Загрузка документа…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна) |
Бонусту эсептөө ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип пайдалуу кен чыккан жерлердин жана пайдалуу кендердин көрүнүштөрүнүн бонустарын эсептөөнүн методикасын регламенттейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
- геологиялык-издөө иштери - региондук, жалпы жана деталдуу издөө иштеринин стадияларын, ошондой эле пайдалуу кен чыккан жерлерди жана көрүнүштөрүн алардын божомолдонгон ресурстарын баалоо жана аларда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугуна баа берүү менен ачууга багытталган издөөчү-баалоочу иштерди камтыган геологиялык изилдөөлөр;
- геологиялык чалгындоо иштери - жер казынасынын участогун, анын ичинде жер астындагы сууларды жана жылуулук ресурстарын алдын ала жана деталдуу чалгындоо стадияларын камтыган, пайдалуу кендердин санын жана сапатын, алардын технологиялык касиеттерин, геологиялык, тоо техникалык, гидрогеологиялык жана иштетүүнүн башка шарттарын аныктоо менен аларды изилдөө жана иштетүүгө даярдоо максатындагы геологиялык изилдөөлөр;
- пайдалуу кендерди иштетүү - жер казынасынан пайдалуу кендерди чогултуу, казып алуу жана аларды кайра иштетүү (анын ичинде жер алдындагы сууларды алуу), ошондой эле техногендик түзүлүштөрдү кайра иштетүү боюнча пайдалуу кендер жаткан жерлердеги иштер.
3. Бонуска салыктын суммаларын эсептөө:
1) геологиялык-издөө иштерин жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө төмөнкү формула боюнча жүзөгө ашырылат:
H = S * С;
Но = Н * Д / 100;
Н$ = Н * К,
бул жерде:
Н - бонустун суммасы;
Но - бонустун кайра каттоосун эске алуу менен акыркы суммасы;
Н$ - бонустун улуттук валютадагы суммасы;
S - аянты, (га);
С - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген бонустун ставкалары ($);
Д - компаниянын уставдык капиталына катышуунун үлүшү;
К - лицензия берилген күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтарынын негизинде сомдун АКШ долларына карата расмий курсу. Компанияны (жер казынасын пайдалануучуну) кайра каттаган учурда компанияны кайра каттоо күнүнө карата сомдун АКШ долларына карата курсу колдонулат.
2) Пайдалуу кендерди иштетүү төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
Н = Бз * С;
Но = Н * Д / 100,
бул жерде:
Н$ = Н * К
Н - бонустун суммасы;
Но - бонустун кайра каттоосун эске алуу менен акыркы суммасы;
Н$ - бонустун улуттук валютадагы суммасы;
Бз - баланстык запастардын жана баланстан тышкаркы запастардын саны;
С - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген бонустун ставкалары ($);
К - лицензия берилген күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматтарынын негизинде сомдун АКШ долларына карата расмий курсу. Компанияны (жер казынасын пайдалануучуну) кайра каттаган учурда компанияны кайра каттоо күнүнө карата сомдун АКШ долларына карата курсу колдонулат.
Д - компаниянын уставдык капиталына катышкан үлүшү.