Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 56 токтомуна) |
Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссия жөнүндө жобо
1. Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссия (мындан ары - ВКК, Комиссия) Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын терроризмге каршы аракеттенүү боюнча өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жана ишин өркүндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алуучу коллегиялык консультациялык-кеңешүүчү орган болуп саналат.
2. ВККнын жыйналыштары анын төрагасынын жетекчилиги менен жылына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Комиссиянын кезексиз жыйналышы чакырылат.
ВККнын төрагасы кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп саналат. ВККнын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. ВККнын мүчөлөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарын башка адамдарга берүүгө укуксуз. ВККнын мүчөсүнүн жыйналышка катышууга мүмкүндүгү болбогон учурда ал бул тууралуу беш күндөн кем эмес убакыт мурда ВККнын төрагасына билдирүүгө милдеттүү. Мындай учурда анын милдеттерин аткарып жаткан кызмат адамы аталган жыйналышка кеңеш берүүчү добуш укугу менен катыша алат. ВККнын жыйналышы эгерде анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, укуктуу болуп саналат.
Зарыл болгон учурда (ВККнын жыйналышында каралуучу маселелер) ВККнын жыйналышына катышуу үчүн ВККнын төрагасы тарабынан ВККнын курамына кирбеген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын (ведомстволук уюмдардын) жетекчилери тартылышы мүмкүн. Аталган (чакырылган) адамдарга ВККнын мүчөлөрү үчүн каралган укуктар жана милдеттер (ыйгарым укуктар) жайылтылат.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору (мындан ары - Антитеррордук борбор) ВККнын ишинин жылдык планынын долбоорун иштеп чыгат, жыйналыштарды өткөрүүнү жана Комиссиянын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча материалдарды даярдоону уюштурат. ВККнын чечимдеринин долбоорлору жана башка материалдары жыйналыш дайындалган датага чейин 5 жумуш күндөн кеч эмес Комиссиянын мүчөлөрүнө жөнөтүлөт.
Жыйналыш аяктагандан кийин Антитеррордук борбор талкуулоонун жыйынтыктарынын негизинде чечимдердин долбоорлорун толуктап иштеп чыгууну жүргүзөт, протоколго киргизет жана кабыл алынган, Комиссиянын төрагасы кол койгон чечимдерди 10 жумуш күндөн кечиктирбестен ВККнын мүчөлөрүнө жөнөтөт.
4. ВККнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республиканын аймагындагы болгон терроризм тобокелдиктерине жана коркунучтарына жана бул коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү:
2) терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоону жана мамлекеттик ички өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү;
3) терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өнүктүрүү.
5. ВККнын ыйгарым укуктары:
1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын жыйналыштын ишине катышуу үчүн чакыруу менен жыйналыштарды чакырат жана өткөрөт;
2) терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруунун сапатын жана толуктугун талдайт, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет;
3) жыйналыштарда мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын, терроризмге каршы аракеттенүү боюнча аймактык координациялык топтордун (мындан ары - АКТ, Топ) жетекчилеринин отчётторун угат; мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ишинин жыйынтыктарын карайт;
4) өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жана өркүндөтүү үчүн зарыл болгон чечимдерди кабыл алат;
5) Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү аларга жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизет (жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата чечимди АКТ кабыл алат);
6) Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден, менчигинин формасына карабастан уюмдардан терроризмге каршы аракеттенүү маселелери боюнча зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурайт жана алат;
7) ВККнын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топторду түзөт жана бул топтордун иштөө тартибин аныктайт;
8) ВККнын жана АКТнын ишине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын жана адистерин, ошондой эле коомдук бирикмелердин жана уюмдардын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрүн тартат.
6. Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Антитеррордук борбор менен өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу кызмат адамын дайындайт.
7. Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана ишин координациялоону камсыз кылуу максатында облустук деңгээлде АКТ түзүлөт.
8. АКТ Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн төрагалыгы астындагы коллегиялык кеңешүүчү органдар болуп саналат. АКТнын курамы Антитеррордук борбордун сунушу боюнча ВККнын чечими менен аныкталат. АКТнын календардык жылга иш пландары ал башталганга чейин бир айдан кечиктирбестен Антитеррордук борбор менен макулдашуудан өтөт.
9. АКТнын жыйналыштары жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Топтун кезексиз жыйналышы чакырылат. АКТнын жыйналышы Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэрлеринин жетекчилиги астында өтөт.
10. АКТнын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) ВКК кабыл алган чечимдерди ишке ашыруу;
2) терроризмдин алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди уюштуруу;
3) терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик программалардын (пландардын) ишке ашырылышын контролдоону жүзөгө ашыруу жана камсыздоо;
4) жер-жерлерде антитеррордук ишти өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
5) региондордогу оперативдик кырдаалды, мүмкүн болгон террордук коркунучтарды жана алардын көрүнүштөрүн жалпылоо, талдоо жана божомолдоо;
6) террордук ниеттердин кыйла ыктымалдуу объекттерине карата алдын алуучу антитеррордук иш-чаралардын жана чаралардын пландарын иштеп чыгуу;
7) АКТнын календардык жылга пландарын ал башталганга чейин бир айдан кеч эмес Антитеррордук борбор менен макулдашуу;
8) терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттер.