Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-январы № 15
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл аймагынын тургундарын жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 20-статьяларына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 22-ноябрындагы № 03/1347 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 20-сентябрындагы № 36 тескемесин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл аймагындагы № 314 (15,80 га), № 318 (22,70 га), № 322 (1,50 га), № 89 (10,50 га), № 91 (3,60 га), № 97 (0,90 га), № 58 (15,0 га) контурларда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 70,0 га кайрак айдоо жери жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |