Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 356 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга ПРОГРАММАСЫ
1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга программасы (мындан ары - Программа) "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 4 "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" Жарлыгына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга (мындан ары - этностук кыргыздар) колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү, анын ичинде аларды кийин Кыргыз Республикасынын аймагында отурукташтыруу менен Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, этностук кыргыздардын саны жыл сайын кыскарууда. Алсак, 2000-жылдардын башында алардын саны 5000 адам болсо, азыркы учурда Афганистандын аймагында болжол менен 1300 этностук кыргыз жашайт. Мындай жагдай климаттык факторлордун өтө татаал шарттарында тышкы дүйнөдөн географиялык, саясий жана социалдык обочолонууга байланыштуу түзүлгөн. Ошону менен катар этностук кыргыздардын азыркы абалына аларда элементардык деңгээлдеги билимдин, кандайдыр бир медициналык жана социалдык колдоонун жоктугу байкаларлык таасир берүүдө. Жашоо көрсөткүчтөрүнүн начарлашына кыштын катаалдыгынан малдардын мезгилдик кырылышынан улам жыл сайын начарлап жаткан эт-сүт азыктарынан турган бир түрдүү тамактануу да терс таасирин тийгизүүдө.
Белгилеп кетүүчү нерсе, деңиз деңгээлинен 4500-4700 метр бийиктикте жашагандыктан, этностук кыргыздардын басымдуу бөлүгү көптөгөн адамдардын өнөкөт ооруларынын жана өлүмдүн себеби болуп саналуучу аз кандуулук, муун оорулары, тубаса жүрөк кемтиги сыяктуу оорулардан жабыркашат.
Этностук кыргыздардын дээрлик көпчүлүгүндө (95%) өздүгүн ырастоочу документтери жок, бул өз кезегинде эркин жүрүү кыймылын, зарыл болгон социалдык-экономикалык жардамдарды алуу укугун чектейт.
Мындай кырдаал коронавирус пандемиясынын жана өнүгүп жаткан демографиялык көйгөйлөрдүн фонунда этностук кыргыздардын келечегин пессимисттик абалда көрсөтөт. Эгерде 8-15 жыл ичинде ушундай тенденция сакталса, бул өз алдынча болгон кыргыз коомунун акырындык менен жоголушун божомолдоого болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мындан ары этностук кыргыздарды колдоого жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө, Кыргыз Республикасында этностук кыргыздардын балдарынын билим алуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган зарыл чараларды көрүүгө ниеттенет.
2. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
Этностук кыргыздарга колдоо көрсөтүү максатында 2008-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Афганистандын Кичи жана Чоң Памирине гуманитардык экспедиция жиберилет, анын алкагында гуманитардык жүк жеткирилет жана жеринде медициналык жардам көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, этностук кыргыздардын балдарын окутуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2017-жылдын 11-октябрында Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринин аймагынан 33 этностук кыргыздарды Кыргыз Республикасына көчүрүп келүүнү уюштуруу боюнча чаралар жүзөгө ашырылган, алар азыркы убакта Ош облусунун аймагына жайгаштырылган.
Ушул Программа менен каралуучу бир топ көйгөйлөр бар. Маселелердин бири болуп этностук кыргыздарды жайгаштыруу үчүн шарттарды түзүү саналат. Алсак, Ош облусунун Чоң-Алай районунун бийик тоолуу Бурган-Суу айылында Кыргызстанга келген этностук кыргыздарды жайгаштыруу пландалууда. Мында жашоочулардын 95 пайыздан ашыгын Тажикстан Республикасынын Мургаб районунан келген этностук кыргыздар түзөт, окшош климаттык шарттарын кошуп алганда, иш жүзүндө салты жана диалекти жана үрп-адаттары окшош. Бул факторлор алар ушул райондун аймагына жайгаштырылса, этностук кыргыздардын көнүүсүнө жана жуурулушуусуна оң таасир көрсөтөт.
Ошондой эле аталган жерде зарыл болгон инфратүзүм бар: медициналык мекеме иштейт, жолдор салынган жана электр энергиясына жетүү мүмкүндүгү бар. Мындан тышкары, памирлик кыргыздарга шаарча куруу үчүн 70 га жер трансформацияланган, шаарчанын башкы планы түзүлгөн, архитектуралык, инженердик пландоо боюнча иштер аткарылган.
3. Программанын максаты
Программанын максаты - этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында билим алуусуна, окутуу процессинде жагымдуу шарттарды түзүүгө, жергиликтүү коомчулукка социалдык-экономикалык жуурулушуусуна багытталган чараларды уюштуруу.
