Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2021-жылдын 1-июлу № 54
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр стандарттарын социалдык төлөмдөр чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 16(3465) жарыяланды
Төрага | У.А.Марипов |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын "Социалдык чөйрөдө" II бөлүмүндө:
- 2-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулду (мындан ары - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу) дайындоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 3-глава, 18-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек чөйрөсүндө, анын ичинде калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эмгекти коргоо, калкты социалдык коргоо, мунун ичинен жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды колдоо маселелери, ошондой эле үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган): - калктын социалдык аялуу катмарына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшү (мындан ары - ведомстволук бөлүнүш); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүш). Ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү он алты жашка чыга элек төмөнкү балдар: - Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары; - тарыхый мекенине кайтып келген жана "кайрылман" статусун алган этностук кыргыздар; - жөлөкпулдарды берүү чөйрөсүндө эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген мамлекеттердин жарандары болуп саналган, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги 133 " Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоонун механизмин өркүндөтүү жөнүндө" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун дайындоо жөнүндө же дайындоодон баш тартуу тууралуу арыз ээсин маалымдоо. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө же дайындоодон баш тартуу тууралуу арыз ээсине анын электрондук почтасына билдирүү жиберүү аркылуу маалымдалат. Арыз ээсинин электрондук почтасы жок болгон учурда арыз ээсине стационардык же уюлдук байланыш аркылуу маалымдалат. Арыз ээси менен электрондук почта же уюлдук байланыш аркылуу байланышуу мүмкүн болбогон учурда билдирүү почта байланышы аркылуу жиберилет |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Келүүчүлөргө кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - кезек күтүү тартибинде; - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - бардык жарандар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кирүү шартында; - күтүү үчүн бөлүнгөн жерлерди эске алуу менен. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн аймактык бөлүнүштөрдө кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек тартибинде күтүү. Жарандардан документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө убактысы - 30 мүнөткө чейин. Жарандарга телефон аркылуу жана жеке маектешүү учурунда консультация берүү мөөнөтү 10 мүнөттөн ашык жүргүзүлөт. Документтер толук көлөмдө келип түшкөн учурдан тартып. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун дайындоо жөнүндө маселе үйгө барууну, келип түшкөн документтердин аныктыгын текшерүүнү, маалыматтар базасына информация киргизүүнү, жөлөкпул дайындоого документтерди тариздөөнү эске алуу менен он иш күндөн ашык эмес каралат. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу төмөнкүдөй дайындалат: - кайрылган айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып окуу жайынан берилүүчү маалым катты арыз ээси жаңыртууга тийиш болгон айдын акыркы числосуна чейин (жөлөкпул дайындалган күндөн тартып 12 айга жетпестен бала 16 жаш курагына чыккан учурда; - калган учурларда - кайрылган айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып 12 айлык мөөнөткө |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жаран төмөнкүлөрдөн алса болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - ведомстволук бөлүнүштөн; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында - www.mlsp.gov.kg көрсөтүлгөн графикке ылайык аймактык бөлүнүштөн. Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүдөй түрдө кабарланышы мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон, "ишеним телефону" аркылуу, адис менен жеке байланышуу учурунда); - portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу; - электрондук форматта (социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы - www.mlsp.gov.kg кызмат көрсөтүү жана анын жол-жоболору жөнүндө маалымат; - маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттар, гезиттер; - коомдук кабылдамалар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты. Аймактык бөлүнүштөрдө: - маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде; - телефон аркылуу; - түздөн-түз арыз ээсине баруу менен. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кабарлоо жазуу жүзүндөгү кайрылууларга, телефон, "ишеним телефону" боюнча жана адистерге оозеки түрүндөгү жеке кайрылууларга жооп берүү аркылуу республиканын региондорунда калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда жүргүзүлөт. Даректер, телефон номерлери, банк реквизиттери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалымат табличкалары илинет. Калк менен иштеген аймактык бөлүнүштөрдүн бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата адептүүлүктү, калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин эске алуу менен берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Арыз ээси төмөнкүлөрдү тапшырышы керек: - арыз ээсинин паспортун; - баланын/балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн/күбөлүктөрүн; - жашаган/турган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө маалыматты (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашагандар үчүн гана; - үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси жөнүндө маалыматтарды. Зарыл болгон учурларда жана мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларында тийиштүү маалыматтар жок болгон учурда кошумча төмөнкү документтер тапшырылат: - кайрылмандын күбөлүгү - кайрылман же анын үй-бүлө мүчөлөрү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга кайрылган учурда; - жашы жете элек аракетке жөндөмсүз адамга камкорчу/көзөмөлчү дайындоо тууралуу соттун чечими - арыз камкорчу/көзөмөлчү тарабынан берилген учурда; - жарандык мыйзамдардын талаптары боюнча таризделген ишеним кат - ишеним көрсөтүлгөн жак кайрылган учурда; - никеге туруу/ажырашуу тууралуу күбөлүк же никеге туруу/ажырашуу тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө - арыз ээси жөнүндө маалыматтар баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү маалыматтарга дал келбеген учурларда; - банк реквизиттери - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпул алуучунун банктык эсебине которулган учурда; - 9-формадагы маалым кат - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга "жалгыз бой эне" расмий статусу бар аял кайрылган учурда; - жашай туруу укугу - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган, чет өлкөлүк жарандар, жөлөкпулдарды берүү чөйрөсүндө эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген өлкөлөрдүн жарандары кайрылган учурда; - иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кызмат органдарында катталгандыгы жөнүндө маалым кат (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардан жана улгайган жарандардан тышкары "үй бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга үй-бүлөсүндө жумушсуз жарандар бар адамдар кайрылган учурда; - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын майыптыкты ырастаган маалым каты - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга үй-бүлөсүндө ДМЧА бар адамдар кайрылган учурда; - үй-бүлө мүчөсүнүн өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү же үй-бүлө мүчөсүнүн өлгөндүгү тууралуу күбөлүк жоголуп калган учурда өлгөндүгү тууралуу актынын жазуусунан көчүрмө - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга жубайы каза болгон адамдар кайрылган учурда; - жер үлүшүнүн жана үйгө караштуу жер участогунун бар/жок экендиги тууралуу маалымат, алар болгон учурда өлчөмдөрүн жана сапатын көрсөтүү зарыл; - айыл чарба жаныбарларынын бар (түрлөрү жана саны жөнүндө) же жок экендиги тууралуу маалымат/маалым кат; - жеңил автомобилдин (чыгарылган жылын көрсөтүү менен), айыл чарба техникасынын (трактор, комбайн), жүк ташуучу автомобилдин, чакан автобустун бар/жок экендиги тууралуу маалымат; - иш менен камсыз болуу жана жумушсуздук статусу тастыкталбаган, ишке жарамдуу үй-бүлө мүчөлөрү үчүн - салыктык каттоосу же катталбагандыгы тууралуу салык органынан маалымат/маалым кат; - алынып жаткан алименттердин өлчөмү жөнүндө аткаруучу өндүрүштүн тараптарынын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде берилүүчү маалым кат; - атасы же энеси республиканын чегинде же чегинен тышкары эркиндигинен ажыратылган жайларда экендигин ырастаган маалым кат; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан ижара акысынын суммасын көрсөтүү менен жер үлүшүнүн ижарага берилишин ырастаган маалымат/маалым кат эгерде жер үлүшү иштетилбей, ижарага берилсе; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер үлүшү/же анын бөлүгү иштетилбей тургандыгын жана/же ижарага берилбей тургандыгын ырастаган маалымат/маалым кат, мында анын иштетилбегендигинин себеби көрсөтүлөт - жер үлүшүнүн бүткүл аянтын же анын кандайдыр бир бөлүгүн иштетүүгө мүмкүн болбогон учурда. Электрондук түрдөгү маалыматтарды алмашууну караган өз ара аракеттенүү тууралуу ведомстволор аралык макулдашуу түзүлгөн мамлекеттик органдар берген документтер ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн алкагында аймактык бөлүнүштөрдөн суралат |
13 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулук; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алган адамдарга карата басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын шайкештиги: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын имаратка, жайга кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү |
15 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүгү | Арыз ээсинде квалификациялуу электрондук кол тамга болгон учурда жеке кабинетке кирүү аркылуу жана Бирдиктүү идентификациялоо системасында катталган учурда электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга арызды кабыл алууда, ошондой эле кайрылууну кароонун жыйынтыгы жөнүндө арыз ээсине маалымат берүүдө кызмат көрсөтүү жарым жартылай электрондук форматта (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттеринин өлчөмдөрү белгиленген калктуу конуштарда жашаган жарандар (үй-бүлөлөр) тарабынан берилүүчү арыздардан тышкары) берилиши мүмкүн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде: - арыз ээсине "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу дайындалган болсо же арыз ээси буга чейин "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга арыз менен башка жашаган жери боюнча кайрылган болсо; - берилген документтер жасалма экендиги аныкталса; - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу дайындала турган адам толук мамлекеттин камсыздоосунда турса; - арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер тизме боюнча толук