Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 50 токтомуна) |
2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугунун УЛУТТУК СТРАТЕГИЯСЫ
1. Жалпы жоболор
Стратегия улуттук деңгээлде жол кыймылынын коопсуздугу жаатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын түзүү жана ишке ашыруу үчүн негиз болуп саналат. Стратегия жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында артыкчылыктуу багыттарды, макулдашылган стратегиялык максаттарды, ага жетүү боюнча милдеттерди жана негизги чараларды, ошондой эле жол коопсуздугун камсыз кылуунун бардык субъекттеринин өз ара аракеттенүү механизмдерин аныктоо максатында иштелип чыкты.
Жол кыймылынын коопсуздугунун стратегиясы улуттук коомдук коопсуздуктун бир бөлүгү жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү моделинин ажырагыс бөлүгү катары каралат.
Жол кыймылынын коопсуздугу (мындан ары - ЖКК) - бул төмөнкүлөр менен байланышкан көп факторлуу процесс:
1) мамлекеттик башкаруу системасын модернизациялоо жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу;
2) жардам көрсөтүү боюнча коомдук саламаттык сактоону натыйжалуу башкаруу;
3) жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуучу транспорттун айдоочуларын кесиптик даярдоо системасынын сапаты жана аны лицензиялоо;
4) автотранспорт каражаттарынын (мындан ары - АТК) коопсуздугун жөнгө салуу;
5) жол инфраструктурасын долбоорлоонун, куруунун жана тейлөөнүн сапаты, жалпы коомдук ЖКК натыйжалуу башкаруу.
Ушуга байланыштуу ЖКК саясаты тармактык мүнөзгө ээ боло албайт, ал жол-транспорттон жаракат алууну жана өлүмдү азайтуу проблемасын чечүүгө бирдиктүү (системалуу) мамилени камсыз кылууга тийиш.
Стратегия орто мөөнөттүү мезгилге тармактар аралык жана ведомстволор аралык стратегиялык пландоо документи катары иштелип чыкты, аны ишке ашыруунун ийгилиги ишке тартылган ведомстволук органдардын активдүүлүгүнө көз каранды.
Стратегия мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарынын балансына, ошондой эле ЖКК камсыз кылуу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында бардык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга негизделет.
Стратегия Кыргыз Республикасындагы ЖКК абалын талдоонун натыйжаларында иштелип чыкты.
Ушул Стратегиянын базалык принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жол кыймылына катышкан жарандардын өмүрүнүн жана ден соолугунун артыкчылыгын таануу, анын ичинде жол кыймылынын аялуу катышуучулары (балдар, майыптар) үчүн коопсуздукту камсыз кылуу артыкчылыгы;
- жол коопсуздугун башкаруу системасын модернизациялоо жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугунун кызыкчылыктарына жараша жаңы технологиялардын жана маалыматтарды талдоонун негизинде аны пландоону, жол инфраструктурасын өнүктүрүүнү камсыз кылат;
- жол кыймылынын бардык субъекттеринин өз ара аракеттенүүсүнө жана аны жөнгө салууга негизделген ЖКК камсыз кылууну башкаруунун комплекстүүлүгү;
- жол-транспорт кырсыгынын (мындан ары - ЖТК) башкы себеби болуп адамдын катасы эсептелет деген мамиледен ЖККнын эл аралык стандарттарына ылайык ЖКК баарынан мурда жол инфраструктурасынын жана инфраструктуралык чөйрөнүн сапаты менен камсыз кылынат деген көз карашка өтүү;
- ЖКК боюнча натыйжаларга жетишүүгө багытталган иш-чараларды пландоо жана актуалдаштыруу, ЖКК эң көйгөйлүү зоналарына системалуу мониторинг жүргүзүү, эл аралык коомчулук тарабынан таанылган тобокелдик факторлорун эске алуу;
- коом үчүн ЖКК боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин ачыктыгы жана айкындуулугу жана жарандарды ЖККны уюштурууга жана камсыз кылууга активдүү тартуу;
- жол коопсуздугунун бардык субъекттеринин жоопкерчилигинин сөзсүз болушу жана тилектештиги, муну менен бирге жол кыймылын уюштуруу жаатында мамлекеттик органдар өз ишинде жол кыймылынын катышуучуларынын ак ниеттүүлүк презумпциясы принцибине негизделет;
- коопсуз системага өтүү ЖТКнын нөлгө барабар болгон саны мүмкүн эмес дегенди билдирет, бирок авариядан кийинки медициналык жардамды жана тейлөөнү жакшыртуунун эсебинен жол аварияларындагы өлүмдөрдү нөлдүк санга алып келүүгө умтулуу керек.
Кыргыз Республикасында жол коопсуздугун камсыз кылуунун субъекттери:
- жол кыймылынын катышуучулары (жөө жүргүнчүлөр, айдоочулар, жүргүнчүлөр, велосипедчилер (алар айдоочуларга теңештирилет);
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
"Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык системасынын ээси;
- билим берүү мекемелери жана автомектептер;
- жол инфраструктурасын долбоорлоо, куруу жана коопсуздугуна аудитти жүзөгө ашыруучу уюмдар, эксперттик уюмдар;
- жарандык коом институттары;
- жол коопсуздугун техникалык жактан колдоо боюнча коммерциялык провайдерлер жана камсыздандыруучу уюмдар жана алардын бирикмелери.
2. Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугу боюнча учурдагы кырдаалды баалоо
Кыргыз Республикасы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2020-жылдын 31-августундагы 74/299 "Дүйнө жүзүндө жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу" резолюциясына ылайык кабыл алынган 2021-2030-жж. ЖКК камсыз кылуу боюнча он жылдык глобалдуу пландын алкагында ЖКК жогорулатуу боюнча чараларды көрүп келет.
ЖКК жогорулатуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири жана өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык жана демографиялык өнүгүүсүн камсыз кылуунун маанилүү фактору болуп саналат, анткени ЖТК мамлекетке жана жалпы коомго олуттуу экономикалык, социалдык жана демографиялык зыян келтирүүдө.