4. Программанын артыкчылыктары
Ушул программа төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:
- этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү жана алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу, этностук кыргыздарды документтештирүүдө көмөктөшүү;
- социалдык-экономикалык колдоону жана этностук кыргыздардын коомго жуурулушуусун, жергиликтүү коомчулукка көнүүсүн жана жуурулушуусун камсыз кылуу.
5. Программаны ишке ашыруу боюнча милдеттер жана чаралар
Программаны ишке ашыруу төмөнкү милдеттерди чечүү жолу менен жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн келген этностук кыргыздарга социалдык-экономикалык колдоону камсыз кылуу;
- Афганистандын Чоң жана Кичи Памиринин аймагында жашап жаткан этностук кыргыздарга жыл сайын гуманитардык экспедиция жиберүү;
- этностук кыргыздардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
- этностук кыргыздарды кабыл алууга, жайгаштырууга жана коомго жуурулушуусуна жагымдуу шарттарды түзүү.
6. Күтүлүүчү натыйжалар
Программаны ишке ашыруу төмөнкүдөй натыйжаларды алууга мүмкүндүк берет:
- этностук кыргыздардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
- этностук кыргыздарга социалдык-экономикалык колдоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында алардын билим алуусун уюштуруу жолу менен этностук кыргыздардын сабатсыздыгын жоюу;
- алар Кыргыз Республикасынын аймагында болгон мезгилде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайрылман статусун, социалдык кепилдиктерди өз убагында берүү;
- этностук кыргыздарга Кыргыз Республикасында болуу убагында маалыматтык-консультациялык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу;
- жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторун же кыймылсыз мүлктү сатып алганга чейин убактылуу турак жай менен камсыз кылуу;
- этностук кыргыздарга Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганда, жеке көмөкчү чарба куруу жана жүргүзүү үчүн кийин менчикке өткөрүп берүү менен жер участокторун акысыз мөөнөттүү пайдаланууга берүү;
- Кыргыз Республикасына келген этностук кыргыздардын жергиликтүү коомчулукка көнүүсү жана жуурулушуусу;
- мүмкүн болгон коомдук чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо.
7. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Программаны ишке ашыруу үчүн маанилүү факторлор болуп алар Кыргыз Республикасынын аймагында болгон мезгилде адам укуктарын сактоо принцибинин негизинде мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык кепилдиктерди камсыздоо саналат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 4 "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" Жарлыгын чыгаруу жагымдуу факторлорго кирет, ал этностук кыргыздарды укуктук колдоого, анын ичинде коомго жуурулушуу, билим алуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Муну менен бирге, оң факторлор менен бирге эле ушул Программанын ишке ашырылышына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктер дагы бар, алар:
- ишке тартылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын этностук кыргыздарды колдоо боюнча чараларды ишке ашырууга жетишсиз катышуусу жана формалдуу мамиле кылуусу;
- мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин органдарынын ортосунда байланыштын деңгээлинин жетишсиздиги.
Белгиленген тобокелдиктерди жеңүү максатында Программаны ишке ашыруу процессинде Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшүн контролдоону күчөтүү, Программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, зарылдыгына жараша Программанын иш-чараларын талдоо жана түзөтүүлөрдү киргизүү каралат.
8. Программаны финансылык камсыздоо
Программаны каржылоо Программаны ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин чегинде республикалык бюджеттен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Алдын ала финансылык-экономикалык эсептөөлөргө ылайык Программаны ишке ашыруу үчүн 2022-2024-жылдарга 276630000 (эки жүз жетимиш алты миллион алты жүз отуз миң) сом талап кылынат, анын ичинен 2022-2024-жылдарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сметасында 15000000 (он беш миллион) сомдон каралган, бул сумманы эске алганда 2022-жылга 72920000 (жетимиш эки миллион тогуз жүз жыйырма миң) сом талап кылынат, 2023-жылга - 85790000 (сексен беш миллион жети жүз токсон миң) сом, 2024-жылга - 72920000 (жетимиш эки миллион тогуз жүз жыйырма миң) сом талап кылынат.
9. Программага мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү Иш-чаралар планын аткаруу боюнча маалыматтардын жана пландалган натыйжалардын негизинде үзгүлтүксүз жүргүзүлөт жана аны ишке ашырууда прогрессти көзөмөлдөөнүн натыйжалуу инструменти болот.
Программанын натыйжалуулугу миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан туруктуу мониторинг жүргүзүү жолу менен аныкталат.
Акыркы натыйжалар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күтүлүүчү натыйжалар менен Программаны ишке ашыруу индикаторлорун, ошондой эле ишке тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген маалыматтарды салыштыруу аркылуу көзөмөлдөнөт.
Программа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга иш-чаралар планына ылайык жүзөгө ашырылат.