Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-январы № 23
Автотранспорт каражатын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын балансында турган, 2001-жылы чыгарылган, кузовунун № АСМ21-0013827, кыймылдаткычынын көлөмү 2360 см3, күмүш түстөгү, "Тойота Ипсум" маркасындагы автомашинаны белгиленген тартипте Нарын облусунун Кочкор районунун Талаа-Булак айыл аймагынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Нарын облусунун Кочкор районунун Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аны жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде күтүүнү камсыз кылуу;
- автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автотранспорт каражаттарын каттоо органдарында кайра каттоодон өткөрүү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики |
А.У. Жапаров |