Жолдордогу аварияларга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана жигердүү иштер акыркы жылдардын ичинде Кыргыз Республикасында ЖККны жогорулатууга жетишүүгө жана айрыкча 2019-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилде авариялар жана адамдардын өлүмү болгон кырдаалдын өнүгүүсүндөгү терс тенденцияларды жокко чыгарууга мүмкүндүк берди. Бирок жетишкендиктерди туруктуу кылууга жана жолдордогу аварияларды жана өлүмдөрдү азайтууну улантууга мүмкүн болбой жатат. 2021-жылы эле жаракат алуу жана каза болуу менен коштолгон ЖТК учурларынын өсүү тенденциясы кайрадан байкалды.
Ошол эле учурда ЖТКдан каза болгондордун 37,4%дан ашыгы жүргүнчүлөргө туура келерин белгилей кетүү керек.
Өзгөчө балдар арасындагы жаракат алуу жогору бойдон калууда (ЖТКдан жабыркагандардын арасында 17-19%). 10-16 жаштагылар эң аялуу болуп саналат. Орто эсеп менен жөө жүргүнчү менен болгон ар бир төртүнчү ЖТК 16 жашка чейинки балдардын катышуусундагы авария 2019-2021-жылдардагы 16 жашка чейинки балдардын катышуусу менен болгон ЖТКнын жалпы саны 4691 түзөт, анда 5603 бала жаракат алып, 295 бала каза болгон.
2019-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында 20226 ЖТК расмий катталган, анда 2382 адам каза болгон жана 30910 адам жаракат алган. Айдоочулардын күнөөсү боюнча болгон ЖТК 90%дан ашык учурду түзөт. Автомобиль жолдорундагы аварияларда каза болгондордун дээрлик 70%ын активдүү эмгекке жарамдуу курактагы (25-40 жаш) адамдар түзөт.
ЖТКнын негизги себептери болуп төмөнкүлөр аныкталган: ылдамдык режимин жогорулатуу, маневрлөө эрежелерин бузуу, ошондой эле АТКны мас абалда башкаруу.
Эксперттердин корутундуларына ылайык ЖТКнын үлүшү калктын санынын өсүшү, АТК паркынын өсүшү жана айдоочуларды даярдоонун сапатсыздыгы менен өсүп жатат, алар жалпы коомдо ЖКЭ сактоо маданиятынын төмөндүгү менен айкалышат. 2017-жылы Eastern Alliance for Safe and Sustainable Transport (EASST) тарабынан ЖКК камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен кызматташуу менен жүргүзүлгөн изилдөөлөр өлүмгө алып келген авариялардын көбү (72) Бишкек шаарынын 15 кесилишинде болгондугун көрсөткөн.
Эксперттердин пикири боюнча авариялардын оор болушунун негизги себеби жол инфраструктурасынын сапатынын төмөндүгү эсептелет. Автомобиль жолдорундагы кырсыктардын көбүндө көчө-жол тармагынын жолду-эксплуатациялоо абалында кемчиликтер катталууда.
Жолдорду долбоорлоонун жана куруунун/реконструкциялоонун улуттук стандарттары ЖККдын принциптери көз карашынан алганда эски болуп эсептелет, жол кыймылынын бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын эске албайт, ЖТКта жабыркагандар менен тез жардам унааларынын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк бербейт, коомдук транспорттун тоскоолдуксуз өтүүсүнө, ошондой эле жол кыймылынын моторсуз катышуучулары үчүн коопсуз бөлүнүп берилген жол кыймылына кепилдик бербейт.
Жолдорду куруу/реконструкциялоо жана оңдоо боюнча техникалык регламент иштелип чыккан эмес, азыркы кезге чейин колдонулуп жаткан постсоветтик КЧжЭ жана МАМСТ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин корутундусуна ылайык сунуштама мүнөзгө гана ээ. Эксперттер мамлекеттин контролдоо-жөнгө салуу функцияларын жогорулатууга тийиш болгон коопсуздуктун стандарттарынын, тобокелдиктерди баалоо методдорунун, жолдордун коопсуздугуна аудит жүргүзүү боюнча регламенттин мыйзамдуу түрдө жоктугун белгилешет. Мунун натыйжасында жаңы жолдордун коопсуздугунун төмөн деңгээли жана аларды кийинки оңдоого кошумча чыгымдар байкалууда(1).
Республикада акыркы жылдары калктуу конуштардагы жана алардын ортосундагы стратегиялык трассалардагы жол катмарын оңдоо жана модернизациялоо активдүү жүзөгө ашырылып келет. Бирок модернизациялоо дайыма эле эл аралык коопсуздук стандарттарын сактоо менен коштолбойт, жол белгилеринин, тосмолордун, светофорлордун жана башка керектүү жабдуулардын жетишсиздиги дагы эле бар. Колдонуудагы техникалык регламенттерде жерди пайдалануу, жарнама щиттерин орнотуу, унаа токтотуучу жайлар, жолдордун жүрүүчү бөлүгү менен арыктардын ортосундагы тосмолор боюнча коопсуздук параметрлери камтылган эмес.
Республиканын автомобиль паркынын саны динамикалуу өсүп жатат жана 2022-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында катталган транспорт каражаттарынын жалпы саны 1487174 бирдикти түзөт. Жол инфраструктурасы жана жол коопсуздугун башкаруу системасы даяр болбогон учурда АТК санынын кескин көбөйүшү ЖКК абалына терс таасирин тийгизет жана белгилүү бир деңгээлде ЖТКнын санынын өсүшүнө өбөлгө болот.
Кыргыз Республикасында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча 98%га жакын жүргүнчүлөрдү ташуу жана 96%дан ашык жүк ташуулар камсыз кылынат. Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорунун жана көчөлөрүнүн жалпы узундугу болжол менен 49044,96 км түзөт, анын ичинен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун узундугу 18942,86 км түзөт, алар транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан тейленет, муниципалдык жолдор, айыл чарба, өнөр жай жана башка ишканалардын жолдору - 30102,1 км.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору өзүнүн чарбалык жана административдик багыты боюнча жалпы узундугу 4219,1 км болгон эл аралык маанидеги автомобиль жолдору, мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдору - 5616,5 км жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдору - 9107,26 км бөлүнөт. Катуу катмарлуу жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун узундугу 8357,92 км түзөт, анын ичинде цемент-бетон - 10 км, асфальт-бетон - 6754,9 км жана кара шагыл төшөлгөн - 1593,02 км. Шагыл төшөлгөн жолдор - 8917,65 км. Дагы деле жалпы узундугу 1468 км түзгөн топурак жолдор бар(2).
Жол тармагын жетиштүү эмес каржылоодон улам Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алган учурдан тартып 2005-жылга чейин жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун техникалык абалы начар бойдон калып келген. Жол тармагын каржылоону турукташтыруу 2005-2007-жылдары жүзөгө ашырылган.
2006-жылдан баштап 2010-жылга чейин жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол тармагын курууга, оңдоого жана күтүүгө болгон бюджет 7,7 эсеге көбөйгөн, бул көпүрөлөрдүн, ар кандай өлчөмдөгү чоң түтүктөрдүн, ашык асфальт-бетон жана кара шагыл 630 км жолдордун жана 200 км ашык шагыл жолдордун абалын жакшыртууга мүмкүндүк берди.
2010-жылдан тартып 2021-жылга чейинки мезгил бюджеттен жетишсиз каржылоонун белгиленген шарттарында институттук да, финансылык да жактан салыштырмалуу туруктуу экендиги менен мүнөздөлөт.
Эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун абалы
Эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун узундугу 4219,1 км түзөт. Азия өнүктүрүү банкы, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы, Дүйнөлүк банк, Европа бирлиги, Евразия өнүктүрүү банкы, Япониялык эл аралык кызматташтык агенттиги, Араб координациялык тобу, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик банкы сыяктуу эл аралык донорлордун жана башкалардын инвестицияларын тартуунун эсебинен 1997-жылдан тартын 2043 км эл аралык маанидеги автомобиль жолдору реабилитацияланды, 900 км автожолдорду реабилитациялоо боюнча долбоорлор менен камтылды.
1-таблица: Эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун абалы
Жылдар | Жалпы узундугу, км | Жол катмарынын тиби | ||||
цемент | асфальт-бетон | кара шагыл | шагыл | топурак | ||
2010 | 4139,1 | 0,3 | 2332,7 | 575,5 | 992,3 | 238,3 |
2015 | 4150,7 | 0,3 | 2926,9 | 537,3 | 970,6 | 189,3 |
2021 | 4219,1 | 0,3 | 3171,1 | 335,8 | 707,4 | 4,5 |
Мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунун абалы
2021-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунун жалпы узундугу 14723,76 км түздү, анын ичинде 9,7 км - цемент, 3583,09 км - асфальт-бетон, 1257,22 км кара шагыл, 8210,25 км - шагыл төшөлгөн жана 1663,5 км топурак жол.
3-таблица: Мамлекеттик жана жергиликтүү жолдордун абалы
Жылдар | Жалпы узундугу, км | Жол катмарынын тиби | ||||
цемент | асфальт-бетон | кара шагыл | шагыл | топурак | ||
2010 | 14511,25 | 9,7 | 2935,8 | 1487,7 | 8475,25 | 1602,8 |
2015 | 14631,35 | 9,7 | 3122,6 | 1349,55 | 8435,8 | 1610,3 |
2021 | 14723,76 | 9,7 | 3583,09 | 1257,22 | 8210,25 | 1663,5 |
Автомобиль жолдорунун жүктөлүшүнүн динамикасы
Эл аралык транспорт коридорлору автожолдордун башка категорияларына караганда көбүрөөк жүктөлгөн. Кыймылдын интенсивдүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоонун маалыматтары боюнча 75% жүктөм автотранспорттук коридорлорго, болжол менен 15% мамлекеттик жана 10% жергиликтүү автомобиль жолдоруна туура келет, бул жолдорду оңдоону жана күтүүнү пландоодо да эске алынууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргыз Республикасында автомобиль жолдору боюнча 96,6% жүк ташуу жана 98% жүргүнчүлөрдү ташуу камсыздалат, жыл сайын 40 млн. тоннага чейин ар кандай жүктөр жана 640 млн. чейин жүргүнчүлөр ташылат. Автомобилдик жүк ташуулардын көлөмү тынымсыз көбөйүүдө, орточо өсүү темпи 4% чейин түзөт. Жүк ташуулардын жалпы көлөмүндө автомобиль транспортунун үлүшү 2006-жылы 90%дан 2015-жылдын аягына карата 97%га чейин өстү.
Транспорттук коридорлор боюнча кыймылдын интенсивдүүлүгүн изилдөө туруктуу негизде жүргүзүлгөн эмес, ошондуктан жолдордун жүктөлүшүн талдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин эл аралык жүктөрдүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу өтүшү жөнүндө отчеттук маалыматтарды пайдаланылды.
5-таблица: 2005-жылдан 2021-жылга чейин кыймылдын интенсивдүүлүгүнүн өсүшү
Жылдар | ЖАЛПЫ | Рейсте бир автомобилдин жүктөлгөн көлөмү, (тонна/рейс) | |
Рейстердин саны | Жүктүн көлөмү, т | ||
2005 | 29996 | 349638 | 11,7 |
2015 | 56388 | 747872 | 13,3 |
2021 | 170139 | 2623930 | 15,4 |
Көрүнүп тургандай, акыркы 16 жылдын ичинде негизги транспорт коридорлорунун жүктөлүшү беш эседен ашык көбөйгөн. Мындай тенденция дээрлик бардык эл аралык транспорт коридорлорунда байкалат.
Жол инфраструктурасы даяр болбогон учурда авариялардын жана жаракат алуулардын жогорулашынын башка маанилүү фактору болуп техникалык абалы тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр тарабынан начар жөнгө салынган республиканын автомобилдик парктарынын санынын өсүшү эсептелет. 2022-жылга Кыргыз Республикасында 1487174 АТК бирдиги катталган, бул 2013-жылга салыштырганда өсүү 33,4%ды түзгөн(3).
