Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-июну № 338
Автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп берсин:
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнө 2005-жылы чыгарылган, кузовунун № VSKJVMR51U0029191, кыймылдаткычынын көлөмү 2500 см3 болгон кара түстөгү "Nissan Pathfinder" маркасындагы автомашинаны;
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айыл аймагына 2012-жылы чыгарылган, кузовунун № JN8FY15Y3CX590914, кыймылдаткычынын көлөмү 4,2 см3, мамлекеттик номери 09 KG 015 AC болгон ак түстөгү "Ниссан Патрол" маркасындагы автомашинаны;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын автогаражына кыймылдаткычынын көлөмү 2,5 см3, кузовунун № 4T1BF3EKOBU593076, мамлекеттик номери 09 KG 124 AD болгон күмүш түстөгү "Тойота камри" маркасындагы автомашинаны.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдыча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- автотранспорт каражаттарын жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде күтүүнү камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автотранспорт каражаттарын мамлекеттик органдарда кайра каттоону жүргүзүү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |