Сравнение редакций…
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 707 токтомуна) |
2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча ПРОГРАММА
1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
Электрондук коммерция Кыргыз Республикасында жаңыдан гана түптөлө баштады. Акыркы он жылда электрондук соода жана электрондук бизнес чөйрөсүндөгү активдүүлүктүн тездеши байкалууда. Бул сектор азырынча кеңири жайыла элек болсо да, энергияга бай ишкердик базасынын, салыштырмалуу ишенимдүү интернет тармагынын жана санариптик экономикадагы күчтүү мамлекеттик-жеке диалогдун жардамында тездик менен өнүгүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилди, анда башкарууда санариптештирүүнү өнүктүрүү жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүү маселелери чагылдырылды, ага ылайык бизнес-түзүмдөрдү мамлекеттин электрондук башкаруу системасына план ченемдүү жана системалуу кошуу, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү көзөмөлдөөнү автоматташтыруу, салттуу финансылык кызматтарды көрсөтүү үчүн инновациялык чечимдерди (финансылык технологияларды) киргизүү, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын санариптик экономикасы" концепциясын кабыл алуу жана ишке ашыруу максаттары коюлууда.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында санариптик кайра түзүүлөргө жана электрондук соодага артыкчылык берилген жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 2 чечими менен "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясы бекитилген жана электрондук соода секторун өнүктүрүү менен макулдашылган. Жогоруда аталган Концепциянын максаты болуп өнөр жай өндүрүшү, туризм, айыл чарбасы, жеңил өнөр жайы жана курулуш сыяктуу экономиканын салттуу секторлорун кеңири санариптештирүү/санариптик трансформациялоо үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле сатуу рынокторун кеңейтүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууда жеке секторлорго көмөктөшүү саналат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы кабыл алынган, мында электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн экосистеманы түзүү боюнча милдеттерден болуп Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны (мындан ары - Программа) иштеп чыгуу, "Электрондук коммерция паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иштеп чыгуу жана кабыл алуу саналат.
Учурда 510 мамлекеттик кызмат онлайн режиминде көрсөтүлүүдө. Мындай өз ара аракеттенүү ар кандай деңгээлдерде, анын ичинде жогорку деңгээлде, ошондой эле жарандык коом жана жеке сектор арасында санариптик кызматтарды жайылтууну тездетет деп күтүлүүдө.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын санариптик трансформацияга жетишүү боюнча күч-аракеттери регионду жана башка өлкөлөрдү тейлөөчү логистиканын жана санариптик сооданын борбору катары Кыргыз Республикасынын потенциалы менен шартталган ынанымдуу экономикалык негиздемеге ээ.
Кыргыз Республикасы өзүнүн стратегиялык абалына байланыштуу Кытайдын, Россиянын, Казакстандын, Түштүк Азиянын жана Жакынкы Чыгыштын ортосунда коммерциялык ташуулар жана соода үчүн транзиттик зонанын функцияларын аткаруу боюнча олуттуу потенциалга ээ. Муну ырастагандай, акыркы он жылда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана рыноктордун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, ошондой эле соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган бир катар стратегиялар ишке ашырылды.
Заманбап маалыматтык технологияларды бизнесте колдонуу дүйнөлүк экономиканын глобалдык координаттар системасында жаңы багыттарды түзөт. Бүгүнкү күндө бул багыт интернет-экономика деп аталат. Интернет ата мекендик компанияларга дүйнөлүк рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк берет, сатуу каналдарын кеңейтет, жеткирүүчүлөрдү жана сатып алуучуларды бирдиктүү системага бириктирет.
Интернет-бизнестин жүгүртүүсү Франция, Италия, Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ички дүң продукциясы (мындан ары - ИДП) менен салыштырууга мүмкүн болгон олуттуу суммаларды түзөт. Ошондуктан экономиканын бул салыштырмалуу жаңы секторун четке кагууга же анын маанисин төмөндөтүүгө болбойт. Заманбап шарттарда маалыматтык технологияларды колдонбостон ири масштабдуу бизнес жүргүзүү мүмкүн эмес.
Интернет чакан жана орто бизнести илгерилетүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк берет. Албетте Кыргыз Республикасы өнүккөн өлкөлөрдөн интернет-бизнести өнүктүрүүдө жана жайылтууда дагы деле артта калууда, бул биринчи кезекте калктын компьютер менен жетишсиз камсыздалышы менен түшүндүрүлөт. Тар мааниде интернет-экономика "заманбап маалыматтык технологияларды бизнесте колдонуу" дегенди билдирет.
Санариптештирүүнүн башталышы менен маалыматтык экономиканын салмагы тынымсыз өсүүдө жана анын жумуш убактысындагы суммалык чагылдырылган үлүшү экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөр үчүн бүгүнкү күндө 40-60%ды түзөт жана кылымдын аягында ал дагы 10-15%га өсөт деп күтүлүүдө. Интернеттин эбегейсиз потенциалында анын өлкөнүн экономикасына кошкон салымы дагы деле аз.
Интернет-экономиканын үлүшү боюнча Кыргыз Республикасынын ИДПсы азыркы учурда (0,3%) деңгээлде, Россияда жана Испанияда - 2,2% жана Италияда - 1,9%, Улуу Британия - 7,2%, Швеция - 6,6% жана Дания - 5,8% өлкөлөрү лидер болууда.
Жалпысынан Кыргыз Республикасы интернетти колдонуунун интенсивдүүлүгү боюнча өлкөнүн ИДПсында 0,5% үлүшкө ээ. Россия Кытайдан, Индиядан жана Индонезиядан бир кыйла озуп, Словакия, Түркия, Бразилия жана Малайзия сыяктуу өлкөлөр менен бирдей өнүгүүдө. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасы өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн көбүнөн, анын ичинде Борбордук Европа өлкөлөрүнөн: Улуу Британия (7,2%), Швеция (6,6%) жана Даниядан (5,8%) кыйла артта. Бирок экономикалык процесстердин глобалдашуусуна байланыштуу келечекте ИДПда интернет-экономиканын үлүшүнүн өсүшү күтүлүүдө. Анткени бул көрсөткүч жалпы экономиканын өнүгүшүнө да таасирин тийгизет.
Кыргыз Республикасынын ИДПсында интернет-экономиканын үлүшү 0,5%га жакын. Биздин өлкөдө бул сегмент өнүгүү стадиясында турат. Биз Интернетти жаңыдан гана ишкердик ишинде колдонууну үйрөнүп жатабыз. Бул тармак аркылуу жүзөгө ашырылуучу операциялар мамлекеттик органдар тарабынан начар жөнгө салынууда, ошондуктан аларга салык салынбайт. Бирок жакынкы жылдары интернет-экономиканын үлүшү өсөт, анткени интернеттин мааниси жана мүмкүнчүлүктөрү күн сайын жогорулоодо.
"InternetWorldStats.com" эл аралык мониторинг уюмунун маалыматы боюнча Кыргыз Республикасы интернеттин 40% жайылуу деңгээли боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында алдынкы орунда турат, андан кийин Казакстан - 34%, Өзбекстан - 17% ж.б. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында бир нече интернет-кызмат көрсөтүү провайдерлери бар, алардын ичинен көпчүлүк бөлүгү аймактык жактан республиканын борборун гана камтыйт. Негизги провайдерлер болуп "Кыргызтелеком" ААК, "Элкат" жана "Акнет" компаниялары саналат.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 154 "Электрондук соода жөнүндө" Мыйзамы кабыл алынган. Ошондой эле 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Салык кодекси "Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишмердикке салык" деген жаңы глава менен толукталды, анда салыктын ставкасы 2 пайыз өлчөмүндө белгиленген. Электрондук соода чөйрөсүндөгү салык пайдага салыктын, салык салынуучу берүүлөргө кошумча нарк салыгынын, сатуудан салыктын ордуна электрондук соода чөйрөсүндөгү ишмердикке карата салык төлөөнү карайт.
Кыргыз Республикасы эл аралык почта жөнөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдү алуу боюнча эң жеңил чектөөлөргө ээ. Бул биздин өлкөдө электрондук коммерцияны жүгүртүүнүн өсүшү үчүн олуттуу позитивдүү стимулдар бар экенин ырастоого мүмкүндүк берген маанилүү көрсөткүч. Бирок мындай өсүш, баарынан мурда башка өлкөлөрдөн товарларды алымдарды төлөбөстөн импорттоого байланыштуу болушу мүмкүн, бул белгилүү бир деңгээлде ички электрондук коммерцияны жана жалпы экономиканы өнүктүрүү үчүн терс фактор болуп саналат, андан тышкары импорт ар кандай деңгээлдеги бюджеттерге болгон түшүүлөрдү азайтышы мүмкүн.
Электрондук коммерциянын түзүмүндө керектөөчү электроника жана техника (42%), кийим-кече жана бут кийим (13%) жана автотетиктер (10%) менен операциялар үстөмдүк кылат.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасы рынок боюнча мындай маалыматтарды киргизүүгө суроо-талаптын жоктугунан жана электрондук коммерция рыногун кандай параметрлер боюнча баалоонун так аныкталбагандыгынан электрондук коммерциянын көлөмдөрүнүн статистикасын жүргүзбөйт. Башка өлкөлөрдө электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн ийгилигинин негизги баасы өлкөдөгү чекене товар жүгүртүүнүн электрондук коммерция үлүшүнүн көрсөткүчү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча Кыргызстанда дүң жана чекене сооданы жүгүртүүнүн маалыматтары жалпысынан республика боюнча жана облустар боюнча эсепке алынат.
Учурда электрондук коммерция чөйрөсүндө товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн жеткиликтүү ыкмалары болуп накталай акча, банктык которуу, виза эквайринг жана электрондук капчыктар саналат.
Кыргыз Республикасынын экономикасы дагы деле болсо накталай экономика бойдон калууда, ал өлкөнүн акчалай жүгүртүүсүнүн 90%ын түзөт. 2022-жылдын 1-январына карата жүгүртүүдөгү банктык төлөм карталарынын жалпы саны 3757,1 миң картаны түзөт. Алсак 2021-жылдын IV кварталында Бишкек шаары боюнча карталарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн операциялардын жалпы көлөмүнүн үлүшү 55%ды түздү. Эң төмөнкү көрсөткүч Талас облусунда - 2,6%. Тоскоол болуучу факторлордун бири болуп коммерциялык банктардын ички сервистик чектөөлөрү саналат, алар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан катуу жөнгө салынганына шилтеме жасашат. Бардык жаңы банк карталары демейки боюнча онлайн-төлөмдөр үчүн кулпуланган. Онлайн-сатып алуулар үчүн картаны колдонууну баштоо үчүн арыз жазуу жана банкта жеке катышуу керек, бул онлайн-сатып алууларды өнүктүрүү үчүн кошумча тоскоолдук болуп саналат.
Дагы бир тоскоол болуучу факторлордон болуп банктык которуу системасын колдонбостон, юридикалык жактардын ортосунда эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу. Бүгүнкү күндө электрондук коммерциядагы эсептешүүлөрдүн альтернативдүү ыкмалары дүйнөлүк практикада кеңири колдонууда. Юридикалык жактар кош конвертацияны жокко чыгарып, эсептешүү валютасын тандоо мүмкүнчүлүгү бар төлөм карталары менен төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Интернет-эквайринг үчүн комиссиялар бизнестин жүгүртүүсүнө жараша 1,6%дан 4,0%га чейин өзгөрөт, жүгүртүү канчалык чоң болсо, комиссия ошончолук төмөн болот. Жүгүртүүсү анча көп эмес интернет-дүкөндөр үчүн орточо комиссия болжол менен 3%ды түзөт. Жогорку төлөмдөр онлайн-бизнестин толук онлайн-төлөмгө өтүүсүнө түрткү бербейт.
Ишкерлердин интернет аркылуу сатуу (кызмат көрсөтүү) үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн начардыгы, экспортко товар жүгүртүүнү көбөйтүү зарылдыгы, калктын жеткиликтүү баадагы сапаттуу товарларга жетүүсүн чечүүнү жана мамлекеттик кийлигишүүнү талап кылган көйгөй болуп саналат.
2022-жылдын январь-июль айларында дүң жана чекене соода жүгүртүү, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо 381,2 миллиард сом өлчөмүн түздү. 2021-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу дүң жана чекене соода жүгүртүү 7%га өстү. 2022-жылдын июль айында товар жүгүртүүнүн көлөмү 2021-жылдын июль айына салыштырмалуу 46,3%га, ал эми 2022-жылдын мурунку айына салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйдү, бул дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүшү менен шартталган.
Колдонуучуга багытталган ар кандай онлайн-дүкөн же башка веб-ресурс аны аныктоого мүмкүндүк берген маалымат менен кандай болгон учурда да иштейт. Бул логин жана пароль, электрондук почта дареги, колдонуучу веб-сайтка катталып жатканда же заказ берүүдө өзү жөнүндө көрсөткөн башка маалыматтар болушу мүмкүн.
Интернет тармагында орун алган жогорку атаандаштык, ошондой эле колдонуучулардын жайгаштырылган маалыматтын болуп көрбөгөндөй көп түрдүүлүгү менен шартталган көңүл буруусунун тартыштыгында кардар борбордук объектке айланат. Бул учурда кардарлардын маалыматы ар кандай коммерциялык маанилүү максаттарда (мисалы, даректүү жарнама үчүн) колдонула турган маанилүү ресурс деп эсептелет.
Маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча заманбап технологиялар жеке колдонуучунун артыкчылыктары жана учурдагы муктаждыктары, колдонуучулардын жеке мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыган жетиштүү деталдуу профилдерин түзүүгө жана анын финансылык жөндөмдүүлүгү жана төлөө жөндөмдүүлүгү жөнүндө божомолдорду жасоого мүмкүндүк берет. Мындай профайлдарды түзүүдө колдонуучу социалдык тармактарда жайгаштырган маалыматтар, ал жөнүндө анын достору тарабынан мындай тармактарда жайгаштырылган маалыматтар, издөө системаларында алардын сурамдары, кирген сайттары, форумдарда комментарийлери жана Интернет тармагында жасаган ар кандай аракеттери жөнүндө маалыматтар активдүү пайдаланылышы мүмкүн.
Албетте мунун баары электрондук коммерция субъекттери үчүн (ошондой эле аларда мурда болбогон салттуу оффлайн компаниялар үчүн да) колдонуучулардын мониторингин жүргүзүүгө, ошондой эле белгилүү бир кардарга карата коммерциялык жактан маанилүү чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтын жетишсиздигин толтурууга уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Бирок адамдын инсандыгына байланыштуу жана анын жеке мүнөздөмөлөрүн чагылдырган маалыматтарды чогултуу жана андан ары пайдалануу анын жеке чөйрөсүнө кол салуу менен ажырагыс байланышта экендиги да айкын.
Азыркы учурда жеке маалыматтарга, анын ичинде конкреттүү адамдын аты-жөнүн ачык көрсөтпөгөнү менен, бирок аны башка субъекттерден айырмалоого, өзү таандык болгон адамдардын чөйрөсүнөн бөлүп көрсөтүүгө же жок дегенде мындай адамдардын чөйрөсүн тарытууга мүмкүндүк берүүчү анын кандайдыр бир жеке мүнөздөмөлөрүнүн сыпаттамасын камтыган маалыматты да киргизүүгө болот.
Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга коюлуучу негизги талаптар:
1) мындай иштетүү үчүн мыйзамдуу негиздин болушу;
2) мындай иштетүүнүн ак ниеттүү мүнөзү;
3) оператордун милдеттерин аткаруу жана жеке маалыматтарды коргоо үчүн уюштуруу-техникалык чараларды көрүү, анын ичинде аларды иштетүүнүн айрым процесстерин локалдаштырууну талап кылуу;
4) жеке маалыматтарды трансчек аралык өткөрүп берүүгө карата өзгөчө талаптарды сактоо;
5) тийиштүү учурда - жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жөнүндө билдирүүнү ыйгарым укуктуу органга жиберүү.
Жеке маалыматтарды иштетүү төмөнкү принциптерге ылайык жүргүзүлүшү зарыл:
1. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу мыйзамдуу жана адилеттүү негизде ишке ашырылууга тийиш.
2. Жеке маалыматтарды иштетүү конкреттүү, алдын ала аныкталган жана мыйзамдуу максаттарга жетүү менен чектелиши керек. Жеке маалыматтарды чогултуу максаттарына туура келбеген жеке маалыматтарды иштетүүгө жол берилбейт (максаттын спецификация принциби).
3. Өз ара туура келбеген максаттарда иштелип чыккан жеке маалыматтарды камтыган маалыматтар базасын бириктирүүгө жол берилбейт.
4. Иштелип жаткан жеке маалыматтардын мазмуну жана көлөмү белгиленген иштетүү максаттарына ылайык келиши керек. Иштетилүүчү жеке маалыматтар аларды иштетүүнүн белгиленген максаттарына карата ашыкча болбошу керек (маалыматтарды минималдаштыруу принциби).
5. Жеке маалыматтарды иштеп чыгууда жеке маалыматтардын тактыгы, алардын жетиштүүлүгү, ал эми зарыл учурларда жеке маалыматтарды иштетүү максаттарына карата актуалдуулугу камсыз кылынууга тийиш. Оператор толук эмес же так эмес маалыматтарды жок кылуу же тактоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө же болбосо алардын кабыл алынышын камсыз кылууга тийиш (маалыматтардын сапатын камсыз кылуу принциби).
6. Жеке маалыматтарды сактоо жеке маалыматтардын субъектин аныктоого мүмкүндүк берүүчү формада жеке маалыматтарды иштеп чыгуу максаттары талап кылгандан узак эмес ишке ашырылууга тийиш.
Мыйзамдын абстракттуу талаптары менен жөнгө салынуучу мамилелер чөйрөсүндө калыптанган иш жүзүндөгү практиканын ортосунда кандайдыр бир көпүрө болгон, аларды ишке ашыруунун реалдуу чаралары жок болгон учурда ар кандай, ал тургай эң ойлонулган мыйзамдык жоболор декларативдүүлүккө туш болот. Пайда болушунун өзү маалыматтык технологиялардын өнүгүшүнүн жана алар менен шартталган көйгөйлөрдүн натыйжасы болгон жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарда жеке маалыматтарды коргоонун техникалык аспекттерин жөнгө салуучу бир катар жоболор камтылганы таң калыштуу эмес. Бирок белгилүү болгондой мыйзамдар технологиянын өнүгүшүнөн артта калат жана бул бөлүктөгү алардын абалы сөзсүз түрдө эскире баштайт.
Мындан улам "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун аткарылышын камсыз кылуу менен байланышкан - мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн операторду жоопко тартууга негиздин болбошу үчүн кандай уюштуруу-техникалык чаралар зарыл жана жетиштүү экендиги жөнүндө так түшүнүктүн жоктугу - негизги көйгөй келип чыгат. Мындай чараларды идентификациялоо жана андан ары ишке ашыруу мыйзамга баш ийген жеке маалыматтар операторунун негизги түйшүгүн түзөт жана көп учурда ал бул милдетти өз алдынча аткара албайт.
2. Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү жана колдоо чөйрөсүндөгү жетишкендиктер жана көйгөйлөр
Өлкөдө маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (мындан ары - МКТ) секторун өнүктүрүү мамлекеттик жөнгө салуунун оң үлгүсү болуп саналат, ал негизинен Жогорку технологиялар паркы аркылуу иштеген экспорттоочу фирмалардын күчтүү кадрдык потенциалын калыптандырууга мүмкүндүк берет. 2014-жылдан тартып 2018-жылга чейинки мезгилде өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн 80%дан ашыгын экспорттогон маалыматтык технология (мындан ары - МТ) компаниялары 5 эсеге өстү. Балким жергиликтүү рынок бул фирмалардын көңүл чордонунда болгон эмес, бирок электрондук коммерциянын активдүүлүгүнүн өсүшү жана анын натыйжасында ИТ колдоо боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап кырдаалды өзгөртүшү мүмкүн.
Жалпысынан бир катар индекстер, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын В2С ("бизнес - керектөөчү") индекси, Эл аралык электр байланыш биримдигинин МКТ өнүктүрүү индекси менен бааланган Кыргыз Республикасынын электрондук коммерцияга даярдыгы региондогу башка өлкөлөрдөн артта калууда (Тажикстандан башка). Акыркы он жылдыкта өнүгүү салыштырмалуу таасирдүү өсүшкө ээ болду, бирок глобалдык деңгээлде республиканын электрондук соода тармагы дагы эле өнүгүүнүн алгачкы баскычында турат.
Азыркы учурда республикада электрондук соода менен байланышкан 257(1) веб-сайт иштеп жатат, алардын ичинен 72% универсалдуу дүкөн болуп саналат, ал эми 28%ы чакан профилде иштеген интернет-дүкөндөр. Болжол менен интернет-дүкөндөрдүн 18%ы өзүнүн платформаларында кредиттик карталарды колдонот. Ички рынокто сатылуучу товарлардын негизги категориясы гүл жана белектер, тиричилик техникалары, кийим жана бут кийим болуп саналат.
Чакан жана орто ишкердик (мындан ары - ЧОИ) үчүн жалпы бизнес-чөйрө да начар, бул өндүрүштүк эмес мамлекеттик ишканаларга салттуу басым жасаган постсоветтик мамлекеттер үчүн мүнөздүү көйгөй болуп саналат. Ченемдик укуктук база жана дем берүүлөр негизинен ЧОИни, өзгөчө санариптик форматта иш жүргүзгөн ЧОИни колдоо үчүн багытталган эмес. Каржылоонун жеткиликтүүлүгү негизги көйгөйлөрдүн бири болуп саналат: чакан жана орто бизнеске сунушталган кредиттик багыттардын көпчүлүгү 1-2 жылдык мөөнөт менен гана чектелет, аз сандагы кредиттер 4 жылдан 5 жылга чейинки(2) мөөнөткө берилет.
Келечектеги экономикалык өсүш Кыргыз Республикасы экономиканын өндүрүштүк секторлорунун потенциалын канчалык жакшы колдоно аларына жараша болот. Диверсификациялоонун өтө зарылдыгы товардык рыноктордо көрүнүп турган волатилдүүлүк менен шартталган, ал бардык ыктымалдуулук боюнча улана берет. Бул көйгөйлөрдү таануу менен Кыргыз Республикасы өндүрүш секторлорун өнүктүрүү боюнча аракеттерин тездетти. Ошондой эле азыркы учурда ишканалардын экспорттук потенциалын өнүк түрүү боюнча бир катар аракеттер көрүлүүдө.
Электрондук соода үчүн алгачкылардан же "башталыш чекити" боло алган бир катар өндүрүштүк секторлор бар. Аларга туризм, кол өнөрчүлүк сектору, агроөнөр жай (айрыкча бал жана сүт азыктары), тигүү өнөр жайы жана МТ-кызмат көрсөтүүлөрү кирет. Бул секторлордун ар бири акыркы жылдары өкмөттөн жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн олуттуу колдоо алды жана алар электрондук соодага байланыштуу демилгелерди өздөштүрүү үчүн салыштырмалуу жогорку потенциалга ээ деп божомолдоого болот. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 596 токтому менен бекитилген 2019-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасында электрондук сооданын жогорку потенциалы бар бардык секторлор негизги артыкчылыктуу секторлор катары аныкталган.
Заманбап "Элкарт" улуттук төлөм системасы (бардык коммерциялык банктар анын мүчөсү болуп саналат) товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн өлкөнүн бардык аймагында төлөө мүмкүнчүлүгүн берди. Мындан тышкары "Элкарт" картасынын колдонуучуларынын ыңгайлуулугу үчүн улуттук төлөм системасынын операторунун "Элкарт Мобайл" мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Тиркеме өз карталарынын ортосунда, ошондой эле каалаган коммерциялык банктын башка "Элкарт" карталарына которууларды жүргүзүүгө, эсептин балансын көрүүгө, мобилдик телефондун, электрондук капчыктардын балансын толуктоого, коммуналдык кызматтарды төлөөгө, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдарды жана башкаларды төлөөгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле "Элкарт" улуттук төлөм системасы менен Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн улуттук төлөм системаларынын ортосундагы интеграция "Мир" улуттук төлөм системасы жана өнөктөш төлөм системалары тармагында Кыргыч Республикасынын чегинен тышкары "Элкарт" карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк бере тургандыгын белгилеп кетүү зарыл.
Өлкөнүн электрондук соода секторунда жогоруда айтылган жагымдуу факторлор менен шартталган олуттуу жана маанилүү жылыштар бар. Бирок сектордун мындан аркы өсүшүнө коркунуч туудурган татаал маселелер да белгиленүүдө.
Электрондук соода сектору акыркы беш жылда тез өсүштү көрсөттү. Бул документте ырасталгандай, өсүштүн кыймылдаткычтары, ошондой эле тоскоолдуктар жетишерлик күчтүү. Ошол эле учурда электрондук соода экосистемасынын өркүндөтүлүшү менен бирге электрондук соода тармагындагы суроо-талап менен сунуш тандемде өнүгүшү үчүн маселени кылдаттык менен иштеп чыгуу керек.
Эл аралык валюта фондунун баалоосу боюнча Кыргыз Республикасында көндүмдөрдү калыптандыруу, ишкердикти, инфраструктураны жана институттарды жөнгө салуу жаатында ар тараптуу түзүмдүк реформалар зарыл.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасы өлкөнү Борбордук Азиянын санариптик борбору катары көрсөтүүгө умтулууда жана саясий жана жөнгө салуу көз карашынан алганда олуттуу ийгиликтерге жетишти. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети инновациялардын мамлекеттик колдоосунда Кыргыз Республикасын глобалдык санариптик экономикага интеграциялоо жана жеке сектордун лидерлигин жана технологиялык жетишкендиктин айкалышын камсыз кылуу менен экономикалык өсүштүн жаңы моделин түзүүгө умтулат.
2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алгачкы интеграциясы өлкөнүн өнүгүүсүнө МКТнын кошкон салымы үчүн негиз салган. Анын максаттарынын катарында бардык калктуу конуштар үчүн МКТга толук жеткиликтүүлүктү жеңилдетүү, ошондой эле башкаруу жаатындагы улуттук күн тартибинин алкагында электрондук башкарууну киргизүү. Бул амбициялуу максаттар жарым-жартылай ишке ашырылды, алынган сабактар 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына киргизилди. Стратегия улуттук өнүктүрүүнүн беш жылдык программаларынын алкагында ишке ашат деп күтүлүүдө, ал эми учурдагы интеграция 2018-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилди камтыйт.
"Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү системасы мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарына, ошондой эле юридикалык жактарга, жарандарга жана уюмдарга электрондук түрдө кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтар менен алмашууга мүмкүндүк берди. Система электрондук өкмөт жаатындагы улуттук күп тартибинин өзөгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Түндүк" мамлекеттик мекемеси тарабынан киргизилүүдө. Кошумча отчеттуулукту, маалымкаттарды жана документтерди талап кылуу практикасы токтотулгандыгы сезилүүчү пайданы алып келет, "Түндүк" системасы аркылуу өткөн бардык бүтүмдөргө автоматтык түрдө кол коюлат жана документ болуп калат.
2021-жылы онлайн режиминде 510 мамлекеттик кызмат көрсөтүлдү - анын ичинде мүлктү (кыймылсыз мүлктү) каттоо, салык кызмат көрсөтүүлөрү (отчеттуулук, салыктарды жана жыйымдарды төлөө), бажы кызмат көрсөтүүлөрү, мамлекеттик сатып алуулар, электрондук визалар.
Кыргыз Республикасы Борбордук Азияда электрондук өкмөттү өнүктүрүү деңгээли боюнча экинчи орунда турат(3).
Электрондук өкмөттү өнүктүрүү боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн рейтинги
Өлкө | Рейтинг-2018 | Рейтинг-2020 | Өзгөрүү |
Казакстан | 39 | 29 | +10 |
Кыргызстан | 91 | 83 | +8 |
Өзбекстан | 81 | 87 | -6 |
Тажикстан | 131 | 133 | -2 |
Түркмөнстан | 147 | 158 | -11 |
Кыргыз Республикасы тарабынан "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, ал кыргыз жана эл аралык электрондук соода операторлору иштей турган укуктук алкактарды кыйла кеңейтти жана тактады. Бирок "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан тышкары ченемдик укуктук актыларга эл аралык ченемдерди киргизүү максатында жеке маалыматтарды коргоо, коомдук жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, салык салуу чөйрөсүндөгү бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилген.
Өз кезегинде эл аралык соода логистикасынын борборлорун (мындан ары - СЛБ) өнүктүрүү маанилүү жана зарыл бойдон калууда, аларды өнүктүрүү өлкөнүн алыстыгы жана географиялык жайгашуусу, деңизге чыгуунун жоктугу жана транспорттук коридорлорго жетүүнүн чектелгендиги менен байланышкан көйгөйлөрдү чечет. СЛБ түзүү компанияларга, айрыкча чакан жана орто ишканаларга запастарды башкарууну, натыйжалуу таңгактоону жана иштетүүнү жакшыртууга, баалардын өзгөрүүсүнөн коргоого жана тобокелдиктерди башкарууну жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Азыркы учурда чакан жана орто бизнес үчүн зарыл болгон логистикалык кызматтардын бүтүндөй комплексин, анын ичинде кампаларды, жүктөрдү кайра жүктөө, кайра иштетүү жана башка инновациялык технологияларды, ошондой эле камсыздандыруу жана бажы жагынан тариздөө кызматтарын көрсөтө алган бир нече ири логистикалык ишканалар бар. Көпчүлүк чакан жана орто ишканалар натыйжалуу эл аралык соода үчүн зарыл болгон заманбап транспорттук жана/же логистикалык кызматтарга ээ эмес. Мындан тышкары, контейнерлер менен ташуулардын деңгээли көпчүлүк компаниялар үчүн жетишсиз. Чындыгында Кыргыз Республикасы деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн арасында да логистикалык жактан эң начар өлкөлөрдүн бири жана акыркы он жылда логистиканы жакшыртууда олуттуу прогресске жетише алган жок(4).
Минималдуу босого (de minimis) (жеке колдонуу үчүн товарларды ташып келүү) 200 еврого чейин төмөндөтүлдү (мурунку 500 еврого салыштырмалуу), 31 кг салмак чеги өзгөрүүсүз калды. Бирок бул босоголор мындан ары календардык айдын ичинде эмес, ар бир жөнөтүү үчүн колдонулат. Мындан тышкары, босогодон ашып кетсе, айып пулдар нарктын 15%ына чейин же килограммы 2 еврого чейин төмөндөтүлөт. Алардын кандайча ишке ашырылышына жараша, минималдуу босогону төмөндөтүү электрондук соода өбөлгөлөрүн бажы жагынан тариздөөгө терс таасирин тийгизбеши мүмкүн, анткени алар мурдагыдай эле Дүйнөлүк Соода Уюмунун (мындан ары - ДСУ) соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштамаларына ылайык келет.
Жөнөтүүлөрдү текшерүү деңгээли мыкты дүйнөлүк практикага ылайык келет жана сакталышы керек. Евразия экономикалык комиссиясынын В2С электрондук соода жүк режими жөнүндө 104 чечими ("бизнес - керектөөчү" өз ара аракети) трансчек аралык электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө алгылыктуу салым болуп саналат(5).
Чек арадагы электрондук соода жүргүзүү сооданын көлөмүнө оң таасирин тийгизген өбөлгөлөрдүн анча чоң эмес агымдарынын жыштыгын көбөйтөт. Бирок Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бажы органдары жүк агымдарынын көлөмүн канааттандыруунун мүмкүн эместиги жөнүндө жана кагаз бажы системасын колдонгон майда партиялардын ири агымдары менен бажы органдарын жүктөө, терроризмге жана акчаларды адалдоого каршы күрөшүү боюнча анча чоң эмес партияларга карата колдонулган жаңы эл аралык эрежелерди колдонуунун белгисиздиги, ошолдой эле салттуу почта кызматтары эл аралык макулдашууларда бекитилген преференциялардан пайдаланган өбөлгөлөрдүн бажы алымдарын баалоого жана кошуп эсептөөгө байланыштуу көйгөйлөр жөнүндө билдирет.
3. Программанын негизги максаттары жана артыкчылыктары
Бул Программанын максаты мамлекеттик жөнгө салууну оптималдаштырууга, институттук чөйрөнүн сапатын жакшыртууга жана Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталууга тийиш болгон реформаларды жүргүзүү болуп саналат.
Максаттарга жетүү үчүн ушул Программа төмөнкүдөй артыкчылыктарга багытталган:
1) жеке инвестициялык ишти өнүктүрүү үчүн негиз катары электрондук коммерциянын катышуучуларынын чыгымдарын кыскартуу, алардын ишинин коопсуздугун жана корголуусун камсыз кылуу;
2) инвестицияларды тартуу, товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана экспортко көмөк көрсөтүү;
3) финансылык инфраструктураны өркүндөтүү жана электрондук коммерциянын ишкердик субъекттеринин финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү;
4) кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону, санариптик ишкердиктин субъекттеринин арасында көндүмдөрдү жана демилгелерди өнүктүрүүнү колдоо жана көмөк көрсөтүү.
4. Программанын милдеттери жана чаралары
Ушул Программа стратегиялык максат катары мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өкмөттүк эмес сектордун МКТ инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча күч-аракеттерин консолидациялоо жолу менен электрондук коммерцияны үзгүлтүксүз өнүктүрүү үчүн ишкердик экосистеманы түзүүнү, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнү, иштеп жаткан ишканаларды өнүктүрүүгө жана жаңыларын ачууга, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө жана ошону менен бүтүндөй экономиканы чыңдоого көмөктөшүүчү электрондук коммерциянын ишкерлерин окутууну колдоо боюнча программаларды иштеп чыгууну карайт.
1-артыкчылык. Электрондук сооданын катышуучуларынын чыгымдарын кыскартуу, алардын ишинин коопсуздугун жана корголуусун камсыз кылуу
1.1-милдет. Электрондук соода чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу
Электрондук сооданын жайылышына жана мындай иш процессинде жеке маалыматтарды колдонууга байланыштуу электрондук соодага катышкан адамдардын жеке маалыматтарынын массивин коргоону камсыз кылуунун жана коопсуздугунун талаптарын киргизүү боюнча ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле электрондук документ жүгүртүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу жана мамлекеттик жөнгө салуу зарылчылыгы келип чыгууда. Мындан тышкары, керектөөчүлөр юридикалык статусун жана жеткирүүчүнүн коопсуздук белгисинин бар экендигин текшерүү үчүн жергиликтүү интернет-дүкөндөрдүн реестрин киргизүү электрондук соодада коопсуздукту камсыз кылуучу маанилүү инструмент болуп саналат.
1.2-милдет. ЕАЭБ талаптарына мыйзамдарды шайкеш келтирүүнү талап кылган чекиттүү мүнөздөгү көйгөйлөрдү четтетүү
Кыргыз Республикасы ЕАЭБдин мүчөсү катары санариптик трансчек аралык кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды берүүнү жана ишке ашырууну контролдоо, мүчө мамлекеттерден үчүнчү өлкөлөргө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону стимулдаштыруу, тоскоолдуктарды жөнгө салуу, азайтуу же административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларды ЕАЭБдин жалпы талаптарына шайкеш келтирүү милдетин өзүнө алат. Ошол эле учурда талаптагыдай эмес сапаттагы продукцияны колдонууга бөгөт коюу жана ЕАЭБ техникалык регламентинин талаптарына шайкештигин ырастоонун кабарлоо жол-жобосун колдонуу зарылчылыгы бар.
1.3-милдет. Электрондук коммерциянын катышуучуларынын чыгымдарын азайтуу
ЕАЭБдин алкагында санариптик соода инфраструктурасын өнүктүрүү жана жаңы технологияларды колдонууга түрткү берүү электрондук сооданын катышуучуларынын чыгымдарын кыскартуунун негизи болуп саналат. Ошондой эле электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн негизги себеби электрондук коммерциянын катышуучуларын банктык тейлөөнүн (эквайрингдин) наркынын жогору болушу, же болбосо накталай эмес төлөм кызматтарынын жеткиликтүү эместиги болуп эсептелет.
Күтүлүүчү натыйжалар:
- электрондук соодага катышкан адамдардын жеке маалыматтарынын массивинин корголушун жана коопсуздугун камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү түрдө жайгаштыруу жана сактоо боюнча талаптарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын трансчек аралык соода жана санариптик кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келтирүү;
- электрондук бажы декларациялоону жана товарларды автоматтык түрдө чыгаруу системасын киргизүү;
- чек ара зоналарында жайгашкан товарлар үчүн бажы кампаларын түзүү.
2-артыкчылык. Инвестицияларды илгерилетүү, товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана экспортко көмөк көрсөтүү
2.1-милдет. Чек ара зоналарында жайгашкан товарлар үчүн бажы кампаларын түзүү
Финансылык чыгымдарды кыскартуу максатында бажылык тариздөө жерлеринде инфраструктураны техникалык модернизациялоо, электрондук бажы декларациялоосун жана товарларды автоматтык чыгаруу системасын киргизүү, чек ара зоналарында жайгашкан товарлар үчүн бажы кампаларын түзүү, СТ-1 товардын (продукциянын) чыгарылган өлкөсүн ырастоо системасын санариптик форматта трансформациялоо жана талап кылынган маалыматтарды алмашуу жана ырастоо боюнча электрондук санариптик платформаны түзүү зарыл.
Ушуга .байланыштуу ЕАЭБдин алкагында жана ДСУнун талаптарына ылайык трансчек аралык соода-рыноктук объекттердин инфраструктурасын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле бул объекттерде өзгөчө преференциялык режимдерди жана салыктарды жыйноонун жеңилдетилген жол-жоболорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарылчылыгы келип чыгууда.
2.2-милдет. СТ-1 товардын (продукциянын) чыгарылган өлкөсүн ырастоо системасын санариптик форматка трансформациялоо жана талап кылынган маалыматтарды алмашуу жана ырастоо боюнча электрондук санариптик платформаны түзүү
Электрондук сооданы өнүктүрүүнүн милдеттүү шарты болуп санариптик форматтагы мамилелердин субъекттеринин, анын ичинде бийликтин мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун түзүү жана колдоо саналат, мында бул мамилелердин маанилүү бөлүгү өлкөлөрдүн мамлекеттик контролдоо органдарынын, тышкы экономикалык иштин (мындан ары - ТЭИ) субъекттеринин ортосунда өндүрүүчүлөр жана товарлар жөнүндө маалыматтар менен алмашуу эсептелет.
Экспортту жеңилдетүүнүн жана ишкердикти колдоонун маанилүү фактору болуп үчүнчү өлкөлөргө продукцияны ташып кирүүгө уруксат берүүчү документтерди тариздөөгө убакытты кыскартуу саналат, бул СТ-1 товардын (продукциянын) чыгарылган өлкөсүн ырастоо системасын "санариптештирүүнү" кайра карап чыгууну, ошондой эле талап кылынган маалыматтарды алмашуу жана ырастоо үчүн электрондук санариптик платформаны түзүүнү талап кылат.
2.3-милдет. "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик органдардын жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын электрондук өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү
Инвестицияларды илгерилетүүдө, товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда жана экспортко көмөк көрсөтүүдө административдик жол-жоболорду аткарууга чыгымдарды кыскартуу жана электрондук сооданын катышуучуларынын коррупциялык тобокелдиктерин болтурбоо, МСП өз ара аракеттенүүнүн электрондук системасынын иштеши жана ТЭИ субъекттердин ишин жүзөгө ашырууда "G" to "G" жана "В" to "G" модели боюнча маалыматтарды суралып жаткан маалыматтар менен алмашуу боюнча талап кылынган документтердин санариптик форматына которуу маанилүү ролду ойнойт.
2.4-милдет. Интернет платформасын түзүү
Электрондук сооданы өнүктүрүүдө кыргыз ишканаларынын продукцияларынын электрондук соодасын өнүктүрүү үчүн өзүнүн адистештирилген аймактык интернет-платформасын түзүү зарылдыгы келип чыгат.
Азыркы убакта Amazon, Alibaba, Tmall, ТаоВао, JD.com, eBay, Wildberries, Ozon, freelance.com сыяктуу соода аянтчалары интернет-соодасынын лидерлери болуп саналат, бул трансулуттук компаниялардын маалыматтары менен ата мекендик продукцияларды каттоо жана жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жана макулдашууларды жүргүзүүнү талап кылат.
Күтүлүүчү натыйжалар:
- трансчек аралык соода-рыноктук комплекстердин инфраструктурасын түзүү жапа андан ары ишине трансчек аралык соода рынокторун киргизүү жана салыктарды өзгөчө администрациялоону жана чек ара зонасында бажы кампаларынын иштөө режимдерин киргизүү;
- чыгарылган өлкөнү автоматтык түрдө ырастоо үчүн маалыматтар базасынын санариптик платформасын (ишканалардын реестрин, продукциянын номенклатурасын 100% санарипке өткөрүү) түзүү жана иштетүү;
- ЧОИ менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн электрондук системасын түзүү жана иштетүү, административдик жол-жоболорду аткарууга жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга чыгымдарды 20%га кыскартуу;
- ТЭИ субъекттеринин ишин жүзөгө ашырууда "G" to "G" жана "В" to "G" модели боюнча суралган маалыматтарды алмашуу үчүн талап кылынган документтерди санариптик форматка которуу;
- кыргыз ишканаларына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жана Кытай Эл Республикасынын электрондук соода аянтчаларында каттоого көмөк көрсөтүү. Кыргыз Республикасынын интернет-платформасын жана кыргыз продукциясынын бренддерин илгерилетүү жана маалыматтар базасынын интеграцияланган системасына "G" to "G" моделин киргизүү;
- СТ-1 товардын (продукциянын) чыгарылган өлкөсүн ырастоо системасын санариптик форматка трансформациялоо жана талап кылынган маалыматтарды алмашуу жана ырастоо боюнча электрондук санариптик платформаны түзүү.
3-артыкчылык. Финансылык инфраструктураны өркүндөтүү жапа электрондук коммерциянын ишкердик субъекттеринин финансылык кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүнү кеңейтүү
Милдет. Накталай эмес төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу
Бул элементтер начар өнүккөн, ал эми комиссиялык жыйымдардын өлчөмү жогору.
Мындан тышкары, өлкөдө ЧОБ субъекттеринин электрондук капчыктарындагы жана башка эсептериндеги акча каражаттарынын өлчөмүнө чектөөлөр киргизилген. Бардык капчыктар жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө боло турган кызматтардын тизмесин кеңейтүү керек.
Уставдык фондду көбөйтүүнүн жана донордук каражаттарды тартуунун эсебинен кепилдик фонддордун ишин кеңейтүү талап кылынат.
Күтүлүүчү натыйжалар:
- электрондук коммерцияда ишкердик субъекттеринин финансылык кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү;
- интеграцияланган санариптик чөйрөнү өнүктүрүүнү, финансылык жана банк секторунда сервистердин деңгээлин сапаттуу жогорулатуу үчүн финансылык институттардын, кардарлардын жана мамлекеттик органдардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
- күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда кичи жана орто ишкердиктин көп сандагы субъекттеринин финансылык ресурстарга жетүүсүн камсыз кылуу.
4-артыкчылык. Кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону колдоо жана көмөк көрсөтүү, санариптик ишкердиктин субъекттеринде көндүмдөрдү жана демилгелерди өнүктүрүү
4.1-милдет. Санариптик ишкердикти өнүктүрүүнүн жана колдоонун региондук борборлорун түзүү
Эмгек рыногунда электрондук соода адистеринин кескин кадрдык тартыштыгы байкалууда, мында өлкөдө электрондук сооданын бардык сегменттерин өнүктүрүү квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги көйгөйүн чечүүнү, иштеп жаткан жана жаңы баштаган ишкерлер жана жаштар үчүн атайын билим берүү программаларын жана колдоо көрсөтүү программаларын иштеп чыгууну киргизүү, ишкердикте санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, ошондой эле финансылык пландоонун жана долбоорлорду бюджеттөөнүн негиздерин окутууну талап кылат.
4.2-милдет. Электрондук коммерция чөйрөсүндө бизнес-ассоциацияларды колдоо жана күчөтүү
Кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону колдоо, көмөк көрсөтүү, санариптик ишкердиктин субъекттеринин көндүмдөрүн жана демилгелерин өнүктүрүү боюнча зарыл болгон чара болуп электрондук коммерция чөйрөсүндө бизнес-ассоциацияларды өнүктүрүү жана чыңдоо эсептелет. Ушуга байланыштуу бизнес-коомчулуктар, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары үчүн электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн деңгээлине таасирин баалоочу жөнгө салуучу таасирди талдоо методдорун практикалык пайдалануу боюнча тренингдерди өткөрүү зарылдыгы келип чыгат.
4.3-милдет. Ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана санариптик ишкердикти жайылтуу
Электрондук сооданы өз алдынча тармак катары өнүктүрүү максатында электрондук сооданы заманбап, натыйжалуу, эң жогорку стандарттарга жана керектөөчүнүн талаптарына жооп берген, бизнести жүргүзүүнүн алдыңкы методдорунун эсебинен керектөөчүнүн акчалай жана убакыт жагынан чыгымдарын олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берген соода форматы катары жайылтуу чараларын көрүү зарыл.
Ошондой эле жаштарды, аялдарды санариптик ишкердикти жүргүзүү көндүмдөрүнө окутууга тартуу, региондук бизнес-инкубаторлордун дайыма иштешин камсыз кылуу, электрондук коммерция паркын түзүү, ишмердүүлүккө, продукцияга, өндүрүш процессине, сапатка жана коопсуздукка талаптарды камтыган мыйзамдардын ченемдерин окутуу сыяктуу чараларды көрүү керек.
Күтүлүүчү натыйжалар:
- билим берүү борборлорун түзүү, өзүнүн бизнесин түзүү, өнүктүрүү же жайылтуу үчүн кайра квалификациялоо жана өзүн-өзү өнүктүрүү программаларын киргизүү, иштеп жаткан бизнести өнүктүрүү же жаңыдан баштоо үчүн бизнес-пландарды иштеп чыгуу, электрондук соода чөйрөсүндө ишкердик ишти каржылоо боюнча ресурстук мүмкүнчүлүктөрдү алуу;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-ассоциациялардын эксперттик жана аналитикалык потенциалын күчөтүү, электрондук соода чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке диалогду өнүктүрүү;
- бизнес-инкубаторлордун базасында региондор аралык жана региондук адистештирүүнү эске алуу менен ишкердик демилгелерди калыптандыруу;
- бизнес инкубаторлордун бүтүрүүчүлөрү-ишкердик субъекттердин санын 40%га көбөйтүү.
5. Программаны аткаруунун жагымдуу өбөлгөлөрү жана тобокелдиктери
Ушул Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүү өбөлгөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттары менен координациялоо;
- электрондук коммерция маселелери боюнча окутуу жана кесиптик даярдоо программаларын иштеп чыгуу;
- электрондук коммерция жана санариптик ишкердик чөйрөсүндө инкубаторлорду, тездетүүчүлөрдү жана технопарктарды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү;
- бийлик менен конструктивдүү диалог боюнча бизнес-ассоциациялардын активдүүлүгүнүн өсүшү.
Программаны ишке ашырууга таасир этиши мүмкүн болгон тобокелдиктерге төмөнкүлөр кирет:
- электрондук коммерция чөйрөсүндө экономикалык активдүүлүктү стимулдаштырууга мүмкүндүк берген позитивдүү чаралардын жоктугу;
- электрондук коммерцияны өнүктүрүүнү колдоо институттарына карата декларациялык мамиле;
- мамлекеттик бийлик органдары менен өкмөттүк эмес сектордун, донордук уюмдардын жана башка кызыкдар тараптардын ортосунда электрондук коммерцияны өнүктүрүүнү жакшыртууга багытталган кызматташуунун натыйжалуу чараларын илгерилетүү жана ишке ашыруу чөйрөсүндө жетишсиз коммуникация жана координация;
- электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө бөлүнгөн финансылык жардамдын жоктугу.
6. Программаны финансылык жактан камсыз кылуу
Ушул Программада каралган чараларды ишке ашыруу республикалык бюджеттен ведомстволордун ченем жаратуучу ишин камсыз кылуу үчүн каралган кошумча каржылоо булагын талап кылбайт.
Ушул Программаны ишке ашырууну каржылоону камсыз кылуу үчүн донордук уюмдар менен жетишилген макулдашуулардын негизинде бюджеттен тышкаркы булактар пайдаланылууга тийиш.
Ушул Программаны кабыл алуу мезгилинде жеке чаралар боюнча финансылык ажырымдарды жоюу Программаны кабыл алгандан кийин өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны презентациялоо аркылуу кошумча ресурстарды тартуу үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен макулдашууну талап кылат.
7. Программага мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Мониторинг мамлекеттик саясаттын милдеттүү компоненти катары маалыматты системалуу жыйноо, талдоо жана программалык-пландоо иш-чараларынын аткарылышын баалоо, ошондой эле түзөтүүлөрдү киргизүү куралы болуп саналат.
Мониторинг ушул Программанын кабыл алынган индикаторлору боюнча жыл сайын жүргүзүлөт.
Жыйналган маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жетишилген прогресс деталдуу талданып, иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруудагы алсыз жерлери жана кемчиликтери аныкталат. Өкмөттүк эмес сектордун уюмдары алардын ишин каржылоо булактары болгондо туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн тартылат.
Мониторинг жана баалоо үчүн маалымат булактары болуп расмий статистика, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат.
Ушул Программанын ар бир этабы аяктагандан кийин жакшыртуу боюнча сунуштарды, ошондой эле түзөтүүчү чараларды иштеп чыгуу жана электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча андан аркы ишти иштеп чыгуу максатында жетишилген натыйжаларга баа берилет.
(1) Веб-сайттар боюнча маалыматтар. COVID-19 пандемиясынын натыйжасында алардын саны жогору болду. Көрсөтүлгөн көрсөткүчкө базарларда катталган чакан жана орто ишканалардын жеке саны кирбейт.
(2) Кызыкдар тараптардын консультацияларынын натыйжасында.
(3) http://ict.gov.kg/index.php?r=site%2Fpress&pid=585&cid=1.
(4) БУУ ЕЭК. 2020-жыл.
(5) GIZ 2019-жыл.
|
| 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программага тиркеме |
2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программасынын БЮДЖЕТИ
№ | Милдеттер | Чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Өлчөө бирдиги | Каржылоого муктаждык | Мүмкүнчүлүктөр | Финансылык ажырым | ||||
Мамлекеттик бюджет | ИИП жана грант-тар | башкалар | бардыгы | Мамлекеттик бюджет | ИИП жана гранттар | |||||||
I багыт. Мыйзам чыгаруу базасын жана жөнгө салууну оптималдаштыруу | ||||||||||||
1 | Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу | "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына онлайн-дүкөндөрдүн коопсуздук белгилерин киргизүүнү, керектөөчүлөрдүн юридикалык статусун жана жеткирүүчүдө коопсуздук белгисинин болушун текшерүү үчүн жергиликтүү онлайн-дүкөндөрдүн реестрин киргизүүнү караштырган өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу. Жергиликтүү рынокту талаптагыдай эмес сапаттагы продукциялардан коргоо жана ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына шайкештигин ырастоонун кабарлоо жол-жобосун колдонуу боюнча талаптарды киргизүү. Ачык оферта жөнүндө талаптарды кайра карап чыгуу | КР ЭКМ караштуу МКЖСК, ЭКМ, АЭК, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 2023-жылдын IV кварталы | млн. сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
2 | Жеке маалымат-тарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү | Электрондук башкаруу жана жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү ЧУАларга электрондук коммерция бүтүмдөрүнүн натыйжасында алынган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын чогултуу жана сактоо процессин камсыздоо бөлүгүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын милдеттүү түрдө жайгаштыруу жана сактоону киргизүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү даярдоо жана киргизүү | ЖМКМ, АЭК, бизнес-ассоциациялар (макулда-шуу боюнча) | 2023-жылдын IV кварталы | млн. сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
3 | Товарларды эл аралык сатып алуу-сатуу келишимдери жөнүндө БУУнун Конвенциясына жана санариптик салык салуу маселелери боюнча салыктык базаны төмөндөтүү жана пайданы чыгаруу практикасы менен күрөшүү боюнча ЭКӨУ долбоорунун ар тараптуу базасына кошулуу | "Товарларды эл аралык сатып алуу-сатуу келишимдери жөнүндө БУУнун Конвенциясына жана санариптик салык салуу маселелери боюнча салыктык базаны төмөндөтүү жана пайданы чыгаруу практикасы менен күрөшүү боюнча ЭКӨУ долбоорунун ар тараптуу базасына Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоо | ЭКМ, МСК, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 2024-жылдын IV кварталы | млн. сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
4 | Электрондук коммерция жаатында статистикалык маалыматтарды чогултуу методологиясынын долбоорун иштеп чыгуу | Электрондук коммерция жаатында статистикалык маалыматтарды чогултуу методологиясынын долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү. Эл аралык стандартты, КМШ өлкөлөрүнүн жана башка өлкөлөрдүн электрондук коммерция статистикасы жаатындагы статистикалык кызматтарынын тажрыйбасын изилдөө: пайдаланылуучу методологиялар, статистикалык инструменттер, жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн түрлөрү, пайдаланылуучу маалымат булактары | УСК, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 2024-жылдын III кварталы | млн. сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
5 | Инвестициялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү | Эл аралык маркетплейстер компаниялар үчүн мыйзамдарды көбүрөөк тартылуусун камсыз кылуу максатында электрондук коммерциянын ишкердик субъекттери үчүн кошумча преференцияларды берүү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү | ИУА, ЭКМ, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 2023-жылдын IV кварталы | млн. сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
6 | 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын 223-пунктун ишке ашыруу | "Электрондук коммерция паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү, ПЭКтин резиденттерине карата колдонулуучу атайын укуктук, салык режимин белгилөө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча салыктардан жана жеңилдиктерден бошотууну белгилөө, ал түзүлгөн учурдан тартып 15 жылдын ичинде колдонулат | ЭКМ, СӨМ, ФМ, КРУБ, ЭКА. бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 2024-жылдын IV кварталы | млн. сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
II багыт. Инвестицияларды илгерилетүү, товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана экспортко көмөк көрсөтүү | ||||||||||||
7 | СТ-1 товардын (продукциянын) чыгарылган өлкөсүн ырастоо системасын санариптик форматка трансформациялоо жана талап кылынган маалыматтарды алмашуу жана ырастоо боюнча электрондук санариптик платформаны түзүү | Санариптик форматта мамилелердин субъекттеринин өз ара аракеттенүү регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү. Өлкөлөрдүн мамлекеттик контролдоочу органдары, тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттеринин ортосунда өндүрүүчүлөр жана товарлар жөнүндө маалыматтарды алмашуунун Санариптик платформасынын техникалык тапшырмасын иштеп чыгуу. "G" to "G" моделинин маалыматтар базаларынын интеграцияланган системасын киргизүү | СӨМ, ЭКМ, МСК, СӨП, АЭК, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 2024-жылдын IV кварталы | млн. сом | 0 | 0 | 210 | 210 | 0 | 210 | 0 |
8 | "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик органдардын жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын электрондук өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү | "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы-экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын жана тышкы-экономикалык иштин катышуучуларынын электрондук өз ара аракеттенүүсүн киргизүү | ЭКМ, "БТБ" МИ | 2026-жылдын III кварталы | млн. сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
9 | Кыргыз ишканаларынын продукциясын сатуу үчүн электрондук коммерцияны өнүктүрүү, адистештирилген региондук интернет-платформаны түзүү | ЕАЭБ, КМШ, КЭР өлкөлөрүнүн электрондук соода аянтчаларында кыргыз ишканаларына каттоого көмөк көрсөтүү. Кыргыз Республикасынын интернет-платформасын жана кыргыз продукциясынын бренддерин илгерилетүү боюнча иштерди жүргүзүү | ИУА, ЭКМ, ЭКА (макулдашуу боюнча) | 2023-жылдын IV кварталы | млн. сом | 0 | 0 | 11 | 11 | 0 | 0 | 11 |
