Загрузка документа…
| ||
|
| 4-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 213 жана 288-беренелерине ылайык пайда салыгын жана кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган мүлктү акысыз негизде кабыл алуу-өткөрүп берүү ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 213 жана 288-беренелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 213-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-5-пункттарында жана 288-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мүлктү (мындан ары - мүлк) акысыз өткөрүп берүү тартибин аныктайт.
2. Адистештирилген уюм - мүлктү инженердик тармактарга кошууга белгиленген тартипте техникалык шарттарды берген, белгиленген тартипте берилген жана катталган негизги объектти пайдаланууга киргизүү актысынын негизинде аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашырган уюм.
3. Юридикалык жана жеке жактардын менчиги болуп саналган мүлктү адистештирилген уюмдун балансына акысыз өткөрүп берүү белгиленген тартипте берилген жана катталган негизги мүлктү пайдаланууга киргизүү актысынын негизинде мүлктүн менчик ээси тарабынан жүзөгө ашырылат.
Мүлктүн менчик ээси жана адистештирилген уюмдун ыйгарым укуктуу адамдары мүлккө техникалык инвентаризация жүргүзүшөт жана инвентаризациялоонун актысын түзүшөт.
4. Ыйгарым укуктуу адамдардын ишинин жыйынтыгы боюнча жана инвентаризациялоо материалдарынын негизинде ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт.
Кабыл алуу-өткөрүү актысы эки нускада түзүлөт жана:
- биринчи нускасы - адистештирилген уюмга;
- экинчи нускасы - мүлктү өткөрүп берүүчү уюмга жөнөтүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелген мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан комиссия түзүлөт, анын курамына мүлктү өткөрүп берүүчү уюмдун, муниципалдык ишкананын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлдөрү кирет. Мында комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин муниципалдык ишкананын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлдөрү түзүшөт.
Комиссиянын төрагасы болуп комиссиянын чечимин кабыл алууда чечүүчү добуш укугуна ээ болгон, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын өкүлү эсептелет.
6. Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелген мүлктү 50 пайыздан ашык мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун жана/же адистештирилген уюмдардын (мындан ары - мүлктү алуучу) менчигине өткөрүп берүүдө мүлктү алуучу тарабынан комиссия түзүлөт, анын курамына мүлктү өткөрүп берүүчү уюмдун жана мүлктү алуучунун өкүлдөрү кирет. Мында комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин мүлктү алуучулардын өкүлдөрү түзүшөт. Комиссиянын төрагасы болуп комиссиянын чечимин кабыл алууда чечүүчү добушка укугу бар мүлктү алуучунун өкүлү саналат.
7. Комиссия мүлктү техникалык инвентаризациялоону жүргүзөт жана инвентаризациялоонун актысын түзөт.
8. Комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча жана инвентаризациянын материалдарынын негизинде ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт.
Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы төрт нускада түзүлөт жана төмөнкүлөргө жөнөтүлөт:
- 1-нускасы - мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- 2-нускасы - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына;
- 3-нускасы - мүлктү алуучуга;
- 4-нускасы - мүлктү өткөрүп берүүчү уюмга.
9. Комиссия мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлгөн күндөн тартып бир айдын ичинде мүлктү алуучулардын менчигине мүлктү өткөрүп берүү боюнча ишти аяктайт.
10. Комиссиянын иши аяктагандан кийин мүлктү алуучу мүлктү менчикке кабыл алат.