Загрузка документа…
|
| |
| КҮЧҮН ЖОГОТТУ |
3-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы N 237, 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартибин жөнгө салат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо үчүн казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Казыналык милдеттенмелер түрүндө жоюлууга тийиш болгон кредитордук карыздардын суммасынын минималдуу чеги 500000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө, ал эми курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттери - 3000000 (үч миллион) сом өлчөмүндө белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул Жобо атайын эсептердин каражаттары жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кошпогондо, бюджеттик каражаттар бөлүгүндө гана мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо маселелерин жөнгө салат жана республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик органдар жана мекемелер кредиторлору болгон мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарына жайылтылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик органдардын кредитордук карыздары жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоонун зарылдыгы жөнүндө маалыматтарды чогултуу
5. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн алдында кредитордук карыздары бар, ошондой эле курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттери бар мамлекеттик орган (мындан ары - мамлекеттик орган) ушул Жобонун 3-пунктунда белгиленген минималдуу чектин өлчөмүнөн ашкан кредитордук карыздар жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттери жөнүндө, анын ичинде бул мамлекеттик органдын карамагында турган ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр боюнча маалыматтарды чогултууну жана иштеп чыгууну жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Маалыматтарды чогултуунун жана иштеп чыгуунун натыйжалары боюнча кредиторлор боюнча кредитордук карыздын көлөмү, кредитордук карыздын суммасы жана негиздүүлүгү жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоонун зарыл суммасы белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Мамлекеттик орган карыздарды жөнгө салуу жөнүндө маселени кредиторлор, ошондой эле подрядчылар менен казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоону макулдашат жана макулдашууга жетишкенде карыздарды которуу жана казыналык милдеттенмелерди чыгаруу аркылуу курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо жөнүндө макулдашууну түзүү тууралуу кредиторлорго жана подрядчыларга жазуу жүзүндө билдирүү жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Карыздарды которуу жөнүндө макулдашууну түзүүгө кредитордун жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон учурда мамлекеттик орган ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча реестр түзөт жана буйрук менен бекитет, ошондой эле казыналык милдеттенмелерди чыгаруу аркылуу курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоого подрядчынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон учурда мамлекеттик орган ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча реестр түзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы N 237, 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Мамлекеттик орган кредиторлордун жана подрядчылардын реестрин милдеттүү түрдө ырастоочу документтерди тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы N 237 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кредитордук карыздардын келип чыгышы жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо зарылдыгы жөнүндө ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) товарларды жеткирүүгө (жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө) түзүлгөн келишимдин жана/же милдеттенменин пайда болушуна негиз болгон башка документтин көчүрмөсү;
2) кредитор менен салыштыруу актыларынын көчүрмөлөрү;
3) талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзүүгө кредитордун жазуу жүзүндөгү макулдугунун көчүрмөсү;
4) казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объектин каржылоо жөнүндө макулдашууну түзүүгө подрядчынын жазуу жүзүндөгү макулдугунун көчүрмөсү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Мамлекеттик органдын жетекчиси кредитордук карыздардын болушуна жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттери боюнча маалыматка жана ушул Жобонун 9 жана 10-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтардын тактыгына жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн бардык ырастоочу документтер болгон учурда реестрди аткарууга кабыл алат жана буйрук менен бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы N 237 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекитилген реестрдин жана ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн ырастоочу документтердин негизинде белгиленген тартипте:
1) кредитор жана мамлекеттик орган менен карыздарды которуу жөнүндө макулдашууга кол коёт жана казыналык милдеттенмелерди чыгаруу аркылуу курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объектин каржылоо жөнүндө подрядчы жана мамлекеттик орган менен макулдашууга кол коёт;
2) ушул Жобонун 3 жана 4-тиркемелерине ылайык форма боюнча кредитор жана подрядчы менен (купондук төлөмдөрдүн жана казыналык милдеттенмелерди номиналдык наркы боюнча милдеттүү сатып алуунун шарттарын көрсөтүү менен) карыздык макулдашууга кол коёт;
3) казыналык милдеттенмелердин эмиссиясын жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Мамлекеттик орган карыздарды которуу жөнүндө кол коюлган келишимдин негизинде кредитордук карыздарды төмөнкү бухгалтердик жазуу аркылуу келишимде көрсөтүлгөн суммага азайтат:
Дебет 33 000 000 "Милдеттенмелердин тиешелүү эсеби";
Кредит 41 111 100 "Финансылык натыйжа".
