Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 25 токтомуна) |
Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн ТАРТИБИ
1. Ушул Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөөнүн тартиби (мындан ары - Тартип) кыртыштын асылдуу катмарын сыйрып алууда жана которууда, химиялык, биологиялык, радиоактивдүү жана башка булгоочу заттар менен булгоодо (мындан ары - жерлерди бузуу) келтирилген зыяндын өлчөмүн нарктык формада эсептөө үчүн арналган.
2. Жерлерди бузууда келтирилген зыяндын өлчөмүн эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
Убузуу = S х Боб х Р х В х Э1 х Э2,
мында:
Убузуу - жерлерди бузууда келтирилген зыяндын өлчөмү, сом;
S - жерлерди бузуу аныкталган участоктун аянты, кв.м;
Боб - кыртыштын бонитетинин орточо баллы, 1-таблицага ылайык аныкталат;
Р - зыянды аныктоо үчүн такса, 2-таблицага ылайык аныкталат;
В - зыяндын орточо арифметикалык чоңдугу 40ка барабар;
Э1 - экологиялык баалоонун коэффициенти;
Э1 = 3 - өнөр жайлык же башка курулуштарды курууда, башка жумуштарды жүргүзүүдө жерлердин бузулушу;
Э1 = 5 - жаратылышты коргоо, ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана тарыхый-маданий багыттагы жерлердин бузулушу;
Э2 - чарба жүргүзүүчү субъекттин ишинин түрү;
Э2 = 1,5 - чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн:
- автосервистер (техникалык тейлөө станциялары, авто оңдоочу жайлар, авто жуучу жайлар, вулканизация станциялары);
- коомдук тамактануу, соода;
- кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү (сауналар, мончолор, химиялык тазалоочу жайлар, сырдап-боёчу жайлар, устаканалар);
- кичи базарлар, базарлар, анын ичинде мал базарлары, соода-рыноктук комплекстер;
Э2 = 2 - АМС үчүн.
Бардык башка чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн Э2 = 1, анын ичинде:
- тоо-кен казып алуучу;
- бюджеттик мекемелер;
- мамлекеттик ишканалар.
3. Мыйзамсыз ташылып кеткен кыртыш топурак менчигинин түрүнө карабастан жерди пайдалануучунун пайдасына алынат, аны жер жана суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
4. Жерлерди бузуудагы укук бузуулар үчүн айыптык санкцияларды төлөө бузуучуну жерлерди бузуунун натыйжасында келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.
1-таблица
Кыргыз Республикасынын райондору боюнча айыл чарба жерлеринин бонитетинин орточо өлчөнгөн баллдары, Боб
№ | Облус, район | Сугат айдоо | Кайрак айдоо | Көп жылдык бак-дарактар | Чабынды | Жайыт |
1 | Чүй | |||||
1.1 | Панфилов | 56 | 46 | 64 | 48 | 37 |
1.2 | Жайыл | 54 | 36 | 59 | 40 | 42 |
1.3 | Москва | 59 | 41 | 68 | 50 | 47 |
1.4 | Сокулук | 62 | 43 | 65 | 74 | 52 |
1.5 | Ысык-Ата | 60 | 59 | 48 | 65 | 51 |
1.6 | Аламүдүн | 62 | 51 | 62 | 59 | 58 |
1.7 | Чүй | 54 | 63 | 61 | 75 | 56 |
1.8 | Кемин | 57 | 62 | 48 | 83 | 56 |
2 | Ысык-Көл | |||||
2.1 | Тоң | 38 | 36 | 32 | 47 | 39 |
2.2 | Жети-Өгүз | 49 | 50 | 49 | 61 | 46 |
2.3 | Ак-Суу | 63 | 69 | 72 | 66 | 48 |
2.4 | Түп | 58 | 57 | 63 | 74 | 58 |
2.5 | Ысык-Көл | 50 | 53 | 47 | 37 | 43 |
3 | Нарын | |||||
3.1 | Кочкор | 43 | 24 | - | 44 | 42 |
3.2 | Жумгал | 48 | 57 | - | 56 | 41 |
3.3 | Нарын | 50 | 62 | - | 48 | 47 |
3.4 | Ак-Талаа | 35 | 33 | - | 40 | 39 |
3.5 | Ат-Башы | 50 | 64 | - | 57 | 36 |
4 | Талас | |||||
4.1 | Бакай-Ата | 52 | 28 | 55 | 34 | 34 |
4.2 | Кара-Буура | 50 | 34 | 59 | 35 | 32 |
4.3 | Манас | 51 | 42 | 44 | 17 | 30 |
4.4 | Талас | 54 | 40 | 51 | 65 | 48 |
5 | Жалал-Абад | |||||
5.1 | Аксы | 57 | 38 | - | 33 | 27 |
5.2 | Ала-Бука | 58 | 40 | 64 | 34 | 32 |
5.3 | Базар-Коргон | 62 | 37 | 60 | 33 | 25 |
5.4 | Ноокен | 62 | 38 | 60 | 31 | - |
5.5 | Сузак | 63 | 47 | 66 | 49 | 32 |
5.6 | Тогуз-Торо | 57 | 52 | - | 33 | 47 |
5.7 | Токтогул | 52 | 51 | 26 | 36 | 48 |
5.8 | Чаткал | 61 | 53 | - | 39 | 39 |
6 | Ош | |||||
6.1 | Ноокат | 58 | 43 | 30 | 38 | 50 |
6.2 | Кара-Суу | 63 | 40 | 34 | 39 | 62 |
6.3 | Алай | 38 | 48 | - | 42 | 36 |
6.4 | Өзгөн | 69 | 51 | 43 | 44 | 71 |
6.5 | Кара-Кулжа | 41 | 53 | 46 | 46 | 38 |
6.6 | Араван | 54 | 38 | 29 | 38 | 55 |
6.6 | Чоң-Алай | 40 | 42 | - | 22 | 32 |
7 | Баткен | |||||
7.1 | Кадамжай | 44 | 49 | 30 | 32 | 39 |
7.2 | Баткен | 38 | 33 | 33 | 37 | 34 |
7.3 | Лейлек | 41 | 37 | 31 | 37 | 39 |
2-таблица
Жерлерди бузгандыгы үчүн зыяндын өлчөмүн эсептөө үчүн ТАКСАЛАР, ЭК
№ | Облустар, райондор (шаарлардын жерлери жакын жайгашкан райондун жерлерине теңештирилет) | Эсептик көрсөткүчтүн үлүшү, ЭК/кв.м | ||
- сугат айдоолор; - көп жылдык мөмө дарактар; - жүзүмзарлар жана маданий жайыттар; - токой жерлери: а) токойлуу жерлер, жыш эмес токой өсүмдүктөрү, питомниктер; б) токою жок, токой өсүмдүктөрү фондуна кирген | - кайрак айдоолор; - көп жылдык бак-дарактар; - токой өсүмдүктөрү фондуна кирбеген, токою жок токой аянттары | - чабындылар; - жайыттар (маданийден башкалары) жана жерлердин жогоруда аталбаган, бирок кыртыштын асылдуу катмары бар башка категориялары | ||
1 | Чүй облусу | 0,34 | 0,08 | 0,04 |
2 | Ысык-Көл облусу | 0,21 | 0,1 | 0,05 |
3 | Нарын облусу | 0,12 | 0,05 | 0,04 |
4 | Талас облусу | 0,23 | 0,04 | 0,03 |
5 | Жалал-Абад облусу | |||
5.1 | Базар-Коргон, | 0,7 | 0,06 | 0,05 |
5.2 | Ноокен, | |||
5.3 | Сузак | |||
5.4 | Аксы, | 0,8 | 0,06 | 0,06 |
5.5 | Ала-Бука | |||
5.6 | Тогуз-Торо | 0,12 | 0,04 | 0,04 |
5.7 | Токтогул | 0,2 | 0,04 | 0,05 |
5.8 | Чаткал | 0,12 | 0,04 | 0,05 |
6 | Ош облусу | |||
6.1 | Араван, | 0,80 | 0,6 | 0,05 |
6.2 | Кара-Суу | |||
6.3 | Ноокат, | 0,8 | 0,06 | 0,06 |
6.4 | Өзгөн | |||
6.5 | Алай, | 0,2 | 0,04 | 0,05 |
6.6 | Кара-Кулжа | |||
6.7 | Чоң-Алай | 0,06 | 0,03 | 0,03 |
7 | Баткен облусу | 0,5 | 0,05 | 0,03 |