Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 29 токтомуна) |
Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңеши жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңеши жөнүндө жобо (мындан ары Жобо) аудитордук ишти жөнгө салган жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесипкөй аудитордук бирикмелердин ишине контролду жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) алдында түзүлгөн Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңешин (мындан ары - Кеңеш) түзүүнүн жана ишин уюштуруунун тартибин белгилейт.
2. Кеңеш мамлекеттик органдардын, бизнес-чөйрөнүн жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн турган, аудит жана сапатты тышкы контролдоо менен байланышкан маселелерди караган, мамлекеттик-коомдук контролду жүзөгө ашырган жана коомдук кызыкчылыктын максатында чечим кабыл алган консультативдик-кеңеш берүүчү коллегиалдуу орган болуп саналат.
2. Кеңешти түзүүнүн тартиби
3. Аудитке коомдук көзөмөл жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен Кеңеш түзүлөт жана анын жеке курамы бекитилет.
4. Кеңеш ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин ичинен дайындалуучу Кеңештин төрагасын жана катчысын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча дайындалган Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлүн, бухгалтердик эсеп жана/же аудит жаатындагы академиялык чөйрөнүн өкүлүн жана аудит жаатындагы бизнес чөйрөнүн үч өкүлүн кошо алганда 7 (жети) мүчөдөн турат.
5. Кеңештин бухгалтердик эсеп жана/же аудит жаатындагы академиялык чөйрөдөн жана аудит жаатындагы бизнес чөйрөдөн мүчөлөрү "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык билими жана кесиптик тажрыйбасы бар адамдар болууга тийиш.
6. Кеңештин төрагасы жана мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
7. Кеңештин мүчөлөрүнүн: Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, бухгалтердик эсеп жана/же аудит жаатындагы академиялык чөйрөнүн жана аудит жаатындагы бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 3 (үч) жылды түзөт.
8. Бир эле адам катары менен экиден көп мөөнөткө Кеңешке мүчө боло албайт.
9. Кеңештин мүчөлөрүн бухгалтердик эсеп жана/же аудит жаатындагы академиялык чөйрөдөн жана аудит жаатындагы бизнес-чөйрөдөн тандоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин ичинен конкурстук комиссия түзүлөт жана анын курамы 5 (беш) мүчөдөн турган курамда бекитилет.
10. Конкурсту өткөрүүдө конкурстук комиссия:
- конкурсту өткөрүүнүн мөөнөттөрүн жана иштин регламентин аныктайт;
- аңгемелешүү этабы үчүн суроолорду аныктайт;
- конкурска катышуучулар берген документтерди карайт жана конкурска киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- конкурстун катышуучулары менен аңгемелешүү өткөрөт;
- тандалып алынган талапкерди Кеңештин мүчөлүгүнө сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алат.
11. Конкурс төмөнкүдөй тартипте өткөрүлөт:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтына конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыялоо;
- конкурска катышууну каалаган жарандардын документтерин кабыл алуу;
- конкурсту түздөн-түз өткөрүү.
12. Конкурсту өткөрүү төмөнкүдөй этаптардан турат:
- конкурска катышуучулардын документтерин "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келерин кароо;
- аңгемелешүү өткөрүү.
13. Конкурсту өткөрүүнүн узактыгы документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 30 жумуш күндөн ашпоого тийиш.
14. Конкурстук комиссиянын жыйналышы зарылдыкка жараша өткөрүлөт.
Конкурстук комиссиянын жыйналышы, эгерде анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, ал ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
Конкурстук комиссиянын чечими жыйналышка катышкан анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгондо төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
Конкурстук тандоонун жыйынтыктары протокол менен таризделет, ага конкурстук комиссиянын төрагасы, катчысы жана жыйналышка катышкан мүчөлөр кол коёт.
15. Кеңешке мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ушул Жобонун 7-пунктунда белгиленген ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктаса;
2) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын арызы боюнча анын өкүлү кызмат ордунан бошотулган учурда;
3) мүчөлүгүн ыктыярдуу чакыртып алуу жөнүндө Кеңештин мүчөсүнүн жеке арызы боюнча (бул жөнүндө 2 жума (14 календардык күн) мурда жазуу жүзүндөгү арыз менен билдирүү менен);
4) Кеңештин жыйналыштарына 3төн (үчтөн) көп жолу катышпаса, Кеңеш жүйөлүү себеп боюнча катышпаган мүчөнүн катыша албай тургандыгы жөнүндө андан жазуу жүзүндөгү тиешелүү билдирүүнү алган учурлардан тышкары (эмгекке жөндөмсүз болуу, ооруу, жакын туугандарынын оорушу жана/же каза болушу, баланы же ишке жөндөмсүз үй-бүлө мүчөсүн багуу, өргүүдө, иш сапарында болушу, шаардын же өлкөнүн сыртында болуу жана алдын ала көрө билүүгө болбогон форс-мажордук жагдайлар учурлары);
5) Кеңештин мүчөсүнүн каза болушу;
6) Кеңештин мүчөсүнө карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде.
16. Бухгалтердик эсеп жана/же аудит жаатындагы академиялык чөйрөдөн жана аудит жаатындагы бизнес чөйрөдөн Кеңештин мүчөсү мүчөлүгүн токтоткон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун 12-пунктуна ылайык жаңы мүчөнү тандап алууну жүргүзөт, Кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизет жана аны 30 жумуш күндүн ичинде бекитет.
3. Кеңештин ыйгарым укуктары
17. Кеңеш аудитордук ишке мамлекеттик-коомдук көзөмөл функциясын жүзөгө ашыруунун алкагында "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ыйгарым укуктарга ээ.
18. Кеңеш өзүнүн компетенциясынын алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, жогорку окуу жайларынан, аудитордук уюмдардан, кесипкөй аудитордук бирикмелерден Кеңештин жыйналыштарында карала турган маселелерге тийиштүү документтерди жана материалдарды суроого жана алууга укуктуу. Эгерде документтер жана маалыматтар коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сырларды камтыса, жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, коммерциялык сыр жөнүндө, аудитордук иш жөнүндө жана мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык Кеңеш маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат.
4. Кеңештин ишин уюштуруунун тартиби
19. Кеңеш учурдагы жылдын 31-январына чейин төрага бекиткен Кеңештин ишинин жылдык планынын негизинде өзүнүн ишин жыйналыштар түрүндө жүзөгө ашырат. Бекитилген иш планга Кеңештин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алуу менен зарыл болгондо түзөтүүлөр киргизилет.
20. Кеңештин жыйналышы Кеңештин төрагасы тарабынан аныкталган күндөрдө, бирок 6 (алты) айда 1 (бир) жыйналыштан кем эмес өткөрүлөт.
21. Кеңештин мүчөсүнүн жүйөлүү себептер боюнча (ден соолугунун абалы боюнча, жакын туугандарынын оорусуна жана/же өлүмүнө байланыштуу, баланы же аракетке жөндөмсүз үй-бүлө мүчөсүн кароо, өргүүдө, иш сапарында, шаардын же өлкөнүн чегинен тышкары жерде болуу, эпидемияда жана алдын ала көрө билүүгө болбогон форс-мажордук жагдайларда) Кеңештин жыйналыштарына катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда Кеңештин мүчөсүнүн Интернет тармагы аркылуу видеоконференция режиминде аралыктан катышуусу мүмкүн. Кеңештин жыйналышы техникалык каражаттарды пайдалануу менен видеобайланыш, видеоконференция режиминде же Кеңештин жыйналышына катышкан бардык адамдарга бири-бирин угууга мүмкүндүк берген байланыштын окшош ыкмасы менен өткөрүлүшү мүмкүн.
22. Кеңештин мүчөлөрү жыйналыштардын убагында жана өз милдеттерин аткаруу процессинде алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
23. Эгерде жыйналышка Кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса, Кеңеш чечим кабыл алууга укуктуу.
24. Кеңештин чечимдери жыйналышка катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
25. Кеңештин жыйналыштарын төрага өткөрөт, ал эми Кеңештин ишин уюштурууну-техникалык коштоо Кеңештин катчысы тарабынан камсыз кылынат.
26. Кеңештин жыйналышынын күн тартибин жана маселелерди кароонун тартибин Кеңештин жооптуу катчысынын сунушу боюнча төрага бекитет.
27. Жыйналышты өткөрүүнүн пландалган датасына чейин 10 жумуш күндө алдыда болуучу жыйналыштын күн тартиби жана материалдары менен Кеңештин мүчөлөрү кабарландырылат жана камсыздалат.
28. Кеңештин мүчөлөрү алдыдагы жыйналыштын күн тартиби боюнча өз сунуштарын жазуу жүзүндө, жыйналышты өткөрүүгө чейин 3 жумуш күндөн кем эмес мөөнөттө жөнөтүүгө укуктуу.
29. Кеңештин кароосуна киргизилген ар бир маселе боюнча жыйналыштын материалдары менен бирге чечимдин долбоорун катчы даярдайт.
30. Кабыл алынган чечимдер Кеңештин ар бир жыйналышынын жыйынтыгы боюнча катчы тарабынан ал өткөрүлгөндөн кийин 5 жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө Кеңештин жыйналыштарынын протоколдору түрүндө таризделет жана төрага, жыйынга катышкан Кеңештин бардык мүчөлөрү жана Кеңештин катчысы тарабынан кол коюлат.
31. Кеңештин чечимдери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн сунуштама мүнөзгө ээ. Кеңештин жыйналыштарынын протоколдору жана Кеңештин иши менен байланышкан башка материалдар Кыргыз Республикасынын архивдик фонду жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте сакталат.
32. Кеңештин ишин уюштуруучулук-усулдук, маалыматтык жана техникалык жактан камсыз кылууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча Кеңештин катчысы жүзөгө ашырат.
33. Кеңештин мүчөлөрүнүн чечими боюнча Кеңештин жыйналышына көз каранды эмес эксперттер, илимий жана башка консультанттар, жогорку окуу жайларынын, аудитордук уюмдардын, кесипкөй аудитордук бирикмелердин өкүлдөрү Кеңештин ишине эксперттик-консультациялык көмөк көрсөтүү жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн, ошондой эле аудиттин сапатын контролдоо маселелери боюнча жана аудиторлорду, аудитордук уюмдардын жана кесипкөй аудитордук бирикмелердин ортосундагы талаштар боюнча даттануу менен кайрылган адамдарга иш жүзүндөгү жагдайлар, каралып жаткан маселелер жөнүндө маалыматтарды баяндоого жана протокол менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн алар чакырылышы мүмкүн.
34. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча Кеңештин мүчөлөрү потенциалды жогорулатуу боюнча иш чараларга (тренингдерге, конференцияларга, окуу сапарларына жана башкаларга) тартылат, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сыйлыктары менен сыйланат.