Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 617 токтомуна) |
Экономикалык концентрацияны контролдоо боюнча ЭРЕЖЕЛЕР
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер экономикалык концентрация процессинде Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо механизмин төмөнкү учурларда аныктайт:
1) чарбалык субъекттерди (алардын бирикмелерин) бириктирүү, кошуу, өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурууда;
2) акциялардын (уставдык капиталда катышуу үлүштөрү) беш пайыздан ашыгы мамлекетке таандык чарбалык субъекттерди түзүүдө;
3) "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелерине ылайык катышуучулары алар менен аффилирленген жактар жана/же жактардын тобу болуп саналган чарбалык субъекттерди түзүүдө;
4) мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды түзүүдө, жоюуда жана бириктирүү, кошуу жолу менен кайра уюштурууда;
5) үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарбалык субъекттин ошол эле товардык рынокто иштеген башка чарбалык субъекттин акцияларын (уставдык капиталда үлүштөрүн) сатып алуусунда, ошондой эле үстөмдүк абалды ээлеген чарбалык субъекттин акцияларынын контролдук пакетин (уставдык капиталда үлүштөрүн) кандай болбосун юридикалык жактын же жарандын сатып алуусунда.
2. Банк кызматтарынын рыногунда экономикалык концентрация процессин контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү коммерциялык банктардын жана башка юридикалык жактардын аткаруусу үчүн милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Эрежелер "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылуучу чарбалык субъекттер жоюлганда колдонулбайт.
4. Ушул Эрежелерде "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган түшүнүктөр, ошондой эле төмөнкү түшүнүк пайдаланылат:
арыз берүүчүлөр - ушул Эрежелердин 1-пунктунда каралган учурларда кайра уюштуруу, түзүү, акцияларды (уставдык капиталда үлүштөрдү) сатып алуу чечим жөнүндө чечимдерди кабыл алган чарбалык субъекттер (жеке жана/же юридикалык жактар), ошондой эле белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органында (мындан ары - монополияга каршы орган) жана анын аймактык органдарында чарбалык субъекттин атынан чыгууга жана кызыкчылыгын коргоого ыйгарым укук берилген жана алдын ала макулдашууну алууга өтүнүч берген адамдар.
2. Өтүнүчтөрдү берүү тартиби
5. Чарбалык субъекттер ушул Эрежелердин 1-пунктунда каралган аракеттерге монополияга каршы органдын алдын ала макулдугун алуу үчүн өтүнүч берет.
6. Өтүнүчтө тиркелген документтер анык жана толук болууга, ырас же талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү түрүндө берилүүгө тийиш.
7. Коммерциялык сырды түзгөн маалымат милдеттүү түрдө "купуя" белгиси менен берилет.
8. Өтүнүч төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) арыз ээси жөнүндө маалыматты:
юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын аталышы жана анын жайгашкан жери, жетекчисинин толук фамилиясы, аты, атасынын аты, телефон номери жана факс номери;
жеке жактар үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери, телефон номери. Ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү тиркелет;
жак (арыз ээси) үчүн анын атынан чыгууга жана кызыкчылыктарын коргоого ыйгарым укуктуу адам - фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери, телефон номери, өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу ишеним кат;
2) ушул Эрежелердин 1-пунктуна ылайык мамлекеттик контролдоого тийиш болгон аракеттердин предмети жөнүндө маалымат;
3) арыз ээси өтүнүчкө төмөнкүдөй документтерди тиркейт:
чарбалык субъекттер (алардын бирикмелери) бириктирүү, кошуу жолу менен кайра уюштурулганда, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар бириккенде, кошулганда:
- чарбалык субъекттерди (алардын бирикмелеринин) бириктирүүнүн жана/же кошуунун, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды бириктирүүнүн, кошуунун максаттары жөнүндө маалымат;
- уюштуруу документтеринин жана каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү;
- ар бир чарбалык субъекттин катышуучуларынын бириктирүү жана/же кошуу формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечимдеринин көчүрмөлөрү;
- бириктирилгенден жана/же кошулгандан кийин юридикалык жактын ишинде пландалган өзгөртүүлөрдү көрсөтүү менен бириктирүү жана/же кошуу планы;
- акыркы отчеттук мезгил үчүн бухгалтердик баланс, финансылык-экономикалык көрсөткүчтөр;
- иштин негизги түрлөрү жөнүндө маалыматтар, товарларды өндүрүүнүн жана сатуунун, кайра уюштурулган чарбалык субъекттер тарабынан өндүрүлгөн жана сатылган товарларды көрсөтүлгөн өтүнмө же кабарлама берилген күндөн мурунку эки жылдын ичинде же болбосо ал эки жылдан аз болсо, ишти жүргүзүү мөөнөтүнүн ичинде товардын номенклатурасынын коддорун көрсөтүү менен Кыргыз Республикасына экспорттоонун жана импорттоонун көлөмү жөнүндө маалымат;
- уюштуруучулар жөнүндө маалыматтар:
жеке адамдар үчүн - иштеген жери, кызматы, жашаган жери жана юридикалык дареги. Ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү тиркелет;
юридикалык жактар үчүн - толук аталышы, каттоо маалыматтары, юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги, байланыш телефону. Уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү, бухгалтердик баланс тиркелет.
Маалымат бириктирүү жана/же кошуу формасында кайра уюштурууга катышкан ар бир чарбалык субъект (алардын бирикмеси), мамлекеттик жана муниципалдык ишкана боюнча берилет;
чарбалык субъекттерди (алардын бирикмелерин) кайра түзүү жолу менен кайра уюштурууда:
- чарбалык субъекттерди (алардын бирикмелерин) кайра түзүүнүн максаттары жөнүндө маалымат;
- уюштуруу документтеринин жана каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү;
- кайра түзүү формасында кайра уюштуруу жөнүндө катышуучулардын чечимдеринин көчүрмөлөрү;
- акыркы отчеттук мезгил үчүн бухгалтердик баланс, финансылык-экономикалык көрсөткүчтөр;
- товарларды өндүрүүнүн жана сатуунун, кайра уюштурулган чарбалык субъекттер тарабынан өндүрүлгөн жана сатылган товарларды көрсөтүлгөн өтүнмө же кабарлама берилген күндөн товарларды өтүнмө же кабарлама берилген күндөн мурунку эки жылдын ичинде же болбосо ал эки жылдан аз болсо, ишти жүргүзүү мөөнөтүнүн ичинде товардын номенклатурасынын коддорун көрсөтүү менен Кыргыз Республикасына экспорттоонун жана импорттоонун көлөмү жөнүндө маалымат;
- уюштуруучулар жөнүндө маалыматтар:
жеке адамдар үчүн - иштеген жери, кызматы, жашаган жери жана юридикалык дареги. Ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү тиркелет;
юридикалык жактар үчүн - толук аталышы, каттоо жөнүндө маалыматтары, юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги. Уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү, бухгалтердик баланс тиркелет;
мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жоюлганда жоюунун себебин көрсөтүү жана жоюу документтеринин толук пакетин берүү зарыл;
үстөмдүк абалды ээлеген чарбалык субъекттин ошол эле товардык рынокто иштеген башка чарбалык субъекттин акцияларын (уставдык капиталда үлүштөрүн) сатып алуусу, ошондой эле үстөмдүк абалды ээлеген чарбалык субъекттин акцияларынын контролдук пакетин (уставдык капиталда үлүштөрүн) кандай болбосун юридикалык жактын же жарандын сатып алуусунда башка чарбалык субъекттин акцияларын (уставдык капиталда үлүштөрүн) жана/же контролдук пакетти сатып алуу маселеси боюнча документтердин көчүрмөлөрү берилет;
- көрсөтүлгөн бүтүмдөрдүн максатынын негиздемеси;
- уюштуруучу документтердин көчүрмөлөрү жана бүтүмдүн катышуучуларын каттоо жөнүндө күбөлүктөр;
- бүтүм жөнүндө келишимдин долбоорунун тараптар менен макулдашылган көчүрмөсү;
- сатып алуу боюнча бүтүмдү жасоонун болжолдонгон датасы жөнүндө маалымат;
- менчиктин болжолдонгон түзүмүнүн сыпаттамасы жана баалоо жана бүтүмдү же аракеттерди (келишимге кол коюуну) аяктагандан кийин контролдоо, анын ичинде бүтүмдү аяктоонун натыйжасында алынган укуктардын көлөмүн баалоо;
- акыркы отчеттук мезгил үчүн бухгалтердик баланс;
- бүтүм жасагандан кийин ишкердик ишти жүргүзүү шарттарын сыпаттоо жана товардык рынокто чарбалык субъекттин товарынын атаандаштык жөндөмдүүлүгүнө бүтүмдүн болжолдонгон таасирин сыпаттоо;
- бүтүмдүн катышуучуларынын бардык иштин түрүнүн тизмеги жана товарларды өндүрүүнүн жана сатуунун, кайра уюштурулган чарбалык субъекттер тарабынан өндүрүлгөн жана сатылган товарларды көрсөтүлгөн өтүнмө же кабарлама берилген күндөн мурунку эки жылдын ичинде же болбосо ал эки жылдан аз болсо, ишти жүргүзүү мөөнөтүнүн ичинде товардын номенклатурасынын коддорун көрсөтүү менен Кыргыз Республикасына экспорттоонун жана импорттоонун көлөмү жөнүндө маалымат;
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелерине ылайык акцияларынын (уставдык капиталында үлүштөрүнүн) беш пайызынан ашыгы мамлекетке таандык болгон чарбалык субъекттерди түзүүдө жана катышуучулары алар менен аффилирленген жактар жана/же жактардын тобу болуп саналган чарбалык субъекттерди түзүүдө, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды түзүүдө төмөнкүлөр берилет:
- түзүлгөн учурга карата уставдык капиталда үлүшүн көрсөтүү жана түзүлүп жаткан чарбалык субъекттин катышуучулары катары чыккан көрсөтүлгөн жактар иш жүргүзгөн товардык рынокту көрсөтүү менен аффилирленген жактардын жана топко кирген жактардын тизмеги;
- чарбалык субъект түзүлгөн аракеттер (аны уюштуруу жана/же кайра уюштуруу жолу менен) жөнүндө маалымат.
9. Өтүнүч жана бардык документтер Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарында чарбалык субъект катталганга жана/же бүтүмдөр катталганга чейин монополияга каршы органга берилет.
10. Монополияга каршы органга өтүнүч берилген күн болуп ушул Эрежелерде каралган бардык зарыл документтер келип түшкөн күн эсептелет.
3. Өтүнүчтөрдү кароо тартиби
11. Өтүнүчтөрдү кароо монополияга каршы орган тарабынан келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
12. Өтүнүчтү кароонун натыйжалары боюнча монополияга каршы орган төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) эгерде өтүнүчтө билдирилген аракеттер атаандаштыкты чектөөгө алып келбесе, макулдук берүү жөнүндө;
2) өтүнүчтү кароонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө:
- өтүнүчтө билдирилген аракеттер, анын ичинде адамдын (адамдардын тобунун) үстөмдүк абалынын пайда болушунун же күчөшүнүн натыйжасында атаандаштыкты чектөөгө алып келери аныкталса, аны кошумча кароонун зарылдыгы менен байланыштуу;
- рынокто чарбалык субъекттин үстөмдүк абалын аныктоо зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 461 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү тартибине ылайык товардык рынокко талдоо жүргүзүү үчүн;
3) эгерде өтүнүчтү канааттандыруу чарбалык субъекттин үстөмдүк абалынын пайда болушуна же күчөшүнө жана/же атаандаштыкты чектөөгө алып келиши мүмкүн болсо, же болбосо берилген документтерди кароодо чечим кабыл алуу үчүн мааниге ээ болгон андагы маалыматтар анык эмес экени аныкталса, мындай четке кагуунун иш жүзүндөгү себептерин көрсөтүү менен макулдук берүүдөн баш тартуу тууралуу;
4) атаандаштыкты камсыздоого багытталган кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, кайра түзүү) боюнча берилген планын өзгөртүү талаптарын коюу менен макулдук берүү жөнүндө. Мында монополияга каршы органдын чечиминде аларды коюунун негиздемеси менен конкреттүү талаптар, ошондой эле аткаруу мөөнөттөрү камтылууга тийиш. Мындай шарттар жана милдеттенмелер мүлктү башкаруу, пайдалануу же тескөө боюнча чектөөгө да тийиштүү болушу мүмкүн.
13. Эгерде монополияга каршы орган ушул Эрежелердин 11-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө арыз ээсине өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө (өтүнүчтү четке кагуу жөнүндө) жазуу жүзүндө билдирбесе, анда өтүнүчтү канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алынды деп эсептелет.
14. Монополияга каршы орган тарабынан макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болгон жагдайлар арыз ээси тарабынан четтетилгенден кийин, арыз ээси алардын аткарылышын ырастоочу документтерди берүү менен кайрадан өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Аталган документтер келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жана алар ырасталган учурда алардын негизинде монополияга каршы орган өтүнүчтү канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
15. Монополияга каршы органдын аймактык бөлүмдөрү аларга келип түшкөн өтүнүчтөрдү кароонун натыйжалары жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 жумуш күндөн кечиктирбестен монополияга каршы органдын борбордук аппаратына маалымдоого милдеттүү.
Эгерде аймактык орган кабыл алган чечим укук ченемсиз же негизсиз чечим деп негизделсе, анда монополияга каршы орган аймактык орган бардык документтерди алган учурдан тартып 15 жумуш күндүн ичинде кабыл алган чечимди жокко чыгарат.
16. Бүтүм ушул Эрежелерди бузуу менен катталган учурда, монополияга каршы орган каттоону (кайра каттоону) жараксыз деп таануу же каттоону (кайра каттоону) токтотуп туруу жөнүндө негиздеме менен каттоочу органга кайрылат.
4. Эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
17. Эгерде монополияга каршы орган экономикалык концентрация жасоо жөнүндө өтүнүчтү кароодо аны жасоо атаандаштыкты чектөөгө же жоюуга, анын ичинде чарбалык субъекттин үстөмдүк абалынын пайда болушуна же күчөшүнө алып келишин же алып келиши мүмкүн экендигин аныктаса, монополияга каршы орган бүтүмдү жокко чыгаруу зарылдыгы жөнүндө жазма буйрук чыгарат, ал 30 календардык күндүн ичинде аткарылууга тийиш.
18. Монополияга каршы органдын чечимин (жазма буйруктарын) аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган, монополияга каршы органга өтүнүчтү бербеген учурда чарбалык субъекттер жана алардын кызмат адамдары, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
19. Чарбалык субъекттер жана алардын кызмат адамдары, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан айып пул төлөө монополияга каршы органдын жазма буйруктарын аткаруудан бошотпойт.
20. Монополияга каршы органдын чечимдери административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, жаза чараларын колдонуу бөлүгүндө - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.