Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-февралы № 70
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 16-августундагы № 252-т тескемесин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2022-жылдын 19-августундагы № 02-6а-361 корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук айыл аймагынын № 924 контурунда жайгашкан 3,50 га сугат айдоо жерлери дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин жайгаштыруу жана куруу үчүн "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу суммасын төлөөнү;
- аныкталган тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |