Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-февралы № 75
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 "Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 "Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аңыздарды, чабындыларды жана жайыттарды которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу суммасын эсептөөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын долбоорлорун ишке ашырууну кошпогондо, кайрак айдоо үчүн алынуучу жер салыгынын базалык ставкалары, ал эми көп жылдык өсүмдүктөр өскөн жерлерди которууда - сугат айдоо жерлеринен алынуучу жер салыгынын базалык ставкалары колдонулат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 24-февралындагы № 14 (3463) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |