Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-февралы № 61
"Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-статьяларына, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун жойсун;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясын түзсүн;
3) "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун ишине тиешелүү ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна сунуш киргизсин;
4) "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун жоюу балансын бекитсин.
2. Жоюу комиссиясы эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-99-статьяларына ылайык "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчө кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик органдар тарабынан тандоо жана көрсөтүү маселелери жөнүндө" токтомунун 1-2, 1-3-пункттары;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын 539-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелерин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2, 4-пункттары.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-февралы № 61
"Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы №351, токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-статьяларына, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун жойсун;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясын түзсүн;
3) "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун ишине тиешелүү ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна сунуш киргизсин;
4) "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун жоюу балансын бекитсин.
2. Жоюу комиссиясы мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-99-статьяларына ылайык "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.