Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-январы № 38
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн байланыш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Байланыш чөйрөсүндөгү айрым ченемдик укуктук актыларды "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 "Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 1, 3-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11, 37, 54, 115-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдө "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 57-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"57. Лицензия берүүчү лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун төмөнкүдөй учурларда токтото турат:
1) бир жылдын ичинде лицензиялык талаптар үч жолу бузулганда;
2) лицензия берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү эскертүүсүндө көрсөтүлгөн лицензиялык талаптарды бузуулар лицензия алуучу тарабынан белгиленген мөөнөттө жоюлбаганда;
3) лицензия алуучунун анык эмес маалыматтар менен документтерди берүү фактылары аныкталганда;
4) адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү алдын алуучу лицензиялык талаптар лицензия алуучу тарабынан бузулганда;
5) радио жыштык ресурсу боюнча эсеп коюлган учурдан тартып алты айдан ашык байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында мөөнөтү өткөн финансылык карызы болгондо.";
- 59-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"59. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун токтото туруу токсон календардык күнгө чейинки мөөнөткө ишке ашырылат. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө чечим лицензия алуучуга мындай чечим чыгарылган күнү жөнөтүлөт же тапшырылат. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө маалымат чечим чыгарылган күнү берилген лицензиялардын реестрине жана берилген уруксаттардын реестрине киргизилет.";
- 61-пункттагы "жарактуулук мөөнөтү" деген сөздөр "жарактуулугу" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 67-69-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"67. Лицензия алуучу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө чечимге даттанууга укуктуу.
68. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) лицензия алуучу лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылганда;
2) лицензия алуучунун иши токтотулганда;
3) юридикалык жак жоюлганда;
4) жеке жак белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылганда же ал каза болгондо;
5) лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулук мөөнөтү аяктаганда;
6) иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмегинен иштин айрым түрү алып салынганда;
7) лицензия жана (же) уруксат берилген иш-аракеттер, операциялар толук көлөмдө жүргүзүлгөндө;
8) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9) лицензия жана (же) уруксат берилген учурдан тартып эки жылдын ичинде радио жыштык спектри колдонулбаганда;
10) ушул Жобонун 55-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык спектрди колдонуу натыйжасыз деп таанылганда.
69. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун токтотуу жөнүндө лицензия берүүчүнүн чечими ал кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирилбестен лицензия алуучуга жазуу жүзүндө жеткирилет.";
- 11-глава төмөнкүдөй мазмундагы 691, 692-пункттар менен толукталсын:
"691. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугу лицензия берүүчү лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып же болбосо лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.
692. Лицензиянын жарактуулугун токтотуу жөнүндө маалыматтар лицензия берүүчүнүн буйругунун негизинде реестрге киргизилет.";
- 78-80-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"78. Лицензиялык контроль лицензиялык-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген лицензиялык талаптардын, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 92, 10, 14, 18, 21, 211, 23-24, 26, 28-30, 33, 34, 39-беренелеринин ченемдеринин жана ушул Жобонун лицензия алуучу тарабынан сакталышын текшерүү максатында жүргүзүлөт.
79. Лицензиялык контроль жүргүзүү планына киргизүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лицензия берилген датадан тартып бир жыл өткөндүгү;
2) мурдагы текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузуулардын лицензия алуучу тарабынан жоюлганын текшерүү;
3) мурдагы лицензиялык текшерүү жүргүзүлгөн датадан тартып бир жыл өткөндүгү.
80. Лицензиялык текшерүү жүргүзүүнүн предмети болуп арыз ээсинин лицензиялык талаптарга шайкештигин изилдөө, ошондой эле лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды аткаруусун текшерүү, мурдагы текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузуулардын лицензия алуучу тарабынан жоюлганын текшерүү, лицензия алуучунун ага карата текшерүү жүргүзүү тууралуу арызы боюнча, ошондой эле лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастаган документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жеке же юридикалык жактын арызы боюнча текшерүү саналат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 80-1 - 80-7-пункттар менен толукталсын:
"801. Лицензиялык текшерүү жүргүзүүдө лицензия алуучу лицензия берүүчүнүн кызматкерлеринин лицензиялык текшерүүнүн предметине тиешелүү болгон бардык документтерди жана маалыматтарды тоскоолдуксуз алуусун камсыз кылууга милдеттүү.
802. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү бир жылда бир жолудан ашык эмести түзөт.
803. Лицензия алуучуну пландык лицензиялык текшерүү лицензия берүүчүнүн буйругу менен бекитилген пландык текшерүү жүргүзүүнүн жылдык планына ылайык жүргүзүлөт.