Мамлекеттик орган келишимде көрсөтүлгөн суммага казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо жөнүндө кол коюлган макулдашуунун негизинде төмөнкү бухгалтердик жазууларды жүргүзөт:
Дебет 32 174 300 "Аванс менен төлөнгөн негизги фонддор";
Кредит 41 111 100 "Финансылык натыйжа".
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Мамлекеттик органдын бухгалтердик кызматы ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык реестрге киргизилген ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан 14-пункттун аткарылышын контролдоону жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырат.
16. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул Жобонун 13-пунктунун негизинде казыналык милдеттенмелер боюнча карызды карыздык макулдашууда көрсөтүлгөн суммага көбөйтүүнү төмөнкү бухгалтердик жазуу аркылуу жүргүзөт:
Дебет 41 111 100 "Финансылык натыйжа";
Кредит 33 000 000 "Баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелердин тиешелүү эсеби".
3. Казыналык милдеттенмелерди жайгаштыруу, конвертациялоо жана төлөө
17. Кредитор, подрядчы жана коммерциялык банктар баалуу кагаздар рыногу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алынуучу казыналык милдеттенмелерди экинчи рынокто жайгаштырууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы N 237 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Мамлекеттин 100 пайыз үлүшү бар коммерциялык банктарга экинчилик рынокто сатып алууга төмөнкүлөр сунушталат:
1) казыналык милдеттенмелерди сатып алуу учуруна карата белгиленген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу ставкасынын өлчөмүндө дисконту менен ээлери кредиторлор болуп саналган казыналык милдеттенмелерди;
2) мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарын жана чектөөлөрүн жана банктын белгиленген ички лимиттерин сактоо менен номиналдык наркы боюнча ээлери подрядчылар болуп саналган казыналык милдеттенмелерди. Мында курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоого казыналык милдеттенмелердин номиналдык наркына барабар болгон сумма ошол коммерциялык банкта пайыздарды кошуп эсептөө менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өзүнчө депозиттик эсебине жайгаштырылат.
Жогоруда аталган шарттар коммерциялык банктарга да жайылтылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Коммерциялык банктардын курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоосу мамлекеттик орган тарабынан берилген салыштырып текшерүү актысынын жана № 3 форма боюнча маалымкаттардын негизинде даярдалган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген төлөм тапшырмасынын негизинде жүзөгө ашырылат. Мында салыштырып текшерүү актысында жана № 3 форма боюнча маалымкаттарда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик мамлекеттик органдын жетекчисине жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жыл сайын республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда купондук төлөмдөрдү төлөө жана казыналык милдеттенмелер боюнча карыздарды төлөө үчүн каражаттар каралат.
21. Карыздык макулдашуулардын шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги купондук төлөмдөрдү төлөөнү жана казыналык милдеттенмелер боюнча карыздарды төлөөнү жүргүзөт.
22. Коммерциялык банктарда өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу боюнча финансылык кыйынчылыктар келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик мыйзамдарда белгиленген жол-жоболорго ылайык казыналык милдеттенмелер боюнча өз милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда төлөйт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы N 237 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Форма |
| Буйрук менен бекитилген |
|
| ____________________________________________ (маморгандын аталышы) |
|
| 20___-ж. "___" ___________ № _____ |
РЕЕСТР кредиторлордун ________________________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы) _________________________ карата (дата)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Жеткирүүчүнүн/кредитордун аталышы | Жеткирүүчүнүн ИСН | Келишимдин № жана датасы | Келишимдин суммасы | анын ичинде: | Бардыгы төлөнүүгө тийиш | анын ичинде: | Эскертүү | |
жеткирилген товардын (аткарылган жумуштун, көрсөтүлгөн кызматтын) наркы | төлөнгөн | кредитордук карыздар | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма |
| Буйрук менен бекитилген |
|
| ____________________________________________ (маморгандын аталышы) |
|
| 20___-ж. "___" ____________ № _____ |
РЕЕСТР подрядчылардын ______________________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы) ___________________________ карата (дата)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Жеткирүүчүнүн/подрядчынын аталышы | Жеткирүүчүнүн/подрядчынын ИСН | Келишимдин № жана датасы | Келишимдин суммасы | Каржыланган сумма | Каржылоонун калдыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Форма
КАРЫЗДЫК МАКУЛДАШУУ № ______
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы N 237, 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек ш.
