Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-ноябры № 629
Ведомстволор аралык комиссиялардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 265 "Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:
- 6-пунктунун 3-пунктчасындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Өкмөттүн Аппараты" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Президенттин Администрациясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча жыйын онлайн-форматта өткөрүлүшү мүмкүн.";
- 11-пунктта:
3-пунктчасы "Экономика" деген сөздөн кийин "жана коммерция" деген сөздөр менен толукталсын;
4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Президенттин Администрациясынан.";
- 13-пункттун үчүнчү абзацындагы "Өкмөтүнүн жыйынына", "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилиги" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинетинин жыйынына", "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана анын орун басарлары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 18-пунктунун 2, 3-пунктчаларындагы "Өкмөттүн Аппаратына" деген сөздөр "Президенттин Администрациясына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пунктундагы "Өкмөттүн Аппаратына" деген сөздөр "Президенттин Администрациясына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 154 "Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2, 3-пункттарындагы "Өкмөтүнүн Аппаратына" деген сөздөр "Президентинин Администрациясына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:
- 5-пунктунун 1-пунктчасындагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Президентинин Администрациясына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Комиссиянын чечими менен жактырылган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыккан мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизилет.";
- 23-пунктунун 3-пунктчасындагы "Өкмөтүнүн Аппаратына" деген сөздөр "Президентинин Администрациясына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 104 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |