Загрузка документа…
|
| 8-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна) |
Мүлккө укугунун каттоосу жок болгондо жана/же мүлк объектинин салыктык базасы салык кызматынын органдары башка булактардан алган документтик маалыматтары менен айырмаланган учурда дубалдардагы материалды, дубалдардагы басымдуулук кылган материалды аныктоонун ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 386-беренесине ылайык иштелип чыккан жана төмөнкүлөрдү аныктоонун тартибин белгилейт:
- эгерде турак жай, турак жай эмес имараттарга, курулмаларга жана бөлмөлөргө мүлк объекти (мындан ары - мүлк объекти) материалдардын бир нече түрлөрүнөн курулган учурда дубалдардын материалынын басымдуулугун;
- мүлккө укугунун каттоосу жок болгондо жана/же мүлк объектисинин салыктык базасы салык кызматынын органдары башка булактардан алган документтик маалыматтары менен айырмаланган учурда мүлк объектинин аянтын жана дубалдарынын материалдарын.
2-глава. Мүлк объектисинин дубалдарындагы басымдуулук кылган материалды аныктоонун тартиби
2. Мүлк объектисинин базалык салыктык наркын аныктоо үчүн мүлк объектинин дубалдарындагы басымдуулук кылган дубалдын материалы негиз катары алынат.
3. Турак жай имаратка, курулмага жана бөлмөгө мүлк объекти үчүн жалпы аянты кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоочу мамлекеттик органы тарабынан берилген салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда көрсөтүлгөн ички ченөө боюнча мүлктүн жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтардын негизинде аныкталат.
Техникалык паспорт жок болгон учурда жалпы аянты кыймылсыз мүлк бирдигинин тышкы ченөө жөнүндө маалыматтын негизинде, ал эми имараттын ичиндеги өзүнчө бөлмөлөр жана батирлер үчүн ички ченөөнүн маалыматтары боюнча аныкталат.
4. Эгер мүлк объектинин дубалдары материалдардын бир нече түрүнөн тургузулса, ички ченөө боюнча мүлк объектинин салык салынуучу аянтынын өлчөмү боюнча көбүрөөк тосулган материал басымдуулук кылган материал болуп эсептелет.
Эгерде ар кандай материалдардан тосулган сырткы дубалдардын аянттарынын үлүшү бири-бирине тең келсе, бир квадрат метрдин салык салынуучу наркы болуп дубалдардын бардык материалдарынын орточо арифметикалык наркы кабыл алынат.
Мисалы, 5 жылга чейинки эксплуатациялоо мөөнөтү менен, аянттарынын үлүштөрү тең келген, кирпичтен жана металлдан тургузулган мүлк объектинин бир квадрат метринин базалык салыктык наркы 12500 сомго ((15000 сом + 10000 сом) / 2) барабар.
5. Дубалдардагы басымдуулук кылган материалды аныктоо үчүн ар кандай материалдардан тосулган дубалдардын аянттарын Салык кодексинин 386-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган дубалдардын материалдарынын тобуна жараша кошуу керек:
- кирпичтен тургузулган дубалдар;
- жыгачтан тургузулган дубалдар;
- курама же монолиттүү бетондон, темир бетондон, бетон блоктордон, кум блоктон, пеноблоктон, айнектен, сэндвич-панелден тургузулган дубалдар;
- бышпаган топурактан тургузулган дубалдар (саман, гуваляк, сокмо);
- курулуш полистиролдук блоктон жана шлакоблоктон тургузулган дубалдар;
- металлдан тургузулган дубалдар;
- убактылуу бөлмөлөрдүн материалдарынан жана башка материалдардан тургузулган дубалдар.
6. Ар кандай материалдардан тосулган топтолгон аянттардын өлчөмдөрү салык төлөөчү тарабынан Салык кодексинин 384-беренесине ылайык салык органына бериле турган мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөнүн атайын бөлүмүндө көрсөтүлөт.
3-глава. Мүлккө укугунун каттоосу жок болгондо жана/же мүлк объектинин салыктык базасы салык кызматынын органдары башка булактардан алган документтик маалыматтары менен айырмаланган учурда мүлк объектинин дубалдарынын материалын аныктоонун тартиби
7. Салык төлөөчүнүн укугун күбөлөндүрүүчү документи жок болгон учурда жана мүлк объекти боюнча салык төлөөчү тарабынан аныкталган салыктык базасы салык кызматынын органдары башка булактардан алган документтик айырмаланганда мүлк объектинин аянты жана дубалдардын материалы салык салуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен түзүлгөн Комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан аныкталат.
8. Комиссия салык кызматынын органынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча аймактык органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Комиссиянын ишин уюштуруу, методикалык жана башка жагынан камсыздоону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жүзөгө ашырат.
9. Ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн фактылар пайда болгон учурда салык кызматынын аймактык органы Салык кодексинин 377-беренесинин 3, 4, 5-бөлүктөрүндө каралган иш-чараларды өткөрүү үчүн комиссияга жазуу жүзүндө кайрылууга милдеттүү.
10. Комиссия мүлк объектинин иш жүзүндөгү пайдалануучуларынын катышуусунда:
- аянтын аныктоо үчүн мүлк объектин физикалык ченейт: өзүнчө турган объекттер же бүтүндөй кабаттар үчүн тышкы периметри боюнча; имараттын ичинде жайгашкан жана имараттын бир кабатын толугу менен ээлебеген батирлер жана өзүнчө бөлмөлөр үчүн ички ченөө боюнча;
- дубалдардын материалын аныктайт;
- мүлк объектиси жайгашкан жер участогунун аянтын аныктайт;
- мүлк объектисинин функциялык багытын аныктайт;
- эксплуатациялоо мөөнөтүн аныктайт.
Ченөөнүн жыйынтыгы акт менен төрт нускада таризделет, алар мүлк объектиси боюнча салыктык милдеттенменин суммасын аныктоо үчүн салык кызматынын органына, кыймылсыз мүлк объекттерин каттоо боюнча аймактык органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына, ошондой эле тиешелүү түрдө мүлк объектисин иш жүзүндө пайдалануучуга берилет.
11. Мүлк объектиси боюнча салыктык милдеттенме Комиссия актыны тариздеген күндөн тартып эсептелүүгө же кайра эсептелүүгө тийиш.
12. Комиссиянын мүчөлөрү мыйзамсыз аракеттери же аракетсиздиги, өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык, кылмыш-жаза жана тартиптик жоопкерчилик тартышат.
13. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) комиссия мүчөлөрүн аймактын ичине же административдик, өндүрүштүк, кампа жана башка жайларга киргизүүнү камсыз кылууга;
2) мүлк объектисине байланыштуу түшүндүрмөлөрдү, маалымкаттарды, маалыматтарды, баштапкы эсепке алуу документтерин берүүгө.