202__-жылдын "___" _______________
Ушул Карыздык макулдашуу мындан ары биргеликте "Тараптар" деп аталган, бир жагынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан _______________________ (мындан ары - Эмитент) жана экинчи жагынан _____________________ (мындан ары - Ээлик кылуучу) ортосунда түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 202__-ж. "___" _____________ № _______ тескемесине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Ээлик кылуучунун ортосунда түзүлгөн Карызды которуу жөнүндө макулдашууга ылайык Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө ушул Карыздык макулдашууну түзүштү.
1. Предмети
1.1. Казыналык милдеттенмени чыгаруу жолу менен Ээлик кылуучунун алдындагы __________________ өлчөмүндөгү карызды Эмитенттин төлөөсү ушул Карыздык макулдашуунун предмети болуп саналат.
1.2. Эмитент Ээлик кылуучуга ушул Карыздык макулдашуунун 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн суммага казыналык милдеттенмени (реквизиттерди көрсөтүү) (мындан ары - казыналык милдеттенме) 2 жыл ичинде жыл сайын бирдей төлөмдөрдө милдеттүү сатып алуу шарты менен өткөрүп берет.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Ээлик кылуучу ушул Карыздык макулдашууда көрсөтүлгөн карызды төлөөнүн ыкмасына жана мөөнөтүнө макулдук берет.
2.2. Ээлик кылуучу сатып алынуучу казыналык милдеттенмени экинчи рынокто жайгаштырууга жана аны келишимдик нарк боюнча сатууга, аны күрөөгө берүүгө же башка ыкма менен тескөөгө укуктуу.
2.3. Ээлик кылуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана төлөө тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте каттоону жүзөгө ашыруу үчүн казыналык милдеттенмени үчүнчү жактарга ажыратуу жөнүндө Эмитентке кабарлоого милдеттүү.
2.4. Эмитент казыналык милдеттенмени номиналдык наркы боюнча 2 жылдын ичинде ичинде жыл сайын бирдей төлөмдөр менен төмөнкү даталарда кайра сатып алууга милдеттүү:
- биринчи төлөм - _____-ж. ___ ______________ ;
- экинчи төлөм - _____-ж. ___ ______________.
2.5. Эмитент казыналык милдеттенменин Ээлик кылуучусуна анын номиналдык наркын Ээлик кылуучунун республикалык бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздары өз ара чегерилгенден кийин төлөп берет.
2.6. Тараптар ушул Карыздык макулдашуу боюнча өз милдеттенмелеринен бир тараптуу тартипте баш тартууга укуктуу эмес.
3. Корутунду жоболор
3.1. Бул Карыздык макулдашуу Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
3.2. Ушул Карыздык макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө Тараптардын ортосунда келип чыгуучу бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет, ал эми Тараптардын ортосунда макулдашууга жетишилбеген учурда талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.
3.3. Ушул Карыздык макулдашууга ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө таризделген жана Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койгон учурда гана күчүнө кирет.
3.4. Ушул Карыздык макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада, бир нускасы - Ээлик кылуучу үчүн, экөө - Эмитент үчүн түзүлгөн.
4. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары
Эмитент: | Ээлик кылуучу: |
________________________________________________________ (органдын аталышы/аты-жөнү) ________________________________________________________ Дареги: ________________________________________________________ ________________________________________________________ (кызмат орду) ________________________________________________________ (аты-жөнү) | ________________________________________________________ (аталышы/аты-жөнү) ________________________________________________________ Дареги: ________________________________________________________ ОКПО ________________________________________________________ ИСН ________________________________________________________ (паспорттук маалыматтар) ________________________________________________________ (аты-жөнү) ________________________________________________________ (кызмат орду) |
________________________________________________________ М.О. (колу) | ________________________________________________________ М.О. (колу) |
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө жобонун 4-тиркемеси |
Форма
КАРЫЗДЫК МАКУЛДАШУУ № _______
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы N 237, 2023-жылдын 10-октябрындагы N 537 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек ш.
202__-жылдын "___" _______________
Ушул Карыздык макулдашуу мындан ары биргеликте "Тараптар" деп аталган, бир жагынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан ______________________ (мындан ары - Эмитент) жана экинчи жагынан (мындан ары - Ээлик кылуучу) ортосунда түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 202__-ж. "___" ____________ № ______ тескемесине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Ээлик кылуучунун ортосунда түзүлгөн Курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо жөнүндө макулдашууга ылайык Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө ушул Карыздык макулдашууну түзүштү.
1. Предмети
1.1. Казыналык милдеттенмени чыгаруу жолу менен Эмитент тарабынан _____________ суммасында курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объектин ____________________ каржылоо ушул Карыздык макулдашуунун предмети болуп саналат.
1.2. Эмитент Ээлик кылуучуга ушул Карыздык макулдашуунун 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн суммага 13% (он үч пайыздык) купондук ставкадагы казыналык милдеттенмени (реквизиттерди көрсөтүү) (мындан ары - казыналык милдеттенме) 3 жыл ичинде жыл сайын бирдей төлөмдөрдө милдеттүү сатып алуу шарты менен өткөрүп берет.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
2.1. Ээлик кылуучу ушул Карыздык макулдашууда көрсөтүлгөн карызды төлөөнүн ыкмасына жана мөөнөтүнө макулдук берет.
2.2. Ээлик кылуучу сатып алынуучу казыналык милдеттенмени экинчи рынокто жайгаштырууга жана аны келишимдик нарк боюнча сатууга, аны күрөөгө берүүгө же башка ыкма менен тескөөгө, ошондой эле мамлекеттик коммерциялык банктарга номиналдык наркы боюнча сатууга укуктуу.
2.3. Ээлик кылуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана төлөө тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте каттоону жүзөгө ашыруу үчүн казыналык милдеттенмени үчүнчү жактарга ажыратуу жөнүндө Эмитентке кабарлоого милдеттүү.
2.4. Эмитент казыналык милдеттенмени номиналдык наркы боюнча казыналык милдеттемелерди чыгаруу шарттарына ылайык чыгарылган учурдан тартып 3 жылдан кийин кайра сатып алууга милдеттүү.
2.5. Эмитент казыналык милдеттенменин Подрядчысына анын номиналдык наркын Ээлик кылуучунун республикалык бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздары өз ара чегерилгенден кийин, башкача айтканда казыналык милдеттенмелерди төлөө мөөнөтү келгенде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коммерциялык банк тарабынан каржыланган бирдей сумманы төлөп берет.
2.6. Тараптар ушул Карыздык макулдашуу боюнча өз милдеттенмелеринен бир тараптуу тартипте баш тартууга укуктуу эмес.
2. Корутунду жоболор
3.1. Бул Карыздык макулдашуу Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
3.2. Ушул Карыздык макулдашууну аткаруунун жүрүшүндө Тараптардын ортосунда келип чыгуучу бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет, ал эми Тараптардын ортосунда макулдашууга жетишилбеген учурда талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.
3.3. Ушул Карыздык макулдашууга ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө таризделген жана Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койгон учурда гана күчүнө кирет.
3.4. Ушул Карыздык макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада, бир нускасы - Ээлик кылуучу үчүн, экөө - Эмитент үчүн түзүлгөн.
4. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары
Эмитент: | Ээлик кылуучу: |
________________________________________________________ (органдын аталышы/аты-жөнү) ________________________________________________________ Дареги: ________________________________________________________ ________________________________________________________ (кызмат орду) ________________________________________________________ (аты-жөнү)
| ________________________________________________________ (аталышы/аты-жөнү) ________________________________________________________ Дареги: ________________________________________________________ ОКПО ________________________________________________________ ИСН ________________________________________________________ (паспорттук маалыматтар) ________________________________________________________ (аты-жөнү) ________________________________________________________ (кызмат орду) |
________________________________________________________ М.О. (колу) | ________________________________________________________ М.О. (колу) |