Республикадагы популярдуу АТКлардын орточо айдалган жылы 10-14 жылды түзөт, бирок белгиленген ресурстун чегине жеткен жана техникалык ишенимдүүлүгү төмөн болгон АТКларда көп колдонулат(4). Ошол эле учурда АТКнын ташылып келүүсүн жана алардын техникалык эксплуатацияланышын Кыргыз Республикасында контролдоо талаптагыдай деңгээлде жүргүзүлбөйт. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы ар кандай типтеги, маркалардагы, өндүрүүчүлөрдүн автомобилдерин ташып кирүүгө жол берет, анткени республикада коопсуздук деңгээли төмөн болгон дөңгөлөктүү АТК ташып кирүүнү чектеген техникалык тоскоолдуктар системасы жок. Кыргыз Республикасы Бажы союзуна кириши менен улуттук мыйзамдарды Бажы союзунун техникалык регламенттерине шайкеш келтирүү жөнүндө маселе курч бойдон калды. "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" БС ТР 018/2011 72-пунктунун 3-главасына ылайык эксплуатациядагы транспорт каражаттарына коюлган талаптардын аткарылышын текшерүү Бажы союзуна катышуучу мамлекетте белгиленген тартипте катталган ар бир транспорт каражатына карага техникалык кароо, ошондой эле ЖКК мамлекеттик контроль (көзөмөл) формасында жүргүзүлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасындагы АТК кароодон өткөрүүнүн азыркы системасы ЖТКнын азайышына алып келбейт. 2019-2021-жылдар аралыгында техникалык мүчүлүштүк себеби боюнча 31 ЖТК болгон, анда 4 адам каза болуп, 30 адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган. Техникалык мүчүлүштүк себеби боюнча ЖТК келтирилген статистикалык маалыматтары иштин чыныгы абалын так чагылдырбайт, анткени ЖТКга кагышкан АТК тетиктердин жана механизмдердин техникалык абалын, ошондой эле окуя болгонго чейин жана ошол эле учурда ар кандай бузулуулардын келип чыгышынын себептерин жана убактысын аныктоо предметине автотехникалык экспертизадан өткөрүлбөйт. Эреже катары, автотехникалык экспертиза өзгөчө учурларда гана жүргүзүлөт, ал эми ЖТК 90%дан ашыгы экспертизадан өткөрүлбөйт.
Кооптуу жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, ошондой эле жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу АТКлар эмгек жана эс алуу режимин эсепке алуу түзүлүштөрү менен жабдылган эмес.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ташуучулар тарабынан уюштурулган коомдук транспорт "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аккредитацияланган диагностикалык борборлор тарабынан техникалык кароодон өтүүгө тийиш, бирок көп учурда кароонун натыйжалары анык эмес жана техникалык кароонун көрсөтмөлөрүн аткаруу механизмдери жок(5).
Жол кыймылынын бардык катышуучуларынын Жол кыймылынын эрежелерин (мындан ары - ЖКЭ) сактоо маданиятынын төмөндүгүн белгилей кетүү керек, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан маалыматтык-профилактикалык иш толук жүргүзүлбөй жатат жана мамлекеттик билим берүү системасынын алкагында ЖКЭ атайын окутуу системасы жок, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан ЖКЭ сакталышынын жетиштүү эмес контролдонушу байкалып жатат. ЖКЭ милдеттүү түрдө окутуу автомектептерде айдоочуларды даярдоо системасында гана каралган, бирок көпчүлүк эксперттер республиканын автомектептеринде айдоочуларды даярдоону жана аларды ЖКЭ үйрөтүүнү проблема катары көрсөтүшөт.
Ошол эле учурда, бүгүнкү күндө автомектептер көрсөткөн кызматтардын сапаты тууралуу маалыматтар калк үчүн жеткиликтүү эмес, айдоону үйрөнүү үчүн автомектептерди тандоо сапатты баалоого, рейтингдерге байланыштуу эмес жана бүтүрүүчүлөрү көп же аз ЖТК жасаган мектептерди эсепке алууга негизделген эмес.
Тиешелүү мамлекеттик органдарга жол кыймылынын бардык катышуучуларынын арасында ЖКЭ сактоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү, профилактикалык кампанияларды күн сайын жүргүзүү боюнча так милдеттер коюлган эмес. Бирок дүйнөлүк практикада жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуунун негизги чаралары болуп үйрөтүү жана маалымдоо саналат.
Жолдордо өлүмдү олуттуу азайтууга жетишкен башка мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, маанилүү чөйрөлөрдүн бири болуп жабырлануучунун өлүмүн болтурбоого жөндөмдүү авариядан кийинки натыйжалуу чара көрүү комплексин уюштуруу саналат.
Кыргыз Республикасында кырсык болгон жерден дароо каза болуу жана медициналык мекемелерге бара жаткан жолдо каза болуу, ошондой эле ЖТКдан медициналык мекемелерде каза болуу боюнча анык бөлүнгөн статистика жок, бирок эксперттер эгер авариядан кийинки система натыйжалуу иштесе, анын ичинде жол кыймылынын катышуучуларына шашылыш медициналык жардам көрсөтүү боюнча атайын көндүмдөрүн өнүктүрүүнү уюштурса, жабырлануучулардын өлүмүнүн азайтууга болот деп эсептешет.
Жергиликтүү деңгээлде өзгөчө нейрохирургия, травматология, кардиология чөйрөсүндө адистештирилген медициналык жардамдын жоктугунан улам авариядан кийинки жардам көрсөтүү кыйынга турат.
Тез жардам бригадаларынын техникалык жактан жетишсиз жабдылышы жана техникалык каражаттардын чектелиши, санитардык авиациянын жеткиликтүү эместиги авариядан кийинки чара көрүүдө кырдаалды кыйындатат. Авариядан кийинки чара көрүүнүн натыйжалуу эместигин ар түрдүү мамлекеттик түзүмдөрдүн начар координациясы жана начар өз ара аракеттенүүсү менен байланыштуу, бул авариядан кийинки өлүмдүн жогорку деңгээлине жана травмалардын көбөйүшүнө алып келет.
ЖКК катышуучуларынын ортосунда маалымат алмашуунун жоктугу жарандык коомдун катышуусу менен натыйжалуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн азайтат.
2022-жылга чейин ЖКК камсыз кылуу боюнча милдеттер жана функциялар бытыранды болуп, ар кайсы мамлекеттик органдардын ортосунда бөлүштүрүлгөн.
Ведомстволордун ортосунда функцияларды азыркы бөлүштүрүлүшүндө башкаруу ыйгарым укуктарына жана милдеткерине ылайык бөлүнбөгөн жерлер байкалган. Тактап айтканда, ЖКК боюнча бирдиктүү саясатты иштен чыгуу бир дагы мамлекеттик органга бекитилип берилген эмес. Ведомстволорго аныкталган функциялар коюлган милдеттерден ашып кетти.
Түзүлгөн башкаруу системасы ресурстардын жетишсиздигинен улам коюлган милдеттерди жана функцияларды аткарууга жөндөмсүз болгон.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чоң узундуктагы жолдорду натыйжалуу контролдоо жана тейлөө мүмкүнчүлүгү чектелген, анын карамагында 6 миң км жол бар, анда 1900дон ашпаган кызматкер, алардын ичинен 1100дөн ашууну Чүй облусунда жана Бишкек шаарында ЖККны камсыз кылат. Белгиленген ченем боюнча бир кызматкерге 6 км, кызматкерлердин иштеп жаткан штаты жолдордун 17%ын гана камтый алат. Ошондуктан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин (мындан ары кызматкерлер) иши иш жүзүндө ченемге салынган эмес, мисалы, Бишкек - Торугарт трассасында кызматкерлердин жумуш күнү - 12 сааттан кем эмес.
Дайыма жаңыланып туруучу ведомстволор аралык маалымат алмашуу системасы (анын ичинде ЖКК боюнча ведомстволук статистика жана изилдөөлөрдүн натыйжалары) түзүлгөн эмес. Маалыматтарды чогултуу жана талдоо - ЖККны камсыз кылуу процессиндеги муктаждык, учурдагы статистика ЖККны натыйжалуу долбоорлоо жана башкаруу мүмкүнчүлүгүн чектейт (ЖТК жыштыгы көз карашынан алганда кооптуу зоналарды картага түшүрүү жок, ЖТК жасалган убакыт режимдери жок, инфраструктуранын сапаты начар).
Жогоруда саналып өткөн бардык проблемалар жол коопсуздугуна таасирин тийгизет жана тез арада чечүүнү талап кылат.
Ошол эле убакта республикада ЖТКдан келтирилген экономикалык зыяндын көлөмү өтө олуттуу, Дүйнөлүк банктын экспертинин эсептөөлөрүнө ылайык бул көрсөткүч (зыян) республиканын ИДПсынын 4,3% жакын түзөт, ал эми акыркы 3 жылда (2019, 2020 жана 2021-жылдары) жарандарга, анын ичинде мамлекетке келтирилген зыяндын жалпы суммасы 12 миллиард 761 млн. сомду (орточо жылына 4 миллиард сомдон ашык) түздү.
Ошону менен бирге, ЖКК камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жооптуу мамлекеттик органды аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгы чыккан, ал ЖКК жогорулатууга, жабырлануучулардын санын кыскартууга, ЖТК оордугун жана анын кесепетин азайтууга багытталган, ал эми Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ЖКК камсыз кылуу чөйрөсүндө жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталган. Мында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине төмөнкүдөй функциялар берилген:
- транспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулардын курамын каттоо боюнча жана транспорт каражаттарын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү боюнча;
- жарандарга транспорт каражаттарын башкаруунун теориялык жана практикалык көндүмдөрүн жана Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүү процессин жакшыртуу максатында автомектептердин ишин лицензиялоо боюнча;
- жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти тартипке келтирүү максатында жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө ишти лицензиялоо боюнча.
Кыргыз Республикасынын Президентинин ушул Жарлыгын аткаруу максатында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда транспорттук ишти жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү түзүлгөн.
Ушул жылдын 1-июлуна карата абал боюнча ушул бөлүмдүн кызматкерлери республиканын аймагындагы автомектептерде 267 комплекстүү текшерүү жүргүздү. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 12 автомектеп жабылып, 9 автомектепте билим берүү иши токтотулду, аныкталган кемчиликтерди четтетүү тууралуу 233 жазма буйрук берилди, 81 автомектептин жетекчилерине айып салынды.
Мындан тышкары. билим берүү ишине 11 лицензия берилген.
3. Стратегиянын максаты, негизги артыкчылыктуу багыттары, стратегиялык милдеттери жана ишке ашыруунун негизги чаралары
Стратегиянын максаты: 2027-жылга карата Кыргыз Республикасында жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун жогорулатуу, ЖТК натыйжасында жол-транспорт жаракаттарын жана өлүмдүн деңгээлин 30%га кыскартуу.
Кыргыз Республикасында Стратегиянын коюлган максаттарына жетүү үчүн төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар тандалып алынган:
- жол коопсуздугун башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- жол инфраструктурасынын коопсуздугун жогорулатуу;
- жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу;
- авариядан кийинки чара көрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.
Стратегияны ишке ашыруунун стратегиялык милдеттери жана негизги чаралары
1. Жол коопсуздугун башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн төмөнкүлөр керек:
1) ЖКК тобокелдиктерине талдоо жүргүзүүнүн ведомстволор аралык методологиясын бекитүү;
2) зарылчылыкка жараша ЖКК камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелерге ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
3) ЖКЭ бузгандыгы үчүн жазанын сөзсүз болуу принцибин ишке ашырууну камсыз кылуу;
4) жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоону уюштурууда ачык механизмдерди иштеп чыгуу;
5) зарылчылыкка жараша ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясына тиешелүү ЖКК камсыз кылуу боюнча сервистик тейлөөлөрдүн реестрин жана функцияларды бекитүү;
6) ЖКК камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти күчөтүү;
7) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине санариптештирүү системасын киргизүү;
8) ЖКК саясатын ишке ашырууга калкты тартуу боюнча чараларды киргизүү.
Негизги чаралар:
1) ЖКК тобокелдиктерине талдоо жүргүзүү үчүн жумушчу топту түзүү;
2) ЖКК тобокелдиктерин талдоо методологиясын, ошондой эле ЖКК тобокелдиктерин талдоонун натыйжаларын алмашуу жана пайдалануу регламентин кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргелешкен буйрук менен иштеп чыгуу жана бекитүү;
3) мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү үчүн жумушчу топторду түзүү (ички иштер жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилиги астында) жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
4) жазанын сөзсүз болушу принцибин ишке ашыруудагы кемчиликтерди аныктоо үчүн укук колдонуу практикасына талдоо жүргүзүү;
5) зарылчылыкка жараша ЖКЭ бузгандыгы үчүн жазанын сөзсүз болушу принцибин кепилденген ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизсин;
6) ЖКЭ бузуулар жөнүндө билдирүүлөр боюнча укук колдонуу практикасына мониторинг жүргүзүүгө коомчулуктун катышуусу үчүн ачык-айкын шарттарды түзүү;
7) менчигинин түрүнө карабастан жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоонун жол-жоболоруна жана механизмдерине талдоо жүргүзүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;
8) жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоону уюштурууда коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча ишти маалыматтык колдоону камсыз кылуу,
9) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын жана ЖККны камсыз кылуу боюнча калкка көрсөтүлүүчү сервистик тейлөөлөрдүн тизмесин аныктоо боюнча ишти жүргүзүү;
10) сервистик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине максатка ылайыктуулугуна жараша ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген ЖККны камсыз кылуу боюнча жаңыдан аныкталган функцияларды киргизүү;
11) ЖКК камсыз кылуу боюнча калкка кызматтарды көрсөтүүгө ведомстволук мониторинг жүргүзүү системасын орнотуу;
12) кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти туруктуу негизде жүзөгө ашыруу;
13) квалификацияны жогорулатуу курстарында окутуунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү системасын жайылтуу;
14) ЖТК тууралуу маалыматты камтыган интерактивдүү карта түзүү;
15) кызыкдар мамлекеттик органдардын иштеп жаткан автоматташтырылган маалыматтык системаларын интеграциялоо менен маалыматтар базасын түзүү;
16) жол кыймылынын катышуучуларына трафиктин абалы жөнүндө оперативдүү маалымат берүү, ошондой эле жолдордогу проблемаларды картага түшүрүү үчүн "Joldor.kg" мобилдик тиркемесин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
17) кызматкерлерди маалыматтар базаларына кирүүгө жана укук бузуулардын фактылары жөнүндө маалыматтарды автоматтык түрдө программага (серверге) жиберүүгө мүмкүнчүлүк берген программалык камсыздоосу менен электрондук планшеттер менен каржылоого жараша камсыз кылуу;
18) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматтык автоунааларды төмөнкү жабдуулар менен камсыз кылуу:
- укук бузууларды фотого жана видеого тартуу үчүн;
- АТК мамлекеттик номерлери боюнча укук бузуучуларды аныктоо үчүн;
- каржылоого жараша АТК жана айдоочулардын маалыматтар базасына кирүүсүн камсыз кылуучу;
19) коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ЖМК) менен биргеликте социалдык роликтерди жана башка демонстрациялык долбоорлорду түзүү жана жайылтуу;
20) коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөөнүн натыйжалуулугуна системалуу мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу.
2. Жол инфраструктурасынын коопсуздугун жакшыртуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) жол кыймылынын бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын жана коопсуздугун эске алуу менен жол инфраструктурасын долбоорлоо/реконструкциялоо стадиясында тиешелүү техникалык регламенттердин коопсуздук талаптарына жол инфраструктурасынын ылайык келүүсүн камсыз кылуу;
2) жол инфраструктурасын модернизациялоо планын жана инвестициялар стратегиясын иштеп чыгуу жана жайылтуу;
3) Бишкек жана Ош шаарларында унаа токтотуу проблемаларын чечүү механизмин киргизүү.
Негизги чаралар:
1) эксперттерди тартуу менен улуттук стандарттарды иштеп чыгуу үчүн транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын координациялоосунда ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү;
2) жол кыймылынын бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын жана коопсуздугун эске алуу менен коопсуз жол инфраструктурасын долбоорлоо, куруу/реконструкциялоо боюнча улуттук стандарттардын эл аралык стандарттарга ылайык келишине аудит/инвентаризация жүргүзүү;
3) коопсуз жол инфраструктурасын долбоорлоо, куруу/реконструкциялоо боюнча иштелип чыккан стандарттар боюнча милдеттүү мамлекеттик экспертизаларды жүргүзүүнү камсыз кылуу (жөнгө салуучу таасирди талдоо, укуктук, экологиялык, гендердик, коррупцияга каршы экспертиза);
4) "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык максатка ылайыктуулугуна жараша коопсуз жол инфраструктурасын долбоорлоо, куруу/реконструкциялоо боюнча иштелип чыккан стандарттарды ведомстволор ортосунда макулдашуу жана бекитүү;
5) жол инфраструктурасына аудит/инвентаризация жүргүзүү жана модернизацияланууга тийиш жол инфраструктурасынын артыкчылыктуу объекттеринин тизмесин түзүү;
6) республиканын бардык аймагында паспорттоштуруу менен көчө-жол тармагынын бирдиктүү коомдук маалыматтар базасын түзүү боюнча долбоорду ишке киргизүү;
7) көчө-жол тармагын паспорттоштуруунун жана аудиттин жыйынтыгы боюнча жол инфраструктурасын модернизациялоо жөнүндө инвестициялык сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жактырылган жол инфраструктурасын модернизациялоо боюнча долбоорлорго инвестицияларды издөөнү киргизүү (анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин пайдалануу менен пландалган иш-чаралар үчүн);
9) жол инфраструктурасын модернизациялоо планын ишке ашырууну каржылоо механизмдерин жана булактарын аныктоо жана ишке киргизүү;
10) автожолдорду куруу жана реабилитациялоо боюнча документтерди даярдоодо ЖКК аудити боюнча адистерди тартуу;
11) Бишкек жана Ош шаарларында унаа токтотуу механизмин түзүү, анын ичинде жерди пайдалануу, жарнама щиттерди, унаа токтотуучу жайларды, жолдордун жүрүүчү бөлүгү менен арыктардын ортосунда тосмолорду орнотуу боюнча коопсуздук параметрлерин иштеп чыгуу жана техникалык регламенттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү;
12) Бишкек жана Ош шаарларын зоналарды, анын ичинде электр мобилдери үчүн жана токтоочу жайлардын тарифтерин аныктоо менен райондоштуруу (электр мобилдери үчүн акысыз парковка);
13) Бишкек жана Ош шаарларында ЖКК боюнча долбоорлорду каржылоо булактарын, көлөмүн аныктоо;
14) ачык-айкындуулук принциптеринде долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо схемасын иштеп чыгуу;
15) Бишкек жана Ош шаарларында шаардык коомдук транспортту уюштурууда коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн ЖКК камсыздоого коомчулукту тартуунун механизмдерин жана жол-жоболорун камсыз кылуу, анын ичинде коомдук транспорттун каттамдарына жана ташуучуларга сынактарды өткөрүү;
16) жогоруда аталган проблемаларды чечүүдө жакынкы чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын талдоо жүргүзүү жана баалоо жана оптималдаштыруу жана жайылтуу үчүн пилоттоо.
3. Жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
1) жол кыймылынын катышуучуларынын ар түрдүү категориялардагы катышуучуларынын арасында ЖКК камсыз кылуу боюнча билим берүү жана алдын алуу чараларын киргизүү боюнча план бекитүү;
2) автомектептердин айдоочуларды даярдоосунун жана айдоочулук күбөлүктөрдү алууга экзамендерди өткөрүүсүнүн, ошондой эле коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш жүргүзүүсүнүн сапатына талаптагыдай контролду камсыз кылуу;
3) калктын ЖКК каражаттарына (автоунааларда балдар үчүн креслолор, жандык транспорт жана велосипеддер үчүн фаралар ж.б.) жетүүсүн камсыз кылуу;
4) стратегиялык автомобилдик жолдордун бийик тоолуу участокторунда ЖККны камсыз кылуу боюнча талаптагыдай контролду камсыз кылуу.
Негизги чаралар:
1) мектепке чейин, мектеп жана кесиптик билим берүүдө колдонуудагы окуу программасынын алкагында ЖКЭ боюнча модулдарды иштеп чыгуу жана киргизүү;
2) ЖКМ аркылуу ЖКК системалуу алдын алуу жүргүзүү үчүн коммуникациялык стратегияны жана маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин жылдык планын бекитүү;
3) ЖКЭни дайыма жана одоно бузган - даярдалбаган айдоочулардын эң көп санын чыгарууну талдоонун негизинде автомектептердин рейтингин түзүү, кийин ЖМКга жарыялоо;
4) материалдык-техникалык базанын жана окуу процессинин бирдиктүү стандарттарына жетишүү максатында материалдык жана кадрдык камсыз кылуу стандарттарынын жана айдоочулук курамды даярдоонун/кайра даярдоонун сапатынын талаптарын канааттандырбаган билим берүү мекемелеринин лицензияларын чакыртып алуу жол-жоболорун жана механизмдерин жөнөкөйлөтүү бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларга зарылдыгына жараша өзгөртүүлөрдү киргизүү;
5) эл аралык талаптарды эске алуу менен ар кандай категориялардагы (подкатегориялардагы) АТК айдоочуларынын билимине жана жөндөмүнө карата бирдиктүү мамлекеттик талаптарды пайдалануу үчүн АТК айдоочуларын даярдоо боюнча билим берүү стандартын зарылдыгына жараша бекитүү;
6) жергиликтүү рынокторго ЖКК каражаттарын өндүрүү/жеткирүү боюнча салыктык преференцияларды кошпогондо, преференциялар системасын иштеп чыгуу;
7) жол кыймылынын атайын каражаттарынын маанилүүлүгүн жана атайын каражаттарды пайдаланбагандыгы үчүн жоопкерчилигин түшүндүрүү менен туруктуу маалыматтык-медиа ишин жүргүзүү;
8) каржылоого жараша Суусамыр - Талас - Тараз автожолунун Талды-Булак участогунда Өтмөк капчыгайынын алдында ЖКК камсыз кылуу боюнча стационардык пост түзүү.
4. Авариядан кийинки чара көрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу:
1) авариядан кийинки комплекстүү чара көрүүнүн стандарттарын жана механизмдерин бекитүү;
2) ЖКК камсыз кылуу чөйрөсүндө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө;
3) ЖТКда жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча АТК айдоочуларынын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүнү камсыз кылуу.
Негизги чаралар:
1) ЖТКда жана башка өзгөчө кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын шашылыш кызматтарынын өз ара аракеттенүү регламентин бекитүү;
2) авариядан кийинки чара көрүү проблемалары жөнүндө статистиканы жана маалыматтарды талдоонун негизинде жол инфраструктураларынын кооптуу, өлүмгө алып келүүчү жана жогорку жаракатка алып келүүчү зоналарын картага түшүрүү;
3) бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын авариядан кийинки чара көрүүсүнүн натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү;
4) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда АТК айдоочуларда (транспорт каражаттарын айдоочулугуна талапкерлер) АТК башкарууга медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн, медициналык көрсөтмөлөрдүн же медициналык чектөөлөрдүн болушу (жоктугу) жөнүндө берилген медициналык корутундулар жөнүндө маалыматтар менен алмашуу маселелери боюнча ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
5) каржылоого жараша ЖТК болуу тобокелдиги коркунучу бар жана башка өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтүү таяныч пункттарынын (борборлорунун) системасын түзүү;
6) айдоочулар жана кызматкерлер үчүн авариядан кийинки кырдаалда шашылыш жардам көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын бекитүү;
7) ЖТК жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча АТК айдоочуларынын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча автомектептерде практикалык сабактарды өткөрүүнүн графигин бекитүү.
4. Күтүлүүчү жыйынтыктар
Стратегияны ишке ашырууда күтүлүүчү жыйынтыктар:
1) тармактык принциптен ЖККны башкаруунун комплекстүү системасына өтүү жүзөгө ашырылды;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары эл аралык милдеттенмелерге ылайык келтирилди;
3) жазанын сөзсүз болуу принцибин ишке ашыруу үчүн укуктук жана уюштуруучулук шарттар түзүлдү;
4) жүргүнчүлөрдү ташууларды лицензиялоону уюштурууда ачык-айкындуулук принциби ишке ашырылды жана коррупциялык тобокелдиктер төмөндөтүлдү;
5) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жаңы аныкталган функциялары жана сервистик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри актуалдаштырылды;
6) кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу процесси жолго коюлду;
7) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугу жана сапаты жогорулатылды;
8) ЖККны башкаруу процесси санариптештирилди;
9) ЖКК камсыз кылуу чөйрөсүндө калк менен өз ара аракеттенүү күчөтүлдү;
10) коопсуз жол инфраструктурасын долбоорлоо, куруу/реконструкциялоо боюнча жаңыдан ишке киргизилген улуттук стандарттар менен ЖККны камсыз кылынды;
11) жол инфраструктурасын модернизациялоо планынын жана инвестициялардын стратегияларынын негиздери киргизилди;
12) АТКнын унаа токтотуучу жайын жонго салуунун эсебинен ЖКК жогорулатылды;
13) жол кыймылынын катышуучуларынын маалымдуулук деңгээли жогорулатылды;
14) автомектептер тарабынан айдоочуларды даярдоонун сапаты жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгү камсыз кылынды;
15) автомектептердин лицензияларын чакыртып алуу жол-жоболору жана механизми жөнөкөйлөштүрүлдү;
16) калктын ЖКК каражаттарына жетүүсү камсыздалды;
17) стационардык пост түзүлдү;
18) авариядан кийинки комплекстүү чара көрүүнүн стандарттары жана механизмдери бекитилди;
19) авариядан кийинки чара көрүүнүн инфраструктурасы бекемделди;
20) ЖТКдан жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча айдоочулардын көндүмдөрүн өркүндөтүү жүзөгө ашырылды;
21) негизги натыйжага жетишилди - максаттуу көрсөткүчкө жетүү - жолдордо өлүмдү жана жаракат алууну 30%га азайтуу жана ЖКЭ бузуулардын санын азайтуу.
5. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
1. Жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун жогорулатуу, ЖТКнын натыйжасында жол-транспорт жаракаттарын жана өлүмдүн деңгээлин азайтуу.
2. Жол коопсуздугун башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу.
3. Жол инфраструктурасынын коопсуздугун жакшыртуу.
4. Жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу.
5. Авариядан кийинки чара көрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.
6. Стратегияны ишке ашырууда аны ишке ашырууга тоскоол болуучу тобокелдиктердин пайда болуу ыктымалдыгы жогору:
- институттук эс тутумдун жоголушу жана Стратегияны ишке ашырууга көңүл буруунун төмөндөшү;
- аткаруучулардын потенциалынын жана компетенциясынын жетишсиздиги жана Стратегияны талаптагыдай эмес аткаруу, анын ичинде аткаруу жөнүндө маалымат берүү.
6. Стратегиянын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Мониторинг жүргүзүү жана баа берүү Стратегияны ишке ашыруу процессинде жетишилген прогресстин динамикасын аныктоого жана байкоого мүмкүндүк берүүчү максаттуу индикаторлорду чогултууга жана талдоого негизделген.
Стратегияны аткаруучулар Стратегиянын иш-чараларын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетторду Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берет жана талдайт, ал белгиленген мөөнөттө анын аткарылышынын жүрүшүн координациялайт жана контролдойт.
Негизги индикаторлор:
1) жол кыймылынын катышуучуларын тейлөөдөгү санариптештирүү менен камтуу үлүшү;
2) бир айдоочуга өлүм учурларынын - жаракат алуулардын саны, алардын ичинде балдардын жана аялдардын;
3) жол инфраструктурасынын начардыгынын себеби боюнча аварияларда өлүм учурларынын жаракат алуулардын саны;
4) АТКнын техникалык бузулушунун себеби боюнча аварияларда өлүм учурларынын - жаракат алуулардын саны, алардын ичинде балдардын жана аялдардын;
5) коомдук транспорт катышкан авариялардын натыйжасында өлүм учурларынын - жаракат алуулардын саны, алардын ичинде балдардын жана аялдардын;
6) мас абалда болуу себеби боюнча авариялардын натыйжасында өлүм учурларынын жаракат алуулардын саны, алардын ичинде балдардын жана аялдардын;
7) ЖККны камсыз кылууда жеке инвестициялардын көлөмү;
8) жол кыймылынын катышуучуларынын кызыкчылыктарында модернизацияланган жол инфраструктурасынын үлүшү;
9) калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына канааттануунун деңгээли;
10) ЖТКда жабыркагандардын арасында өлүмдөн куткарылгандардын үлүшү;
11) кечиктирилгис жардам алган ЖТКда жабыркагандардын саны.
(1) Кыргыз Республикасында ЖТКнын масштабы, кесепеттери жана алдын алуу чаралары. Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту. Бишкек, 2015, 5, 6-б.
(2) https://joldor.gov.kg/.
(3) https://ru.sputnik.kg/infographics/20161207/1030654303/kakie-mashiny-pokupayut-kyrgyzstancy-infografika.html.
(4) www.nisi.kg.
(5) http://www.news-asia.ru/view/ks/avto/11023.