Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 80 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына баруу, экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды уюштуруу жана жайгаштыруу тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына баруу, экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды уюштуруу жана жайгаштыруу тартиби (мындан ары – Тартип) “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына баруунун жалпы тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартип өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына (мындан ары – ӨКЖА) карата колдонулат.
3. ӨКЖА субъекттери белгиленген тартипте бекитилген тийиштүү ӨКЖА жөнүндө жоболордун негизинде иштейт.
4. ӨКЖАнын туристтик-рекреациялык мүмкүнчүлүктөрүн сактоо менен камсыз кылынган жаратылыш жамааттарынын жагымдуу туруктуу иштешинин алкагында ӨКЖАда илимди, маданиятты, агартууну, билим берүүнү, туристтик-рекреациялык иштерди өнүктүрүү максатында пайдаланууга жол берилет.
5. Уюштуруунун (түзүүнүн) максаттарына жараша, илимий корутундулар болгон учурда, аларда жайгаштырылган жаратылыш комплекстерине жана объекттерине терс таасирин тийгизбеген ӨКЖАга баруунун айрым түрлөрүнө уруксат берилиши мүмкүн.
6. ӨКЖАга баруу ӨКЖА администрациясы менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт жана акы төлөнөт (ушул Тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын айрым категорияларын кошпогондо). Баруудан түшкөн бардык каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конкреттүү ӨКЖАны өнүктүрүүгө жумшалат.
7. Бул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын администрациясы (мындан ары – ӨКЖА администрациясы) – башкаруу органдары, директор жана анын орун басарлары, башка кызмат адамдары (башкаруучу персонал), түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары (жетекчилери) (юридикалык жакты түзүү менен ӨКЖА үчүн);
ӨКЖАга келүүчүлөрдүн тобу – үч же андан көп адамдын уюшкандыкта ӨКЖАга топту жетектөөчүнүн коштоосунда баруу;
ӨКЖАга келүүчү – ӨКЖАга келген адамдар;
жаратылышты пайдалануу – табигый-ресурстук потенциалды пайдалануунун жана аны сактоо боюнча чаралардын формаларынын жыйындысы;
ӨКЖАга баруу – ушул Тартипке ылайык жаратылышты экологиялык, маданий, эстетикалык, илимий, билим берүү жана башка максаттарда пайдалануу укуктарын ишке ашыруу үчүн адамдардын ӨКЖАнын аймагында болушу.
2. ӨКЖАга баруу тартиби
8. ӨКЖАга баруу төмөнкүлөрдү камтыйт:
– белгилүү жерлерде (аянтчаларда) убактылуу жайгашуу жана эс алуу менен алдын ала аныкталган белгилүү маршруттар боюнча өтүү;
– ӨКЖАнын аныкталган жерлеринде эс алуу үчүн болуу;
– экологиялык билим берүү жана тарбиялоо, ошондой эле маданий-эстетикалык муктаждыктарды канааттандыруу максатында болуу;
– жаратылыш объекттерине жана комплекстерине байкоо жүргүзүү, илимий изилдөө үчүн үлгүлөрдү жана башка материалдарды чогултуу үчүн болуу.
9. ӨКЖАга баруу ӨКЖАнын кире беришинде же ага тиешелүү административдик имаратта берилген (сатылган) же электрондук байланыш каражаттары аркылуу баруу билети же баруу үчүн төлөмдү тастыктаган башка документи болгон учурда жүзөгө ашырылат. ӨКЖАга баруу үчүн билетти сатуу монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча белгиленген өлчөмдө акы алуу менен жүзөгө ашырылат.
Баруу үчүн билети келүүчүнүн ӨКЖАда болуу мөөнөтү аяктаганга чейин сакталышы керек.
Электрондук байланыш каражаттары аркылуу ӨКЖАга барууга билет сатып алган адамдар келүүчүлөрдүн тизмесин алар ӨКЖАга кирген күнгө чейин маршруту, болуу мөөнөтү жана башка зарыл маалыматтарды көрсөтүү менен ӨКЖА субъектисине берүүгө милдеттүү.
10. ӨКЖАга баруу үчүн төлөм – Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар төмөнкү категориядагы келүүчүлөрдөн алынбайт:
– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ошондой эле аларга теңештирилген адамдар;
– ооруктун эмгекчилери;
– I жана II топтогу майыптар;
– улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн алуучулар;
– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн алуучулар;
– жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн алуучулар;
– 7 жашка чейинки балдар;
– илимий изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКЖАга барган мамлекеттик мекемелердин илимий кызматкерлери;
– катардагы жана сержанттык курамда мөөнөттүү аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары;
– табигый өзгөчө кырдаалдардын, өрт-профилактикалык жана издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү максатында ӨКЖАга барган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн аскер кызматчылары, кызматкерлери;
– өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери;
– маданият объекттерине изилдөө жүргүзүүдө маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистери жана тартылган эксперттер (археологдор);
– кызматташуу жөнүндө макулдашуулар түзүлгөн жаратылыш коргоо боюнча өнөктөш уюмдардын кызматкерлери.
