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук түрдө көрсөтүү болуп саналат.
Геопортал географиялык маалыматтык системанын маанилүү жана натыйжалуу каражаты жана мейкиндик маалыматтарынын инфратүзүмүнүн негизги элементи; "бирдиктүү терезе" принцибине дал келген бирдиктүү маалыматтар болуп саналат.
Геопорталдын негизги функциялары:
1) ММУИдеги жеткиликтүү web-ресурстар жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу: издөө, визуалдаштыруу, алмашуу, жарыялоо, маалыматтарды талдоо каражаттары;
2) алынган тармактык суроо-талапка ылайык ГМС бардык болгон ресурстарын колдонуу мүмкүндүгүн берүү;
3) алынган тармактык сурамга ылайык маалыматтарды сактоонун бөлүштүрүлгөн системаларына, алынган тармактык суроо-талапка ылайык аларды иштеп чыгуу сервистерине кайрылуулардын зарыл болгон ырааттуулугун уюштуруу жана белгиленген дарек боюнча күтүлүүчү натыйжаларды камсыз кылуу.
VII. Күтүлүүчү натыйжалар
Бул Программаны ишке ашыруунун натыйжасы болуп ММУИ түзүү болуп саналат, ал төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
1) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдары жана калкы тарабынан түзүлгөн жана долбоорлонгон мейкиндик маалымат системаларын колдонуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу;
2) мейкиндик маалыматтарын, комплекстүү мейкиндик талдоосунун технологияларын жана инструменттерин колдонуу менен мамлекеттик милдеттерди маалыматтык камсыздоонун оперативдүүлүгүнүн, толуктугунун жана сапатынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган башкаруучулук чечимдердин натыйжалуулугун жогорулатуу;
3) ведомстволор аралык деңгээлде мейкиндик маалыматтарын алуу (чогултуу) жана ведомстволор аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү процесстеринин кайталануусун четтетүү;
4) мейкиндик маалыматтарын колдонуу менен көрсөтүлүүчү кызматтарды өнүктүрүү;
5) Геопорталды түзүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн да, уюмдар жана калк үчүн да мейкиндик маалыматтарын колдонуу менен сервистер жана кызматтар үчүн бирдиктүү "платформаны" камсыз кылуу;
6) так геодезиялык өлчөөлөрдү аткарууну камсыз кылган референцтик станцияларынын тармагын түзүүнүн натыйжасында мейкиндиктик маалыматтарды чогултууга чыгымдарды азайтуу, тактыгына мониторинг жүргүзүү жана аларды бирдиктүү маалымат комплексине бириктирүү;
7) мейкиндик маалыматтар базасын киргизүүнү камтыган стратегиялык мамлекеттик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында актуалдуу жана жеткиликтүү мейкиндик маалыматтарынын болушун камсыз кылуу;
8) төмөнкүлөрдүн эсебинен картографиялык материалдарды жаңылоого багытталган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарын кыйла натыйжалуу пайдалануу:
а) мейкиндик маалыматтар базасын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана жеке жактардын эсебинен жүргүзүлгөн өлчөөлөрдүн натыйжаларын актуалдаштыруу;
б) ар кандай деңгээлдеги базалык мейкиндик маалыматтарын генерализациялоо технологиялары;
в) "маалыматтар бир жолу түзүлөт - бардыгы колдонот" принциби боюнча тармакта берилген маалыматтын синхрондоштурулушун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү метамаалыматтарды интеграциялоонун технологиялары жана каражаттары;
г) керектүү маалыматтарды издөөгө жана аларды бирдиктүү координаттык-объекттик негизге, бирдиктүү форматтарга жана алмашуу регламенттерине алып келүү менен байланышкан мейкиндик маалыматтарын конвертациялоонун эсебинен маалыматтык алмашуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
9) Кыргыз Республикасынын аймагында мейкиндик маалыматтарын түзүүгө, берүүгө жана колдонууга байланышкан, анын ичинде заманбап интернет-технологияларды, ГЛОНАСС/GPS глобалдык спутниктик позиционирлөөнүн системаларын (мобилдик байланыш системаларынын баштапкы маалыматтарын, спутниктик навигацияны колдонуу/берүү менен позициялык-базаланган сервистерди түзүү жана активдүү колдонуу) колдонуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштык рыногун өнүктүрүү (мейкиндик маалыматтарын колдонуу/берүү менен ар кандай интернет-сервистерди түзүү жана активдүү пайдалануу);
10) мейкиндик маалыматтарынын негизинде аймактарды башкаруунун комплекстүү инструменттеринин болушунун, аймактык пландоо жана мейкиндиктик талдоо үчүн актуалдуу маалыматтардын болушунун натыйжасында Кыргыз Республикасында инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу.
VIII. Программаны ишке ашыруу жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди баалоо жана аларды башкаруу
ММУИ өнүктүрүүнүн алкагында мамлекеттик маалыматтык ресурстар, мамлекеттик маалымат базалары, Геопортал жана башка маалыматтык ресурстар менен өз ара шайкештик жана деңгээлдер аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү жана алмашуу принциптеринин сакталышын жөнгө салуу болжолдонууда.
Жалпысынан Программаны ишке ашырууну үч этапта жүргүзүү болжолдонууда:
- биринчи этап - даярдоо-уюштуруу (2022-ж.);
- экинчи этап - инфратүзүмгө чейинки (2022-2023-ж.);
- үчүнчү этап - эксплуатациялык (2024-ж.).
Иш-чарада каралган каржылоонун көлөмдөрү жана булактары, иш-чаранын максаттары жана милдеттери, иш-чараны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар, анын ичинде максаттуу көрсөткүчтөрдүн маанилери, ишке ашыруунун пландалган мөөнөттөрү жана этаптары, донордук каражаттарды тартуу менен жооптуу аткаруучулар жөнүндө маалыматтар камтылат.
Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
ММУИ ишке ашыруу максатында:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- ММУИ жаатындагы мамлекеттик саясатты илгерилетүүнү;
- ММУИ байланыштуу улуттук программаларды, концепцияларды жана стратегияларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну;
- ММУИ жаатындагы мыйзам жана ченемдик актыларды иштеп чыгууну жана аткарууну;
- ММУИ байланыштуу ченемдердин сакталышына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү уюштурууну;
- ММУИ геопорталын түзүүнү жана анын иштөөсүн;
- ММУИ жаатындагы субъекттердин компетенцияларын аныктоону;
- ведомстволор аралык жумушчу комиссияны түзүүнү жана бекитүүнү, анын функциялары ММУИни түзүү жана өнүктүрүү боюнча ишти пландоо, уюштуруу болот.
2) координациялоочу орган төмөнкү милдеттерди аткарат:
- ММУИ жаатындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- ММУИ ишке киргизүү боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө сунуштайт;
- ММУИ жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке киргизет жапа мониторинг жүргүзөт;
- ММУИ боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишин камсыз кылат;
ММУИ геопорталын, коомдук кадастрдык картаны жүргүзүүнү камсыз кылат;
- тармактык компетенцияларга ылайык ММУИ өнүктүрүүнү жана актуалдаштырууну камсыз кылат;
- ММУИ ишке киргизүү боюнча Иш-чаралар планын аткаруу үчүн адистердин тобун түзөт.
3) ММУИ ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдар төмөнкүдөй милдеттерди аткарат:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде ММУИ жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;
- ММУИ менен байланышкан маселелер боюнча кызматташат жана өз ара аракеттенет;
- мейкиндик маалыматтарынын топтомдорун жана сервистерин колдонуу мүмкүндүгүн камсыз кылат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде ушул программага ылайык метамаалыматтар жана мейкиндиктик маалыматтарынын топтому түрүндө өзүнүн салымын кошот;
- ММУИ менен байланышкан маселелер боюнча кызматташат жана өз ара аракеттенет;
- ММУИ жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат.
ММУИ түзүүдө жана өнүктүрүүдө коюлган максаттарга жетүү үчүн каржылоонун төмөнкү принциптерин колдонуу болжолдонот:
- ММУИ түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн биринчи этабында каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын, ошондой эле донордук каражаттарды тартуунун эсебинен жүзөгө ашырылат;
- мейкиндик маалыматтарынын жана геомаалыматтык кызматтардын рыногунүн өнүгүшүнө жараша мамлекеттик каржылоону акыркы жөнгө салуучу функциялар сакталган учурда бизнес менен мамлекеттин ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүккө алмаштыруу болжолдонууда;
ММУИ түзүү жана өнүктүрүү үчүн белгиленген тартипте мейкиндик маалыматтарын, продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана пайдалануу боюнча иш-чараларды камтыган мамлекеттик жана башка максаттуу программалардын жана долбоорлордун алкагында каралган республикалык бюджеттин каражаттары пайдаланылат.
Ушул Программаны ишке ашыруу төмөнкү тобокелдиктерди татаалдаштырышы мүмкүн:
- аткаруу бийлигинин органдарынын уюштуруудагы жана ишиндеги өзгөрүүлөргө ушул Программаны ишке ашырууну караган иш-чаралардын жетишсиз ийкемдүүлүгү жана адаптация болуу коркунучу. Бул тобокелдикти минималдаштыруу максатында иш-чаралардын курамына ушул Программаны ишке ашыруунун пландалган натыйжаларына жетүүнү контролдоо боюнча иш-чараларды киргизүү, аткарылган иштердин мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алардын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу жаатындагы негизги муктаждыктарына шайкештиги жөнүндө маалыматтарды алууну камсыз кылган кайтарым байланыш системасын уюштуруу болжолдонууда.
- ушул Программанын геомаалыматтык технологияларды өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тенденцияларынын өзгөрүшүнө жетишсиз ийкемдүүлүгү жана начар адаптацияланышы. Бул тобокелдик азыркы учурда дээрлик минималдуу болуп саналат, анткени бул Программа дүйнөлүк практикада мейкиндик маалыматтарын өндүрүү жана пайдалануу стандарттары болуп калган мейкиндик маалыматтарынын технологияларын ишке ашырууга багытталган;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ММУИге болгон кызыгуусунун төмөндүгү. Бул тобокелдикти минималдаштыруу максатында айрым иш-чараларды аткаруунун алкагында мейкиндиктик маалыматтарынын технологияларына чыгымдарды пландоо жана мейкиндик маалыматтары жаатындагы программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууну оперативдүү координациялоо үчүн кызыкдар ведомстволордун катышуусу менен биргелешкен жумушчу топторду түзүү болжолдонууда.
IX. Уюштуруу түзүмү, Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана контролдоо
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ММУИ түзүү жана өнүктүрүү боюнча ишин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлөт, анын функциялары ММУИни түзүү жана өнүктүрүү боюнча ишти пландаштыруу, уюштуруу болот.
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишин камсыз кылуу боюнча жооптуу координациялоочу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы аныкталат.
Мындан ары социалдык-экономикалык жана маалыматтык даярдыкка жараша ММУИнин уюштуруу түзүмүнө Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган уюмдар кирет, аларга ММУИ геопорталдарынын, ошондой эле башка маалыматтык ресурстардын материалдарын жана маалыматтарын тийиштүү колдонуу мүмкүндүгү берилет, бул Кыргыз Республикасында базалык мейкиндик маалыматтарынын бирдиктүүлүгүн камсыз кылат.
Чаралардын/иш-аракеттердин жылдык пландарына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлору сапаттык жана сандык мүнөзгө ээ болот.
Мониторинг жүргүзүү процессине жарандык коомдун өкүлдөрү активдүү катышат.