Загрузка документа…
|
| |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 29 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 616 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин каттоо жана эсепке алуу мамлекеттик китеби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын казыналык милдеттенмелерин каттоо жана эсепке алуу мамлекеттик китебин жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын казыналык милдеттенмелерин каттоо жана эсепке алуу мамлекеттик китеби (мындан ары - Мамлекеттик китеп) расмий мамлекеттик документ болуп саналат.
3. Мамлекеттик китепте казыналык милдеттенмелердин ээсинин акчалай талабы катталат.
2. Мамлекеттик китепти жүргүзүү
4. Мамлекеттик китепти сактоо жана жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган/ыйгарым укуктуу орган) тарабынан кагаз жүзүндө жүргүзүлөт.
5. Казыналык милдеттенмелердин ар бир чыгарылышында Мамлекеттик китептин жаңы барагы ачылат.
6. Мамлекеттик китептин ар бир барагына Кыргыз Республикасынын финансы министри кол коёт.
7. Ар бир акчалай талап өзүнчө баракка жазылат, анда кармоочунун аты же аталышы, талаптын суммасы, купондук төлөмдөрдүн жана милдеттенмелерди төлөөнүн күнү жана мөөнөттөрү көрсөтүлөт. Жазуу казыналык милдеттенмени кармоочунун колу жана гербдүү мөөрү менен бекемделиши керек.
8. Ар бир жазууга милдеттенменин номеринен жана милдеттенменин чыгаруу сериясынын номеринен турган уникалдуу номер берилет.
9. Мамлекеттик китепке жазуулар баалуу кагаздарды кармоочунун ким экендигин ырастаган документтерди көрсөтүү менен киргизилет.
10. Мамлекеттик китептеги жазууларга банк мекемелериндеги салымдарга эквиваленттүү болгон салым сыры жайылтылат.
11. Баалуу кагаздарга ээлик кылуу укугун өткөрүп берүүнү камтыган сатып алуу-сатуу операциялары жана башка операциялар Мамлекеттик китепте (актынын негизинде) катталууга жана казыналык милдеттенмелердин акыркы кармоочусунун мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
3. Казыналык милдеттенмелерди төлөөнү каттоо
12. Купондук төлөмдөрдү төлөө жана казыналык милдеттенмелерди төлөө казыналык милдеттенмелерди чыгаруунун жана төлөөнүн шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.
13. Мамлекеттик китепте катталбаган милдеттенмелер төлөнбөйт.
14. Купондук төлөмдөрдү төлөөдө жана казыналык милдеттенмелерди төлөөдө ыйгарым укуктуу орган купондук төлөмдөр жана төлөөлөр жөнүндө тапшырма даярдайт жана аны Борбордук казыналыкка өткөрүп берет. Борбордук казыналык салыштырып текшерүүнү жүргүзөт жана маалыматтар туура келгенде алынган тапшырманын негизинде бирдиктүү казыналык эсептен казыналык милдеттенмелерди кармоочунун эсебине акча каражаттарын которууну жүзөгө ашырат.
15. Казыналык милдеттенмени төлөөдө ал акт боюнча ыйгарым укуктуу органга өткөрүлүп берилет жана кармоочунун акчалай талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын финансы министринин тиешелүү жазуусу жана колу менен жокко чыгарылат.
16. Мамлекеттик китептеги жазууларды сактоо казыналык милдеттенмелерди төлөөдөн кийин 3 (үч) жылдын ичинде жүзөгө ашырылат.