Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 1-февралы № 43
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 74 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу документтерди талап кылуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана турган өлкөнүн жарандарына Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде жарандык-укуктук маселелер боюнча маалыматтарды талап кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 74 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу документтерди талап кылуунун тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу документтерди талап кылуунун тартиби жөнүндө нускамада:
- 5-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Консулдук кызмат адамынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын документтерди альтернативдүү (кагаз жүзүндө) талап кылуудагы иш-аракеттеринин тартиби
16. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын АМСте зарыл болгон маалыматтар жок болгон же АМС жок болгон учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтин жуп нускасын талап кылуу зарыл болгондо, консулдук кызмат адамы ушул Нускаманын 9-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттер жасалган күндөн тартып бир күндүк мөөнөттө, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына "Талап кылуу" АМС/Электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу тиешелүү суроо-талапты жөнөтөт.
17. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы суроо-талап катталган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде суралган документтерди "Талап кылуу" АМС/Электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине жөнөтөт.
18. Суралган маалыматтар жок болгон же аларды берүү мүмкүн болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тиешелүү маалыматты консулдук кызмат адамына расмий жөнөтөт же ага суралган маалыматты берүү мөөнөтүн узартуу зарылдыгы жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдайт, ал беш жумуш күндөн ашык эмес узартылышы мүмкүн.
19. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген документтин жуп нускасы жана түп нускасы консулдук кызматка жиберилет, алар почта же фельдъегерлик байланыш аркылуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жана консулдук мекемесине жөнөтүлөт.
20. Консулдук кызмат адамы Кыргыз Республикасынын тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынан келген документтерди/маалыматтарды алган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде ушул Нускаманын 11-пунктуна ылайык маалымкатты түзөт же маалыматтарды камтыган катты арыз ээсине жөнөтөт жана бул жөнүндө арыз ээсине кабарлайт.
21. Консулдук кызматтын көмөгүн талап кылган өзгөчө учурларда, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси документтерди талап кылуу жөнүндө суроо-талаптарды консулдук кызмат аркылуу жөнөтөт.
Бул учурда консулдук кызмат документтерди талап кылууга суроо-талапты ал келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына өткөрүп берет.
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынан алынган документтер/маалыматтар консулдук кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине алар катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жөнөтүлөт.";
- 24-пункттагы "консулдук кызмат аркылуу" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |