Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-июну № 339
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 66,95 га кайрак айдоо жерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагынын тургундарын жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участоктору менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына жана "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 15-июнундагы № 01-39/740 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 24-июнундагы № 45 токтомун эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 66,95 га, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагында жайгашкан, № 158 контурдагы - 15,25 га жана № 159 контурдагы - 51,70 га кайрак айдоо жери жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
|
|