Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-февралы № 95
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл аймагында пляж аймагын уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 1-февралындагы № 01-49-336 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 27-январындагы № 3 токтомун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттин менчигинде турган жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл аймагында жайгашкан 14,8 га жер "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун суммасын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |