Загрузка документа…
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №69 токтомуна) |
2023-2030-жылдарга Кыргыз Республикасындагы майыптыгы бар адамдар жана калктын башка аз мобилдүү топтору үчүн "Жеткиликтүү өлкө" МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ
1. Киришүү
2023-2030-жылдарга Кыргыз Республикасындагы майыптыгы бар адамдар жана калктын башка аз мобилдүү топтору үчүн "Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик программасы (мындан ары - "Жеткиликтүү өлкө" МП) майыптыгы бар адамдардын жана калктын аз мобилдүү топторунун укуктарын камсыз кылууга, ошондой эле адамга багытталган жана Туруктуу өнүгүү максаттарынын "эч кимди артта калтырбоо" негиз болуучу милдеттенмесине басым жасоо менен өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарынын негизинде БУУнун майыптардын укуктары боюнча конвенциясынын ченемдерин ишке ашырууга багытталган.
"Жеткиликтүү өлкө" МП калктын аз мобилдүү тобу (мындан ары - КАТ) үчүн жеткиликтүү чөйрөнү камсыз кылуу үчүн негизги багыттарды жана иш-чараларды аныктайт, аларга калктын 3%га жакынын түзгөн майыптыгы бар адамдар, 5%га жакын улгайган жарандар, 29,2%га жакын 12 жашка чейинки балдар жана башкалар кирет. Чөйрөнүн жеткиликтүүлүк көйгөйлөрүнө дуушар болгон адамдардын саны өлкөнүн калкынын 40%ынан ашыгын түзөт.
БУУ мүчө мамлекеттерге, өнүгүү маселелери боюнча эл аралык уюмдарга жана башка кызыкдар тараптарга, анын ичинде жеке сектордо жеткиликтүүлүктү, тактап айтканда шаар жана айыл аймактарын өнүктүрүүнүн бардык аспекттеринде универсалдуу долбоорлоо принцибин кармануу жолу менен камсыз кылууга көмөктөшүүнү сунуштайт. Бул процесс физикалык жана виртуалдык чөйрөнү, коомдук мейкиндиктерди, транспорттук инфраструктураны жана коммуналдык кызматтарды пландоону, долбоорлоону жана түзүүнү камтыйт. Ошондой эле коомдун инклюзивдүүлүгүнө жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун эсебинен өнүктүрүү максатында маалыматка жана коммуникация каражаттарына жетүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк түзүү зарыл.
Кыргыз Республикасы тарабынан 2019-жылы ратификацияланган БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын (мындан ары - МУК) талаптарын, ошондой эле Функция аткаруунун, жашоо-тиричиликтик жана ден соолуктун чектөөлөрүнүн эл аралык классификациясынын (мындан ары - ФЭК) жоболорун эске алуу менен жеткиликтүү чөйрө индивидде же адамдардын тобунда келип чыккан тоскоолдуктарды алардын физикалык чөйрөгө, транспортко, маалыматка жана байланышка болгон өзгөчө муктаждыктарын эске алуу менен четтетүү аркылуу камсыз кылынат.
МУК мүчө мамлекеттер майыптарга башкалар сыяктуу эле физикалык чөйрөгө, транспортко, маалыматка жана байланышка, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларга жана системаларга, ошондой эле калк үчүн ачылган башка объекттерге жана көрсөтүлүүчү кызматтарга жетүүнү камсыз кылуу үчүн талаптагыдай чараларды көрө тургандыгын белгилейт.
Жеткиликтүүлүккө жолтоо болгон бардык тоскоолдуктарды жана бөгөттөрдү аныктоону жана четтетүүнү камтыган бул чаралар төмөнкүлөргө жайылтылууга тийиш:
а) имараттарга, жолдорго, транспортко, башка ички жана тышкы объекттерге, анын ичинде мектептерге, турак үйлөргө, медициналык мекемелерге, жумуш орундарына ж.б.;
б) маалыматтык, коммуникациялык жана башка кызматтарга, анын ичинде электрондук кызматтарга жана шашылыш жардам көрсөтүү кызматтарына;
в) коомдо майыптыгы бар адамдардын натыйжалуу социалдык адаптация болуу мүмкүндүгүн шарттаган социалдык программаларга жана социалдык кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде реабилитацияга жана абилитацияга.
БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1993-жылдын 20-декабрындагы 48/96 резолюциясы менен кабыл алынган "Майыптар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоонун стандарттуу эрежелерине" ылайык мамлекеттер төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
а) майыптарга материалдык чөйрөнү жеткиликтүү кыла турган иш-аракеттердин программаларын жүзөгө ашырууга;
б) алардын маалыматка жана байланышка жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө.
БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарында (мындан ары - ТӨМ) майыптык темасы курамында беш максат камтылган жети милдетке токтолот, дагы алгы максат майыптыгы бар адамдардын кызыкчылыктарын эске алган инклюзивдүү өнүктүрүүгө байланышкан милдеттерди камтыйт.
ТӨМ - 2015-жылдан 2030-жылга чейинки эл аралык кызматташтык үчүн максаттардын жыйындысы. ТӨМдүн "Дүйнөбүздү өзгөртүү: 2030-жылга чейинки мезгилге туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби" документи 17 глобалдык максатты жана 169 тийиштүү милдетти камтыйт, алар чектелген ресурстарды оптималдуу пайдаланууга жана экологиялык технологияларды колдонууга, социалдык жана маданий системалардын туруктуулугун сактоого, биологиялык жана физикалык табигый системалардын бүтүндүгүн камсыз кылууга багытталган чараларды көрүүнү билдирет.
Чөйрөнүн жеткиликтүүлүгү адам укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуунун эң маанилүү өбөлгөлөрүнүн жана шарттарынын бири болуп саналат жана анын калктын тийиштүү тобу тарабынан пайдалануу мүмкүндүгүнүн деңгээли менен аныкталат.
Майыптыгы бар адамдар жана башка КАТ үчүн чөйрөнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маанилүү социалдык-экономикалык милдеттердин бири болуп саналат, аны аткаруунун зарылдыгы улуттук мыйзамдардын талаптарынан да, МУКтан да жана Кыргыз Республикасынын башка эл аралык милдеттенмелеринен да келип чыгат.
Бул милдетти чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-2030-жылдарга Кыргыз Республикасындагы майыптыгы бар адамдар жана калктын башка аз мобилдүү топтору үчүн "Жеткиликтүү өлкө" МП ишке ашырат.
2. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Архитектуралык же физикалык тоскоолдуктар - босоголор, эшиктер, өтмөктөр, сантүйүндөр, лифттер ж.б.;
ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам (мындан ары - ДМЧА) - жашоо-тиричиликтин чектелишине алып келүүчү оорулар, жаракаттардын кесепеттери же дефекттер менен шартталган, организмдин функциялары туруктуу чачкындаган ден соолугунун бузулушу бар адам;
майыптыгы бар адам (бала) - ар кандай тоскоолдуктар менен өз ара аракеттенүүдө алардын коомдук турмушка башкалар менен бирдей толук жана натыйжалуу катышуусуна жолтоо боло турган жана аны социалдык жактан коргоону жана реабилитациялоону талап кылган туруктуу физикалык, психикалык, интеллектуалдык же сенсордук бузулууларга ээ жаран (бала). Бузулуулардын даражасына жараша I, II жана III майыптык топторун белгилешет. 18 жашка чейинки балдар "майыптыгы бар бала" категориясына киргизилет;
инфраструктурага жеткиликтүүлүк - жашоо-тиричиликтин бардык чөйрөлөрүндөгү калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрү;
майыптык - организмдин функцияларынын бузулушуна же структураларындагы өзгөрүүгө, иш-аракеттерди аткаруудагы чектөөлөргө же кыйынчылыктарга жана жашоонун бардык чөйрөсүнө катышуу мүмкүндүгүн чектөөлөргө байланыштуу пайда болгон жеке жактын статусу. Майыптык ден соолуктун абалынын концептуалдык факторлор менен, анын ичинде айлана-чөйрө фактору жана жеке факторлор менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында келип чыгат;
шаардын инфраструктурасы - бул шаардын натыйжалуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана анын аймагында жашаган калктын укуктарынын толук жүзөгө ашырылышын камсыз кылуучу инженердик, жол-транспорттук, социалдык, финансылык жана башка коммуникациялардын системасы;
маалыматтык тоскоолдуктар - майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликсиз болгон навигация жана багыттоо системалары, кызмат көрсөтүү жана андан пайдалануунун жеткиликтүү жана/же альтернативдүү формада аткарылган ыкмалары жөнүндө маалыматтын жоктугу;
коммуникациялык тоскоолдуктар - майыптыгы бар адамдарга карата стереотиптер, майыптыгы бар адамдар менен баарлашуу этикасын билбестик, майыптыкты туура эмес түшүнүү ж.б.;
калктын аз мобилдүү тобу - бул майыптыгы бар адамдар, анын ичинде майыптыгы бар балдар, улгайган жарандар, мобилдүүлүгү чектелген убактылуу эмгекке жарамсыз жарандар, кош бойлуу аялдар, балдардын коляскалары менен адамдар жана кыймыл-аракеттин убактылуу жана туруктуу кыйынчылыктарына жана калк үчүн кызматтарды жана маалыматты алууда кыйынчылыктарга туш болгон башка жарандар;
операциялык бөгөттөр - тейлөөнүн логикасыз жана ыңгайсыз жол-жоболору, майыптыгы бар адамдар менен иштөө принциптерин өздөштүрбөгөн персонал;
социалдык инфраструктура - калктын нормалдуу жашоо турмушун функциялык жактан камсыз кылуучу тармактардын, ишканалардын жана мекемелердин жыйындысы, бул: турак жай, анын курулушу, социалдык-маданий багыттагы объекттер, турак жай-коммуналдык чарбанын бардык чөйрөсү, саламаттык сактоо, билим берүү, мектепке чейинки тарбия берүү системасынын ишканалары жана уюмдары; эс алуу жана бош убакытты өткөрүү менен байланышкан ишканалар жана уюмдар; чекене соода, коомдук тамактануу, кызмат көрсөтүү чөйрөсү, спорттук ден соолукту чыңдоочу мекемелер; жүргүнчү транспорту жана калкты тейлөө боюнча байланыш; укуктук, финансылык-кредиттик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүчү мекемелердин системасы (юридикалык консультациялар, нотариалдык кеңселер, сактык кассалар, банктар) ж.б.;
универсалдуу дизайн - предметтердин, жасалгалардын, программалардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн дизайны, ал ыңгайлаштыруу зарылдыгысыз же атайын дизайнсыз бардык адамдардын колдонуусу үчүн аларды максималдуу мүмкүн болгон даражада жарактуу кылууга арналат. "Универсалдуу дизайн" бул зарыл болгон майыптардын конкреттүү топтору үчүн ассистивдик түзүлүштөрдү жокко чыгарбайт;
жөндүү ыңгайлашуу - майыптыгы бар адамдардын башкалар сыяктуу эле адамдын бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин жүзөгө ашыруусун камсыз кылуу максатында конкреттүү учурда зарыл болгон жана ылайыктуу, салыштырылгыс жана ашыкча оорчулук жаратпаган модификацияларды жана оңдоп-түзөөлөрдү киргизүү.
3. Кыргыз Республикасындагы майыптыктын учурдагы абалына жалпы баа берүү
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2022-жылдын башына карата Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 6 миллион 747 миң адамды түздү, анын ичинен аялдар 50,4%, эркектер - 49,6% түзөт. Туруктуу калктын үчтөн биринен көбү (35,4%) шаарларда жана дээрлик үчтөн экиси (64,6%) айыл жеринде жашайт.
2022-жылы республикада 200 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт, анын ичинен 35 миңден ашыгы балдар, б.а. калктын жалпы санынын 3%ы - бул таяныч-кыймыл аппаратынын бузулган, көрүүсү, угуусу, интеллектти начар, психологиялык жана когнитивдик бузулууларга, майыптыктын жашыруун түрлөрүнө (жалпы оорулар) дуушар болгон адамдар болуп саналат.
Акыркы жылдары бүткүл дүйнөдөгүдөй эле Кыргыз Республикасынын аймагында да оорулуу балдардын саны өсүүдө жана кайрадан ДСМЧ балдар деп таанылган 18 жашка чейинки балдарды текшерүүнүн жыл сайын өсүшү байкалууда.
Өлкөдөгү балдардын жалпы майыптыгы 2016-жылдагы 29,3 мин баладан 2022-жылы 35 миң балага же 19%га өскөн.
Майыптыгы бар адамдардын жалпы санында 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдар 17,5%ды же ушул курактык топтогу балдардын жалпы санынын 1,5%ын түзөт.
Майыптыктын эң чоң өсүшү төмөнкү патологиялар боюнча байкалат - өнүгүүнүн тубаса аномалиялары (32,8%), нерв системасынын оорулары (20,3%), психикалык бузулуулар (15,3%).
Чоң курактагы калктын категориясындагы оорулардын класстары боюнча майыптыктын түзүмүндө республика боюнча жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары рангдык орунду ээлейт: баштапкы таанылган майыптыгы бар адамдардын санынын 2020-жылы - 22,8%, 2019-жылы - 22,4% түздү.
2-орунда - залалдуу шишиктер, алардын салыштырма салмагы - 12,8% (2019-жылы - 12,2%) түзгөн.
3-орунда - бардык локализациядагы жаракаттар, алардын салыштырма салмагы 2020-жылы - 10,6%ды (2019-жылы - 11,4%) түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Электрондук саламаттык сактоо борборунун расмий маалыматына ылайык 2019-жылы 99679 чоң курактагы майып адам жана 0 жаштан 18 жашка чейинки 27312 бала дарыгерлердин байкоосунда болгон. Белгилей кетсек, жыл сайын 2,5 миңге көп майыптыгы бар адам медициналык жардам алуу үчүн Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылат.
Жакынкы 3 жылда балдардын популяциясында жалпы балдардын майыптыгынын деңгээлинин өсүшү болжолдонууда (аппроксимациянын аныктыгы R2 - 0,82).
Майыптыктын өсүшүнүн себептери:
- жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулардын өсүшү (оорулардын жашарып баратышы);
- жаракат алуулардын өсүшү (өндүрүштүк дагы, тиричиликтик дагы);
- кош бойлуу аялдардын текшерүүгө кеч кайрылуусу (тубаса патологиялар);
- үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда, аймактык ооруканаларда, патронаждын жана "Диспансеризациянын" жоктугу;
- текшерүүлөрдүн жана дарылоонун кымбаттыгы;
- инфраструктуралардан алыс жайгашуу;
- баштапкы деңгээлден баштап (поликлиникалар, стационарлар) жарандардын өздөрүнүн да, медициналык кызматкерлердин да майыптык тобун алууга кызыкдар болуусу;
- 18 жашка чейинки балдар үчүн майыптыктын 50%дан ашыгы төрөт курагындагы аялдардын ден соолугунун абалына жана төрөткө жардам берүү ишине, эрте кийлигишүү боюнча иштин начардыгына байланышкан;
- жакырчылык, ата-энелердин укуктук сабатсыздыгы;
- социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүнүн көбөйүшү, анын ичинде туруктуу бөтөн адамдын камкордугуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон ДМЧА балдарды багуу боюнча жеке ассистенттин жаңы кызматынын киргизилиши;
- ички жана тышкы миграция;
- ата-энесинин аракечтиги;
- туугандары менен никеге туруу;
- экология жана ааламдашуу;
-тамак-аш продукттарынын сапатынын начарлашы;
- энелердин рационунда йоддун жана темирдин жетишсиздиги.
Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу майыптыгы бар адамдардын саны көбөйүшү мүмкүн. COVID-19дан улам пайда болгон пневмониянын кесепеттеринин бири өпкө фиброзунун пайда болушу мүмкүндүгүнө байланыштуу майыптыктын өсүшү байкалышы мүмкүн, бул көп учурда дем алуунун кыйындашына жана органдардын функцияларынын бузулушуна алып келет, бул майыптыкка алып келиши мүмкүн.
КАТка республиканын калкынын болжол менен 7%га жакынын түзүүчү улгайган жарандар, 18 жашка чейинки балдар - 30-32%, анын ичинде 12 жашка чейинки балдар, ата-энелер балдары менен, кош бойлуу аялдар, дене салмагы ашыкча болгон адамдар, балдардын коляскалары же жүк ташуу үчүн коляскалары менен адамдар, өтө кыска же өтө узун бойлуу адамдар, дене-бойлук саламаттыгы убактылуу чектелген адамдар.
БУУнун шкаласы боюнча, эгерде 65 жана андан жогорку жаштагы адамдардын жалпы калктагы үлүшү 4 пайыздан төмөн болсо, анда мындай өлкөнүн калкы жаш деп эсептелет; эгерде 4төн 7%га чейинки интервалда - калк карылыктын босогосунда; эгерде 7% жогору болсо - кары калк деп эсептелет.
Кыргызстандын калкы карылыктын босогосунда турат: 2020-жылы 65 жана андан жогорку куракта 331441 адам (аялдар - 60%, эркектер - 40%), же кыргызстандыктардын 5%ын түздү. БУУнун божомолуна ылайык Кыргызстанда бул тенденция 2030-жылы байкалат, анда 65 жана андан жогорку курактагы улгайган адамдардын үлүшү 7 пайызга жакындайт.
МУКка ылайык майыптарга ар кандай бөгөттөр менен өз ара аракеттенүүдө алардын коомдун турмушуна башкалар менен катар эле толук жана натыйжалуу катышуусуна жолтоо болушу мүмкүн болгон туруктуу дене-бойлук, психикалык, интеллектуалдык же сенсордук өзгөчөлүктөрү бар адамдар кирет. Ошол эле учурда "майыптык" - бул эволюциялык жол менен өөрчүүчү түшүнүк жана ден соолугу бузулган адамдар менен мамилелик жана чөйрөлүк тоскоолдуктардын ортосундагы өз ара мамиленин чагылышы болуп саналат.
Кыргыз Республикасында майыптыгы бар адамдардын социалдык абалын жакшыртууга багытталган аларды укуктук жана социалдык жактан коргоо боюнча иштер ырааттуу жүргүзүлүп келет. Акырындык менен майыптыктын медициналык моделинен ФЭКте камтылган социалдык моделине, майыптыктын биопсихосоциалдык моделине өтүү жүрүп жатат.
ФЭК камтылган майыптыктын биопсихосоциалдык модели майыптыкты түшүнүүнү кеңейтет жана функция аткарууга жана майыптыкка медициналык, жеке, социалдык жана экологиялык факторлордун таасирин изилдөөгө мүмкүндүк берет.
Маанилүү социалдык милдет болгон коомдун турмушунун бардык чөйрөлөрүндө майыптыгы бар адамдарга физикалык, социалдык, экономикалык жана маданий чөйрөнүн, саламаттык сактоонун жана билим берүүнүн, маалыматтын жана байланыштын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жолу менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, социалдык инфраструктура объекттерине (турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттар, курулуштар жана курулмалар, спорттук курулмалар, эс алуу жайлары, маданий-көңүл ачуучу жана башка мекемелер) жеткиликтүүлүктү камсыздоо милдети чечилбестен калууда.
Тийиштүү ченемдер мыйзам менен бекитилгендигине карабастан республикада жеткиликтүүлүк көйгөйү чечиле элек. Алсак майыптыгы бар адамдардын инфраструктуралык объекттерине жеткиликтүүлүгүн белгилеген ченемдер "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган.
Майыптыгы бар адамдарды интеграциялоого олуттуу тоскоолдук алардын 1970-1990-жылдары курулган эски имараттардын социалдык инфраструктура объекттерине жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу бойдон калууда.
Белгиленген ченемдердин сакталышын контролдоону архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
Коомдук, административдик-тиричиликтик, өнөр жайлык, өндүрүштүк имараттарды, курулмаларды жана турак үйлөрдү курууда, реконструкциялоодо майыптыгы бар адамдардын жеткиликтүүлүгүнө байланышкан талаптарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик каралган.
Бирок майыптыгы бар адамдардын коомдук, административдик-тиричиликтик, өнөр жайлык, өндүрүштүк имараттарды, курулмаларды жана турак үйлөрдү курууда, реконструкциялоодо майыптыгы бар адамдардын жеткиликтүүлүгүн контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн тиешелүү механизмдеринин жана финансы ресурстарынын жоктугунан улам мыйзам ченемдери көп учурда толук аткарылбай калууда.
Майыптыгы бар адамдардын жашоо-тиричилик чөйрөсүнө жеткиликтүүлүк көйгөйүнүн чечилбеши өз кезегинде жогорку социалдык көз карандылыкты жана майыптыгы бар адамдардын мажбур болгон өзүнчө бөлүнүүсүн пайда кылат, бул алардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу жолундагы тоскоолдук болуп саналат.
4. Майыптыгы бар адамдар жана калктын аз мобилдүү топтору үчүн жеткиликтүү чөйрөнү кеңейтүүдөгү перспективалар
Өлкөнүн калкынын белгилүү бир бөлүгү киргизилген майыптыгы бар адамдардын жана башка КАТ укуктарын камсыз кылуу максатында "Жеткиликтүү өлкө" МП инфраструктурага, жашоо-тиричиликтин бардык чөйрөлөрүндөгү кызмат көрсөтүүнүн бардык түрлөрүнө жеткиликтүүлүккө шарттарды түзүүгө жана "жеткиликтүү чөйрөнү калыптандыруу" негизги милдетин чечүүгө багытталган.
Жеткиликтүүлүктү түзүүнү уюштуруу, баалоо, контролдоо, мониторинг жүргүзүү, отчеттуулук, мамлекеттик көзөмөл, жоопкерчиликти аныктоо максатында төмөнкүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу андан аркы чараларды иштеп чыгуу үчүн объективдүү баалоо максатында объекттерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү паспорттоштуруу жана классификациялоо методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү зарыл:
- негиздүү башкаруу чечимдерин - майыптыгы бар адамдардын жана башка КАТ муктаждыктарын эске алуу менен социалдык инфраструктура объекттерин ыңгайлаштыруу жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча пландары менен программаларын иштеп чыгуунун;
- маалыматты, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн турмуш-тиричиликтин артыкчылыктуу чөйрөлөрүндө алардын муктаждыктарын эске алуу менен объекттердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жана активдүү катышуу жөнүндө автоматташтырылган системаларды пайдалануу менен объективдештирүүнүн жана системалаштыруунун, ошондой эле адистер жана жарандар үчүн тиешелүү маалыматтык-маалымдама материалдарын системалаштыруунун;
- алардын ишке ашырылышын контролдоонун объективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун баалоонун.
"Жеткиликтүү өлкө" МП каржылоонун толуктугун контролдоо аны ишке ашырууга катышкан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан камсыз кылынат.
Максаттар жана милдеттер
"Жеткиликтүү өлкө" МП максаты - 2030-жылга карата социалдык адилеттүүлүккө жетүү жана шаар, айыл жерлеринде майыптыгы бар адамдардын жана башка КАТ инфраструктурага жана эмгек жана социалдык коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү, банктардын жана финансылык-кредиттик мекемелердин, сот жана укук коргоо органдарынын, транспорт, маалымат жана байланыш, маданият жана спорт кызмат көрсөтүүлөрүнө бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
"Жеткиликтүү өлкө" МП коюлган максаттарына жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттер аныкталды:
1. "Универсалдуу дизайн" жана "жөндүү ылайыкташуу" принциптерин киргизүүнү эске алуу менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын ишин активдештирүү аркылуу инфраструктурага жеткиликтүүлүк шарттарын түзүү.
2. ФЭК элементтерин киргизүү менен медициналык-социалдык экспертизаны оптималдаштыруу.
3. Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялоо, абилитациялоо жана эрте кийлигишүү системасын өнүктүрүү.
4. Майыптыгы бар адамдарга билим берүү чөйрөсүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, инклюзивдик билим берүү (мектепке чейинки, милдеттүү башталгыч жана орто билим берүү), кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү жана аларды иш менен камсыз кылуу.
5. Эмгек рыногун өнүктүрүү жана майыптыгы бар адамдарды иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү.
6. Майыптыгы бар адамдар жана башка КАТ үчүн протездик-ортопедиялык кызматтарды көрсөтүү системасын өркүндөтүү.
"Жеткиликтүү өлкө" МП негизги принциптери:
"Жеткиликтүү өлкө" МП негизги принциптери:
- майыптыгы бар адамдардын жана КАТ укуктарын сактоого жана ар бир жаранга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө негизделген алардын узак мөөнөттүү көйгөйлөрүн чечүүгө карата натыйжалуу мамлекеттик саясат;
- ФЭК элементтерин эске алуу менен реабилитациялык жана абилитациялык жана майыптыгы бар адамдардын реалдуу муктаждыктарына жооп берген кызматтарды өз убагында, сапаттуу көрсөтүү системасын өнүктүрүү, ошондой эле медициналык-социалдык экспертиза, реабилитациялоо жана протездик-ортопедиялык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу мекемелеринин ишинин натыйжалуулугун камсыздоо;
- универсалдуу дизайн жана жөндүү ылайыкташуу принциптерин киргизүүнү эске алуу менен майыптыгы бар адамдардын жана башка КАТ социалдык жана транспорттук инфраструктуранын артыкчылыктуу объекттерине жана мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга тоскоолдуксуз, бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
- майыптыгы бар адамдардын жана башка КАТ сапаттуу билимге, кесиптик өнүктүрүүгө, ишке орноштурууга, маданиятка, спортко жана маалыматка бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо системасын өнүктүрүү;
"Жеткиликтүү өлкө" МП иш-чараларды жүзөгө ашыруунун муктаждыктарын, ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле ишке ашырылган иш-чаралардын жыйынтыктарына негизделген болжолдорду эске алуу менен иш-чаралар планын этап-этабы менен иштеп чыгууну жана аткарууну карайт;
"Жеткиликтүү өлкө" МП иш-чаралар планын ишке ашыруунун төмөнкүдөй этаптарын карайт:
- биринчи этап - 2023-жылдан 2025-жылга чейин;
- экинчи этап - тиешелүү түрдө 2026-жылдан 2030-жылга чейин.
"Жеткиликтүү өлкө" МП аткаруучулары болуп бийликтин бардык бутактары, мамлекеттик башкаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, илимий жана билим берүү уюмдары, финансы-кредиттик мекемелер, жарандык коомдун уюмдары, бизнес-структуралар, эксперттик жамаат жана башкалар эсептелет.
"Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик программасынын артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- инфраструктуранын жана жашоо-тиричиликтин бардык чөйрөлөрүндө кызматтардын бардык түрлөрүнүн жеткиликтүүлүгү;
- майыптыкты медициналык-социалдык баалоону оптималдаштыруу;
- реабилитация жана абилитация;
- жеткиликтүү билим;
- жеткиликтүү эмгек рыногу;
- протездик-ортопедиялык кызмат көрсөтүү системасын модернизациялоо.
Күтүлүүчү натыйжалар:
1. Майыптыгы бар адамдарга жана башка КАТ карата мамлекеттик саясат майыптыгы бар адамдардын жана башка КАТ укуктарын сактоого, жашоо сапатын жакшыртууга жана башкалар менен бирдей тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө негизделген.
2. "Универсалдуу дизайн" жана "жөндүү ылайыкташуу" принциптерин киргизүүнү эске алуу менен майыптыгы бар адамдардын социалдык жана транспорттук инфраструктура объекттерине бирдей жеткиликтүүлүк шарттары түзүлдү.
3. ФЭК элементтеринин спектрин киргизүү жана кеңейтүү аркылуу медициналык-социалдык экспертиза, реабилитация, абилитация жана эрте кийлигишүү кызматтарын көрсөтүү системасы жакшыртылды.
4. Майыптыгы бар адамдардын сапаттуу билим алууга (инклюзивдик билим берүү системасын өнүктүрүү), кесипкөйлүгүн өнүктүрүүгө, ишке орноштурууга, маданиятка, спортко жана маалыматка бирдей жеткиликтүүлүк шарттары түзүлдү.
5. Майыптыгы бар адамдардын реалдуу муктаждыктарына жооп берген протездик-ортопедиялык кызмат көрсөтүү системасы жакшырды.
"Жеткиликтүү өлкө" МП каржылоо
"Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик программасын жүзөгө ашыруу министрликтерге, административдик ведомстволорго, мамлекеттик комитетке тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле кошумча каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Программамын жалпы бюджети 64212,6 мин сомду түзөт. Алардын ичинен жабылбаган муктаждыгы 47520,8 мин сомду түзөт. Бул сумма өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттарынан гранттык негизде бардык мүмкүн болгон жана мыйзам менен уруксат берилген булактардан жабылат. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден кошумча каржылоолорду бөлүү талап кылынбайт.
"Жеткиликтүү өлкө" МП мониторинг жүргүзүү жана баалоо
"Жеткиликтүү өлкө" МП алкагында иш-чаралардын аткарылышына Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун отчеттору, эл аралык өнөктөштөрдүн жана кызыкдар тараптардын маалыматтары аркылуу байкоо жүргүзүлөт.
Негизги аткаруучулар "Жеткиликтүү өлкө" МП иш-чараларынын ишке ашырылышын талдайт жана жүрүшү жөнүндө отчетторду аткаруунун жүрүшүн координациялоочу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине берет жана белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына "Жеткиликтүү өлкө" МП жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө жалпыланган отчетту берет.
Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Майыптыгы бар адамдар үчүн адамдын активдүүлүгүнүн бардык чөйрөлөрүндө тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүү ТӨМдүн (атап айтканда туруктуу өнүгүү жаатындагы үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, онунчу жана башка максаттардын милдеттеринин алкагындагы) фундаменталдык негиздеринин бири болуп саналат. "Жеткиликтүү өлкө" МП мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүүгө жана майыптыгы бар адамдарга өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн коомдун башка мүчөлөрү менен бирдей толук кандуу жүзөгө ашыруусуна жолтоо болгон турмуштук көндүмдөрдүн кемчиликтерин оңдоого багытталган.
ФЭК элементтерин киргизүү менен төмөнкүдөй категориядагы майыптардын муктаждыктары эске алынып, бирдей мүмкүнчүлүктөр каралууга тийиш:
- көрүү функциясы бузулган;
- угуу функциясы бузулган;
- психикалык (менталдык) бузулуулар менен;
- жалпы мүнөздөгү оорулар.
Жеткиликтүүлүктү түзүү боюнча чаралардын комплексине төмөнкүлөр кирет:
- имараттардын, транспорттун, жолдордун жеткиликтүү болушун камсыздоо;
- технологиялардын жеткиликтүү болушу, анын ичинде атайын, ылайыкташтырылган маалымат сактагычтарды, жаңсоо тилин, аудио-, тифло- жана сурдокаражаттарды, кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуу менен маданий жана спорттук объекттердин, шаар жана айыл инфраструктурасынын жеткиликтүү болушу ж.б.;
- маалыматтын жеткиликтүү болушу: сурдокотормону колдонгон сайттардын, телеберүүлөрдүн жеткиликтүү болушу;
- билим берүүнүн жеткиликтүү болушу: ар кандай майыптыгы бар адамдар үчүн мектепке чейинки, мектеп, кесиптик, атайын-орто, жогорку.
Инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү майыптыгы бар адамдар жана КАТ үчүн саламаттык сактоо, билим берүү, шаар куруу, эмгек, жумуш менен камсыз кылуу жана социалдык жактан коргоо, транспорт жана байланыш, телекоммуникация, маданият, спорт, туризм, социалдык камсыздоо, финансы мекемелери, ошондой эле экология, өзгөчө кырдаалдар, маалымат технологиялар, электрондук кызмат көрсөтүүлөр жаатында борбордук жана жергиликтүү деңгээлде түзүлөт. Ошондой эле ипотекалык насыялоонун жеткиликтүү болушун камсыздоо жолу менен майыптыгы бар адамдарды турак жай менен камсыздоо үчүн шарттарды түзүү.
5. "Жеткиликтүү өлкө" МПнын артыкчылыктуу багыттары
1-артыкчылык. "Медициналык-социалдык экспертизалоо системасын өркүндөтүү"
1-иш-чара. Медициналык-социалдык экспертизанын натыйжалуулугун жогорулатуу
Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертизанын мамлекеттик системасына төмөнкүлөр кирет: Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору, 27 (аймактык) район аралык жана шаардык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - МCЭК), жалпы профилдеги 19 аймактык (райондор аралык) МЕЭК жана адистештирилген профилдеги 8 МCЭК.
МCЭК системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- майыптыкты аныктоонун жаңы классификацияларын жана критерийлерин киргизүү;
- колдонуудагы мыйзамдарды МУКтун ченемдерине ылайык келтирүү, майыптыгы бар балдар жана чоң адамдар үчүн муктаждыктары менен керектөөлөрүнө негизделген, анын ичинде пандемиянын же башка өзгөчө кырдаалдын (ӨК), өзгөчө абалдын (ӨА) шарттарында жарандарды күбөлөндүрүүдө реабилитациялоо жана абилитациялоо боюнча жеке программаларды (мындан ары - РАЖП) ишке ашыруу жана аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
- МCЭК боюнча кызмат көрсөтүүчү адистердин (реабилитологдордун, психологдордун жана социалдык иштер боюнча адистердин) кадрдык потенциалын чыңдоо;
- бизнес-процесстерди санариптештирүүнү эске алуу менен РАЖПны ишке ашырууда башкаруу системасын өркүндөтүү жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
- МCЭКтин имараттарынын абалын майыптар жана башка КАТ үчүн жеткиликтүү болушун камсыздоо боюнча курулуш ченемдери менен эрежелеринин талаптарына ылайык келтирүү.
2-иш-чара. ФЭКтин жаңы элементтерин киргизүүнү эске алуу менен МCЭКтин реабилитациялык жана эксперттик диагностикасын өркүндөтүү
ФЭК, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (мындан ары - ДССУ), 2001 (WHA 54.21 резолюциясы) ден соолуктун бузулушуна гана басым жасаган медициналык моделден айырмаланып, майыптыктын заманбап биопсихосоциалдык феноменине негизделген.
Майыптуулукту аныктоодо жана РАЖПны иштеп чыгууда ФЭК элементтерин колдонуу боюнча 2017-жылы өткөрүлгөн пилоттук долбоор ушул технологияны колдонуунун натыйжалуулугун көрсөттү.
ФЭКти колдонуу жарандардын абалын медициналык, психологиялык жана социалдык көз караштан ишенимдүү жана объективдүү баалоого жана аларды социалдык коргоонун ар кандай түрлөрүнө, анын ичинде реабилитациялоого жана абилитациялоого болгон муктаждыгын аныктоого мүмкүндүк берет, өз учурунда бул даректүү жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес түзүмдөрдүн каржы булактарын сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзөт.
ФЭК элементтеринин негизиндеги МCЭКтин маалыматтары ("Курчап турган чөйрө факторлору" бөлүмү) майыптыгы бар адамдарга реабилитациялык инфраструктураны жана жеткиликтүү чөйрөнү түзүү максатында социалдык саясатты өнүктүрүүнүн кыйла маанилүү болгон багыттары тууралуу так тыянактарды чыгарууга шарт түзөт.
2-артыкчылык."Реабилитация жана абилитация"
3-иш-чара. Медициналык реабилитациялоону жана майыптыгы бар адамдарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүү болушун модернизациялоо
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын иштеп жаткан реабилитациялык борборлору оорулардын эл аралык классификациясын (ОЭК-10) колдонуу менен кадимки ооруканалардын стандарттары боюнча иштейт жана ФЭК элементтерин колдонуу менен заманбап стандарттарды даярдоо жагынан модернизациялоого жана материалдык-техникалык базасын жаңыртууга муктаж болууда.
Реабилитациялоонун жана реабилитациядан кийинки коштоонун, эртелеп реабилитациялык жардам көрсөтүүнүн жана медициналык технологиялардын улуттук негиздерин иштеп чыгып, практикага алардын инновациялык негиздерин киргизүү зарыл.
Ушул милдетти ишке ашыруу менен майыптыгы бар адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен жаңы жеткиликтүү медициналык реабилитациялоочу кызмат көрсөтүүлөр жаралмакчы, анын ичинде кинезотерапия, механотерапия, эмгек терапиясы.
Медициналык реабилитациялоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн реестрин түзүү РЖПны ишке ашыруу үчүн зарыл болуп саналат. Майыптыгы бар адамдардын жашаган жерине жакын жайгашкан мекемеде медициналык реабилитациялоону жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу саламаттык сактоо уюмдарынын потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар комплексин иштеп чыгуу.
4-иш-чара. Майыптыгы бар адамдарды кымбат баалуу медициналык-санитардык кызмат көрсөтүүлөр менен жеңилдетилген шарттарда жана акысыз камсыз кылуу
Майыптыгы бар адамдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүү саламаттык сактоонун бардык уюмдарында Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары - МКП) алкагында ишке ашырылат.
Акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медициналык-санитардык жардам алуу укугуна ээ жарандардын категориясына төмөнкүлөр кирет:
- өндүрүштүк жаракатка, кесиптик же жалпы ооруга байланыштуу I жана II топтогу майыптар;
- көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар адамдар;
- бала кезинен бери майыптыгы бар адамдар;
- 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдар.
Бирок майыптыгы бар адамдар башка жарандар сыяктуу эле жеңилдиктерди алууга укугу бар же жок экендигине карабастан, төмөнкү кымбат баалуу изилдөөлөрдүн жана манипуляциялардын акысын баалар прейскурантына жараша төлөйт: перифериялык тамырлардын, баш мээ тамырларынын жана ички органдардын ангиографиясы; жүрөк кемтиги бар учурлардагы ангиокардиография; гемосорбция; гемодиализ (акысыз алуу квотасы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат); компьютердик томография; ядролук магниттик-резонанстык томография; коронарография; плазмоферез; литотрипсия, угуу аппараттарын орнотуу; жогорку технологиялык инновациялар.
МКПны кайра карап чыгуунун максаты майыптыгы бар адамдарга кымбат баалуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү толугу менен акысыз жана жеңилдетилген шарттарда ишке ашыруу болуп саналат.
5-иш-чара. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында майыптыгы бар адамдарды диагностикалоо жана реабилитациялоо ишине ФЭК элементтерин киргизүү
Медициналык реабилитация аны жүзөгө ашырууда ФЭК, ДССУ 2001 (WHA54.21 резолюциясы) колдонулган ден соолукту реабилитациялоо жана калыбына келтирүү системасындагы негизги бөлүк болуп саналат, ал майыптуулуктун заманбап биопсихосоциалдык феноменине негизделген.
Ден соолуктун бузулушуна гана басым жасаган медициналык моделден айырмаланып, ФЭК ДССУ тарабынан пайдаланууга сунушталган эл аралык классификациялоо жыйнагына (WHO Family of International Classifications) кирет.
ФЭК ДССУ тарабынан оорулардын эл аралык классификациясы (мындан ары - ОЭК-10) менен бир эле учурда, мисалы, медициналык жана социалдык реабилитациялоодо колдонулат.
Негизинен ОЭК-10 илдеттин себептерин жана негизги патогенетикалык вариантын баяндаган клиникалык диагнозду (нозологиялык) туюндурууга, шифрлөөгө мүмкүнчүлүк берет. ФЭК бейтаптын текшерүү учурундагы абалына байланышкан реабилитациялануучу диагнозун баяндоо үчүн пайдаланылат. Реабилитациялануучу диагноз - бейтаптын өз иш-аракетин аныктаган көйгөйлөрүнүн тизмеси (олуттуу көйгөйлөр) 141. ДССУ ФЭКти 151 медициналык реабилитациялоо процессин башкаруу үчүн колдонууну сунуштайт.
6-иш-чара. Эрте аныктоо жана эрте кийлигишүүнү камтыган комплекстүү реабилитация жана абилитация программаларын ишке киргизүү
Реабилитациялоо жана абилитациялоо боюнча комплекстүү программаларды киргизүү социалдык-медициналык жана психологиялык-педагогикалык көп тармактуу жана көп деңгээлдүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну, анын ичинде эрте аныктоону жана эрте кийлигишүүнү шарттайт.
Майыптыкты аныктоодо жана РЖПны иштеп чыгууда ФЭК элементтерин колдонуу боюнча 2017-жылы өткөрүлгөн пилоттук долбоор ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдеринин жетишсиздигин жана РЖПны ишке ашыруу үчүн реабилитациялоочу жана абилитациялоочу кызмат көрсөтүүлөрдүн өтө жетишсиз экендигин көрсөттү.
Өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөр бар балдарды социалдык жана педагогикалык жактан абилитациялоого болгон жогорку муктаждык эрте кийлигишүү борборлорун түзүү, трасдисциплиналык командаларды даярдоо жана ИЭКти жаш курактагы балдардын өнүгүүсүн жана абалын баалоо шайманы катары ишке киргизүү зарылдыгын көрсөтүп турат.
7-иш-чара. Жергиликтүү деңгээлде социалдык жана реабилитациялоочу кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү
Социалдык жана реабилитациялоочу кызмат көрсөтүүлөр системасын өнүктүрүү ар тараптуу катышууга жана тармактар аралык өз ара аракеттенүүгө негизделген, мында мамлекеттик, муниципалдык жана мамлекеттик эмес (жеке) кызмат көрсөтүүчүлөр, менчигинин түрүнө карабастан, аялуу топтордун негизги муктаждыктарын канааттандырууга, ошондой эле өз убагында психосоциалдык жардам көрсөтүү, реабилитациялоочу кызмат көрсөтүү ж.б. бирдей жеткиликтүү болушуна басым жасоого тийиш.
35 миңден ашык майыптыгы бар балдар реабилитациялоо, социалдаштыруу жана инклюзивдик билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө муктаж, бирок алардын муктаждыктары болгону 10%га гана канааттандырылууда.
Бул милдет майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүү болушун камсыздоого багытталган, бул, бир жагынан, реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн өзүлөрүнүн толук кандуулугун жана сапатын жогорулатууну, экинчи жагынан, жергиликтүү жана региондук деңгээлде реабилитациялоочу кызмат көрсөткөн уюмдардын (мамлекеттик, муниципалдык же жеке) түйүндөрүнүн өнүгүшүн жана кеңейишин камтыйт.
Майыптыгы бар адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жакындыгын камсыздоо үчүн реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси менен географиясын кыйла кеңейтүү, ошондой эле жер-жерлерде социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү зарыл.
Ушул милдеттин алкагында майыптыгы бар адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, медициналык кызматкерлерди жана социалдык педагогдорду же билим берүү системасынын адистерин, жарандык коом уюмдарын ишке тартуу аркылуу жергиликтүү деңгээлде баштапкы калыбына келтирүү кызматтарын көрсөтүү системасын түзүү жана өнүктүрүү да пландалууда.
Жергиликтүү деңгээлдеги реабилитациялоочу кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү төмөнкүлөр аркылуу жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууда майыптыгы бар адамдарга колдоо көрсөтүүдө туюндурулат:
- майыптыгы бар адамдарга жеке жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жергиликтүү маалыматтын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу;
- жамаатта мындай кызмат көрсөтүүлөр жок болгон учурда жеке жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү;
- майыптыгы бар адамдар үчүн тийиштүү реабилитациялоо жана жеке жардам берүү кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүнү жана мониторинг жүргүзүүнү колдоо;
- майыптыгы бар адамдардын, айрыкча олуттуу жана/же көп сандаган бузулуулары бар майып адамдар өз ара жардамдашуу топтору жана майыптар уюмдары менен байланышта болушун камсыздоо.
Жергиликтүү деңгээлде социалдык жана реабилитациялык кызматтарды көрсөткөн уюмдар системасын өнүктүрүү майыптыгы бар адамдарга кошумча түйшүктөрдү жаратпастан жана узак жол жүрбөстөн, мүмкүн болушунча жакын жерде сапаттуу реабилитациялык кызмат көрсөтүүдөн пайдаланууга жана ошол эле учурда кошумча каржылык чыгымдарды азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
3-артыкчылык. "Жеткиликтүү эмгек рыногу"
8-иш-чара. Майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу үчүн шарттарды түзүү
2021-жылы Кыргызстанда жумушчу күч 2 миллион 595,4 миң адамды түзгөн, анын ичинде иш менен камсыз болгон калк - 2 миллион 445,2 миң адам. 2021-жылга карата жумушсуздардын жалпы саны - 150,2 миң адам болгон, жалпы жумушсуздуктун деңгээли 5,8%ды түзгөн. 76,0 миң адам жумушсуз катары расмий катталган.
Майыптыгы бар адамдар каттоодо турган жумушсуздардын жалпы санынын 0,6%ды түзөт. Бирок майыптыгы бар канча адам иштеп жаткандыгы же алардын жумушсуздардын жалпы санындагы пайызы тууралуу расмий маалыматтар жок.
Кыргызстандын эмгек рыногундагы жагдайды майыптыгы бар адамдар үчүн жагымсыз деп мүнөздөөгө болот.
Ар кандай баалоолорго таянсак, эмгекке жарактуу курактагы майыптыгы бар адамдардын 80ден 85%га чейинкиси жумушсуз жана эмгек рыногунан сүрүлүп чыгарылган. Ушул категориядагы жарандарды жумушка орноштуруу боюнча туруктуу иштер жүргүзүлүүдө, бирок бул эмгек рыногундагы жагдайга олуттуу таасирин тийгизген эмес.
Социалдык тармактардын колдонуучуларынын кеңири аудиториясына арналган Zanyatost.kg веб-порталы иштейт, ал социалдык тармактын пайдалануучуларынын кеңири аудиториясы үчүн арналган, анда ишке орноштуруу кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар, бош орундар, жумушсуздардын резюмелери, жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды эсептөө үчүн электрондук калькулятор, кандайдыр бир көндүмдөрүн аныктоо үчүн кесиптик багыт боюнча тесттер жайгаштырылган.
Майыптыгы бар адамдарды ишкердикке тартуу, жумушка орноштуруу, ачык эмгек рыногунун инклюзивдүү мүнөзүн камсыздаган чараларды көрүү багууга көз карандылык маанайын төмөндөтө турган түздөн-түз факторлор болуп саналат. Ошол эле учурда майыптыгы бар адамдардын өзүн-өзү баалоосун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүп, ыкмаларды колдонуу да маанилүү.
4-артыкчылык. "Протездик-ортопедиялык кызмат көрсөтүү системасын өркүндөтүү"
9-иш-чара. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин (РПОБМ) ишин жакшыртуу
Протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун учурдагы системасы майыптыгы бар адамдарды жана башка КАТты протездик-ортопедиялык кызмат көрсөтүүнүн жана техникалык, көмөкчү, реабилитациялоочу, атайын каражаттары менен камсыз кылуунун заманбап талаптарына жооп бербейт.
РПОБМдин материалдык-техникалык базасы эскирген жана протездик-ортопедиялык кызмат көрсөтүүнүн заманбап талаптарына жооп бербейт. РПОБМдин ишинин натыйжалуулугун жакшыртуу жана сапаттуу тейлөө үчүн РПОБМдин өндүрүштүк бөлүгүн кайра профилдөө жана жаңыртуу, анын ичинде материалдык-техникалык базасын жана кадрдык потенциалын күчөтүү талап кылынат.
10-иш-чара. Протездик-ортопедиялык кызматтарды көрсөтүү боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү
Ушул чөйрөнү жөнгө салган ченемдик укуктук актыларда карама-каршылыктар, кемчиликтер жана коллизиялар бар. Алсак, протездик-ортопедиялык буюмдарды акысыз, жеңилдетилген шартта (жарым-жартылай төлөм) жана акы төлөп алуучулардын чөйрөсүндө, бул кызматтарды көрсөтүү системасын жөнгө салуучу негизги мыйзамдарда коллизияларды байкоого болот. Мыйзамдарда протездик-ортопедиялык буюмдарга эмнелер кире тургандыгы, эмнелер техникалык, көмөкчү жана ДМЧА үчүн адистештирилген каражаттарга кире тургандыгы аныкталган эмес.
Протездик-ортопедиялык буюмдарды өндүрүүнүн жана алардын сапатын баалоонун учурдагы стандарттары майыптыгы бар адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен өркүндөтүүнү талап кылат.
Ошондой эле протездик-ортопедиялык кызмат көрсөтүүлөргө муктаж болгон майыптыгы бар адамдардын муктаждыктарын толук жана өз убагында жабуу үчүн бюджеттик жана каржылоонун колдонуудагы системасын кайра карап чыгуу зарыл.
5-артыкчылык. "Инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү"
11-иш-чара. Илимий жактан негизделген позициядан жеткиликтүү чөйрөдө методологиялык базаны түзүү
Кыргыз Республикасында азыркы мезгилге чейин борбордук жана жергиликтүү деңгээлде да майыптыгы бар адамдардын жана башка КАТтын социалдык инфраструктурага жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн, методикалык, маалыматтык жана административдик шарттар түзүлгөн эмес.
Мамлекеттик, муниципалдык органдар, ошондой эле мамлекеттик эмес, жеке уюмдар жана бизнес-коомчулуктар жетекчиликке ала турган майыптыгы бар адамдар жана башка КАТ үчүн инфраструктура объекттерине жеткиликтүүлүгүн түзүү стандарттары жана ченемдери боюнча илимий негизделген методологиялык база толук иштелип чыккан эмес. Ошентип майыптыгы бар адамдар жана башка КАТ үчүн жагымдуу шарттар жана социалдык инфраструктурага жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун негизги эрежелери аныкталган эмес.
Ансыз деле аз болгон чаралар иштебей жатат жана колдонулбайт, мисалы пандустарга болгон талаптар сакталбай жатат: орнотулган пандустардын көпчүлүгү майыптыгы бар адамдар жана башка КАТ үчүн коопсуз пайдаланууга жараксыз.
Ошентип, социалдык инфраструктурага майыптыгы бар адамдар жана башка КАТ үчүн жеткиликтүүлүктү түзүү боюнча илимий-бекемделген методологиялык негиздерди иштеп чыгуу жана түзүү боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү зарыл.
12-иш-чара. Майыптык маселелери менен алектенген коомдук уюмдарды курулуп жаткан имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодогу, куруудагы жана пайдаланууга берүүдөгү макулдашуу процессине катыштыруу
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында имараттарды жана курулмаларды курууда (курулуш куруу үчүн баштапкы уруксат берүү документтерин же долбоордук документтерин даярдоодо, бекитүүдө жана ишке ашырууда, имараттарды, курулмаларды реконструкциялоодо же техникалык кайра жабдууда), анын ичинде пайдаланууга берүүдө майыптыгы бар адамдардын муктаждыктарын эске алууга жана жеткиликтүүлүк шарттарын түзүүгө милдеттендирген колдонуудагы ченемдик укуктук негиздер практикада эске алынбай келүүдө.
Көпчүлүк имараттардын жана курулмалардын пандустары имараттарды пландаштыруу чечимдерин кабыл алууда майыптыгы бар адамдар үчүн жашоо чөйрөсүн камсыз кылуу боюнча Курулуш ченемдери менен эрежелеринде көрсөтүлгөн стандарттарга жооп бербейт жана майыптыгы бар адамдардын жана башка КАТтын колдонушу үчүн ылайыксыз, ал эми айрым учурларда, өзгөчө кыш мезгилинде, адамдардын жараат алуу ыктымалдыгы жогору болуп саналат.
Бул көйгөйдү чечүү жана кызыкдар тараптардын жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо, курууда жана пайдаланууга берүүдө милдеттүү түрдө макулдашуу процессине майыптык маселелери менен алектенген коомдук уюмдарды катыштыруу сунушталууда.
13-иш-чара. Майыптыгы бар адамдарга жана башка КАТка социалдык инфраструктурага жеткиликтүүлүктү этабы менен камсыз кылуу
Социалдык инфраструктуранын жеткиликтүү болушу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен кепилденген. Инфраструктуранын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу өз менчигинде турган инфраструктуралык объекттерди майыптыгы бар адамдардын ушул объекттерге эркин жетүүсүн камсыздаган атайын шаймандар менен жабдуу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын милдети болуп саналат. Анткен менен майыптыгы бар адамдарга учурдагы социалдык инфраструктуранын жеткиликтүү болушун баалоо көрсөткөндөй, бул милдеттер иш жүзүндө толук кандуу аткарылбай жатат.
Алсак, 2019-жылдын ноябрь айында "Жеткиликтүү Кыргызстан" республикалык акциясынын алкагында жүргүзүлгөн майыптыгы бар адамдар үчүн имараттардын жеткиликтүүлүгүн баалоонун натыйжасында Бишкек шаарындагы баалоо тизмесине киргизилген 11 имараттын ичинен бешөө гана жарым-жартылай жеткиликтүү экендиги аныкталган. Алардын жеткиликтүүлүгү кресло-коляскаларды колдонгон адамдар үчүн пандус бар экендигинен гана көрүнөт. Калган көрсөткүчтөр боюнча бул имараттар СЧЖЭ ченемдерине шайкеш келбейт жана көрүүсү, угуусу начар болгон жана таяныч-кыймыл системасында бузулуулары бар адамдардын тоскоолдуксуз кириши үчүн ылайык келбейт.
Ошондой эле майыптыгы бар адамдар менен башка КАТ үчүн дагы бир көйгөй болуп майыптыгы бар адамдардын коомдук транспортто жүрүүсү менен байланышкан кыйынчылыктар саналат. Биринчи кезекте, ал көрүүсү начар жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган адамдарга пайдалануу үчүн ылайыкталган эмес. Көйгөйлөрдүн катарында төмөнкүлөр бар:
- аялдамалардын аталыштары жөнүндө үн менен кабарлоо системасынын туруксуз иштеши;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук транспортто жүрүүсү үчүн жардамчы шаймандардын жоктугу;
- троллейбустарда жана автобустарда транспорт каражатынын кыймылын реалдуу убакыт режиминде байкоого мүмкүндүк берген GPS-түзүлүштөрүнүн/навигациянын жоктугу;
- жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн транспорттук каражаттарды сатып алуу эрежелеринде майыптыгы бар адамдардын муктаждыктары эске алынбайт;
- майыптыгы бар адамдар үчүн маанилүү болгон өзүнчө жайларга жана функциялык зоналарга багыттоочу белгилердин, аялдамаларда коомдук транспорттун маршруттук схемаларынын (каттам схемаларынын) жоктугу.
