Загрузка документа…
|
| 6-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна) |
Рудадагы жана/же концентраттагы химиялык таза металлдын наркын аныктоо ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Тартип рудадагы же концентраттагы химиялык таза металлдын наркын аныктоо методикасын регламенттейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
- руда - казып алуунун экономикалык максатка ылайыктуулугун камсыз кылуучу металлдардын же пайдалуу минералдардын камтылышы менен табигый минералдык түзүлүш;
- концентрат - баштапкы рудага салыштырмалуу зыяндуу компоненттердин камтылышы аз жана пайдалуу кендердин камтылышы жогору болгон пайдалуу кендердин байытылган продуктусу. Концентратта алтындын өнөр жайлык камтылышы болгондо - алтын камтуучу концентрат.
3. Рудадагы жана концентраттагы химиялык таза металлдын наркын эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
Алтын үчүн: S = Сср х Т х (С / 31.1035) х К;
Күмүш үчүн S = Сср х Т х (С / 31.1035) х К;
Башка металлдар үчүн: S = Сср х Т х С х К;
бул жерде:
S - рудадагы же концентраттагы металлдын наркы;
Сср - руданын же концентраттын кургак метрикалык тоннасында металлдын орточо камтылышы эсептик контролдоону жүргүзүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү корутундусу менен ырасталган инспекциялык компаниянын маалыматтарынын негизинде аныкталат;
Т - сатылган руданын же сатылган концентраттын тоннасынын саны;
С - салыктык мезгилдин ичинде Лондон металлдар биржасында баалардын котировкасы жарыяланган күндөрдөгү баалардын күнүмдүк орточо котировкасы менен баалардын котировкасы жарыяланган салыктык мезгилдеги күндөрдүн ортосундагы орточо арифметикалык маани. Эгерде металл Лондондун металл биржасында котировкаланбаса, анда баасы металлды сатуунун (кирешенин) наркы боюнча аныкталат;
К - руданы же концентратты сатуу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улутгук банкынын маалыматынын негизинде сомдун АКШ долларына карата расмий курсу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)