804. Лицензиялык контроль лицензия берүүчүнүн лицензиялык текшерүү барагын милдеттүү колдонуусу менен жүргүзүлөт, анын формасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
805. Лицензия алуучуну пландан тышкары текшерүү төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:
1) аныкталган лицензиялык талаптарды бузууну жоюу жөнүндө лицензия берүүчү тарабынан мурда берилген тиешелүү актыны лицензия алуучунун аткаруу мөөнөтүнүн аякташы;
2) лицензия берүүчүгө лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастаган документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө жарандардан, анын ичинен жеке ишкерлерден, юридикалык жактардан кайрылуулардын, арыздардын, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалыматтардын түшүүсү;
3) лицензиянын жарактуулугу токтотулуп турган мөөнөттүн аякташы;
4) аныкталган лицензиялык талаптарды бузууларды мөөнөтүнөн мурда жоюу фактысын аныктоо максатында лицензия берүүчүнүн пландан тышкары текшерүү жүргүзүүсү жөнүндө лицензия алуучунун өтүнүч катынын болушу.
806. Лицензия берүүчү лицензия алуучуга алдын ала кабарлоо жибербестен, ушул Жобонун 80-5-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча пландан тышкары текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
807. Лицензияга чейинки текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп лицензия алууга арыз саналат.";
- 84-пункттун 6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
- 105, 106-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"105. Лицензиялык контролдоонун жүрүшүндө лицензиялык талаптардын буга чейинки бузулушу аныкталган учурдан тартып бир жылдын ичинде ошол эле лицензиялык талаптардын сакталбагандыгы түрүндө аныкталган лицензиялык талаптардын эки жолу бузулушу айып пул салуу жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болуп саналат, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде айып пул түрүндө жаза чарасы каралган. Лицензия берүүчүнүн адистери Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүшөт.
106. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жүргүзүлөт.";
- жогоруда аталган Жобонун 1-5-тиркемелериндеги "Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр "Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 746 "Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электр жана почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 1, 3-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 42-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42. Лицензиялык контроль лицензиялык-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген лицензиялык талаптардын, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 92, 10, 14, 18, 21, 211, 23-24, 26, 28-30, 33, 34, 39-беренелеринин ченемдеринин жана ушул Жобонун лицензия алуучу тарабынан сакталышын текшерүү максатында жүргүзүлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 43-1-пункт менен толукталсын:
"431. Лицензия алуучуну пландык лицензиялык текшерүү лицензия берүүчүнүн буйругу менен бекитилген пландык текшерүү жүргүзүүнүн жылдык планына ылайык жүргүзүлөт.
Лицензиялык контроль лицензия берүүчүнүн лицензиялык текшерүү барагын милдеттүү түрдө колдонуусу менен жүргүзүлөт, анын формасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.";
- 45-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"45. Лицензиялык текшерүү жүргүзүүнүн предмети болуп арыз ээсинин лицензиялык талаптарга шайкештигин изилдөө, ошондой эле лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды аткаруусун текшерүү, мурдагы текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузуулардын лицензия алуучу тарабынан жоюлганын текшерүү, лицензия алуучунун ага карата текшерүү жүргүзүү тууралуу арызы боюнча, ошондой эле лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастаган документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жеке же юридикалык жактын арызы боюнча текшерүү саналат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 451 - 453-пункттар менен толукталсын:
"451. Лицензия алуучуну пландан тышкары текшерүү төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:
1) аныкталган лицензиялык талаптарды бузууну жоюу жөнүндө лицензия берүүчү тарабынан мурда берилген тиешелүү актыны лицензия алуучунун аткаруу мөөнөтүнүн аякташы;
2) лицензия берүүчүгө лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастаган документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө жарандардан, анын ичинен жеке ишкерлерден, юридикалык жактардан кайрылуулардын, арыздардын, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалыматтардын түшүүсү;
3) лицензиянын колдонулушу токтотулуп турган мөөнөттүн аякташы;
4) аныкталган лицензиялык талаптарды бузууларды мөөнөтүнөн мурда жоюу фактысын аныктоо максатында лицензия берүүчүнүн пландан тышкары текшерүү жүргүзүүсү жөнүндө лицензия алуучунун өтүнүч катынын болушу.
452. Лицензия берүүчү лицензия алуучуга алдын ала кабарлоо жибербестен, ушул Жобонун 45-1-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча пландан тышкары текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
45-3. Лицензияга чейинки текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп лицензия алууга арыз саналат.";
- 49-пункттун 6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 69, 70-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"69. Лицензиялык контролдоонун жүрүшүндө лицензиялык талаптардын буга чейинки бузулушу аныкталган учурдан тартып бир жылдын ичинде ошол эле лицензиялык талаптардын сакталбагандыгы түрүндө аныкталган лицензиялык талаптардын эки жолу бузулушу айып пул салуу жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болуп саналат, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде айып пул түрүндө жаза чарасы каралган. Лицензия берүүчүнүн адистери Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүшөт.
70. Байланыш жаатындагы мыйзамдарды бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.";
- 15-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-глава. Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтото туруу
71. Лицензия берүүчү төмөнкү учурларда лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтото турат:
1) бир жылдын ичинде лицензиялык талаптар үч жолу бузулганда;
2) лицензия берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү эскертүүсүндө көрсөтүлгөн лицензиялык талаптарды бузуулар лицензия алуучу тарабынан белгиленген мөөнөттө жоюлбаганда;
3) лицензия алуучунун анык эмес маалыматтар менен документтерди берүү фактылары аныкталганда;
4) адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү алдын алуучу лицензиялык талаптар лицензия алуучу тарабынан бузулганда.
Лицензиянын колдонулушун токтото туруу убагында анын колдонуу мөөнөтү узартылбайт.
Лицензия берүүчү лицензиянын колдонулушун токтото турган себептер жоюлбаган учурда, лицензия жана (же) уруксат Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарына ылайык жокко чыгарылат.
72. Лицензия алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) токсон календардык күндүн ичинде ушул Жобонун 71-пунктунда каралган бузууларды жоюуга;
2) лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтото турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузууларды жойгондугу жөнүндө лицензия берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого.
73. Лицензия алуучу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечимге даттанууга укуктуу.";
- 17-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-глава. Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу
79. Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) лицензия алуучу лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылганда;
2) лицензия алуучунун иши токтотулганда;
3) юридикалык жак жоюлганда;
4) жеке жак белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылганда же ал каза болгондо;
5) лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
6) иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмегинен иштин айрым түрү алып салынганда;
7) лицензия жана (же) уруксат берилген иш-аракеттер, операциялар толук көлөмдө жүргүзүлгөндө;
8) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде.
80. Лицензия берүүчүнүн лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу жөнүндө чечими ал кабыл алынган күндөн тартып үч иш күндөн кечиктирилбестен лицензия алуучуга жазуу жүзүндө жеткирилет.
Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушу лицензия берүүчү лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып же болбосо лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.
Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушу токтотулганда лицензия берүүчү бир иш күндүн ичинде лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизет.
Лицензия алуучуда болгон кагаз жүзүндөгү лицензия жана (же) уруксат лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген датадан тартып жараксыз деп эсептелет.
81. Лицензия берүүчү лицензиянын колдонулушун токтото турган себептер жоюлбаган учурда, лицензия берүүчүнүн арызын кароонун негизинде соттун чечими менен лицензия жокко чыгарылат.";
- жогоруда аталган Жобонун 1, 3-тиркемелериндеги "Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр "Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 31-январындагы № 7 (3456) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-январы № 38
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн байланыш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)
Байланыш чөйрөсүндөгү айрым ченемдик укуктук актыларды "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 "Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 1, 3-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11, 37, 54, 115-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдө "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 57-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"57. Лицензия берүүчү лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун төмөнкүдөй учурларда токтото турат:
1) бир жылдын ичинде лицензиялык талаптар үч жолу бузулганда;
2) лицензия берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү эскертүүсүндө көрсөтүлгөн лицензиялык талаптарды бузуулар лицензия алуучу тарабынан белгиленген мөөнөттө жоюлбаганда;
3) лицензия алуучунун анык эмес маалыматтар менен документтерди берүү фактылары аныкталганда;
4) адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү алдын алуучу лицензиялык талаптар лицензия алуучу тарабынан бузулганда;
5) радио жыштык ресурсу боюнча эсеп коюлган учурдан тартып алты айдан ашык байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында мөөнөтү өткөн финансылык карызы болгондо.";
- 59-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"59. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун токтото туруу токсон календардык күнгө чейинки мөөнөткө ишке ашырылат. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө чечим лицензия алуучуга мындай чечим чыгарылган күнү жөнөтүлөт же тапшырылат. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө маалымат чечим чыгарылган күнү берилген лицензиялардын реестрине жана берилген уруксаттардын реестрине киргизилет.";
- 61-пункттагы "жарактуулук мөөнөтү" деген сөздөр "жарактуулугу" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 67-69-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"67. Лицензия алуучу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун токтото туруу жөнүндө чечимге даттанууга укуктуу.
68. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) лицензия алуучу лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылганда;
2) лицензия алуучунун иши токтотулганда;
3) юридикалык жак жоюлганда;
4) жеке жак белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылганда же ал каза болгондо;
5) лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулук мөөнөтү аяктаганда;
6) иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмегинен иштин айрым түрү алып салынганда;
7) лицензия жана (же) уруксат берилген иш-аракеттер, операциялар толук көлөмдө жүргүзүлгөндө;
8) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9) лицензия жана (же) уруксат берилген учурдан тартып эки жылдын ичинде радио жыштык спектри колдонулбаганда;
10) ушул Жобонун 55-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык спектрди колдонуу натыйжасыз деп таанылганда.
69. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун токтотуу жөнүндө лицензия берүүчүнүн чечими ал кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирилбестен лицензия алуучуга жазуу жүзүндө жеткирилет.";
- 11-глава төмөнкүдөй мазмундагы 691, 692-пункттар менен толукталсын:
"691. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугу лицензия берүүчү лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып же болбосо лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.
692. Лицензиянын жарактуулугун токтотуу жөнүндө маалыматтар лицензия берүүчүнүн буйругунун негизинде реестрге киргизилет.";
- 78-80-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"78. Лицензиялык контроль лицензиялык-уруксат берүү иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген лицензиялык талаптардын, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 92, 10, 14, 18, 21, 211, 23-24, 26, 28-30, 33, 34, 39-беренелеринин ченемдеринин жана ушул Жобонун лицензия алуучу тарабынан сакталышын текшерүү максатында жүргүзүлөт.
79. Лицензиялык контроль жүргүзүү планына киргизүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лицензия берилген датадан тартып бир жыл өткөндүгү;
2) мурдагы текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузуулардын лицензия алуучу тарабынан жоюлганын текшерүү;
3) мурдагы лицензиялык текшерүү жүргүзүлгөн датадан тартып бир жыл өткөндүгү.
80. Лицензиялык текшерүү жүргүзүүнүн предмети болуп арыз ээсинин лицензиялык талаптарга шайкештигин изилдөө, ошондой эле лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды аткаруусун текшерүү, мурдагы текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузуулардын лицензия алуучу тарабынан жоюлганын текшерүү, лицензия алуучунун ага карата текшерүү жүргүзүү тууралуу арызы боюнча, ошондой эле лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастаган документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жеке же юридикалык жактын арызы боюнча текшерүү саналат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 80-1 - 80-7-пункттар менен толукталсын:
"801. Лицензиялык текшерүү жүргүзүүдө лицензия алуучу лицензия берүүчүнүн кызматкерлеринин лицензиялык текшерүүнүн предметине тиешелүү болгон бардык документтерди жана маалыматтарды тоскоолдуксуз алуусун камсыз кылууга милдеттүү.
802. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү бир жылда бир жолудан ашык эмести түзөт.
803. Лицензия алуучуну пландык лицензиялык текшерүү лицензия берүүчүнүн буйругу менен бекитилген пландык текшерүү жүргүзүүнүн жылдык планына ылайык жүргүзүлөт.
804. Лицензиялык контроль лицензия берүүчүнүн лицензиялык текшерүү барагын милдеттүү колдонуусу менен жүргүзүлөт, анын формасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
805. Лицензия алуучуну пландан тышкары текшерүү төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:
1) аныкталган лицензиялык талаптарды бузууну жоюу жөнүндө лицензия берүүчү тарабынан мурда берилген тиешелүү актыны лицензия алуучунун аткаруу мөөнөтүнүн аякташы;
2) лицензия берүүчүгө лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастаган документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө жарандардан, анын ичинен жеке ишкерлерден, юридикалык жактардан кайрылуулардын, арыздардын, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалыматтардын түшүүсү;
3) лицензиянын жарактуулугу токтотулуп турган мөөнөттүн аякташы;
4) аныкталган лицензиялык талаптарды бузууларды мөөнөтүнөн мурда жоюу фактысын аныктоо максатында лицензия берүүчүнүн пландан тышкары текшерүү жүргүзүүсү жөнүндө лицензия алуучунун өтүнүч катынын болушу.
806. Лицензия берүүчү лицензия алуучуга алдын ала кабарлоо жибербестен, ушул Жобонун 80-5-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча пландан тышкары текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
807. Лицензияга чейинки текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп лицензия алууга арыз саналат.";
- 84-пункттун 6-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
- 105, 106-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"105. Лицензиялык контролдоонун жүрүшүндө лицензиялык талаптардын буга чейинки бузулушу аныкталган учурдан тартып бир жылдын ичинде ошол эле лицензиялык талаптардын сакталбагандыгы түрүндө аныкталган лицензиялык талаптардын эки жолу бузулушу айып пул салуу жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болуп саналат, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде айып пул түрүндө жаза чарасы каралган. Лицензия берүүчүнүн адистери Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүшөт.
106. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жүргүзүлөт.";
- жогоруда аталган Жобонун 1-5-тиркемелериндеги "Мамлекеттик байланыш агенттиги" деген сөздөр "Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)