Ушуга байланыштуу "Жеткиликтүү өлкө" МПда майыптыгы бар адамдар жана башка КАТ үчүн социалдык жана транспорттук инфраструктуранын объекттеринин жеткиликтүү болушун этабы менен камсыз кылуу шартталган.
14-иш-чара. Улуттук мыйзамдарга "универсалдык дизайн" жана "акылга сыярлык ыңгайлаштыруу" принциптерин киргизүү
МУКтун жоболоруна ылайык мүчө мамлекеттерде универсалдуу дизайн жана акылга сыярлык ыңгайлаштыруу принциптери колдонулат, аларга ылайык МУКтун ченемдерин жана жоболорун улуттук мыйзамдарга киргизүү каралган.
Бул үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында универсалдуу дизайн жана акылга сыярлык ыңгайлаштыруу түшүнүктөрүн аныктоо жана бекитүү;
- универсалдуу дизайн жана акылга сыярлык ыңгайлаштыруу принциптерин биринчи кезекте ишке киргизүү керек болгон тармактарды аныктоо;
- физикалык чөйрөнүн (имараттардын/курулмалардын), социалдык инфраструктуранын, транспорттун, маалыматтын жана байланыштын, башка объекттердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүү болуу абалын комплекстүү баалоо, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын пикирин эске алып баалоо;
- универсалдуу дизайн жана акылга сыярлык ыңгайлаштыруу принциптерин ишке киргизүү жана ишке ашыруу маселелери боюнча майыптыгы бар адамдарды жана адистерди маалымдоо жана окутуу үчүн шарттарды түзүү.
6-артыкчылык. "Жеткиликтүү билим берүү"
15-иш-чара. Майыптыгы бар балдардын сапаттуу, инклюзивдик билим алуусуна бирдей жеткиликтүүлүк боюнча шарттарды түзүү
Кадимки билим берүү уюмунда майыптыгы бар балдардын толук кандуу интеграцияланышын камсыздоого мүмкүндүк берген универсалдуу тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүү, майыптыгы бар балдарга алардын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу менен сапаттуу билим алуунун бирдей жеткиликтүү болушу үчүн шарттарды түзүү белгиленген милдетти ишке ашыруу үчүн зарыл шарт болуп саналат.
Майыптыгы бар балдардын айрыкча жашаган жери боюнча кадимки билим берүү мекемелеринде окушун уюштуруу аларды узак мөөнөткө интернаттык мекемелерге жайгаштыруудан оолак болууга, балдардын үй-бүлөдө жашап, тарбия алышына шарттарды түзүп, алардын теңтуштары менен туруктуу баарлашып туруусун камсыз кылат, бул болсо жалпы чөйрөгө майыптыгы бар адамдардын кошулуусуна жарандардын толеранттуу мамилесин калыптандырууга, алардын социалдык ыңгайлашуусу менен коомго интеграцияланышына байланышкан көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө көмөктөшөт.
Майыптыгы бар балдардын, анын ичинде инклюзивдүү билим берүү шарттарында билим деңгээлин арттыруу, объекттер менен калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүк деңгээлин жогорулатуу майыптыгы бар адамдардын экономикалык активдүүлүгүнүн даражасын көтөрөт.
Майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүү билим берүү алардын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатат жана социалдык төлөмдөрдөн (майыптыгы боюнча пенсия, ай сайын берилүүчү акчалай төлөмдөр) салыштырмалуу түрдө көз карандысыз болушуна жана керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарынын өсүшүнө алып келет.
Кыргыз Республикасында психофизикалык өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдарга билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, негизинен, интернат тибиндеги мекемелерде ишке ашырылат, бул болсо мындай балдардын социалдык компетенциясынын төмөндөшүнө, алардын социалдык дезадаптациясына алып келет. Ал эми жалпы билим берүүчү мектептердин коррекциялик класстарында окутуу, албетте кыйла прогрессивдүү ыкма болуп саналат, бирок толук инклюзия болуп саналбайт.
Майыптыгы бар балдардын муктаждыктарын эске алуу менен ар түрдүү ыкма колдонуу үчүн кыйла ачык, кыйла натыйжалуу жана тең укуктуу билим берүү системасын түзүү зарыл.
16-иш-чара. Билим берүү уюмдарынын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, жалпы билим берүү уюмдарынын, кесиптик билим берүү уюмдарынын: орто, жогорку жана кошумча, мектептен тышкаркы мекемелер (мектеп окуучулары жана жаштар), адистештирилген мекемелер (аэроклубдар, автомектептер ж.б.) жеткиликтүү болушун камсыз кылуу жана алардын ичинде эркин жүрүү, колдо бар же атайын жасалган эмеректердин ыңгайлуу жайгашуусу, атайын аудио-, тифло- жана башка жабдуулардын болушу психофизикалык өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдардын теңтуштары менен катар билим алуу процессине аралашуусу үчүн биринчи өбөлгө болуп саналат.
Психикалык (менталдык) өзгөчөлүктөрү бар балдар үчүн жеткиликтүүлүк маселелерине төмөнкүлөр кирет: ылайыкташкан окутуу программасы менен ылайыкташкан окуу материалынын болушу, баланын окуу ишмердигин жеке коштогон тьютер адистин болушу, билим берүү уюмдарында коррекциялык сабактарды өтүү үчүн атайын шарттардын болушу.
17-иш-чара. Жеткиликтүү чөйрө жаатында адистерди даярдоо
"Жеткиликтүү өлкө" МПны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн социалдык инфраструктура объекттеринин жеткиликтүү болушун жана майыптыгы бар адамдарга менчигинин түрүнө карабастан уюмдар тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүү болушун камсыз кылуу боюнча адистерди тийиштүү негизде даярдоо зарыл.
Менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын майыптыгы бар адамдарга социалдык инфраструктуранын жеткиликтүү болушу жана аларга кызмат көрсөтүү боюнча жооптуу болгон жетекчилери менен адистери ушул жаатта ишти уюштуруу боюнча атайын окутуудан өтүүгө тийиш.
Ошондой эле ушул милдеттин алкагында социалдык инфраструктураны калыптандыруу процессине жалпы, кесиптик жана жогорку билим берүү системаларындагы билим берүү стандарттарын жана сабактарды трансформациялоо же кошумча киргизүү, ошондой эле майыптыгы бар адамдарды билим берүү системасында окутуу үчүн шарттарды түзүү каралган.
Социалдык инфраструктуранын жеткиликтүү болушун камсыздоонун маанисин түшүнүүнү калыптандыруу жана майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөтүү боюнча кошумча окутуу төмөнкү чөйрөлөрдөгү адистерге биринчи кезекте тиешелүү болот:
- калкты социалдык жактан коргоо, эмгек жана иш менен камсыз кылуу;
- билим берүү;
- саламаттык сактоо;
- адам ресурстарын башкаруу;
- маданият, спорт;
- архитектура жана курулуш;
- финансы жана банк мекемелери;
- укук коргоо органдары жана сот системасы;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
Кыскартуулар:
ДССУ | - | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму; |
"Жеткиликтүү өлкө" MП | - | 2023-2030-жылдарга Кыргыз Республикасындагы майыптыгы бар адамдар жана калктын башка аз мобилдүү топтору үчүн "Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик программасы; |
РАЖП | - | Реабилитациялоо жана абилитациялоо боюнча жеке программа; |
МУК |
| БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясы; |
КАТ | - | Калктын аз мобилдүү тобу; |
ФЭК | - | Функция аткаруунун, жашоо тиричиликтин жана ден соолуктун чектелишинин эл аралык классификациясы; |
МСЭК | - | Медициналык-социалдык эксперттик комиссия; |
КЭУ | - | Коммерциялык эмес уюмдар; |
БУУ | - | Бириккен Улуттар Уюму; |
МКУ | - | Майыптардын коомдук уюму; |
ПМПК | - | Психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссия; |
ЖДР | - | Жамааттардын деңгээлинде реабилитациялоо; |
РПОБМ | - | Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси; |
РТК | - | Реабилитациялоонун техникалык каражаттары. |