берилбесе; - кирешенин жашыруун булактары аныкталса же туура эмес маалымат берилсе; - тапшырылган документтердин жарактуу мөөнөтү аяктаса; - бузулган документтер берилсе, (барактары жулунган, тексти жана мөөрү түшүнүксүз); - үй-бүлө "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун дайындоо критерийлерине шайкеш келбесе; - мурда дайындалган "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун билип туруп жөлөкпул алууга укук жөнүндө жалган маалыматтарды бергендиги үчүн төлөп берүү токтотулган жана төлөм токтотулган күндөн тартып 12 ай өтө элек болсо; - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга 18 жашка толо элек адамдар кайрылса; - "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алууга укугу жок адамдар кайрылса |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш ( маселелер жаралган учурда алуучу белгиленген тартипте жазуу жүзүндө (электрондук түрдө) кайрылууга укуктуу: - жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын алдындагы мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө жөнүндө жарандардын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча комиссияга (мындан ары - Комиссия); - аймактык бөлүнүшкө; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу эркин формада берилет жана анда кызмат алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызмат алуучунун колу жана дата коюлат. Кайрылууларды кароо административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жооп алуу мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 иш күндөн ашпашы керек. Кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогондо, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу негизде кайра каралууга тийиш |
";
- 17 жана 18-главалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
17. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | 11 иш күнүнөн баштап кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 3-глава, 20-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Эмгек чөйрөсүндө, анын ичинде калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эмгекти коргоо, калкты социалдык коргоо, мунун ичинен жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды колдоо маселелери, ошондой эле үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган): - калктын социалдык аярлуу катмарына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшү (мындан ары - ведомстволук бөлүнүш); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүш). Ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | 1. Кызматкерлер (иш берүүчү менен эмгек мамилелерде тургандар). 2. Юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкерлер. 3. Жер участогунун менчик ээси же пайдалануучусу (ижарачысы) болуп саналган дыйкан (фермердик чарбанын мүчөлөрү. 4. Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу аялдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 ''Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | 11 иш күнүнөн тартып республикалык бюджеттин каражатынан кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кирүү шартында; - кезек күтүү принцибинде. Имараттарда күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташуу мүмкүн болбогон учурда - короодогу), жылытуу, суу түтүгү жана телефон болот. Кош бойлуу аялдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кезексиз тейленет. Эгерде алар имаратка чыга албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн аймактык бөлүнүштөрдө кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү илинген такта жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүү тартибинде. Жарандардан документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө убактысы - 30 мүнөткө чейин. Жарандарга телефон аркылуу жана жеке маектешүү учурунда консультация берүү мөөнөтү 10 мүнөттөн ашык жүргүзүлөт. Арыздарды/өтүнмөлөрдү кабыл алуу аймактык бөлүнүштө ар бир айдын 15ине чейин жүргүзүлөт. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул арыз/өтүнмө кабыл алынган (катталган) айдан кийинки айдын 25инен кечиктирбестен төлөнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алуучуларын маалымдоо | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жаран төмөнкүлөрдөн алса болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - ведомстволук бөлүнүштөн; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында - www.mlsp.gov.kg көрсөтүлгөн графикке ылайык аймактык бөлүнүштөн. Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүдөй түрдө кабарланышы мүмкүн: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон, "ишеним телефону" аркылуу, адис менен жеке байланышуу учурунда); - portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу; - электрондук форматта (социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы - www.mlsp.gov.kg кызмат көрсөтүү жана анын жол-жоболору жөнүндө маалымат); - маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттар, гезиттер; - коомдук кабылдамалар; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты. Ведомстволук, аймактык бөлүнүштөрдө: - маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде; - телефон аркылуу; - түздөн-түз арыз ээсине баруу менен. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кабарлоо жазуу жүзүндөгү кайрылууларга, телефон, "ишеним телефону" боюнча жана адистерге оозеки түрүндөгү жеке кайрылууларга жооп берүү аркылуу республиканын региондорунда калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда жүргүзүлөт. Даректер, телефон номерлери, банк реквизиттери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат |

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалымат табличкалары илинет. Калк менен иштеген аймактык бөлүнүштөрдүн бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөөгө жөндөмдүү болушу зарыл. Кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата адептүүлүктү, калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар менен пикир алмашуу жана аларга кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |

12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн: 1. Кызматкер иш берүүчүгө төмөнкүлөрдү тапшырат: - кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоого эркин формадагы арызды; - эмгекке жөндөмсүздүк баракчасынын түп нускасын. 2. Арыз ээсинин статусуна карабастан калган категориялар төмөнкү документтерди тапшырат: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен формага ылайык кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоого арызды; - эмгекке жөндөмсүздүк баракчасынын түп нускасын; - паспорттун көчүрмөсүн. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуучунун статусун ырастоочу төмөнкү кошумча документтер тиркелет: 1) жеке ишкерлер: - жеке ишкерди мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же патенттин негизинде иштеген жактар үчүн патенттин көчүрмөсү; 2) дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрү: - жер үлүшүн/участогун пайдалануу/ижарага алуу укугуна күбөлүктүн көчүрмөсү; - арыз ээсинин мүчөлүгүн тастыктоочу дыйкан чарбанын башчысынын маалым каты; - жеке ишкерди мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - жер үлүшүн белекке берүү жөнүндө келишим (жер үлүшү белекке берүү аркылуу алынган учурда); - никелешүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (арыз ээсинин фамилиясы өзгөртүлгөн учурда); 3) жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу расмий жумушсуздарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоодо аймактык бөлүнүш жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу тууралуу маалым катты арыз ээсинин өздүк делосуна тиркейт. Мамлекеттик органдар менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө тиешелүү макулдашууларга кол коюлуп, алар күчүнө киргенден кийин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн керектүү маалыматтар электрондук форматта тиешелүү мамлекеттик органдардан суралат. Эгерде мамлекеттик органдар менен макулдашууларга кол коюлган болсо, бирок айрым маалыматтар санариптештирилбесе, анда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо кагаз жүзүндө берилген, анын ичинде сканерден өткөрүлгөн жана ведомстволук электрондук почта аркылуу алынган документтердин негизинде жүргүзүлөт |