11. ӨКЖАга баруу үчүн акы анын белгиленген өлчөмүнөн 50 пайыз көлөмүндө Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар келүүчүлөрдүн төмөнкү категорияларынан алынат:
– жалпы билим берүү мектептеринин окуучулары;
– баштапкы кесиптик, орто кесиптик жана жогорку окуу жайларынын окуучулары/студенттери.
12. Ушул Тартиптин 10, 11-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарга жеңилдиктерди берүү үчүн төмөнкү документтер негиз болуп саналат: паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, пенсиялык күбөлүк, студенттик билет, белгиленген үлгүдөгү күбөлүк же тиешелүү статусун ырастаган башка документ, тиешелүү социалдык стационардык мекеменин маалымкаты, тиешелүү мамлекеттик, илимий же окуу жайынын жетекчиси тарабынан бекитилген келүүчүлөрдүн тизмеси, аскерге чакыруу боюнча аскердик кызматты өтөгөндүгүн ырастоочу жазуусу бар аскердик билет.
13. ӨКЖА администрациясы келүүчүлөргө ӨКЖАда болуусуна байланыштуу акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн сунуштоого укуктуу:
– гиддердин жана жол көрсөткүчтөрдүн кызматтары;
– чатырларды, уктоочу каптарды, идиш-аякты, ашкана жабдууларын жана башка мүлктү убактылуу пайдаланууга берүү;
– маршрут боюнча өтүү жана жүк ташуу үчүн аттарды (башка көлүк болушу мүмкүн) берүү;
– тамак-аш даярдоо жана жылытуу үчүн ичүүчү суу, тамак-аш азыктары, отун жана башка отун-суу менен камсыз кылуу;
– рекреациялык, экологиялык туризм жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ӨКЖА администрациясы тарабынан аныкталган жаратылышты пайдалануунун айрым түрлөрү.
14. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана аларды көрсөткөндүгү үчүн төлөмдүн өлчөмдөрү монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ӨКЖА субъекти же айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилүүчү баалар прейскуранты менен аныкталат.
15. ӨКЖАда болуу ӨКЖАга кирүү билетинде көрсөтүлгөн убакыттан эрте башталбайт жана кечиктирилбестен аяктайт.
ӨКЖАда болуу мөөнөтүн узартуу зарыл болгон учурда келүүчүлөр бул тууралуу ӨКЖА администрациясына алдын ала билдирүүгө, ал эми алдын ала кабарлоо мүмкүн болбосо – дароо (мындай мүмкүнчүлүк пайда болгондо) билдирүүгө милдеттүү жана тиешелүү кошумча төлөмдү жүргүзөт.
16. ӨКЖАга баруу топтун курамында да, жекече да жүргүзүлүшү мүмкүн. Балдар ӨКЖАга мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же балдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрүүгө жооптуу адамдардын коштоосунда гана бара алышат.
17. Келүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана жаратылыш объекттерин жана ӨКЖА комплекстерин сактоо максатында ыйгарым укуктуу кызматкерлер инструктаж өткөрөт жана ӨКЖАда болуунун колдонуудагы тартиби менен тааныштырат.
18. ӨКЖАнын ыйгарым укуктуу кызматкери ӨКЖАга келүүчүлөрдүн ӨКЖАнын аймагында видео-, фотосүрөткө тартуу шарттары менен тааныштырууга жана келүүчүлөргө алардын жүрүүсүнө уруксат берилбеген жерлер жөнүндө эскертүүгө милдеттүү.
ӨКЖАда видео-, фотосүрөткө тартууну жүргүзүү жаныбарлардын тынчын албашы жана табигый процесстердин жүрүшүнө кандайдыр бир таасирлерди тийгизбеши керек.
Видео-, фотосүрөткө тартуу учурунда жаныбарлардын уяларын, башка баш калкалоочу жайларын же жашына турган жайларынын маскировкасын алып салууга жана көчүрүүгө, ошондой эле алардын балдарын кууп, энесинен ажыратууга тыюу салынат.
Жаныбарлардын төлдөө мезгилинде уясынын, ийининин, үңкүрүнүн жана урук таштоочу жайларынын жанында, ошондой эле жаныбарлардын кышкы кыштоо жерлеринде видеого-, фотосүрөткө тартуу, илимий жана билим берүү максаттары үчүн гана ӨКЖАнын администрациясынын уруксаты менен жол берилет.
ӨКЖАнын аймагында фотокапкандарды орнотуу жана пайдалануу ӨКЖА администрациясынын макулдугу менен гана жол берилет. Ошол эле учурда фотокапкандардын техникалык мүнөздөмөлөрү экологиялык талаптарга жооп бериши керек (үнсүз, инфракызыл жарыгы менен, зымдары чубалып чыгып турбаган жана узун антенналары жок, жалтырак эмес).
19. ӨКЖА администрациясы келүүчүлөрдүн эсебин атайын журналда – келүү журналында ушул Тартиптин тиркемесине ылайык жүргүзүүгө милдеттүү, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
– келүүчүлөрдүн, топтун жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн аты-жөнү;
– сапардын максаты;
– пландалган маршрут;
– болуу мөөнөтү (келүү);
– автотранспорт (маркасы, мамлекеттик номери);
– коопсуздук техникасын сактоо боюнча инструктаж өтүү;
– төлөм жөнүндө белги (төлөмдү тастыктаган документтин номери жана датасы).
20. Келүүчүлөр өздөрү менен бирге керектүү азыктарды, жабдууларды жана тамак-аш даярдоо үчүн башка буюмдарды алып келе алышат же болбосо ӨКЖАнын кире беришинен сатып алышат (ижарага алышат).
21. Келүүчүлөрдүн кыймылынын ар бир маршруту жана убактылуу жайгаштыруу жана эс алуу үчүн аянтчалар, тыюу салуулардын жана/же чектөөлөрдүн, ошондой эле жаратылыш объекттерин пайдалануунун жана сактоонун башка шарттарын көрсөткөн схемаларды жана деталдуу мүнөздөмөлөрдү камтыган брошюралар, эскертме баракчалар таризделет (даярдалат). Мындай брошюралар, эскертме баракчалар келүүчүлөргө ӨКЖАнын аймагында болгон учурда берилет.
3. ӨКЖАда жүрүм-турумдун жалпы эрежелери
22. ӨКЖАга келүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:
– корголуучу жаратылыш объекттерине жана комплекстерине зыян келтирбөөгө;
– жапайы жаныбарлардын өзгөчө жупташуу жана балдарын эмизген мезгилинде алардын тынчын алуу факторуна жол бербөөгө;
– баруу убактысын сактоого;
– жаратылыш, археология, тарых жана маданият эстеликтерине аяр мамиле кылууга;
– ӨКЖА администрациясы тарабынан белгиленген туристтик маршруттарды (жолдорду), токтоочу жайларды, от жагуу жана түнөө үчүн атайын жасалган жайларды так сактоого;
– ӨКЖА коргоо режимин жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого;
– техникалык коопсуздук эрежелерин сактоого;
– маршруттан өтүүдө жана эс алуучу жерде (аянтчаларда) болгондо гиддин, инструктор-жол көрсөткүчтүн көрсөтмөлөрүн аткарууга;
– алынган шаймандарга жана жабдууларга аяр мамиле кылууга, жоголгон же бузулган учурда алардын наркын төлөп берүүгө;
– механикалаштырылган транспорт, көлүк менен жалпы пайдалануудагы жолдордо жана атайын белгиленген жолдордо гана жүрүүгө;
– тамак-аш, тиричилик, техникалык калдыктарды атайын бөлүнгөн жайларга гана жыйноого;
– жаратылыш объекттерин жана комплекстерин коргоо боюнча ушул Тартиптин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын так аткарууга.
23. ӨКЖАнын коргоо категориясына жана белгиленген укуктук режимине жараша анын келүүчүлөрү үчүн төмөнкүлөр каралат:
– жалпы пайдалануудагы жолдорунун жана атайын бөлүнгөн жолдордун чегинде механикалаштырылган, жүк ташуучу транспорт, көлүк менен ӨКЖАда жүрүү мүмкүнчүлүгүн белгилөө;
– транспортту токтотуу үчүн атайын жерлерди бөлүп берүү;
– ӨКЖАнын экскурсиянын жетекчилеринин же гид-инспекторлорунун коштоосунда алдын ала белгиленген туристтик маршруттар жана чыйыр жолдор боюнча уюштурулган экскурсияларды жана жөө жүрүштөрдү өткөрүү;
– ӨКЖА администрациясы тарабынан тамак-аш даярдоо жана башка муктаждыктар үчүн от жана мештерди жагуу үчүн жайларды аныктоо (жыйналган отун же альтернативдик отун менен камсыздоо кошумча акы төлөнүүчү кызмат катары жүзөгө ашырылат);
– ӨКЖА администрациясы менен макулдашуу боюнча спорттук жана экологиялык-агартуу боюнча иш-чараларды, туристтик слетторду өткөрүү;
– кесипкөйлүк жана ышкыбоздук фото-, видеосүрөттөргө тартууну өткөрүү;
– студенттер жана окуучулар үчүн окуу тажрыйбаларын өткөрүү;
– уруксат документтерин алгандан кийин илимий материалдарды, анын ичинде гербарийлерди, үрөндөрдү чогултуу жана жер кыртышынын үлгүлөрүн тандоо жана башкалар.
24. ӨКЖАнын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
– жалпы пайдалануудагы жолдордон жана атайын бөлүнгөн жолдордон башка жакка чыгууга жана жүрүүгө;
– автотранспортту жана башка механикалык каражаттарды белгиленген жерлерден тышкары токтотууга;
– дарыялардын жана көлмөлөрдүн жээктеринде автотранспортту жана башка механикалык каражаттарды токтотууга жана/же жууга;
– үн басаңдаткычы түз туташтырылган жана бузулган автомобилдердин киришине;
– күйүүчү-майлоочу материалдар агып турган автомобилдердин киришине;
– жаратылыш объекттеринин, көрктөндүрүү элементтеринин, көрсөткүчтөрдүн, тосмолордун, аншлагдардын, маалымат паннолорунун, токтоочу жайлардын, курулмалардын жабдууларын жана башка мүлктү бузууга, бак-дарактарга жана аскаларга жазууларды жана белгилерди калтырууга;
– атайын каралган жерлерден тышкары от жагууга, куураган жалбырактарды жана чөптөрдү өрттөөгө (жазгы өрттөр);
– белгиленбеген жерлерде тамеки тартууга;
– балдарды кароосуз калтырууга;
– өз алдынча мал жаюуга жана айдап өтүүгө, чөп чабууга, отун даярдоого жана токойду башка мыйзамсыз пайдалануу;
– өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин кыюуга, сындырууга жана бузууга, тиричилик муктаждыктары үчүн шыпыргыга чыбык даярдоо;
– уруксат берилген жерлерден тышкары жапайы дарактарды, бадалдарды, чөп өсүмдүктөрүн жана дары сырьесун чогултуу жана казуу;
– таштандыларды белгиленбеген жерлерге калтыруу;
– жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атуу жана кармоо боюнча травматикалык, пневматикалык жана ок атуучу курал, рогаткалар, торлор жана башка курал менен ӨКЖАнын аймагында болууга;
– балык уулоонун жана жапайы жаныбарларга аңчылык кылуунун бардык түрлөрүнө;
– экологиялык, эстетикалык жана рекреациялык объекттерди бузууга жана жок кылууга, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттерин жана алардын чектеш аймактарын бузууга алып келүүчү иштердин бардык түрлөрүнө;
– атайын уруксатсыз илимий археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, жер бетинен буюмдарды жана тарыхый баалуулуктарды чогултууга жана уруксатсыз жер казуу иштерин жүргүзүүгө, анын ичинде техникалык каражаттарды (металл издегич, металл детекторлор, радарлар жана магниттик түзүлүштөр) пайдаланууга, ошондой эле кооз жерлерди жана тарыхый-маданий объекттерди талкалоого;
– жардыруу иштерин жүргүзүүгө;
– бак-дарактарды жана бадалдарды механикалык бузууга;
– жаныбарлар байырлаган жана канаттуулар уялаган жерлерди, айбанаттардын ийиндерин, ошондой эле жаныбарлар дүйнөсүнүн башка баш калкалоочу жайларын бузууга, канаттуулардын жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн жумурткаларын чогултууга;
– жапайы жаныбарларды тамактандырууга, ошондой эле аларды кармоого;
– жаратылыш процесстеринин табигый жүрүшүн бузган жана биологиялык ар түрдүүлүк объекттерин жана бүтүндөй жаратылыш комплексин сактоону жокко чыгаруучу башка иштерге.
Чек ара зонасында жайгашкан ӨКЖАга баруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
25. Конкреттүү ӨКЖАга баруу тартиби ушул Тартиптин негизинде анын болгон өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен администрациясы тарабынан иштелип чыгат, тиешелүү ӨКЖАны тескөөчү орган тарабынан бекитилет жана ушул органдын жана ӨКЖА субъектинин расмий веб-сайттарына жайгаштырылат.
4. ӨКЖА инфраструктурасына жана коопсуздугуна талаптар
26. ӨКЖАнын кире беришинде анын администрациясы келүүчүлөр үчүн болуу тартиби жана коопсуздук чаралары камтылган маалымат такталарын орнотот; бул тууралуу маалымат келүүчүлөргө атайын даярдалган эскерткичтер түрүндө жеткирилет.
Ошондой эле маалымат такталарында ӨКЖАдагы бардык туристтик маршруттар, рекреация жерлери, баруусу чектелген же ӨКЖАнын же тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери болуп эсептелбеген адамдарга кирүүгө тыюу салынган башка жерлер, ӨКЖА субъектисинин жана өзү баш ийген органдын жооптуу адамдарынын телефон номерлери жөнүндө толук маалымат жайгаштырылат.
Жайгаштырылган маалыматтар маршруттардын схемалары, маршруттардын ажайып кооз жерлеринин жана рекреациялык аймактардын, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана башка объекттердин фотосүрөттөрү менен чагылдырылат.
ӨКЖАда уулуу жаныбарлар же өсүмдүктөр болгон учурда, келүүчүлөр бул жөнүндө кабардар болуш керек, анын ичинде жеткиликтүү жерлерге тиешелүү сүрөттөрдү, зарыл эскертүүлөрдү жана чакканда же алар менен ууланганда дарыгерге чейинки кечиктирилгис биринчи жардам көрсөтүү ыкмалары жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу маалымдалышы керек.
27. Ар бир маршрут боюнча төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: узундугу, татаалдыгы, орточо өтүү убактысы, негизги болжолдоочу багыттар, топтогу келүүчүлөрдүн чектүү саны, токтоочу жери, маршруттар өтүүчү участоктордогу кайтарылуучу объекттердин жана комплекстердин жайгашкан жери, аларды коргоонун жана пайдалануунун режими.
Ар бир маршрут боюнча төмөнкүлөр иштелип чыгат:
а) маршруттун схемасы (маршруттун участокторунун өтүү убактысын, эс алуу жана тамак-аш даярдоо жерлерин жана башка көрктөндүрүү атрибуттарын көрсөтүү менен тийиштүү жердин картасындагы/схемасындагы маршруттун сүрөтү);
б) табигый тоскоолдуктарды, сууларды, маршрутта өсүүчү бак-дарактардын жана бадалдардын, кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрүн көрсөтүү менен маршруттун сыпаттамасы;
в) бул маршруттагы эң кооз жерлер жана өзгөчөлүктөр жөнүндө, ошондой эле ӨКЖАда рекреациялык зоналардын болгон учурунда алардын жайгашкан жери жана режими жөнүндө маалымат.
28. Жаратылышты пайдаланууга мүмкүн болуучу жерлер жөнүндө маалымат ӨКЖАда уруксат берилген жаратылышты пайдалануучу жерлер, мөөнөттөрү, жаратылышты пайдалануунун түрлөрү жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
29. ӨКЖАга барганда туристтер экскурсиянын жетекчисинин (гид же инструктор-жол көрсөткүчтүн) коштоосунда жүрөт, ал жаракат алганда, уулуу курт-кумурскалар, жыландар чакканда жана келүүчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген башка өзгөчө кырдаалдарда биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларын билиши керек.
Келүүчүлөргө ӨКЖАда экологиялык маршруттар жана рекреациялык зоналар жөнүндө кененирээк маалымат берүү үчүн жалпы маалыматтарды камтыган жол көрсөткүч китептер, проспекттер же буклеттер, ошондой эле ӨКЖАдагы жүрүм-турум эрежелери басып чыгарылышы мүмкүн.
30. ӨКЖА администрациясы корголуучу жаратылыш объекттеринин жана комплекстеринин максималдуу сакталышын камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:
– атайын жабдылган маршруттарды уюштуруу;
– жаратылыш жана тарыхый-маданий мурас объекттеринде илимий-изилдөө иштерин уюштуруу;
– көрүнүктүү жерлерге орнотулган жана керектүү маалыматтарды камтыган маалыматтык такталар менен маршруттарды жабдуу;
– ӨКЖАга келүүчүлөрдүн жүрүм-турум эрежелерин белгилөө, айрым участокторго барууга чектөөлөрдү (анын ичинде сезондук) киргизүү;
– баруунун жол берилүүчү ченемдерин белгилөө;
– ӨКЖАнын корголуучу объекттери жана комплекстери үчүн эң аз аярлуу жерлеринде рекреациялык зоналарды бөлүп берүү;
– табигый ландшафтты бузбастан мүмкүн болушунча жергиликтүү материалдардан маршруттарды көрктөндүрүү үчүн инфраструктуранын элементтерин (отургучтарды, бастырмаларды, тосмолорду, көрүү аянтчаларды) даярдоо;
– барган аймактын абалына туруктуу мониторинг жүргүзүүнү, контролдоону, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын камсыз кылуу.
31. Маршруттарды уюштуруу жана эксплуатациялоо ӨКЖА башкаруу планына киргизилиши керек.
32. Маршрутту тандоодо ландшафттардын түрлөрү жана жол берилген рекреациялык жүктөм эске алынат.
33. Маршруттарды уюштурууда төмөнкү талаптар аткарылышы керек:
а) маршрут жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн сейрек кездешүүчү түрлөрү жашаган жана өскөн жерлерди айланып өтүшү керек, жаратылыш объекттерине жана комплекстерине таасирин тийгизбеши керек, ошондой эле алардын коопсуз жайгашуусун жана табигый процесстердин табигый жүрүшүн камсыз кылган аралыкта жайгаштырылышы керек;
б) тарыхый-маданий мурас объекттери жайгашкан аймактар аркылуу өтүүчү маршруттарды иштеп чыгууда мындай объекттерге жана аларга жанаша жайгашкан аймактарга баруунун режимин, алардын коопсуздугун жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу үчүн маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш;
в) маршрут бир уникалдуу объекттен экинчисине өтүп, бардык биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү, анын ичинде терс антропогендик таасирге дуушар болгон участокторду камтууга тийиш;
г) маршрутту иштеп чыгууда анын узундугу такталат, жабдылган (бастырмалар, үйлөр, коомдук тамактануучу, эс алуучу жана гигиена түйүндөрү), ошондой эле жабдылбаган токтоочу жерлер белгиленет;
д) ӨКЖАда экскурсиялык экологиялык маршруттар, туристтик чыйыр жолдор жана токтоочу жайлар, туристтик объекттер, атайын бөлүнгөн участоктордо музейлер (жаратылыш музейлери) жана ачык асман алдындагы экспозициялар болгон учурда, аларга баруунун тартиби жана акы төлөө алар таандык болгон субъекттер тарабынан жөнгө салынат.
34. ӨКЖАга баруу анын узактыгы боюнча кыска мөөнөттүү (3 күнгө чейин) жана узак мөөнөттүү (3 күндөн ашык) болуп бөлүнөт.
35. Кыска мөөнөттө эс алуу үчүн ӨКЖАнын администрациясы мамлекеттик биосфералык коруктардын жана мамлекеттик жаратылыш коруктарынын (мындан ары – МБК/МЖК) өзөк зонасын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын (мындан ары – МЖП) корук режиминдеги зоналарды кошпостон келүүчүлөрдү жайгаштыруу үчүн жерлерди аныктайт, мында жеңил типтеги курулмаларды (чатырларды, бастырмаларды, көчмө тамактануу пункттарын жана башкаларды) жайгаштырууга жол берилет.
36. МБК/МЖКнын корголуучу зонасынан, ал эми МЖПнын чарбалык ишинин чектелген зонасынан узак мөөнөттүү эс алуу үчүн ӨКЖА администрациясы келүүчүлөрдү (эс алуучуларды) жайгаштыруу жана тейлөө үчүн капиталдык имараттарды жана курулмаларды (ашканалар, оюн аянтчалары жана башкалар) жайгаштырууга жол берилген жерлерди аныктайт.
37. Келүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында маршруттарда көрктөндүрүү боюнча зарыл иштер жүргүзүлүүгө тийиш. Жолдун оптималдуу туурасы 1 метрден ашпашы керек жана бийик жардан коопсуз аралыкта жайгаштырылышы зарыл. Маршруттун талап кылынган жерлеринде көпүрөлөр курулат жана кулаган бак-дарактарды алып салуу керек. Тик капталдарда (45 жана андан ашык градус) тепкичтер кесилип жасалып, тосмолор орнотулган. Чыйыр жолдор бадалдардан жана бийик өскөн чөптөрдөн тазаланат. Ландшафтты, корголуучу объекттерди жана комплекстерди байкоого мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү эс алуу жайларында жабдылган байкоо пункттары жайгаштырылат (бастырмалар, отургучтар жана отуруучу жайлар орнотулат).
ӨКЖАда маршруттарды иштеп чыгууда алардын татаалдыгы жана жердин табигый-климаттык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аныкталууга тийиш.
38. ӨКЖА администрациясы ӨКЖА боюнча калдыктарды чогултуучу жайларды жабдууга тийиш.
Маршруттарда эс алуу үчүн аянтчалар дааратканалар менен жабдылууга тийиш.
39. Маршруттардын жүрүшүндө от жагууга бул маршруттун программасында каралган учурларда жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо менен атайын бөлүнгөн жерлерде гана жол берилет.
Токтоочу жайлар, кемпингдер тийиштүү түрдө жабдылышы керек (өрт калканчтары жана өрт өчүрүүчү башка каражаттар, эскертүү такталары).
40. ӨКЖА администрациясы биринчи медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн шарттарды камсыз кылууга, медициналык жардам көрсөтүү пунктун зарыл жабдуулар менен камсыздоого, биринчи медициналык жана дарыгерге чейинки жардам көрсөтүү үчүн дары-дармектердин, таңуучу материалдардын жана башка медициналык багыттагы буюмдардын запасы менен камсыз кылууга тийиш.
41. ӨКЖАда жүргөн мезгилде келүүчүлөрдүн тобу биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл каражаттар менен комплекттелген медициналык аптечканы алып жүрүүгө милдеттүү.
42. Коопсуздукту камсыз кылуу жана өзгөчө корголуучу жаратылыш объекттерине зыян келтирүү учурларын болтурбоо максатында ӨКЖА администрациясы ӨКЖАнын аймагына келүүчүлөрдүн жана унаа каражаттарынын бир эле мезгилде болушунун чектүү саны боюнча чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу.
43. ӨКЖАнын аймагында дрондорду ландшафттарды сүрөткө тартуу үчүн гана пайдаланууга жол берилет. Жаныбарларды сүрөткө тартуу үчүн дрондорду пайдаланууга ӨКЖА администрациясынын жазуу жүзүндөгү уруксаты болгондо гана уруксат берилет.
44. Спутниктик моюн каргыларын колдонууга айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү макулдугу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий корутундусу болгондо гана жол берилет.
45. Өзгөчө кырдаалдар үчүн атайын белгилерди (жарык жана/же үн сигналдары, пиротехникалык шамдар, түтүн) колдонуу, өтө-шашылыш кызматтары жана телефон байланышы менен ӨКЖАда кабарлоо системасы каралат. Келүүчүлөргө ӨКЖАнын өкүлү тарабынан кабарлоо системасын колдонуу жөнүндө көрсөтмө берилет.
Өзгөчө кырдаалдарда келүүчүлөрдүн иш-аракеттеринин тартиби, ӨКЖА боюнча нөөмөтчүнүн телефон номери келүүчүлөргө ӨКЖАнын аймагында болуу мөөнөтүнө берилген эскертме баракчада көрсөтүлөт.
ӨКЖАда мобилдик же башка байланыш иштебей калган учурларда, келген адам өзгөчө кырдаал/кырсык жөнүндө маалыматты тиешелүү чараларды көрүү үчүн жеткире ала турган жерде көрсөткүч менен белгиленген чекит ӨКЖА администрациясы тарабынан аныкталат. Бул тууралуу маалыматтар жана тиешелүү белгилер маалымат такталарында жана эскертме баракчаларында да жайгаштырылат.
5. ӨКЖА аймагындагы экологиялык туризм
46. ӨКЖА экологиялык туризм (мындан ары – экотуризм) – туристтик иштин адистештирилген түрлөрүнүн бири болуп саналат, анын негизги максаты айлана-чөйрөнү сактоочу жана жергиликтүү тургундардын жыргалчылыгын колдогон жаратылыш аймактарына жоопкерчиликтүү саякаттоо болуп саналат.
47. Кесиптердин өзгөчөлүктөрү боюнча экотуризм сабактары шарттуу төрт түргө бөлүнөт:
а) илимий экотуризм (орнитологиялык, биологиялык, геологиялык туризм жана туризмдин башка түрлөрү), туристтердин окумуштуулар менен бирдикте жана өз алдынча жергиликтүү гиддердин катышуусунун негизинде да жаратылыш объекттерин изилдөөгө, ар кандай изилдөө экспедицияларына, талаа байкоолоруна катышуусуна багытталган;
илимий экотуризмге кыска мөөнөттүү турлар кириши мүмкүн:
– жаратылыштагы жаныбарларды байкоо боюнча;
– уникалдуу жаратылыш объекттери, алардын ар кандай түрлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгендери менен таанышуу боюнча;
– жаратылышты, биологиялык ар түрдүүлүк объекттерин жана башкаларды видео-, сүрөткө тартууну сүйүүчүлөр үчүн;
б) атайын белгиленген экологиялык маршруттар боюнча өтүүчү билим берүү, илимий-маданий жана туристтик экскурсиялардын жыйындысын камтыган жаратылыштын жана региондун тарыхы боюнча турлар;
в) окуялуу экотуризм, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
– алыскы региондорго турлар;
– кыска мөөнөттүү ат, велосипед турлары;
– татаал жерлер боюнча жөө маршруттары;
– турак жай үчүн атайын жабдылган автомобилдерде саякаттоо (автокемпинг);
г) төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнгөн экстремалдык экотуризм:
– тоо (альпинизм, аскага чыгуу, тоо лыжа ж.б.);
– суу (дайвинг, рафтинг ж.б.);
– аба (авиациялык, планеризм, баллонинг, парашютинг, дельтапланеризм, парапланеризм жана башкалар);
– жер үстүндөгү (маунтинбайкинг (тоо велосипед тебүү), спелеология жана башкалар).
48. МБК/МЖК өзөк зонасына жана МЖП корук режиминин зонасына барууга айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана илимий мекемелер (тиешелүү иштерди уюштуруучулар) менен түзүлгөн келишимдер боюнча жүзөгө ашырылуучу илимий изилдөө жана экологиялык туризм максатында гана жол берилет.
МБК/МЖК өзөк зонасына жана МЖП корук режиминин зонасына барганда туристтер жөө же жүк ташуучу транспорт же велосипед аркылуу гана жүрүшөт, туристтик объекттер менен таанышып, көрсөтмөлөр жана атайын белгилер менен белгиленген туристтик маршруттар боюнча так, туура экскурсиянын жетекчисинин (гид же инструктор-жол көрсөткүчтүн) коштоосунда гана жүрүшөт.
49. ӨКЖАга илимий максаттарда баруу жана алардын натыйжалары жөнүндө маалымат, алар кабыл алынгандан кийин, жүргүзүлүп жаткан иштердин уюштуруучулары тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (анын ыйгарым укуктуу региондук/ведомстволук бөлүмүнө) берилет.
50. Экскурсиянын жетекчисинин (гид же инструктор-жол көрсөткүчтүн) функциясын ӨКЖА өкүлү же ӨКЖА администрациясы тарабынан келишимдин негизинде тартылган адам аткарышы мүмкүн. Чет элдик туристтердин экскурсияларын тейлөө үчүн экскурсиянын жетекчилери жана/же котормочулар тартылышы мүмкүн.
МБК/МЖК өзөк зонасынын жана МЖП корук режиминин зонасынын аймагында эс алуу үчүн токтоочу жайларды жайгаштырууга атайын бөлүнгөн жерлерде, ошондой эле жыл бою стационардык байкоо жүргүзүүчү жерлерде гана төмөнкүлөр үчүн уруксат берилет:
– жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, жаратылыш комплекстерин, жаратылыштын айрым объекттерин, жаратылыш процесстеринин динамикасын изилдөө;
– эс алуу, сүрөткө тартуу, медитация, тамактануу.
51. Ушул Тартиптин 24-пунктунда каралган чектөөлөрдөн тышкары, МБК/МЖК өзөк зонасына жана МЖП корук режиминин зонасына барганда туристтерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:
– от жагуу, тамакты ачык отко бышыруу;
– атайын бөлүнгөн жерлерден тышкары тамактануу, тыныгуу жасоо, эс алуу, чатырларды орнотуу;
– автомобиль же башка механикалаштырылган же жүк ташуучу транспорт менен кирүү жана жүрүү;
– спирт ичимдиктерин ичүү жана/же баңги зат каражаттарын же башка уулуу таасир берүүчү каражаттарды колдонуу;
– алкоголдук ичимдиктердин жана/же баңги заттарды же башка уулуу заттардын таасиринде мас абалда болуу;
– илимий же экотуристтик топтон өзүнчө жүрүү;
– көлмөлөргө түшүү;
– жапайы жаратылыштын жашоо-турмушун бузган ызы-чууну жаратуу.
52. Эгерде иш жаратылыш комплекстеринин жана объекттеринин абалына коркунуч келтирбесе, ӨКЖАнын чарбалык иши менен чектелген буфердик, корголуучу зоналарда, экологиялык турукташтыруу, туристтик-рекреациялык иш зоналарында ӨКЖА администрациясынын макулдугу менен экотуризмдин бардык түрлөрүн жүзөгө ашырууга уруксат берилет.
53. ӨКЖАнын коргоо, буфердик зонасынын жана чарбалык иш менен чектелген зонасынын аймагында глэмпингдерди, кемпингдерди, автокемпингдерди убактылуу жайгаштырууга жана/же пайдаланууга жол берилет, бирок бул үчүн атайын бөлүнгөн жерлерде гана.
6. ӨКЖАга келүүчүлөрдүн тартип бузуусу жана зыян келтирүүсү үчүн жоопкерчилик чаралары
54. Айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү белгиленген талаптарды бузган адамдар Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо, администрациялык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
55. Жаратылыш объекттерине, комплекстерине жана ӨКЖАнын мүлкүнө келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте толтурулууга тийиш.
7. Корутунду жоболор
56. ӨКЖАга барууга байланыштуу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
Кыргыз Республикасынын
өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына баруу, экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды уюштуруу жана жайгаштыруу тартибине тиркеме
____________________________________________________________________________
(жаратылышты коргоо мекемесинин аталышы)
20____ – жыл үчүн келүүчүлөрдү эсепке алуу журналы
№ | Келүүчүнүн, топтун жетекчисинин жана мүчөсүнүн аты-жөнү | Автотранспорт (маркасы, мамлекеттик номери) | Баруунун максаты | Пландалган маршрут | Болуу (баруу) мөөнөтү | Коопсуздук техникасын сактоо боюнча нускама өтүү | Төлөм жөнүндө белги (төлөмдү тастыктаган документтин № жана датасы) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|