III багыт. Финансылык инфраструктураны өркүндөтүү жана электрондук коммерциянын ишкердик субъекттеринин финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн кеңейтүү | ||||||||||||
10 | Накталай эмес төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу | Эквайринг боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн комиссиялык жыйымдарды төмөндөтүү боюнча иштерди жүргүзүү | ЭКМ, КРУБ, "Кыргыз почтасы" ААК (макулдашуу боюнча) | 2026-жылдын IV кварталы | млн. сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
11 |
| Электрондук коммерцияда ишкердик субъекттерине финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү аралыктан көрсөтүүгө дем берүү | СӨМ, ЭКМ, КРУБ, (макулдашуу боюнча) | Дайыма | млн. сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
IV багыт. Санариптик ишкердик субъекттеринде кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, көндүмдөрдү жана демилгелерди өнүктүрүүдө колдоо жана көмөк көрсөтүү | ||||||||||||
12 | Санарип ишкердикти өнүктүрүү жана колдоо региондук борборлорун түзүү | Иштеп жаткан жана жаңыдан баштаган ишкерлер жана жаштар үчүн атайын билим берүү программаларын жана колдоо программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү, ишкердикте санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, ошондой эле финансылык пландоонун жана долбоорлорду бюджеттөөнүн негиздерин окутуу | БИМ, ЭКМ, ЖӨБО, № 98 КМТ КЛ, СӨП, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | 2024-жылдын IV кварталы | млн. сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
13 | Электрондук коммерция чөйрөсүндө бизнес-ассоциацияларды колдоо жана күчөтүү | Мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары, бизнес-коомчулуктар үчүн электрондук коммерцияны өнүктүрүү деңгээлине таасирди баалоочу жөнгө салуучу таасирди талдоо ыкмаларын иш жүзүндө колдонуу боюнча тренингдерди өткөрүү | ЭКМ, ИУА, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | Туруктуу негизде | млн. сом | 0 | 1 | 0,3 | 1,3 | 0 | 0 | 1,3 |
14 | Ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана санарип ишкердикти жайылтуу | Санариптик ишкердикти жүргүзүү көндүмдөрүнө окутууга жаштарды, аялдарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү. Региондук бизнес-инкубаторлордун туруктуу иштешин камсыз кылуу. Ишке, продукцияга, өндүрүш процессине, сапатка жана коопсуздукка талаптарды камтыган мыйзамдардын ченемдери боюнча окутууну жүргүзүү | БИМ, ЭСКММ, ММСЖСМ, ЭКМ, ИМИМА, ЖӨБО, жождор, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | Туруктуу негизде | млн. сом | 0 | 2,8 | 0,7 |
| 0 | 0 | 3,5 |
Мониторинг жана баалоо | ||||||||||||
15 | Отчет берүү | 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республика-сында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруунун мониторингдик планы боюнча отчет берүү | ЭКМ | 6 айдын жыйынтыгы боюнча дайыма | млн. сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКА | - | Кыргыз Республикасынын Электрондук коммерция ассоциациясы |
ЖОЖ | - | жогорку окуу жайлар |
ЖМКМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик |
"БТБ" МИ | - | "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы |
ИМИМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
КЭР | - | Кытай Эл Республикасы |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги |
КРУБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акты |
ЭКӨУ | - | Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
"Кыргыз почтасы" ААК | - | "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому |
№ 98 КМТ КЛ | - | № 98 коммуникациялар жана маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
МКЖСК | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы |
СӨП | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы |

2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Аралыктык индикаторлор (жылдык) | Максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу аткаруучулар | |||
2023 | 2024 | 2025 | 2026 | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 8 | 9 | 10 | 11 | 13 | 14 |
1 | Электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу | Ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу | ЧУА | 2023-2026-жж. |
|
|
|
| ЧУА бекитүү | ЭКМ, СӨМ, УСК, МКЖСК, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
2 | Товарды (продукцияны) чыгарган өлкөнү СТ-1 ырастоо ны) чыгарган өлкөнү СТ-1 ырастоо системасын санариптик форматка трансформациялоо жана талап кылынган маалыматтарды алмашуу жана ырастоо боюнча электрондук санариптик платформаны түзүү | Чыгарган өлкөнү автоматтык түрдө ырастоо үчүн маалымат автоматтык түрдө ырастоо үчүн маалымат базаларынын санариптик платформасын (ишканалардын реестрин, продукциянын номенклатурасын 100% санариптештирүү) түзүү. Кызыкдар мамлекеттик органдардын маалымат базаларына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү | % | 2023- 2025-жж. | 0 | 20 | 40 | 80 | 100 | СӨМ, ЭКМ, СӨП, ЭКА, СӨП, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
3 | "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик органдардын жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын электрондук өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзүү | Тышкы экономикалык иштин субъекттери тарабынан иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда "G" to "G" жана "В" to "G" модели боюнча суралган маалымат менен маалымат алмашуунун санариптик платформасынын техникалык тапшырмасын иштеп чыгуу | % | 2023- 2026-жж. | 40 | 80 |
|
| 100 | ЭКМ, "БТБ" МИ |
4 | Адистештирилген региондук интернет платформасын түзүү, кыргыз ишканаларынын продукциясын сатуу үчүн электрондук коммерцияны өнүктүрүү | "E-commerce" интернет порталын илгерилетүү боюнча иш жүргүзүү |
| 2023-ж. | "E-commerce" электрондук платформаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү |
|
|
|
| ИУА, ЭКМ, ЭКА (макулдашуу боюнча) |
5 | Финансылык инфраструктураны өркүндөтүү жана электрондук коммерциялык ишкердик субъекттеринин финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү | Электрондук соодада ишкерлердин банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүү | % | 2023-2026-жж. | 40 | 60 |
|
| 80 | ЭКМ, КРУБ, "Кыргыз почтасы" ААК (макулдашуу боюнча) |
6 | Кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого колдоо көрсөтүү жана көмөк көрсөтүү, санариптик ишкердик субъекттерин-де көндүмдөрдү жана демилгелерди өнүктүрүү | Электрондук соодада бизнес ачкан жаңы түзүлгөн ишкерлердин үлүшүн көбөйтүү | Методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу жана бекитүү | 2023-2027-жж. | Ишкерлердин сабаттуулугун жана көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча иш планы | Методикалык колдонмолорду жана окуу планын ишке ашыруунун жүрүшүн бекитүү жана кабыл алуу |
|
|
| БИМ, ЭСКММ, ММСжЖСМ, ЭКМ, ИМИМА, ЖӨБО, ЭКА, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
7 | Программаны ишке ашыруу планына мониторинг жүргүзүү жана баалоо | Жогоруда айтылгандардын бардыгы | % | 2023-2027-жж. | 20 | 20 | 25 | 25 | 100 | ЭКМ |
Кыскартуулардын тизмеси

ЖОЖ | - | жогорку окуу жайлары |

"БТБ" МИ | - | "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы |

ИУА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |

№ 98 КМТКЛ | - | № 98 Коммуникация жана маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары |
МКЖСК | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы |
СӨП | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы |
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 707 токтомуна) |
2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)

"Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү системасы мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарына, ошондой эле юридикалык жактарга, жарандарга жана уюмдарга электрондук түрдө кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтар менен алмашууга мүмкүндүк берди. Система электрондук өкмөт жаатындагы улуттук күп тартибинин өзөгү болуп саналат жана "Түндүк" ачык акционердик коому тарабынан киргизилүүдө. Кошумча отчеттуулукту, маалымкаттарды жана документтерди талап кылуу практикасы токтотулгандыгы сезилүүчү пайданы алып келет, "Түндүк" системасы аркылуу өткөн бардык бүтүмдөргө автоматтык түрдө кол коюлат жана документ болуп калат.