Загрузка документа…
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-февралындагы N 53 токтомуна) |
Дары каражаттарына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул дары каражаттарына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуунун тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, ташып келинген жана сатылган дары каражаттарына байкоо жүргүзүү процессине, дары каражаттарын жүгүртүүнүн катышуучуларына жана алардын функциясына талаптарды, "Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтык базасы" маалыматтык системасындагы дары каражаттарын жүгүртүүнүн катышуучуларын жана дары каражаттарын жүгүртүүнүн катышуучуларынын маалымат алмашуусун каттоо тартибин, "Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтык базасы" маалыматтык системасындагы дары каражаттарын жүгүртүүнүн катышуучуларына санариптик маркалоо коддорун берүү тартибин, байкоо жүргүзүлүүгө тийиш болгон дары каражаттарына санариптик маркалоо кодун түшүрүү талаптарын, "Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалымат базасы" маалыматтык системасында жүгүртүүдө турган дары каражаттарын жүгүртүүгө киргизүү жана жүгүртүүдөн чыгаруу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маалыматты берүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) агрегациялоо - маалыматтарды алмашууну караган жана/же ченемдик укуктук актылардын аткарууну сериялаштыруу менен байланышкан жумушчу процесстерди өркүндөтүү максатында уникалдуу идентификациялык кодго ээ болгон сырткы таңгак менен, ошондой эле уникалдуу идентификациялык кодго ээ болгон анда камтылган өндүрүлгөн продукттардын ортосундагы иерархиялык мамилелерди документалдык ырастоо;
2) сериялаштыруу - продукциянын таңгагына уникалдуу коддорду аныктоо, ыйгаруу жана түшүрүү процесстери жана жыйынтыктары;
3) дары каражаттарын жүгүртүүгө киргизүү - байкоо жүргүзүү системасында дары каражаттарынын санариптик маркалоо кодун баштапкы каттоо;
4) дары каражаттарын жүгүртүүдөн алып салуу - дары каражаттарынын конкреттүү бирдигине карата байкоо жүргүзүү системасында дары каражаттарынын санариптик маркалоо кодун ал акыркы керектөөчүгө жеткенде же жок кылынганда каттоону токтотуу;
5) баштапкы (ички) таңгак - дары каражаты менен түздөн-түз байланышта болгон таңгак;
6) экинчи жолку (сырткы же керектөөчү) таңгак - дары каражаты баштапкы жана аралык таңгактарга салынган таңгак;
7) топтук таңгактоо - ташуу учурунда жана өз алдынча транспорттук бирдикти түзүүдө бузулуудан коргоо максатында сактоо жана транспорттоо үчүн дары каражаттарынын экинчи жолку (ал эми алар жок болсо, баштапкы) керектөө таңгактарынын бир тектүү топтомдорун бириктирген таңгак (дары каражаттын таңгагынын бир кодунун алкагында, ошондой эле GTIN (Global Trade Item Number) деп аталган - товарлардын бирдиктүү эл аралык базасындагы товардык продукциянын глобалдык номери штрих код түрүндөгү стандартташтырылган эрежелер боюнча товардын таңгагына түшүрүлөт). Топтук таңгакка агрегация коду түшүрүлөт. Топтук таңгак кичирээк өлчөмдөгү (көлөмдөгү) транспорттук таңгактарды камтышы мүмкүн;
8) таңгактын жеке номери (сериялаштыруу коду) - бир товардын кодунун алкагында дары каражаттарынын экинчи жолку таңгагын уникалдуу идентификациялоочу символдордун ырааттуулугу;
9) дары каражатынын таңгагынын коду (GTIN) - GS1 ассоциациясы (GS1 - көп тармактуу товардык номерлөө системасын башкарган жетектөөчү эл аралык уюм. GS1 дүйнө жүзү боюнча жеткирүү чынжырларынын натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга багытталган штрих код стандарттарын жана чечимдерди иштеп чыгат) тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык дары каражатына ыйгарылган код, ал дары каражаттарынын мамлекеттик реестринде жана GS1 глобалдык каталогунда дары каражатын эсепке алууну камсыз кылат;
10) санариптик маркалоо коду - эки өлчөмдүү Data Matrix (Data Matrix коду - эки өлчөмдүү матрицалык штрих код, ак-кара элементтерди же жарыктын бир нече түрдүү даражадагы элементтерин, адатта квадрат түрүндө, тик бурчтуу же квадраттык топко жайгаштырылган) штрих коду түрүндө берилген, машина окуй турган формадагы символдордун уникалдуу ырааттуулугу;
11) агрегация коду - топтук таңгактын уникалдуу нускасы болгон символдордун ырааттуулугу;
12) санариптик маркалоо - дары каражатынын таңгагында санариптик маркалоо кодун түшүрүү;
13) маалыматтарды берүүнүн протоколу - маалыматтык билдирүүлөрдүн түзүмүнө жана программалардын жана/же түзүлүштөрдүн ортосундагы билдирүүлөрдү алмашуу алгоритмине карата талаптардын формалдашкан топтому;
14) санариптик маркалоо кодунун статусу - ушул Тартипте каралган процесстерди ишке ашырууда өзгөрүүчү "Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтар базасы" маалыматтык системасында аныкталган байкоо жүргүзүү кодунун абалы;
15) байкоого алынуучу дары каражаттарын жүгүртүүнүн катышуучулары (мындан ары - жүгүртүүнүн катышуучусу) - Кыргыз Республикасынын аймагында фармацевттик же медициналык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар;
16) стикер - дары каражаттарынын таңгагын аны бузбастан таңгактан бөлүп алууга жол бербей турган санариптик маркалоо кодун түшүрүү үчүн арналган маалымат алып жүрүүчү;
17) "Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтар базасы" маалыматтык системасы - дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын кыймылын эсепке алууну камсыз кылуучу маалыматтык система;
18) "Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтар базасы" маалыматтык системасынын оператору - дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
3. Ушул Тартиптин колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүдөгү жана байкоо жүргүзүүгө тийиш болгон дары каражаттарына жайылтылат.
4. Ушул Тартиптин колдонулушу төмөнкү дары каражаттарына жайылтылбайт:
1) убактылуу сактоодо же бажы кампасынын бажы жол-жобосунда турган;
2) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу ташуу (транспорттоо) үчүн бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк продукциялар, келген жериндеги бажы органынан кеткен жериндеги бажы органына чейин;
3) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу ташуу (транспорттоо) үчүн бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк дары каражаттары, келген жериндеги бажы органынан ички бажы органына чейин;
4) андан ары Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгуу максатында бажы жол-жоболоруна жайгаштырылган;
5) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагына экспорттоо максатында өндүрүлгөн;
6) эркин кампа бажы жол-жобосуна жайгаштырылган;
7) каттоо жана сапатын баалоо максатында сыноо жүргүзүү үчүн арналган;
8) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген же эл аралык көргөзмөлөрдүн жана жарманкелердин уюштуруучулары жана катышуучулары тарабынан үлгүлөр жана экспонаттар катары Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатуу (сатып өткөрүү) үчүн арналбаган;
9) жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасына ташып келинген жана алардын жеке колдонуусу үчүн сатып алынган;
10) дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин, эл аралык, мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык уюмдардын, алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле аларга караштуу мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн пайдалануусу үчүн арналган;
11) "2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын ратификацияланган Мыйзамы менен Евразия экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашуунун 8-беренесинде каралган учурларда.
5. Дары каражаттарына байкоо жүргүзүү маалыматтарды дары каражаттарын жүгүртүүгө киргизүү жөнүндө "Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтар базасы" маалыматтык системасына (мындан кийин - ЭМБ МС) өткөрүп берүү жолу менен, андан кийин дары каражаттарын жүгүртүүдөн чыгарганга чейин жүгүртүүнүн бир катышуучусунан башка катышуучусуна өткөндө жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан санариптик маркалоо коддорун кийин окуу жана таануу менен камсыз кылынат.
6. ЭМБ МС Кыргыз Республикасынын аймагында дары каражаттарынын кыймылын эсепке алууну камсыз кылуучу маалыматтык система болуп саналат. ЭМБ МСтин иштеши ЭМБ МС оператору тарабынан камсыз кылынат.
7. Оператор ЭМБ МСте төмөнкү маалыматтарды каттоо жана сактоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат:
1) жүгүртүүнүн катышуучулары жөнүндө;
2) милдеттүү түрдө байкоо жүргүзүлүүгө тийиш болгон дары каражаттары жөнүндө;
3) жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан берилген дары каражаттарынын санариптик маркалоо коддору жөнүндө;
4) дары каражаттарына милдеттүү түрдө байкоо жүргүзүү боюнча талаптардын керектөөчүлөр тарабынан аныкталган бузуулар жөнүндө;
5) жүгүртүүгө киргизүү жөнүндө, байкоо жүргүзүлүүчү дары каражаттарынын кыймылы жана аларды жүгүртүүдөн чыгаруу жөнүндө;
6) байкоо жүргүзүлүүчү дары каражаттарынын учурдагы статусу жөнүндө, анын ичинде:
- дары каражатынын мамлекеттик каттоосунун болушу;
- дары каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун болушу;
- дары каражатын рыноктон алып салуу жөнүндө маалыматтар;
- дары каражатын колдонуу жөнүндө маалымат, анын ичинде мамлекеттик жана расмий тилдердеги медицинада колдонуу жөнүндө нускама.
8. Дары каражаттарын жүгүртүүнүн катышуучуларынын ЭМБ МС менен маалыматтык өз ара аракеттенүүсү, форматы Интернет тармагындагы ЭМБ расмий сайтында жайгаштырылган билдирүүлөрдү алмашуу жолу менен маалыматтарды берүү протоколдорун пайдалануу аркылуу ишке ашырылат.
9. Жүгүртүүнүн катышуучулары ЭМБ МС катталууга (эсепке алуу жазуусуна ээ болууга) жана санариптик маркалоо коддорун түшүрүү, окуу жана таануу үчүн жабдууларга ээ болууга тийиш.
10. Дары каражаттарын жүгүртүүнүн катышуучуларын ЭМБ МС каттоо жана аларга жеке кабинетке кирүүгө мүмкүндүк берүү фармацевттик же медициналык ишке жарактуу лицензиянын негизинде же аккредитациялоонун негизинде жүргүзүлөт.
Жүгүртүүнүн катышуучусуна эсепке алуу жазуусу берилет, ал жеке кабинет менен иштөө үчүн, ошондой эле билдирүүлөр менен алмашуу максатында маалыматтык системаларды кошуу үчүн колдонулат (интеграциялоо).
Жүгүртүүнүн катышуучусу электрондук дарегин жана телефон номерин берүүгө милдеттенет. Жүгүртүүнүн катышуучусу катталуу тизмесине кирүү үчүн, анын ичинде колдонуучуларды кошуу жана алардын ЭМБ МС функцияларына кирүү укуктарын өзгөртүү, сыр сөздөрдү башкаруу жана башка аракеттер үчүн жооп берет.
11. ЭМБ МС жөнөтүлгөн маалыматтын толуктугу, аныктыгы жана өз убагында болушу үчүн жоопкерчиликти маалыматты берген жүгүртүүнүн катышуучулары тартат.
12. Жүгүртүүнүн катышуучусунун ЭМБ МСке кирүү мүмкүнчүлүгү төмөнкүдөй негиздердин бири болгондо токтотулат:
1) фармацевттик же медициналык ишке лицензиянын колдонулушун токтотуу;
2) аккредитацияны чакыртып алуу;
3) юридикалык жактын же жеке ишкердин ишин токтотуу.
13. Санариптик маркалоо коддорун чыгаруу дары каражаттарын өндүрүүчүлөр же ЭМБ МС оператору тарабынан жүзөгө ашырылат. ЭМБ МС оператору тарабынан санариптик маркалоо коддору берилген учурда ЭМБ МСтен коддорду берүү акысыз болуп саналат.
2-глава. Санариптик маркалоо коддорун түшүрүү тартиби
14. Санариптик маркалоо коддорун түшүрүү дары каражаттарын каттоо күбөлүгүнүн кармоочулары, дары каражаттарын өндүрүүчүлөр, чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагындагы филиалдарынын же туунду уюмдарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү же Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн өкүлчүлүгү же филиалы, же туунду уюму жок болгондо дары каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнү жүзөгө ашырган импорттоочулар тарабынан камсыз кылынат.
15. Ушул Тартиптин 14-пунктунда саналган субъекттер ушул Тартиптин тиркемесинде каралган санариптик маркалоо кодунун курамына жана колдонулушуна карата талаптардын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
16. Санариптик маркалоо коду таңгакка төмөнкү ыкмалардын бирин колдонуу менен түшүрүлөт:
а) өндүрүүдө санариптик маркалоо кодун түздөн-түз түшүрүү;
б) түздөн-түз эмес түшүрүү (стикерлөө) - стикер түрүндөгү өзү чапталуучу кагазга санариптик маркалоо кодун колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
3-глава. Санариптик идентификациялоо коддору менен маркаланган дары каражаттарына байкоо жүргүзүү тартиби
17. Санариптик маркалоо коддору менен дары каражаттарын жүгүртүүгө киргизүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында дары каражаттарын өндүрүүдө - өндүрүлгөн дары каражаттарын даяр продукциянын кампасына берүүдө санариптик маркалоо коддорун ырастоо менен ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча ЭМБ МСке өндүрүүчү тарабынан дары каражаттарын өндүрүү жөнүндө кабарламаны жөнөтүү жолу менен;
2) ЕАЭБ мүчө болбогон мамлекеттердин аймагынан дары каражаттарын ташып келүүдө - Кыргыз Республикасынын бажы органдары чыгаргандан кийин ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча Кыргыз Республикасына ички керектөө үчүн дары каражаттарын ташып келүү жөнүндө жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан ЭМБ МСке кабарламаны жөнөтүү жолу менен;
3) ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин аймагынан дары каражаттарын ташып келүүдө - байкоо жүргүзүү коддорун ырастоо менен ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча ташып келинген дары каражаттарын кампага кабыл алуу жөнүндө жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан (импорттоочу же дистрибьютор) ЭМБ МСке кабарламаны жөнөтүү жолу менен.
18. Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик маркалоо коддору бар дары каражаттарынын кыймылын эсепке алуу жүгүртүүнүн катышуучуларынан дары каражаттарын берүү жана (же) сатуу жөнүндө кабарламаларды ЭМБ МСке каттоо жолу менен жүргүзүлөт.
19. Санариптик маркалоо коддору бар дары каражаттарын жүгүртүүнүн башка катышуучусуна өткөрүп берүүдө жана (же) сатууда дары каражаттарын жөнөтүүчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча аларды жүктөө жөнүндө кабарламаны түзөт жана аны ЭМБ МСке иш жүзүндөгү өткөрүп берүү жана (же) сатуу учурунда жөнөтөт.
20. Дары каражаттарын кабыл алууну жүзөгө ашырган жүгүртүүнүн катышуучусу иш жүзүндөгү кабыл алуу учурунда ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча дары каражаттарын кабыл алуу жөнүндө кабарламаны ЭМБ МСке өткөрүп берүүнү камсыз кылат.
21. Дары каражаттарын кабыл алууда дал келбестиктер аныкталган учурда, дары каражаттарынын алуучусу ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча аныкталган дал келбестиктер жөнүндө кабарламаны түзөт жана кайра жүктөө жөнүндө мурда жөнөтүлгөн кабарламага өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн аны дары каражаттарын өткөрүп берген жана (же) саткан жөнөтүүчүгө жиберет.
22. Санариптик маркалоо коддору бар дары каражаттарын жүгүртүүдөн алып салуу жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан үлгүлөрдү алууда, берүүдө, чекене сатууда, медициналык колдонуу үчүн берүүдө, экспорттоодо, реэкспорттоодо, жоготууда, жок кылууда, конфискациялоодо, жогоруда саналган операцияларды иш жүзүндө жасоо учурунда ЭМБ МСке кабарлама жөнөтүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
23. Ушул Тартиптин 22-пунктунда көрсөтүлгөн себептер боюнча мурда жүгүртүүдөн алып салынган дары каражаттарын жүгүртүүгө кайра киргизүү үчүн, дал ошол конфискацияланган дары каражаттарын экспорттоодо, реэкспорттоодо жана кайтарып берүүдө жүгүртүүнүн катышуучусу ЭМБ МСке ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча дары каражаттарын жүгүртүүгө кайра киргизүү жөнүндө кабарламаны жөнөтөт.
4-глава. ЭМБ МСке жайгаштырылган маалыматка жетүү
24. ЭМБ МСке керектөөчүлөр мобилдик тиркемени колдонуу аркылуу түшүрүлгөн санариптик маркалоо коду боюнча дары каражаты жөнүндө төмөнкү маалыматты текшере алышат:
- дары каражатынын статусу (жүгүртүүдө турган/жүгүртүүдөн чыгарылган);
- өндүрүүчү жөнүндө маалыматтар;
- берүү шарттары;
- жарактуулук мөөнөтү;
- сапат жөнүндө корутундунун болушу;
- мамлекеттик жана расмий тилдерде медициналык колдонуу боюнча нускама.
|
| Дары каражаттарына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу тартибине тиркеме |
Байкоо жүргүзүү коддорунун курамына жана түшүрүлүүсүнө карата ТАЛАПТАР
1. Дары каражаттарына байкоо жүргүзүү коддорунун курамына талаптар
"Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтар базасы" маалыматтык системасында төмөнкүдөй минималдуу талаптарга жооп берген шартта ар кандай курамдагы санариптик маркалоо коддору жүктөлүшү мүмкүн:
- санариптик маркалоо кодунун элементтери (блоктору) "GS1 Application Identifiers" https://www.gsl.org/standards/barcodes/application-identifiers (колдонуу коддору GS1);
- санариптик маркалоо кодунун биринчи элементи болуп 14 сандан турган жана ЭМБ МС дары каражаттар реестринде көрсөтүлгөн дары каражатынын коду (GTIN) саналат. Бул элементти (AI) GS1 стандартына ылайык колдонуу коду болуп "01" саналат. EAN коддорун (13 сан) колдонууда, алар солдон 0 менен толукталат;
- санариптик маркалоо кодунун экинчи элементи болуп таңгактын жеке сериялык номери саналат. Бул элементти (AI) GS1 стандартына ылайык колдонуу коду "21" саналат. Таңгактын сериялык номери дары каражатынын коду үчүн уникалдуу болуп саналат. Экинчи элементтин жыйынтыктоочу символу болуп ASCII символдор таблицасында 232 (FNC1) же 29 (GS) коду бар бөлүүчү символ саналат;
- коддун башка элементтери GS1 стандартына ылайык келген жана тиешелүү колдонуу коддору менен белгиленген шартта ар кандай болушу мүмкүн (анын ичинде электрондук санариптик колтамга).
Кыргыз Республикасында сатуу үчүн дары каражаттарын максаттуу маркалоодо санариптик маркалоо коддорунун төмөнкү курамын сактоо сунушталат:
AI (колдонуу коду) | Мазмуну | Формат | Түшүндүрмө | Үлгү |
| FNC1 (Codeword 232) же GS (ASCII 29) |
| Код GS1 Data Matrix стандартына ылайык келерин билдирет |
|
01 | GTIN | Продукт коду 14 цифра | Продукттун GTIN коду. 13 орундуу код (EAN) болсо, нөл менен (0) 14 белгиге чейин сол тараптан толукталат | 08699536090115 |
21 | Таңгактын уникалдуу номери | [0-9] сандан жана/же латынча баш тамгаларынан [A-Z] турган өзгөрүлмө узундук блогу (символдордун минималдуу узундугу 14 символ сунушталат). Тамгаларды же сандарды гана колдонууга жол берилет | Таңгактын уникалдуу номери ЭМБ МС тарабынан берилет же өндүрүүчү тарабынан түзүлөт | 5UNDALD3W6K44YIH |
| FNC1 (Codeword 232) же GS (ASCII 29) |
| Уникалдуу номердин маалымат блогунун аягын билдирет |
|
17 | Жарактуулук мөөнөтү | Белгиленген узундуктагы блок 6 цифра | YYMMDD форматындагы жарактуулук мөөнөтүнүн акыркы күнү | 270131 |
10 | Партиянын номери (сериясы) | [0-9] цифралардан жана/же латынча баш тамгаларынан [A-Z] турган өзгөрүлмө узундук блогу | Өндүрүш партиясынын номери (продукттун сериясы) | 22262012 |
2. Дары каражаттарына байкоо жүргүзүү коддорун түшүрүүгө талаптар
1. Дары каражаттарын санариптик маркалоо үчүн эки өлчөмдүү GS1 Data Matrix штрих коду түрүндө берилген, машина менен окууга ылайыктуу таңгакта басылган код колдонулат.
Эки өлчөмдүү штрих коду менен бирге туура окууну визуалдык контролдоону жеңилдетүү үчүн төмөнкү элементтерди камтыган адам окуй турган маалымат (HRI) түшүрүлөт:
- GTIN (милдеттүү түрдө);
- таңгактын уникалдуу номери (милдеттүү түрдө);
- таңгактын жарактуулук мөөнөтүнүн аякташы (милдеттүү эмес);
- ДК өндүрүштүк партиясынын (сериясынын) номери (милдеттүү эмес).
Адам окуй турган маалымат түшүрүлгөн жогоруда саналган элементтердин басылган көрсөтмөлөрү (белгилери) жөнгө салынбайт.
2. Таңгакта түшүрүлгөн эки өлчөмдүү штрих код төмөнкүдөй техникалык талаптарга жооп берет:
а) ISO/IEC 16022:2006 (Data Matrix bar code symbology specification) стандартына ылайык келүү;
б) С сапат классынын деңгээли менен же андан жогорку ISO/IEC 15415:2011, ISO 22742:2005 стандартына ылайык түшүрүлгөн;
в) катаны таануу жана оңдоо функциясы DataMatrix ЕСС200дөн төмөн эмес колдонулат;
г) жетиштүү контраст менен жалпак түз ак бетке түшүрүлгөн;
д) сактоо шарты сакталган учурда дары каражатынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин басылган жазуунун туруктуулугу камсыздалган;
е) стикерлерди колдонууда стикерди бузбай таңгактан ажыратууга мүмкүн эместиги камсыздалган.
3. Эки өлчөмдүү штрих коддорду окуу үчүн жабдуулар ISO/IEC 15415:2011, ISO 22742:2005 стандарттарына ылайык түшүрүлгөн коддорду окуй алышы керек.
4. Дары каражатынын таңгагында түшүрүлгөн санариптик маркалоо кодун кайталап колдонууга (түзүүгө) болбойт.
5. Топтук таңгакты санариптик маркалоо коду SSCC код (ССЦЦ код) санариптик номер түрүндө берилген сериялык код түрүндөгү топтук таңгактын уникалдуу идентификатору менен ГС1-128 логистикалык бирдигинин эсепти стандартташтыруу жана штрих коддоо жаатындагы эл аралык уюмдун стандартына ылайык келген сызыктуу штрих код түрүндө топтук таңгактагы дары каражаттарынын керектөөчү таңгактарын агрегациялоону (бириктирүүнү) жүзөгө ашыруучу жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан өз алдынча түзүлөт жана AI="00" колдонуу коду менен идентификацияланат.
6. Топтук таңгактын санариптик маркалоо коду товарларды агрегациялоону ыңгайлуу кылуу жана жөнөкөйлөштүрүү максатында жүгүртүүнүн катышуучусунун каалоосу боюнча өзүнчө топтук таңгактын алдынкы бетине же капталына түшүрүлөт.