14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө шайкештиги; - жарандардын даттануулары жана сунуштары үчүн китептин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүгү | Кызмат көрсөтүү юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкерлерге, дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрүнө жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуу укугуна ээ расмий жумушсуз адамдарга (эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн коэффициенттеринин өлчөмдөрү белгиленген калктуу конуштарда жашаган жана иштеген дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрү тарабынан берилүүчү арыздардан тышкары) арыз ээсинде квалификациялуу электрондук колтамга болгон учурда жеке кабинетке кирүү аркылуу жана Бирдиктүү идентификациялоо системасында катталган учурда электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу, ошондой эле кайрылууну кароонун жыйынтыгы жөнүндө арыз ээсине маалымат берүүдө жарым-жартылай электрондук форматта берилиши мүмкүн |

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде: - арыз ээсине кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул башка аймактык бөлүнүштө мурда дайындалгандыгы аныкталса; - тапшырылган документтер жасалма экендиги аныкталса; - арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер тизме боюнча толук берилбесе; - тапшырылган документтердин жарактуу мөөнөтү аяктаса; - бузулган документтер берилсе (барактары жулунган, тексти жана мөөрү түшүнүксүз); - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунда коюлган талаптарга шайкеш келбесе |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда алуучу белгиленген тартипте жазуу жүзүндө (электрондук түрдө) кайрылууга укуктуу: - аймактык бөлүнүшкө; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу эркин формада берилет жана анда кызмат алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызмат алуучунун колу жана дата коюлат. Кайрылууларды кароо административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жооп алуу мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 иш күндөн ашпашы керек. Кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогондо, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |

18. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 3-глава, 21-пункт |

3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар болуп каза болгон адамдын сөөгүн иш жүзүндө койгон адамдар - үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрү же туугандык даражасына карабастан башка адамдар саналат. Жөлөкпул төмөнкү категориядагы жарандар каза болгон учурларда дайындалат: - кызматкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - жеке ишкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - дыйкан чарбанын мүчөсү же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - расмий жумушсуз же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - социалдык жөлөкпул алган адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - жумушсуз адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү; - пенсионер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү. Мында пенсионер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү, анын ичинде эркиндигинен ажыратуу жерлеринде кармалган пенсионер каза болгон учурда ритуалдык жөлөкпул Пенсиялык фонддун каражатынан аймактык орган тарабынан дайындалат жана төлөнөт |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору: - 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"; - 2012-жылдын 23-мартындагы № 192 "Расымдык (сөөк коюу үчүн) жөлөкпулду эсептөө үчүн орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду республикалык бюджеттин каражатынан төлөө. Мында пенсионер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү, анын ичинде эркиндигинен ажыратуу жерлеринде кармалган пенсионер каза болгон учурда расымдык жөлөкпул Пенсиялык фонддун каражатынан аймактык орган тарабынан төлөнөт |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн пандустар жана кармоочтор менен жабдылган имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажатканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолсуз кирүү шартында; - кезек күтүү принцибинде. Имараттарда күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташуу мүмкүн болбогон учурда - короодогу), жылытуу, суу түтүгү жана телефон болот. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, улгайган жарандар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар имаратка кире албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн аймактык бөлүнүштөрдө кызмат көрсөтүүнү пайдаланууга зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек тартибинде күтүү. Жарандардан документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө убактысы - 30 мүнөткө чейин. Жарандарга телефон аркылуу жана жеке маектешүү учурунда консультация берүү убактысы 10 мүнөттөн ашык жүргүзүлөт. Арыздарды/өтүнмөлөрдү кабыл алуу аймактык бөлүнүштөрдө ар бир айдын 15ине чейин жүргүзүлөт. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө арыз/өтүнмө кабыл алынган (катталган) айдан кийинки айдын 25инен кечиктирилбестен жүргүзүлөт |

9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: - радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттар, гезиттер; - коомдук кабылдамалар; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты. Ведомстволук, аймактык бөлүнүштөрдө: - маалымат такталарында, брошюраларда жана буклеттерде; - телефон аркылуу; - түздөн-түз арыз ээсине баруу менен. Кызмат көрсөтүү жөнүндө кабарлоо жазуу жүзүндөгү кайрылууларга, телефон, "ишеним телефону" боюнча жана адистерге оозеки түрүндөгү жеке кайрылууларга жооп берүү аркылуу республиканын региондорунда калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда жүргүзүлөт. Даректер, телефон номерлери, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты маалымат такталарында, расмий сайтта жайгаштырылат |

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрүндө кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшигинде маалымат табличкалары илинет. Калк менен иштеген аймактык бөлүнүштөрдүн бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөөгө жөндөмдүү болушу зарыл. Бардык кызматкерлер колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата адептүүлүктү, калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, улгайган жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен сүйлөшүү жана аларга кызмат көрсөтүү алар үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү формада жүргүзүлөт |

12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн: 1. Кызматкер каза болгон учурда арыз ээси иш берүүчүгө төмөнкүлөрдү тапшырат: - расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоого эркин формадагы арызды; - Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө маалым катты (№ 8 форма). Кызматкердин багуусундагылар каза болгон учурда туулгандыгы тууралуу/никелешүүсү тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү тиркелет. 2. Каза болгон адамдын статусуна карабастан башка категориядагылар үчүн төмөнкүдөй жалпы документтер тиркелет: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча расымдык жөлөкпулду дайындоого арыз; - арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү; - Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө маалым кат (№ 8 форма); - каза болгон адамдын жана арыз берүүчүнүн акыркы жашаган жеринен маалым кат; - расымдык кызмат көрсөтүү агенттигинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (айыл өкмөтүнүн, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун, аймактык муниципалдык башкаруунун, үй жана кварталдык комитетинин) арыз ээсинин аты-жөнүн көрсөтүү менен сөөк коюлган фактыны тастыктаган маалым кат. 3. Каза болгон адамдын статусун тастыктоочу төмөнкү документтер кошумча тиркелет: 1) жеке ишкердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө: - каза болгондун/арыз ээсинин юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкердин мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же патенттин негизинде иштеген жактар үчүн патенттин көчүрмөсү; 2) дыйкан чарбанын мүчөсүнө же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө: - каза болгондун/арыз ээсинин жер үлүшүн/участогун пайдаланууга/ижарага алуу укугуна күбөлүктүн көчүрмөсү; - каза болгондун/арыз ээсинин юридикалык жакты түзбөгөн жеке ишкер, дыйкан чарба үчүн жеке ишкерди мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - дыйкан чарбанын башчысынын дыйкан чарбага мүчө экендигин ырастаган маалым каты; 3) расмий жумушсузга же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө: - расмий жумушсуз же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурга карата расмий жумушсуздун статусун тастыктаган аймактык бөлүнүштүн маалым каты. Мында аймактык бөлүнүштүн жетекчисинин колу коюлган расмий жумушсуздун статусу жөнүндө маалым кат өздүк делого тиркелет; 4) социалдык жөлөкпул алуучуга же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө: - социалдык жөлөкпул алгандыгы жөнүндө маалым кат. Мында социалдык жөлөкпул алуучунун статусу жөнүндө аймактык бөлүмдүн жетекчиси кол койгон маалым кат өздүк делого тиркелет; 5) жумушсуз адамга же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө тастыктоочу документтер талап кылынбайт. 2-пунктта көрсөтүлгөн категориядагылардын багуусундагылар каза болгон учурда туулгандыгы тууралуу/никелешүүсү тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү тиркелет. Мамлекеттик органдар менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө тиешелүү макулдашууларга кол коюлуп, алар күчүнө киргенден кийин расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо үчүн керектүү маалыматтар электрондук форматта тиешелүү мамлекеттик органдардан суралат. Эгерде мамлекеттик органдар менен макулдашууларга кол коюлган болсо, бирок айрым маалыматтар санариптештирилбесе, анда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо кагаз жүзүндө берилген, анын ичинде сканерден өткөрүлгөн жана ведомстволук электрондук почта аркылуу алынган документтердин негизинде жүргүзүлөт |

15 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүгү | Кызмат көрсөтүү арыз ээсинде квалификациялуу электрондук колтамга болгон учурда жеке кабинетке кирүү аркылуу жана Бирдиктүү идентификациялоо системасында катталган учурда электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу, ошондой эле кайрылууну кароонун жыйынтыгы жөнүндө арыз ээсине маалымат берүүдө жарым-жартылай электрондук форматта берилиши мүмкүн |

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде: - арыз ээсине расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул башка аймактык бөлүнүштө мурда дайындалгандыгы аныкталса; - тапшырылган документтер жасалма экендиги аныкталса; - арыз ээси тарабынан ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл болгон документтер тизме боюнча толук берилбесе; - тапшырылган документтердин жарактуу мөөнөтү аяктаса; - бузулган документтер берилсе (барактары жулунган, тексти жана мөөрү түшүнүксүз); - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктунда коюлган талаптарга шайкеш келбесе |

".
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

| Тиркеме |