Сравнение редакций…
| Тиркеме 1 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 токтомуна ылайык |
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге, ошондой эле бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди бөлүп берүү жөнүндө чечимди кабыл алууда иш-аракеттердин ырааттуулугун аныктайт.
2. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди дайындоо жана анын көлөмү кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө ченемдик укуктук акт менен жыл сайын бекитилет.
3. Бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди дайындоо жана анын көлөмү, максаттуу трансферттерди өткөрүл берүүчү жана максаттуу трансферттерди кабыл алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын (мындан ары - жергиликтүү кеңештер) чечими менен бекитилет.
4. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттер төмөнкү максаттарга берилет:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде иш-чараларды каржылоого;
2) жергиликтүү бюджеттердин баланстуулугун камсыз кылууга;
3) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүдө жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын каржылоого;
4) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдык милдеттенмелерин бирге каржылоону камсыздоого;
5) райондук маанидеги шаарларды өнүктүрүүгө.
5. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттердин жалпы көлөмү кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө ченемдик укуктук акт менен бекитилет.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына максаттуу трансферттер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерине ылайык бөлүнүп берилет.
7. Бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттер жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн берилет. Трансферттин максаттуу багытталышы максаттуу трансфертти бөлүп берүү жөнүндө чечимди кабыл алган жергиликтүү кеңештин чечиминде көрсөтүлөт.
8. Бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттердин көлөмү, жергиликтүү бюджетти түзүү жол-жоболорунун алкагында, максаттуу трансфертти өткөрүп берүүчү жана кабыл алуучу жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү
9. Жергиликтүү бюджетке максаттуу трансфертти бөлүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү коомчулукка колдоо көрсөтүү зарылдыгынын негиздүү себептери менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларынын болушу;
2) кийинки жылдын бюджети бекитилгенге чейин отчеттук жылда күчүнө кирген жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышына же чыгымдар бөлүгүнүн көбөйүшүнө таасир эткен ченемдик укуктук актыны кабыл алуу;
3) аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик тармактык, региондук программаларын ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылардын болушу.
10. Ушул жылы жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жана/же чыгымдарынын өзгөрүшүнө алып келүүчү ченемдик укуктук актыны кабыл алууда максаттуу трансферттер үстүбүздөгү жылы эсептелет жана берилет. Кийинки бюджеттик жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жоготууну каржылоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
11. Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн азайтууга жана/же чыгымдык бөлүгүн көбөйтүүгө алып келүүчү ченемдик укуктук актыны кабыл алган учурда бюджетти аткаруу жана болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин түшпөй калууларынын жалпы көлөмүн жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарынын өсүшүн эсептейт жана жергиликтүү бюджеттердин кошумча чыгымдарын компенсациялоо үчүн максаттуу трансферттер боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү белгилейт.
3. Жергиликтүү бюджеттердин тең салмактуулугун камсыздоо үчүн максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү
12. Жергиликтүү бюджеттердин баланстуулугун камсыздоо максатында кийинки жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бюджеттер аралык болжолдонуучу трансферттердин жалпы көлөмүнүн 10 (он) пайыз өлчөмүндө резерв аныкталат.
13. Максаттуу трансферттерди алууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талаптары Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын дарегине жөнөтүлөт.
14. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же жергиликтүү мамлекеттик администрация тиешелүү региондогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизделген жыйынды суроо-талабын бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине жөнөтөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Максаттуу трансферттерди алууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талаптары, эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары корголгон беренелер боюнча чыгымдарды жергиликтүү бюджеттерде биринчи кезекте караган учурларда, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.

16. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан берилген суроо-талаптарды республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша карайт.
4. Мамлекеттик органдардын айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүдө жергиликтүү бюджеттер үчүн максаттуу трансферттерди эсептөө жана бөлүштүрүү
17. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы:
1) өткөрүп берүүчү ыйгарым укуктар боюнча чыгымдардын тизмегин аныктайт;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомунун негизинде өткөрүп берилген ыйгарым укуктарды каржылоо үчүн максаттуу трансферттердин зарыл болгон көлөмүн каржылоонун кварталдык планы менен жергиликтүү бюджеттер боюнча эсептейт;
3) максаттуу трансферттердин пландалган көлөмүн көрсөтүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтөт.
18. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана максаттуу трансферттерди бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин күчүнө кирүү мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 4-беренесинин талаптарына ылайык белгиленет.
5. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдык милдеттенмелерин биргелешип каржылоону камсыз кылуу үчүн максаттуу трансферттерди берүү жана бөлүштүрүү
19. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдык милдеттенмелерин биргелешип каржылоо үчүн республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди бөлүп берүү зарылдыгы мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды, функцияларды аткарууга жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тиешелүү долбоорлорду биргелешип каржылоо жөнүндө биргелешкен чечимин кабыл алган учурда пайда болот.
20. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдык милдеттенмелерин биргелешип каржылоону камсыздоо үчүн максаттуу трансферттерди берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн демилгечиси болушат.
21. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдык милдеттенмелерин биргелешип каржылоого багытталган максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү үчүн негиз болуп жергиликтүү кеңештин мамлекеттик ыйгарым укуктарды, функцияларды же жергиликтүү маанидеги маселени биргелешип аткарууга макулдугу жөнүндө чечими болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими саналат.
22. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдык милдеттенмелерин биргелешип каржылоо тиешелүү мамлекеттик органдар менен ыйгарым укуктарды биргелешип аткаруу жөнүндө чечимди кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда жүзөгө ашырылат.
6. Райондук маанидеги шаарларды өнүктүрүү үчүн максаттуу трансферттерди берүү
23. Райондук маанидеги шаарларды региондорду өнүктүрүүнүн өсүү башаты катары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тиешелүү жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди бөлүп бере алат.
24. Максаттуу трансферт Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде райондук маанидеги шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн региондук программасын ишке ашыруунун алкагында берилет.
25. Тиешелүү райондук маанидеги шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын максаттуу багыттоону көрсөтүү менен негизделген суроо-талабы максаттуу трансфертти бөлүп берүү үчүн негиз болуп саналат.
7. Бир жергиликтүү бюджеттен экинчи жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди берүү жана бөлүштүрүү
26. Бир жергиликтүү бюджеттен экинчи жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерге муктаждыгы төмөнкүдөй учурларда келип чыгат:
1) муниципалитет аралык кызматташуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бир органы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн кечиктирилгис маселелерин чечүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экинчи органына финансылык жардам көрсөтүүсүндө;
3) бюджеттик жылдын ичинде артыкчылыктуу чыгымдарды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттерди аткаруу процессинде келип чыгуучу финансылык каражаттардын жетишсиздигинде;
4) жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизген инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда.
27. Бир жергиликтүү бюджеттен экинчи жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди берүү боюнча чечимди кабыл алуу үчүн негиз болуп максаттуу трансферт жөнүндө келишим саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Максаттуу трансферттерди берүү жөнүндө келишимдин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын бюджетин болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына берилет.
29. Максаттуу трансферттерди бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджеттерге которуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тиешелүү финансылык жылга каралган бюджеттик милдеттенмелердин лимитинин чегинде, казыналыктын региондук бөлүмдөрүндө жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын кассалык тейлөө үчүн ачылган казыналыктын эсептерин пайдалануу жолу менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
8. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен максаттуу трансферттерди башкаруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсү
30. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган максаттуу трансферттерди төлөөнүн кварталдык графигине ылайык максаттуу трансферттерди транш менен каржылоону ишке ашырат.
31. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү бюджеттердин алдындагы максаттуу трансферттин каралган көлөмүн эсепке алуу боюнча милдеттенмелери учурдагы жылдын 30-декабрына чейинки мөөнөттө аткарылууга тийиш.
32. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык максаттуу трансферттердин эсебинен чыгымдарды өз убагында жана толугу менен каржылайт.
33. Тийиштүү бюджеттин кирешесине которулбаган максаттуу трансферттин каражаттарынын пайдаланылбаган калдыктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана жалпы талаптарды сактоо менен, аларды берген бюджеттин кирешесине алынууга тийиш.
9. Максаттуу трансферттерди пайдалануу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
34. Максаттуу трансферттерди максаттуу пайдалануу жана бюджеттик мыйзамдардын сакталышы үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартат.
35. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык түзүмдөрү максаттуу трансферттердин пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт.
36. Максаттуу трансферттин пайдаланылышын бузуу фактылары аныкталган учурда бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган калган акча каражаттарын республикалык бюджеттин кирешесине сурап алат.
(Тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 86 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
| Тиркеме 1 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 токтомуна ылайык |
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 86, 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 215 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге, ошондой эле бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди бөлүп берүү жөнүндө чечимди кабыл алууда иш-аракеттердин ырааттуулугун аныктайт.
2. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди дайындоо жана анын көлөмү кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө ченемдик укуктук акт менен жыл сайын бекитилет.
3. Бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди дайындоо жана анын көлөмү, максаттуу трансферттерди өткөрүл берүүчү жана максаттуу трансферттерди кабыл алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын (мындан ары - жергиликтүү кеңештер) чечими менен бекитилет.
4. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттер төмөнкү максаттарга берилет:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде иш-чараларды каржылоого;
2) жергиликтүү бюджеттердин баланстуулугун камсыз кылууга;
3) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүдө жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын каржылоого;
4) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдык милдеттенмелерин бирге каржылоону камсыздоого;
5) шаарларды, өсүүнүн таяныч борборлорун жана бийик тоолуу, барууга кыйын, чек ара аймактарын өнүктүрүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 215 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттердин жалпы көлөмү кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө ченемдик укуктук акт менен бекитилет.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына максаттуу трансферттер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерине ылайык бөлүнүп берилет.
7. Бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттер жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн берилет. Трансферттин максаттуу багытталышы максаттуу трансфертти бөлүп берүү жөнүндө чечимди кабыл алган жергиликтүү кеңештин чечиминде көрсөтүлөт.
8. Бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттердин көлөмү, жергиликтүү бюджетти түзүү жол-жоболорунун алкагында, максаттуу трансфертти өткөрүп берүүчү жана кабыл алуучу жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү
9. Жергиликтүү бюджетке максаттуу трансфертти бөлүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү коомчулукка колдоо көрсөтүү зарылдыгынын негиздүү себептери менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылууларынын болушу;
2) кийинки жылдын бюджети бекитилгенге чейин отчеттук жылда күчүнө кирген жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышына же чыгымдар бөлүгүнүн көбөйүшүнө таасир эткен ченемдик укуктук актыны кабыл алуу;
3) аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик тармактык, региондук программаларын ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылардын болушу.
10. Ушул жылы жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жана/же чыгымдарынын өзгөрүшүнө алып келүүчү ченемдик укуктук актыны кабыл алууда максаттуу трансферттер үстүбүздөгү жылы эсептелет жана берилет. Кийинки бюджеттик жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жоготууну каржылоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
11. Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн азайтууга жана/же чыгымдык бөлүгүн көбөйтүүгө алып келүүчү ченемдик укуктук актыны кабыл алган учурда бюджетти аткаруу жана болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин түшпөй калууларынын жалпы көлөмүн жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарынын өсүшүн эсептейт жана жергиликтүү бюджеттердин кошумча чыгымдарын компенсациялоо үчүн максаттуу трансферттер боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү белгилейт.
3. Жергиликтүү бюджеттердин тең салмактуулугун камсыздоо үчүн максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү
12. Жергиликтүү бюджеттердин баланстуулугун камсыздоо максатында кийинки жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен жергиликтүү бюджеттерге бюджеттер аралык болжолдонуучу трансферттердин жалпы көлөмүнүн 10 (он) пайыз өлчөмүндө резерв аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 215 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Максаттуу трансферттерди алууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талаптары Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын дарегине жөнөтүлөт.
14. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же жергиликтүү мамлекеттик администрация тиешелүү региондогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизделген жыйынды суроо-талабын бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине жөнөтөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Максаттуу трансферттерди алууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талаптары, эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары корголгон беренелер боюнча чыгымдарды жергиликтүү бюджеттерде биринчи кезекте караган учурларда, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген суроо-талаптарды республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша карайт. Жергиликтүү бюджеттердин тең салмактуулугун камсыздоого максаттуу трансферттерди бөлүү үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 215 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик органдардын айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүдө жергиликтүү бюджеттер үчүн максаттуу трансферттерди эсептөө жана бөлүштүрүү
17. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы:
1) өткөрүп берүүчү ыйгарым укуктар боюнча чыгымдардын тизмегин аныктайт;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомунун негизинде өткөрүп берилген ыйгарым укуктарды каржылоо үчүн максаттуу трансферттердин зарыл болгон көлөмүн каржылоонун кварталдык планы менен жергиликтүү бюджеттер боюнча эсептейт;
3) максаттуу трансферттердин пландалган көлөмүн көрсөтүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтөт.
18. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана максаттуу трансферттерди бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин күчүнө кирүү мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 4-беренесинин талаптарына ылайык белгиленет.
5. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдык милдеттенмелерин биргелешип каржылоону камсыз кылуу үчүн максаттуу трансферттерди берүү жана бөлүштүрүү
19. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдык милдеттенмелерин биргелешип каржылоо үчүн республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди бөлүп берүү зарылдыгы мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды, функцияларды аткарууга жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тиешелүү долбоорлорду биргелешип каржылоо жөнүндө биргелешкен чечимин кабыл алган учурда пайда болот.
20. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдык милдеттенмелерин биргелешип каржылоону камсыздоо үчүн максаттуу трансферттерди берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн демилгечиси болушат.
21. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдык милдеттенмелерин биргелешип каржылоого багытталган максаттуу трансферттерди бөлүштүрүү үчүн негиз болуп жергиликтүү кеңештин мамлекеттик ыйгарым укуктарды, функцияларды же жергиликтүү маанидеги маселени биргелешип аткарууга макулдугу жөнүндө чечими болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими саналат.
22. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгымдык милдеттенмелерин биргелешип каржылоо тиешелүү мамлекеттик органдар менен ыйгарым укуктарды биргелешип аткаруу жөнүндө чечимди кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда жүзөгө ашырылат.
6. Шаарларды, өсүүнүн таяныч борборлорун жана бийик тоолуу, барууга кыйын, чек ара аймактарын өнүктүрүү үчүн максаттуу трансферттерди берүү
(Главанын аталышы КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 215 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Шаарларды, өсүүнүн таяныч борборлорун жана бийик тоолуу, барууга кыйын, чек ара аймактарын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тиешелүү жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди бөлүп бере алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 215 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Максаттуу трансферт Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде жергиликтүү кеңештердин чечимдери менен бекитилген шаарларды, өсүүнүн таяныч борборлорун, бийик тоолуу, барууга кыйын жана чек ара аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруунун алкагында берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 215 токтомунун редакциясына ылайык)
25. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 215 токтомуна ылайык күчүн жоготту)